СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чиркей,чабалекей жана жылан.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Чиркей,чабалекей жана жылан.»

Адабий окуу сабагы. 17.03.2021-ж.

Сабактын темасы: Чиркей,чабалекей жана жылан.

Негизги компетентүүлүктөр:

1.Маалыматтык.

2.Социалдык коммуникативдик.

3.Өз алдынча уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү.

Сабактын тиби: Жаны билимде өздөштүрүү.

Сабактын усулу: Интерактивдүү.

Керектелүүчү каражаттар:

Карточкалар,слайд,сүрөттөр ж.б.

Предмет аралык байланыш: Музыка,сүрөт,мекен таануу,дене тарбия,кыргыз тил.



Сабактын максаттары:

Көрсөткүчтөр:

1

Балдар жомоктун маанисин түшүнүшөт.Топтордо иштөө менен ойлорун ортого салышат.Берилген тапшырмаларга активдүү катышышат,суроолорго жооп берип,талкуу жүргүзүшөт.

Балдар жомоктун маанисин түшүнүшсө. Топтордо иштөө менен өз ойлорун ортого сала алышса. Берилген тапшырмаларды так аткаруу менен, активдүү катыша алышса.

Суроолорго жооп берип,талкуу жүргүзө алышса.

2

Логикалык ойлоору,ой-жүгүртүүлөрү,эске сактоолору,кабыл алуулары,сөз байлыктары калыптанат.

Логикалык ой-жүгүртүүлөрү өсүү менен, ой-жүгүртүүлөрү,эске сактоолору,кабыл алуулары,сөз байлыктары калыптанса.

3

Билимдүүлүккө,талантын тоскоолдуктарга карабай өстүрүүгө,ынтымактуулукка тарбияланышат.

Билимдүүлүккө, талантын өстүрүүгө,ынтымактуулукка тарбияланышса.







Сабактын жүрүшү:

1.Саламдашуу. 2 мин. Ыр түрүндө.

М: Ак калпактуу элимден О: Кагылам кыргыз жеримден,

Касиеттүү жеримден. Ак калпактуу элимден.

Салам айтам балдарым, (кыздарым) Өзгөчө булл саламды,

Чын жүрөктөн,сезимден. Кабыл алдык эжекем.

2.Уюштуруу: 3мин. Мезгил,ай,жума,күн сааттары менен.

-Азыр кайсыл мезгил?

-Кайсыл ай?

-Бүгүн жуманын канчанчы күнү?

-Бүгүн число канчасы?

3.Жагымдуу маанай. 2мин. Ыр менен .

Жаз келди гүл жамынып, Адыр менен колоттон,

Жомоктой жер жамынып. Байчечекей теребиз.

Жазды биз да күткөнбүз, Ошондуктан биз дайым,

Чын жүрөктөн сагынып. Жазды күтүп келебиз.

4.Үй тапшырманы суроо: 3мин. «Балдарга насыят» ырын топтордо хор айтышат.

5.Жаны темага өбөлгө: 3мин. Тамга катылган сандардын жардамында теманы табышат. ЧИРКЕЙ,ЧАБАЛЕКЕЙ ЖАНА ЖЫЛАН.

6.Жаны теманы доскадан ачуу.

7.Сабактын максатын айтуу. 1мин.

8.Кеменин жардамында суроо берүү: 5 мин. башкача айтканда боло турган окуяны божомолдоо.

9.Слайд жомокту балдарга көрсөтүү. 5мин.

10.Физминутка. 1мин.

11.Топторго абзац менен үн чыгартып топ менен окутуу. 4мин.

12. Адабий ийримдер стратегиясы.8 мин. Катышпай олтурган окуучуларга карточка берүү.

А) Топтун модератору:- Бул жомокто кайсыл жаныбарлар катышып жатат?

-Эмне үчүн чабалекей чиркейдин тилин жулуп алды?

-Эмне үчүн жылан чабалекейге өч болуп калды?

-Эмне үчүн чабалекей адамга дос болуп калды?

Б) Эпизоддун чебери: Жомокту каалаган абзацын тандап ролдоштуруп аткарышат.

В)Сөздүн чебери: Балдар түшүнбөгөн сөздөрүн сурашат,сөздүн чебери жооп берет:

-Нух пайгамбар-

-Топон суу-бир дагы кургак жер калбай бүт тарапты каптаган суу.

-Тукуму үзүлбөсүн-жок болуп кетпесин.

-Убадасына бек болу-айткан сөзүнө туру.

Г) Иллюстратор: Сүрөт тартып топко түшүндүрөт, топтогулар суроо берет.

13.Бышыктоо: «Сандык катар» стратегиясы. 5мин. Балдар сүрөттөрдүн жардамында окуянын баштан аяк ырааттуулугун катары менен табышып, өз катар цифрасына жайгаштырышат.

14.Өзүн-өзү баалоо баракчаларын таратуу.2мин. Балдар ар кимиси өзүнө берген карточкаларга сабакка кандай денгээлде катышкандыктарын жазышат.

15. Үйгө тапшырма берүү: Жылан менен чабалекейге Венндин диаграммасын түзүү.1мин.