Менин иш тажрыйбам.
“Мугалим мөмөлүү дарак” деп бекеринен айтылбаса керек, анткени мугалимдер жашоо-
догу эң кымбат баа жеткис адамдарга билим берип, алардын инсан катары
калыптануусуна зор салымды кошуп келебиз.
Мен Бакасова Майрам Кадырбековна Нарын областынын Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынын Эргеш Мейманов орто мектебинде тарых мугалими болуп эмгектенип келем.
Тарых сабагын окутууда интерактивдүү усулдарды колдонуу менен балдарды өз
сабагыма кызыктырууга аракет кылам.
“Тарыхы болбой эл болбойт” – дейт элибизде, тарых адам коомунун
өткөндөгүсү жана бүгүнкүсү, азыркы учуру. Коомдук турмуштун ар кыл формаларынын
мейкиндик, убакыт өлчөмдөрүндө мыйзам ченемдүүлүтөрү жөнүндөгү илим. Демек, бул илимди окубай койуу
мүмкүн эмес.
Мектепти мугалим жана окуучусуз элестетүүг болбойт. Ошол келечек ээлерин дүйнөнүн ,
Коомдун өткөндөгүсүн жана азыркысын, өз тарыхын биле албаса анда келечек ээлери
болушу мүмкүнбү?
Окуу процесси көп түрдүү жана ар жактуу. Ал эми окутуунун бир жактуулугу эч качан мектеп реформасынын талабына жооп бербеси баарыбызга белгилүү. Ошон үчүн тигил
же бул сабактын максатына жараша методдор тандалып алынат. Интерактивдүү
методдорду колдонуп сабактарды өткөнгө, жекече, топтордо иштеп окуучуларды чыгармачылык деңгээлине жеткиргенге аракет кылам.
Мамлекеттик талап өзгөрдү. Бүгүнкү стандарттык программа ар тараптан өнүккөн
инсанды дайардоону талап кылат. Билимсиз ар тараптан өнүккөн инсан боло
албайт. Теориялык билимдер качан практика менен айкалышканда гана биз
компетенттүү окуучуну даярдай алабыз деп ойлойм.
Тарыхый билим берүү деген эмне?
Тарыхый билим адам коомунун жолун үйрөтүп, келечекке тарбиялоо деп билем. Тарых
Сабагынын предметтик компетенттүүлүгүнүн негизинде окутуудан үйрөтүүгө
өтүп, окуучуларды ички жана сырткы шыктандыруу менен инсанга багыттап
окутууга жетиштим.
Бул деген көнүлдүн борборунда окутуу прцессинде окучу турушу керек, ал эми мугалим багыт берүүчү. ( модератор)
Сабактын максатын инсанга угуза айтууга, баалоо критерийлерин иштеп чыгууга, окуучуларды бири-бирин баалоого үйрөтүүгө жетиштим. Калыптандыруучу баалоону колдонууда үзгүлтүксүз кайтарым байланыш жасоонун артыкчылыгына ишендим.
Бул менин практикадан алган иш тажрыйбам.
Метод- бул максатка жетүүнүн усулу, Мугалим гана максат койсо анда максатка
жетпейбиз, мугалим максат койуп, окуучудан натыйжа чыкканда гана сабак максатка жетет.
Интерактивдүү ыкмалар бир гана максатты көздөшөт.
Ал окуучунун билим алууда өз алдынчалыгын калыптандыруу жана билим алууга үйрөтүү.Интерактивдүү
Сабактын маанилүү элементи - рефлексия.
Сабактын тиби: Жаны билимдерге ээ болуу.
Сабактын формасы: Интерактивдүү.
Сабак аралык байланыш: Матем, география.
Колдонулуучу усулдар: Топтордо иштөө, мээге чабуул жасоо, интерактивдүү усулдар.
Баалоо: Оозеки кайтарым байланыш , өзүн-өзү баалоо, бири бирин баалоо,
жыйынтыктоочу баалоо.
Сабактын жабдылышы: проектор, көрсөтмө куралдар, маркер, батман.
Сабактын жүрүшү: Алтын эрежеге баш ийебиз.
