СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чынгыз Айтматовдун "Эрте келген туналар" повестин бышыктоо боюнча ачык саат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Чынгыз Айтматовдун "Эрте келген туналар" повестин бышыктоо боюнча ачык саат»

11.12.19 Кыргыз адабияты 7-класс

Сабактын темасы: Чыңгыз Айтматовдун “Эрте келген турналар” повестин жыйынтыктоо

Сабактын максаты

Көрсөткүчтөр

Күтүлүүчү натыйжалар

1.Билим берүүчүлүк. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү чыгармачылык жолу, “Эрте келген турналар” повести боюнча алган билимдерин тереңдетишип, талкуу жүргүзүшөт.

Жогорудагы максаткажетет деп эсептейбиз, Эгерде:

1.Жазуучунун өмүрү чыгармачылыгын жана повесттин идеялык маанисин, согуш адамдардын жашоосуна кайгы-муң алып келерин билишсе


Жазуучунун адептүүлүк, мекенчилдик сапаттарын өмүр таржымалынан айтып бере алышат.

2.Өнүктүрүүчүлүк. Жазуучунун чыгармалары аркылуу өз байлыгын өстүрүүгө көнүгүшөт.

2.Адабий тилде өз ойлорун эркин, туура, так, жеткиликтүү айтып бере алышса

Талкууда аргументтүү,жыйынтыктарды жасап, логикалык ой-жүгүртө алышат

3. Тарбия берүүчүлүк Чыгармалар аркылуу Ата Мекенин сүйүүгө, мекенчил болууга багыт алышат.

3.Жекече, жупта, топтордо бири-биринин сөзун уга билишсе

Билимдүү, адаептүү,

маданияттуу инсандын үлгүсүн чыгармадан мисал катары көрсөтүшүп, түшүндүрүшөт.



Сабактын тиби: Билимдерди жалпылоо жана системалаштыруу

Сабактын формасы: жекече, жупта, топтордо иштөө сабагы

Сабактын усулу: Интерактивдүү метод

Сабактын жабдылышы: Ч.Айтматовдун сүрөтү, буклеттер, топ, ватман, маркер,

Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу (3 мүнөт)

Саламдашуу.Окуучулардын маанайын суроо.Сабакка даярдыгын текшерүу. Алтын эрежени кабыл алуу:

--Кол көтөрүп сүйлөө ---Мугалимдин айтканын угуу

--Жупта, топто иштөөдө бири-биринин оюн сыйлоо

Б) Үй тапшырмасын суроо. (5 мүнөт) “Эрте келген турналар” повестинен элестетип, сүрөт тартуу

Окуучулар сүрөттөрдү доскага бирден илип, сүрөттөрү боюнча айтып беришет.

Азаматсыңар, балдар. Эми силер менен биз топко бөлүнүп алсак. 2 топко 1 мүнөттөн убакыт берилет. Ар бир топ өз атын коргошот.

Жагымдуу маанай түзүү “Чынжырча” оюну (3мүнөт) Мында окуучулар Ч.Айтматовдун бардык чыгармаларындагы каармандарынын аттарын айтып, чынжырча түрүнө улантып айтышат.Мисалы: Султанмурат-Мырзагүл-Анатай-Жамийла-Садык-Сейит-Асел

“Тик-Так-Бум” оюну. (5 мүнот) Мында мугалим “Акылга чабуул” жасап, Ч.Айтматовдун өмүрү чыгармачылыгы боюнча эмнелерди билесиңер деп айтат. 2 топ бири-бирине топту ыргытышат. Топту алган окуучу улантып кетет. Балл коюлат.

4. Ч.Айтматовдун чыгармаларынын аталыштары арифметикада

Чыгармалардын аталыштары

1.

5+7+3+3=17

6+9=15

2+4=6

2.

5+5=10

2+4=6

4+6+8=18

3.

5+3=8

6+6+4=10

12+2+6=20

4.

10+4=14

5+6+2+3+4=20

4+4+5=13

5.

7+7=14

9+7=16

4+3+5=12



Үлгү: 2+4=6 Ак кеме Убакыт 7 мүнөт

1.Кылым карытар бир күн 6. Тоолор кулаганда

2. Түңкү сугат 7. Ак кеме

Бетме-бет 8.

4. Саманчынын жолу 9. Деңиз бойлой жорткон ала-дөбөт

5. Биринчи мугалим

Сахналык ккөрүнүш көрсөтүшөт.

1-топ: “Биримдик” командасы Султанмурат жоро-жолдоштору менен уруулардын туткунунда калган эпизоду

2-топ: “Эмгекчилер” командасы Башкарма Тыналиевдин кош айдоо үчүн балдарды Ак-Сайга жөнөткөн жери

Убакыт 13 мүнөт

Жыйынтыктоо: Ч.Айтамтовдун мына ушул “Эрте келген турналар” повести боюнча силер баарыңар “Сезимдер таблицасын” аткарабыз . Анда силер кубануу, ыйлоо, боор оруу, ачуулануу сезимиңер менен бөлүшөсүңөр. Мында окуучулар жекече аткарышат. Убакыт 4 мүнөт

Үйгө тапшырма: “Эрте келген турналар” повестинин бизге берген сабактары деген темада эссе жазып келүү

Баалоо: Өзүн-өзү баалоо