СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

1 - сентябрь сценарий

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«1 - сентябрь сценарий»

_______________ – окуу жылындагы «1- сентябрь – Билим күнү» аземи

Кутмандуу кунуңуздөр менен урматтуу эже – агайлар, азиз меймандар жана бүгүн биринчи жолу мектеп босогосун аттаганы турган кичинекей бөбөктөр! Мына ошентип сиздер менен________________ – жаны окуу жылынын алдында турабыз.

Андыктан бүгүнкү Шаршенбай атындагы орто мектебинде өткөрүлүп жаткан «1- сентябрь – Билим күнүнө» арналган майрамдык линейканы ачык деп жарыялоого уруксат этиңиздер!

Гимн ойнолот.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу алынып киргизилсин.

Мына бүгүн окуу жылы башталат,

Жаш муундар келечекке аттанат.

Ошондуктан билим күнү бүгүнкү,

Өлкөбүздө салтанаттуу даңкталат.



Асыл мектеп таалайымдай кеп кенен,

Билим көлү көз кыйыгы жетпеген.

Саламатпы алтын түстүү парталар,

Энем сымал күтүп бизди эңсеген.



Бүгүн майрам көрккө толуп чар тарап,

Кубанышат окуучулар жаш канат.

Эже – агайлар күлкү чачып жүзүнөн,

Билим күнүн чын дилинен алкашат.

Албетте 1- сентябрь баарыбызды чексиз толкундандырган салтанаттуу күн. Өзгөчө 1 – жолу мектеп босогосун аттаган бөбөктөрдүн элесинде түбөлүктүү сакталат. Жалпы элдик салтанаттуу майрамга айланып бара жаткан «Билим күнү» менен жалпы билим берүүчү Шаршенбай атындагы орто мектебинин жааматын, жаш жеткинчектер менен өспүрүмдөрдү, 1 – жолу бүгүнкү салтанатка катышып жатышкан бөбөктөрдү куттуктоочу алгачкы сөз жалпы билим берүүчү Шаршенбай атындагы орто мектебинин директору Донбаева Нурайым Чыныбековнага берилет.

Жаркырап жаңы кылым үстүбүздө,

Бул кылым мурункудан өткөн кылым.

Билимден кылдыт кылып кышын койгон,

Мугалим келе жатат албай тыным.

______________________________________________________________________________________________________________________________________

Талыкпай окуучуга билим берген,

Мугалим казына го ичи кенен.

Арылап барган сайын кызык дастан,

Түгөнбөйт окуй берсең билим деген.

Билим үчүн жан үрөгөн бир өзүң,

Окуучуңду колдон алып жетелеп.

Бул өмүрдө адам болсо экен деп,

Аска зоосуү көлөкөсүң байтерек.

______________________________________________________________________________________________________________________________________

Ата – эненин баладан чоң үмүтү

Эч убакта болбосо экен күйүтү.

Билим алып адам болуп кетсе деп,

Тилеги ошол алардын да бүгүнкү.

______________________________________________________________________________________________________________________________________

Ата – энелер ар убакта келгиле,

Мектептеги ийгиликти көргүлө.

Ушул турган жаш жеткинчек балдарга,

Ак ниеттин батаңарды бергиле!

______________________________________________________________________________________________________________________________________

1 – класс 1- жолу биз менен,

Билим күнү аземине катышат.

Унутулгус ушул күндү кубанып,

Түбөлүккө жүрөгүндө сакташат.

Албетте, бүгүн бала – бакча, наристе курак менен коштошуп, мектеп аттуу билим өлкөсүнүн босогосун биринчи ирет аттоого бел байлаган бөбөктөр булар – 1 – класстын окуучулары

_____ пед кеңешменин №___ буйругунун негизинде 1 – класска төмөнкү окуучулар кабыл алынсын.

Азыркы сөз 1 – класстарды мээрим төгүп тосуп алып, аларга Алиппеден аалам сырын ачууга, жол көрсөтүүгө бел байлаган эжеси ___________________________________________________________ сөз берилет.

Билим – бул караңгыдагы шам чырактай. Билим өнүксө, айыл чарбабыз, экономикабыз өнүгүп, илим алга жылат. Ал эми билимдүү болуш үчүн талыкпай окуп, көп эмгектенүү зарыл. билимге жол салуучу көпүрө – бул китеп. Адам баласынын ою, акылы, билими кагазга жазылып, китепте сакталат. Китептер аркылуу биз өткөн муундун билимин пайдаланып, бүгүнкү күнү өздөштүрүп, келечек барактарын ачабыз. Ал эми бүгүнкү жаңы маалыматтык технологиялардын кылымында силерге билим алууда ыкчамдыкты, эрктүүлүктү, жарык маанайды каалайбыз.

__________________ - окуу жылы баарыбызга куттуу болсун.

Мына азыр алгачкы коңгуроо кагылат,

Мукам үнү класстарга жаңырат.

Кагылганда эң алгачкы коңгуроо,

Кучак жайып окуу жылы башталат.

Алгачкы коңгуроону 1 – класстын окуучусу

________________________________________________ кагат.

Гимн ойнолот

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу алынып чыгарылсын.

Бүгүнкү ________________________ - окуу жылынын «1- сентябрь – Билим күнүнө» арналган майрамдык линейканы жабык деп жарыялансын!