12-Декабрь – Ч.Айтматовдун туулган күнүнө жана кыргыз адабиятынын күнүнө арналган брейн – рингдин сценарийи
1. Алып баруучунун саламдашуусу, командаларды, жюрилерди тааныштыруу.
2. Командалардын саламдашуусу.
3. “Айтматов ааламы” – блиц-суроолор ( ар бир командага 12 ден суроо).
4. Айтматовдун экрандаштырылган чыгармаларын слайддан көрүп атоо ( режиссеру, каармандарды ойногон актерлор).
5. Каармандарды дал келтирүү
6. Алым-сабак ( каармандардын атынын акыркы тамгасы менен башталган каармандарды улап айтып кетүү, мисалы: Илияс- Султанмурат- Танабай- Асел-Лувр өрдөгү ж.б.у.с.)
7. Суроо-аукцион ( эки команда бериле турган суроого алдын-ала упай белгилешет жана туура жооп берген тарап упайга ээ болот).
8. Кроссворд чечүү
9. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде чыгарылган обондуу ырлардан аткаруу.
10. Жыйынтыктоо, упайлардын эсебин чыгаруу, жеңүүчү команданы атоо, сыйлык тапшыруу.
Брейн-рингдин максаты:
а) окуучулар Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча билимдерин жалпылашат;
б) дүйнө таанымын өстүрүшөт, жазуучунун чыгармачылыгына болгон кызыгуусун арттырышат;
в) командада бири-биринин пикирин сыйлай билүүгө, эрежеге баш ийүүгө үйрөнүшөт;
1. Г.Сатылганованын аткаруусунда Ч.Айтматовдун калемине таандык “Ысык-Көлдү сагынуу” ырынын коштоосунда слайд көрсөтүлөт.
Алып баруучу: Жаңы жааган аппак карга аралаш,
Жерге түштү жанып турган бир жылдыз.
Кут экен деп аздектеди жоготпой,
Кубанычка ичи толгон бүт кыргыз.
Ооба, ошентип Кыдыр даарып кыргызды,
Кут сыяктуу берди эле Чыңгызды,
Шумкар сындуу көккө учуп зор талант,
Бүт ааламга таанытты го кыргызды
Арыбаңыздар, бүгүнкү таймаштын көрөрмандары жана атаандаш командалардын күйөрмандары. Ааламга аты таанылган залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө жана кыргыз адабияты күнүнө арналган 9-10-класстын окуучуларынын катышуусунда өткөрүлүүчү брейн-рингге кош келиңиздер!
Таймаштын жүрүшүндө командалар тапшырмаларды аткарып, суроолорго жооп берүү менен улуу жазуучунун чыгармачылыгы, өмүр-таржымалы жөнүндө билимдерин пайдаланып, күч сынашат. Натыйжада, билимдүү тарап жеңишке ээ болот.
Назарыңыздарды 10-класстын “Эрте келген турналар” жана 9-класстын окуучуларынан түзүлгөн “Саманчынын жолу” командаларынын саламдашуусуна бурабыз
2.( командалар саламдашат, атын чечмелешет).
3. 1-командага:
1. Айтматтын атасы Кимбилди Чыңгызга ким болот? ( Бабасы)
2. Ч.Айтматовдун алгачкы эмгек акысы эмне болгон жана аны кайсы эмгеги үчүн алган? ( бир жилик эт, котормочулугу үчүн)
3. “Ата, мен сага эстелик тургуза албаймын. Сенин кайсы жерге көмүлгөнүңдү да билбеймин. Мына ушул эмгегимди, Төрөкул Айтматов,сага арнаймын. Апа. Сен бизди өстүрүп адам кылдың. Сенин узак өмүр сүрүшүңдү тилеп, апам Нагима Айтматова, сага арнаймын” деген саптар менен башталган чыгармасы? ( “Саманчынын жолу”)
4. Италиянын эл аралык “Этрурия” сыйлыгын кайсы чыгармалары үчүн алган?