Бекитемин: ________________________________________________________
7-класс
Сабактын темасы: 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнү.
| Сабактын максаттары | Көрсөткүчтөрү |
1 | Билим берүүчүлүк: Окуучулар бул майрамдын таржымалы боюнча маалымат ала алышат. | Сабак максатка жетет, эгер окуучулар 23-февраль ата Мекенди коргоо күнү экенин билип, маалыматты эстерине сактай алышса. |
2 | Өнүктүрүүчүлүк: Түшүнүгүн өз оюн эркин айтуу менен ой жүгүртүүсү калыптанат. | Сабак максатка жетет, эгер окуучулар сынчыл ой жүгүртө алышса. |
3 | Тарбия берүүчүлүк: Мекенди коргоого, бири- биринин оюн уга билүүгө тарбиялана алышат. | Патриоттуулукка, бири-бирин угуп, сыйлоого тарбиялана алышса. |
| Негизги компетенттүүлүктөр: | Предметтик компетенттүүлүк: | Компетенттүүлүктүн натыйжалары. |
1 | Маалыматык: Маалыматка ээ болот, талдай билет,изденет, салыштырат. | Хронологиялык картографиялык: Негизги датаны атап, окуяны конкреттүү мезгилге келтире алышат. | Окуялардын датасын биле алышат, маалыматты өз алдынча пайдалана алышат. |
2 | Социалдык коммуникативдик Өз көз карашын билдирип, баарлаша алат, диний, этностук, кесиптик, инсандык баалуулуктарга урмат менен мамиле кыла алат. | Тарыхый цивилизациялык: Окуяны жыйынтыгы боюнча, бүгүнкү күндүн көз карашы менен баалай алышат, салыштыра алышат. | Бул майрамдын жаралуу тарыхын билип, өз көз карашы менен баалап пикир билдире алышат. |
3 | Өз алдынча уюштуруу, көйгөйлөрдү чечүү: Өз алдынча же башка адамдар менен өз ара аракеттенип, чечим чыгарып же кабыл ала алат. | Этномаданий: Өз элинин маданий баалуулуктарына толеранттуу мамиле жасайт, аң сезимдеринде кабылдай алышат. | Ата Мекенге болгон сүйүүлөрү күчөп, нравалык жактан баалоо, урмат кылуу көндүмүнө ээ боло алышат. |
4 | | Социалдык жарандык: | |
1.Уюштуруу.
Саламдашуу,окуучуларды толуктоо, класстын тазалыгына көнүл бөлүү, классты
топторго бөлүп алуу.
Жагымдуу маанай түзүү.
Кар үймөгү оюну аркылуу бири бирине каалоо айтуу менен класста жагымдуу
маанай түзүлөт.
2. Өтүлгөн теманы кайталоо:
Үй тапшырманы текшерүү билим дарагы аркылуу жүргүзүлөт.
1-топ отурукташкан шаар маданияты.
2-топ кыргыздардын чарбасы жөнүндө.
3-топ кыргыздардын материалдык маданияты.
Окуучулар ар бири берилген тапшырма боюнча окуп келгендерин стикерге жазып,
окуп берип билим дарагына чапташат.
Өтүлгөн материалды кайталоо менен окуучулардын эс тутуму жакшырат.
3.Теманы актуалдаштыруу.
Мээге чабуул жасоо усулу аркылуу окуучуларга суроо берилет.
Балдар 23-февраль эмне майрам?
Окуучулар өз билген жоопторун айтышат.
4. Жаңы тема:
Ооба балдар, атам замандан бери адамзат коому не деген тарыхый окуяларды
башынан кечирбеди. Улуу түзүлүштөр, улуу мамлекеттер , улуу майрамдар жаралган.
Ар учур адамдардын Ата Мекенине болгон сүйүүсү, өтөгөн кызматы, мекенинин,
элинин
эркиндиги үчүн жасаган эрдиги даңкталып, майрамдалып келген.
23-февраль мына ушундай майрамдардын бири.
Өткөн кылымдын 1918-жылы 23-февралда Герман аскерлери жаңыдан бутуна
туруп бараткан Советтик Социалисттик түзүлүштү кыйратуу үчүн бардык багыт боюнча
чабуулга өткөндө Социалисттик Ата мекенди коргоп калуу үчүн он миңдеген ыктыярдуу адамдар Кызыл Армиянын катарына жазылып, мекенди коргоого аттанышкан.
