СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чыпалак бала жомок сабак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Чыпалак бала жомок сабак»

Сөз өстүрүү


Сабактын темасы: Чыпалак бала


Сабактын элементтери

Убактысы


  1. Уюштуруу

1 мин

  1. Жагымдуу жагдай түзүү

Балдарды сабакка шыктандырып даярдоо.

2 мин

  1. Сабактын темасын, максатын милдеттерин билдируу.

2 мин

  1. Жаны материалды биринчи жолу кабылдап баамдоо, объектилерди, себеп натыйжа байланыштарды, жана карым катнаштарды андап тушунуу


10 мин

  1. Конулдуу эс алуу

2 мин

  1. Алган билимдерди бышыктоо

2 мин

  1. Сабактын, жыйынтыгын чыгарып балдардын билимдерин баалоо

1 мин



Сабактын максаты:

Корсоткучтор:

Билим беруучулук: Жомок боюнча тушунук алышат.

Жомоктун маанисине түшүнө алышса

Онуктуруучулук: Уйронуп конугуусу, логикалык ой жугуртуусу, эске тутуусу, онугот.

Берилген тапшырмаларды аткара алышса, алган маалыматты эстеп калышса,

Тарбиялык: Сабакка кызыгуусу артат. бири-бирин тушунууго, жардамдашууга, кызматташууга уйронушот.


Билим,билгичтиктери, кондумдору менен болушсо, биримдикке, ынтымакка, достукка уйронушсо

Сабактын тиби: Жаны билимдерди оздоштуруу

Сабактын туру: Сабак – жомок

Сабактын формасы: Жеке, топто, жалпы иштоо

Сабактын методу: Окутуунун активдуу турлору, аз-аздан изилдоо,тушундуруу,

Сабактын ресурстары: Окуу китеби, ОТК, таркатма материалдар ж.б.у.с

Сабактын журушу:

I. Уюштуруу:

Жагымдуу жагдай тузуу:

-Келгиле балдар сабакты баштоодон мурда бири – бирибизге жакшы маанай тартуулап алалы. Ал учун бири-бирибизди карап жылмаялы. Жылмаюу силердин достук мамиленердин чындалышына жана маанайынардын ачык болушуна шарт тузот . Ал эми маанайыбыздын ачык болушу баардык тоскоолдуктарды женуу менен ийгиликке жетууго жардам берет. “Каалоолор сандыгы “

“Кыялдар өлкөсүнө саякат” оюну: балдардын көздөрүн жумуп, бир мүнөткө көнүл коюп айланадагы болуп жаткан кубулушту тыңшоосун сунуштайм.

1-катар: көргөнүн

2-катар: укканын

3-катар: сезүүсүн

Ар бир катардагы балдар өз элестөөлөрүн айтышат.

-Бугун балдар бизде кундогудон озгочо сабак. Жомок сабагы. Жомок дегенимдин себеби бул сабакта биз жомоктор дуйносуно саякатка чыгабыз.

Жомокторду жакшы коробузбу?

-Кана анда жомоктор дуйносуно саякатка баралы.

Жомокко аттануу видео корсотулот.

Мына ошентип биз жомоктор дуйносуно да келип калдык? Бугун биз бул жерден озгочо жомоктун каармандары менен кезигебиз.

-Балдар бул жомокту билебизби?

-Келгиле балдар жомокко аттанаардан мурда силер менен бир кызыктуу оюн ойнойбуз ал оюн “беш манжа” деп аталат.

Баш бармагым чоң атам бул ,

Сөөмөйүм чоң апам,

Ортончу колум өз атам,

Аты жогум апам

Менин атым чыпалак,

Чыпалагым чычалак.

Балдар чыпалагыбыз кандай?

Азаматсынар чыпалак манжалардын ичинен эң кичинеси. Демек балдар бүгүнкү биздин кичинекей чыпалагыбыз жонүндө “чыпалак бала деген кызыктуу жомок менен таанышабыз.

"…Чыпалак деген бала чыпалактай эле болгон экен. Аны карышкыр жутуп алыптыр… Жок, элден мурун төө жеп коёт. Чыпалак балдыркандын жалбырагына көлөкөлөп уктап калса, ошерде оттоп жүргөн төө жалбырак менен кошо аймап коюптур. Төө жутканын билбейт, кепшегенде билет деп ошондон улам айтылып калган тура. Чыпалак төөнүн ичинен чыңырып жардам сурайт. Аны уккан абышкалар төөнүн курсагын жара тартып, баланы куткарып алыптыр. Анан карышкыр жутуп алганы андан кызык. Суктугу да бөрүнүн, суктугунун азабын тартып анан ыйлап жүрбөйбү. Бир күнү желип-жортуп келатып, карышкыр Чыпалакка жолугуп калат. "Кедеңдеген сен кимсиң? Жалмап коёюнбу?" - дейт карышкыр. "Кой, антпе,- дейт Чыпалак,- өзүңө жаман, ит кылып салам". - Ха-ха!.. -лап каткырат карышкыр. - Карышкыр ит болуптур дегенди сага ким айтып жүрөт? Ушу картымактыгың үчүн жейм сени!" - деп карышкыр баланы жутуп коёт. Жутуп алып, эсинен чыгып кетет. Бирок анан эстен чыгарышты көрүп ал, бөрү бөрүлүктүн күнүн көрбөй азап тартат. Койлорго жакындап келатканда эле ичинен Чыпалак кыйкырат: "Эй, койчуман, уктаба! Мен көк бөрү, коюңа кол салганы баратам!". Карышкырдын айласы кетет, жерге ооналактайт, эки капталын чабат. Чыпалакка эмне, ого бетер кыйкырат: "Эй, койчулар, чуркагыла бери, ургула мени!". Койчулар карышкырды кууп калат, карышкыр куйругун кыпчып качып берет. Кууп келаткан койчулар өздөрү айраң таң. Бул эмнеси бөрүнүн, өзү качып баратат да: "Кууп жеткиле!" - деп кыйкырып барат? Карышкыр болсо эптеп качып кутуларын кутулат, бирок кутулганда эмне, курсагы ач да. Ошентип кайда барса да, мал-жанга жакындаар замат ичинен Чыпалак кыйкырып, карышкырдын айласы түгөнөт, арыктап өлө турган болот, азууларын шакылдатып: "Эми эмне кылам, кайда барсам, балааны өзүм башыма үйүп алдым,-деп солуктап жатат. Анда ичинен Чыпалак шыбырайт: "Ташматка бар, койлору семиз! Байматка бар, иттери дүлөй. Эрматка бар, койчулары уйкучу". Карышкыр уңулдайт: "Айтканына көнбөймүн, андан көрө адамга барам да, ит болуп жалданып алам",- деп, ошентип ит болуп калган экен".

Алган билимдерди бышыктоо: жомок боюнча класстер түзүлөт сүрот боюнча (мисалы ортого чылалак бала илинет анан жомоктон эмнелер менен таанышса ошол илинип класстер түзүлөт)

Балдардын билимин баалоо: кол белги аркылуу балдар өздөрүн өздөрү баалашат.