( 1980-ж. “Эрте келген турналар” жана “Деңиз бойлой жорткон Ала дөбөт”)
5. “Саманчынын жолу” повестиндеги Майсалбектин кесиби ким болгон? ( мугалим)
6. “Биринчи мугалим” повестинде Алтынай Сулайманова кандай илимий даражага ээ болду? ( академик)
7. Кыштын кычыраган чилдесинде Инкамал апай балдарга кайсы жылуу арал жөнүндө сабак өтуп жатты? ( Цейлон аралы)
8. Кыргызстандан Айтматовго берилген мамлекеттик эң жогорку наам? ( Кыргыз Республикасынын Баатыры)
9. “Жамийла” повести 1958-жылы алгач кандай ат менен жарык көргөн? ( “ Обон”)
10. Ч.Айтматовдун баңгилик маселесин козгогон романын атагыла? ( “Кыямат”)
11. Ч.Айтматов кайсы залкар манасчы менен тыгыз байланышта болуп, анын батасын алган? ( С.Каралаев)
12. “Асма көпүрө” жанрдык көлөмү боюнча кандай чыгарма? ( аңгеме)
2-команда үчүн:
1. Хамза Абдувалиев менен Ч.Айтматовдун кандай байланышы бар? ( таятасы )
2. Ч.Айтматов өмүрүндө үч нерсени такыр үйрөнө албай койгондугун айтып калчу экен. Алардын бири – машина айдоо, калган экөөнү айтып бергиле? ( компьютерди жана кыргыз, орус тилдеринен башка бир дагы тилди үйрөнө албай койгон экен)
3. Бала бакчада жүргөн кезинде кичинекей Чыңгыз келечекте ким болом деп кыялданчу? ( шофер)
4. Айтматов чыгармаларын кыргыз жана орус тилдеринде бирдей жаза билген. Жазуучунун орус тилиндеги чыгармаларын кыргыз тилине ким которор эле? (А.Жакыпбеков)
5. 1968-жылы “Гүлсарат”, 1977-жылы “Ак кеме” , 1983-жылы “Кылым карытар бир күн” романы үчүн ушул сыйлык жазуучуга үч жолу ыйгарылган. Ал кайсы сыйлык? ( СССРдин мамлекеттик сыйлыгы)
6. “Кылым карытар бир күн” романында уламыштагы маңкурт менен азыркы замандын маңкурту салыштырылат. Ал эки каармандын аттарын атагыла? ( Жоламан жана Сабитжан)
7. “Жамийла” повестиндеги окуяны ким баяндап берген? ( сүрөтчү Сейит)
8. Кадича ким жана кайсы чыгарманын каарманы? ( “Делбирим” повестиндеги диспетчер келин, Илиясты сүйүп, анын үй-бүлөсүнүн бузулушуна себепчи болгон каарман)
9. “Чычкан аке, суу берчи...” – деп зарыккан кайсы каарман жана эмне үчүн сууга зар болот? ( “Деңиз бойлой жорткон Ала дөбөт” повестиндеги Кириск нерпаларга ууга чыгып, кайыкта жалгыз калганда)
10. Ч.Айтматовдун алгачкы романынын аталыш жана жарык көргөн жылы? ( “Кылым карытар бир күн” 1980-жылы)
11. Айматовдун кайсы чыгармасы диалог формасында берилген? ( “Саманчынын жолу” 1963-жылы “Ала-Тоо” журналы)
12. Ч.Айтматов каерде,качан каза болгон? ( Нюрнберг шаарында 2008-жылы 10-июнда)
Танабай Гүлсарат Эдигей Каранар Султанмурат Чабдар Кириск Ак үкү Алтынай Кош терек Бостон Акбара Арсен Жаабарс Толгонай Жер эне Бала Бугу эне Нурбек Асма көпүрө Ильяс Долон Жамийла Даниярдын обону Данияр Карала кап Абуталип Ана-Бейит тууралуу уламыш Чыңгыз хан Ак булут |
7. Суроо-аукцион
1. Ч.Айтматовдун өмүрүн, чыгармачылыгын изилдөөгө өмүрүн арнап, Айтматов таануу илимин өнүктүрүп жаткан академик? ( А.Акматалиев)
2. Ч.Айтматовго “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт” повестинин идеясын берген адам? (нивх элинин жазуучусу Владимир Санги)