Просмотр содержимого документа
«Чынгыз айтматов жонундо кызыктуу маалыматтар»
Чыңгыз Айтматов жөнүндө кызыктуу маалыматтар
Алгачкы эмгек акыны котормочулуктан алган. Бир жолу жайлоодо "Дон айгыры" деп аталган, колхоздун баасы кунсуз бир асыл малы өлүп калат. Ал өлгөн жер "уулуу шибер" деп аталган Уу-Саз деген жайыт эле. Бул окуянын тек-жайын билүү үчүн комиссия келет, ал орус киши экен, кыргызча билбейт, берки жылкычылар түгүл, жайлоодо башка бир адам да орусча айта албайт. Ошондо Айымкан байбиченин небереси орусча билерин эстешип, баланын энесине келишет да Чыңгыз тилмечтик кылып, жанагы келгин айгырдын уу чөп жеп өлгөнүн, бул жердин малы ал чөптү жебей турганын которуп берет. Акт жазылган соң оор жазадан азат болгон жылкычылар козу союп, "Сен аябай зээндүү бала экенсиң. Буерде болбогонуңда бу оруска түшүндүрө албай калмак экенбиз. Мынакей, алагой, сага устукан!" деп биринчи эмгек акысына чоң жилик карматышат да Чыңгыз аны сыртта турган достору менен бөлүшүп жейт.
Кыргызстандын президенти болуудан баш тарткан. Кыргыз Республикасы өз алдынча мамлекет болуп, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы Абсамат Масалиев отставкага кетип, президенттик кызмат орду киргизилип, демократтарда өлкө жетекчисин тандоо мүмкүнчүлүгү турганда жазуучу Казат Акматов баш болгон бир нече адам жазуучуну ушул орунга көрсөтөлү деп барганда ал сылык гана баш тартып коёт.
Учакта өтө көп учкан. Айтматов дүйнө кыдырган жазуучу жана коомдук ишмер болуу менен өмүрүнүн көп сааттарын, күндөрүн учакта өткөргөн. Учкучтарга да, стюардессаларга да асманда жүргөн белгилүү бир саатын толтурган соң учууга уруксат бербейт. Ал эми жазуучу бир адамга мүмкүн болбогон убакыт-саатын асманда өткөргөн.
Ар дайым кызыгуу менен окуп турган жазуучулары — Эрнест Хемингуэй, Габриэль Гарсие Маркес, Джеймс Джойс, Марсель Пруст, Фазиль Искендер.
Машина айдай алган эмес. Бала убагында шофёр боломун деп кабарчыга интервью берсе да жазуучунун автомобиль башкарып жүргөнүн көрбөдүк, ал машина айдаган эмес. Бирок Роза Айтматованын бизге берген маалыматына таянсак, бир жолу Ысык-Көлдөн келе жатып айдоочусунан суранып кызматтык машинасын айдап да көрүптүр. Чамасы жакпай калганбы, же айдай албай койгонбу, айтор ошол боюнча рулга отурбаптыр. Бала чактан ат үстүндө жүргөнгөбү, ат мингенди сагынып турган.
Коңурук тарткан адамдын жанында жата алчу эмес. Бөлмөдө кимдир бирөө коңурук тартса, уктай албай жүрө берчү экен. Ошон үчүн ошондой адаты бар адамдарды мен уктап калгандан кийин келип жаткыла дечү дешет.
Кагаз чаңына аллергиясы болгон. Эски гезит барактарын, эски кагаздарды барактоодон аябай кыйналчу. Эгер барактарда чаң болсо, колдорунун манжалары кызарып, кычышып кетчү.