Просмотр содержимого документа
«Чынгыз Айтматов дилбаян»
Чыңгыз Айтмаов- азыркы доордун көркөм сөз чеберлеринин ири өкүлү, саясий турмушка активдүү аралашкан ишмер. Анын калеминен жаралган прозалык, публицистикалык жана драммалык чыгармалар кыргыз адабиятынын өнүгүшүнөн кийинки бийиктиктерин белгилейт. Анын адабиятка шыгы 50-жылдарда Бишкектеги айыл чарба институтунда окуп жүргөндө эле ойгонуп, мазмуну жана формасы жагынан да айрымаланган бир канчалаган аңгемелерди жазат. Ч.Айматовго дүйнөлүк кадыр-барк алып келген анын калеминен жаралган 60-70-жылдарда жазылган “Бетме-бет”, “Жамийла”, “Биринчи мугалим”, “Саманчынын жолу”, “Ак кеме”, “Эрте келген турналар” аттуу повесттери болду. Кийинки мезгилде жазуучу роман жанрынын үстүндө ийгиликтүү эмгектенип, “Кылым карыткан бир күн”, “Кыямат” жана “Кассандра тамгасы” аттуу чыгармалары жарыяланган. Чынгыз агай Манас эпосу туралуу “Манас –эпос-океан” деген эле. Жазуучунун бизге калтырып кеткен мурасы да океан –сымал. Аны менен баарлашкан ар бир адам жылуулукту, боорукерликти, кичи-пейилдикти, жөнөкөйлүктү жана жакындыкты сезди. Жеф Лили “Чынгыз Айтматов-азыркынын манасчысы” –деп айткан.Чынгыз агай кыргыз улутун, кыргыз элин, бүтүндөй ааламга даңазалап “Ала-Тоонун боорунда кичинекей ушундай улут бар, уңгулуу уюткусу бар, касиеттүү эли бар, бул кыргыз улуту”- деп таанытты.
Манас атабызды жана Чынгыз атабызды кыргыздын эки канаты болгондой кабылдаса да болот. Бир мезгилде Манас атабыз бүтүндөй элдин башында туруп өзүнүн баатырлыгын көрсөтүп, элди жоодон сактап бириктирсе бүгүнкү күндө болсо Чынгыз атабыз бүтүндөй ааламга кыргыздын ким экенин таанытып улуттун башка улуттан айырмасы бар экенин жеткирди. Ал эми ар бир инсаны үчүн Манас дагы Чынгыз дагы улуу сабак. Айтматовду таануу- кыргыз элинин өзүн-өзү таануусу. Айтматов атабыз “Адамдын ар бир күнү анын адам болуп жашашында”деп ар бир чыгармасында таасын белгилеген. Ал кыргыз адамынын ички туйгуларын, миң аярлуу сырларын ачып, ошону менен бирге анын замандын жаңы талаптарына жараша алдыга өнүгүп отурушуна түрткү берүүчү асыл ойлорун айткан.
Дагы бир окуя жөнүндө: “Түрктөрдө сыйлуу инсандардын колунан өөп, бешенесине тийгизип койгон салты бар экен. Анан карапайым эле түркиялык жүгүрүп келип Чыңгыз атабыздын колунан өөп, бешенесине тийгизсе, жарыктык киши ал кишинин да жооп катары колунан өөп, жылуу сөздөрүн айтып, мээримин төгүп, турганы күнү бүгүнкүдөй эсимде турат”- деп Кыргызстандын белгилүү журналисти эскерет.
Орстардын маалымат каражаттары “ орус жазуучусу каза болду” деп жазбадыбы, түрктөрдүкү болсо “түрк жазуучусу” деп.
Чыңгыз атабыз бир гана кыргыздын жазуучусу, же орустуку, түрктүкү эмес, адамдык асыл наркы, улуу таланты менен дүйнө жазуучусу жана дүйнө атуулу катары тарыхта калды деп ойлойм.
Ырас философиялык терең ой, туюм, түшүнүк аркылуу адамзатына эстетикалык тарбиянын бийик үлгүсүн жазып, руханий асыл дүйнөнү кайталанбаган, жаңыча өз алдынча нукта өнүктүрүп, улуу чыйырдын баштоосу катары Айтматов мейкиндиги кыргыз адабиятын кеңейтти. Ойчул жазуучу адамдын жеке тагдырын ар тараптуу психологиялык планда талдоого алып, аны адабий казынанын урагыс пайдубалы катары кароого негиз түздү. Түпкүрдөн жай, бирок, жеткилең аккан булак сымал Чыңгыз атабыздын калеми аркылуу төшөлгөн чыгармалар укмуштай бир чеберчилиги менен окумдуу, көңүлгө толумдуу. Анан калса, тунуктуулугу менен адамзаттын жан дүйнөсүнө кескин бурулуш жасай алган артыкчылыгы бар. Калемгердин ааламына үңүлүп көз жүгүрткөн сайын улам бир керемет сырдар, баяндар ачылат. Анын эмгектери түркүн түстүү боектору менен түбөлүктүүлүктү багындырып, кол жеткис жогору турганы менен баалуу жана мазмундуу.
Окурмандын эсинде жакшы калган чыгамаларынын бири бул- “Кылым картыаар бир күн” романы. Ал чыгармада берейин деген негизги идеалардын бири менен “Аватар” кинотасмасындагы идеаны мен аябай окшоштурам. Ал төмөнкүчө: “Адамзат жер жүзүндө ушунчалык текебер, өзүмчүл жана жеке пайдасын ойлойт. Башка дүйнөлөр менен жылуу кызматташ болуп көрүнө берет. Бирок чынында андай эмес. Жеке кызыкчылык бар. Ал эми башка планеталардагы жашоо болсо, ошол жерде жашаган баардык макулуктарга таандык, көпчүлүктүн негизделген жана биздин планета деген жалпы түшүнүк бар. Ушул идеа көптөгөн жыл мурда Ч.Айтматов тарабынан айтылган болсо, Жеймс Камерон тарабынан 2009-жылы айтылып олтурат. Өтө жакын окшоштук бар. А балким Камерон Айтматовдон таасирленген чыгар.
Дүйнө элдери Чыңгыз десе кыргызды, кыргыз десе Чыңгызды тааныйт. Айтматовдун баардык чыгармалары 20-21-кылымдын шедеври . Анын бир арманы Нобель сыйлыгына жетпей калышы болду. Ч.Айтматов 10-июнда 2008-жылы Германиянын Нюрнберг шаарында даарыланып жатып 79 жаш курагында каза болгон. Эгерде аалам жазуучусу бүгүнкү күндө арабызда болгондо 12-декабрда 89 жашка чыкмак.
Ак –Кеменин карыдыбы сапары?
Акбаралар каңшып уулуп жатабы?
Кетти биздин ааламда жок атабыз.
Кеткен менен өлбөйт анын атагы.