Чынгыз Айтматов
Просмотр содержимого документа
«Чыңгыз Айтматов»
Сабактын темасы: Айылдан ааламга үн салган Айтматов
Сабактын максаты:
а) Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы, адабият айдыңындагы орду жана анын каармандарынын түбөлүктүүлүгүн даңазалашат.
б) Айтматовдун асыл ойлорун издөөнүн натыйжасында чыгарманын сюжети менен толук тааныш болуу керек экендигин сезе билишет, монолог, ыр саптарды көрктүү окууга, каармандардын образдарын жеткиликтүү ачып берүүгө көнүгүшөт.
в) Жөнөкөйлүккө, изденүүчүлүккө, жаңы идеяларды жарата билүүгө, өз алдынчалыкка, тапкычтыкка тарбияланат.
Сабактын тиби: Таймаш сабак
Сабактын жабдылышы: видеотасмалар, асыл ойлор.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.
Саламатсыздарбы, бүгүнкү биздин чыгаан жазуучубуздун 90-жылдыгы-на арналган “Айылдан ааламга үн салган Айтматов” аттуу таймаш сабагыбызга кош келипсиздер!
1928-жыл 12-декабрь. Айлана аппак түскө боёлуп, дүйнө ак карга тазарып, кыргыз жеринде кыштын суугу орун алып турган кез. Өзгөчө ушул кыш ызгаардуу болуп, адамдар көр тириликтин маңызынан чыга албай күн кечирүүдө. Бирок ушул ызгардуу кышта Көк асмандан, Көкө-Теңирдин колдоосу менен кыргыз жерине кут түштү. Куттун нуру жер жүзүнө тарап, кыштын күнү, жаз күнүндөй чайыттай ачылып, айылдан ааламга үн салып, Айтматов жарык дүйнөгө келди. Бейкапар тынч жаткан кыргыз журту куттун түшүшүн алдын ала жоруду. Анткени Чыңгыздын чоң атасы Айтмат, айтылуу Байтик баатыр Сары-Өзөн-Чүйгө чоң той берет. Айтмат озү менен кошо тойго Төрөкулду ээрчите барат. Той бүтүп коноктор узайт. Байтик баатыр Айтматты узатайынт деп чыгып бара жатканда байбичеси эшикке чыкпай коюусун өтүнөт, бирок узатып келген сон баатыр: “Аттиң ооматым ооду, ырысым өтүп кетти Айтматтын кара баласына” деген экен.
Көрсө, жашоодо биз этибар албаган майда нерселердин да тагдыр жашообузда таасири зор болот бейм...
Ошентип Төрөкул тегине оомат ооду. Атагы ааламга тараган Чыңгыз чыкты кыргыздан.
“ “Чынгыз” деген түрк тилинде “деңиз”, “океан” дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан уулумду деңиздей толкуп, океандай чалкып элге кереги тие жүрсүн” деп ушул ысымды энчилеген элем.”- дейт Төрөкул Айтматович. Демек, “Жакшы тилек-жарым дөөлөт” деген кеп бекер айтылбаган экен да...
Чыңгыз ким? Чолпону го жылдыздын, Жөпжөнөкөй бир уулу го кыргыздын.
Чыңгыз ким? Чыгып жаткан чыгармасын окусаң, Философтук ойлор жатат тымызын.
Чыңгыз ким? Көз жетпеген чынар терек, Дүйнөгө дал ушундай адам керек. “Чыңгыз өттү, бул дүйнөдөн” дегендерге, Жай гана “жаңылышат” дегим келет. Жай гана “жаңылышат” дегим келет.
Эмесе, бүгүнкү таймаша турган топтор менен тааныштырып өтсөм: Оң жагымда: 11-а классынын “Кенч” тобу Сол жагымда: 11-Б классынын “ Ак кеме” тобу
Таймаштын тапшырмалары:
Кыргызда “жети” саны аздектелип, Кыдыр даарыган ыйык сан, “Жетинин бири- кыдыр” деп бул санга илгертен өзүнчө урмат бар. Ошол себептүү, бүгүнкү таймашыбыз да 7 тапшырмадан болот:
Саламдашуу. (Ураан чакырып, топтун атын жакташат).
Видеотасма ( Ч. Айтматовго байланыштуу)
Топторго суроолор берилет (7ден 14суроо)
Ч.Айтматовдун чыгармасынан сахналаштыруу (7мүнөт)
Көркөм айтуу (кара сөз же ыр түрундө)
Жеке суроо (топ мүчөлөрүнүн ар бирине)
Айтматовдун асыл ойлорунан айтышат