Кызыл Гвардиянын аскерлери алгачкы жолу Псков жана Нарва аймактарынан
Германиянын аскерлерин женип алышкан.
Ошол күндөрдөгү Кызыл Армиянын алгачкы отряддарынын эрдигинин урматына
23-февраль Советтик Армиянын жана Аскер –Дениз флотунун күнү катары
белгиленип, СССР таркаганга чейин жыл сайын майрамдалып келген.
1990-жылдардан кийин бул майрам мурунку союздук республикалардын көбүндө
майрамдалбай калды.
Ошентсе да Мекен сакчылары мурдатан көнүп калышкан
майрамды жыл сайын өз алдынча майрамдап келишет.
23-февралдын Мекен сакчыларынын ан сезимине, духуна синген өзгөчө
ордун эске алып, атуулдардын Ата Мекенге болгон сүйүүсүн , париоттук сезимин
чындоо максатында Кыргыз Өкмөтү 2003-ж токтом кабыл алган. Анда , 23-февраль
мындан ары Мекен сакчыларынын күнү катары турмушубуздун
бардык тармактарында, аскер бөлүктөрүндө майрамдык салтанаттар менен өткөрүлүп тураары белгиленген.
Кыргызстандын эгемендүүлүгүн коргоо өзүбүздүн мекен сакчыларыбыздын колунда.
1998-2000-жж Баткен окуялары өлкөбүз,
Кыргыз армиясы үчүн чоң сыноо болду. Ата Журтубузга басып кирген бандиттик түзүлүштөрдүн мизин кайтарып, согуш учурунда чоң эрдик көрсөткөндүктөрү үчүн
401 жоокер мамлекеттик жогорку сыйлыктарды алышкан.
Ата Мекенибизди көздүн карегиндей сактоо ар бирибиздин милдетибиз.
Окуучулар бул майрам тууралуу маалымат алышып, билим, билгичтиктери көндүмдөрү калыптанат.
5. Тема боюнча бышыктоо жүргүзүү.
1-топ Изилдөө фартугунан суроолорду алып, жооп беришет. | 2-топ Дасторконго приборлорду койуу. Мында окуучулар тема боюнча алган маалыматтарын маркер менен батманга жазышат. | 3-топ Тарыхый пазл чогултуу. Мында окуучулар 23-февралдын жаралуу тарыхы жазылган сөздөрдү ирээти менен чогултушат. |
Изилдөө фартугундагы суроолор:
Эмне үчүн бул майрамды белгилейбиз?
Псков жана Нарва аймактарында кимдер салгылашкан?
Бул майрам биз үчүн канчалык денгээлде маанилүү?
Баткен окуясынан кийин канча жоокер сыйланган?
Маркер, батман, маалыматтар канчалык денгээлде эстеринде калды, алган маалыматтарды дасторкон бетине койобуз.
Тарыхый пазл:
1918-жылы 23-февраль күнү Кызыл Гвардиянын аскерлери алгачкы жолуНарва
жана Псков аймактарынан Германиянын аскерлерин женип алышкан. Ошол күндөн баштап Кызыл Армиянын күнү деп белгиленип калган. 2003-жылдан тартып,
Ата Мекенди коргоо күнү деп жарыяланып, календарда кызыл менен белгиленген.
(Ушул текстти ирээти менен чогултушат)
Сабакты жыйынтыктоо:
Рефлексия жасоо.
Окуучулар рефлексия аркылуу өздөрүн баалашат.
Окуучулар өз ишмердүүлүгүнө баа берүү аркылуу баа бере билүү көндүмү иштелип чыгат.
Окуучунун аты_______________________________________-
Мен билдим ________________________________________________
Менин кадамым_________________________________________________
Мен........ баага татыктуу болдум.
Тапшырма: өтүлгөн теманы кайталап окуп, 23-февраль тууралуу эссе жазып келгиле.
Окуучулардын үйгө берилген тапшырманы аткаруу менен өз алдынчалыгы өнүгөт.