СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

9-класс эритмелер боюнча сабак

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«9-класс эритмелер боюнча сабак»





_____ _______2023-ж



Сабактын темасы:  Эритмелер


Сабактын максаты:Билим берүүчүлүк

а) Эритмелердин түрлөрүн ,аларды пайда кылуучу заттардын реакцияларын жана эрүу процессинин жашоого тийгизген таасири тууралуу окуп билишет

. Өнүктүрүүчүлүк

б)Эритүүчү жана эриткич заттарды айырмалоо менен кошумча маалыматтар менен иштөөгө көнүгүү .

Тарбия берүүчүлүк в) Эмгекчилдикке ,мээнеткечтикке ,адептүүлүккө өзүнө өзү баа бере алууга тарбиялоо

Негизги компетенттүүлүктөр

Маалыматтык.

Тирүү организмдер үчүн чоң мааниси бар эритмелер туурасында маалыматтарды анализдөө менен керектүү материалдарды максаттуу түрдөпайдалана билишет.

Заттардын кайсы реакциянын натыйжасында эрүү абалына туш болорун топтор менен талкууларга алышат.

Топтор менен иштөөдө эрүү реакциялары туурасында өз ойлорун билдире алышат.

Предметтик компетенттүүлүктөр

Жаратылыштагы эрүү кубулуштарынын келип чыгуу кырдаалын аныктайт .Эмне үчүн заттар реакциянын натыйжасында эрүү абалына келүүсүн түшүдүрөт .

Турмуштагы мисалдар менен аларды теңдемелер аркылуу далилдешет.


Сабактын тиби : Жаңы теманы өздөштүрүү .

Сабактын усулу : Топтордо жуптар менен иштөө

Сабактын жабдылышы : Презентация ,окуу китептери ,реактивдер

Сабактын жүрүшү Уюштуруу .Журнал боюнча жоктоо .

Мугалим : Кана балдар бүгүн кунгө кайсы күн ? – Ооба туура бүгүн жума күну .

Жагымдуу маанай түзүү “Жакшылыктарыбыз жугуштуу болсун”

Балыкчылар менен кайырчынын окуясы туурасында икая айтылат

Эмесе балдар үйгө берилген тапшырманы колесо оюну аркылуу топтор менен талкуулап жооп беребиз .

1.Жаратылышта кандай химиялык реакциялар болуп турат?

2. Химиялык реакция деген эмне?

3. Химиялык реакциялардын ылдамдыгына кандай факторлор таасир берет.

4. Кайталануучу жана кайталанбоочу реакциялардын айырмасы эмнеде?

5. Гомогендүү заттар деген эмне ?

6.катализатор деген эмнени айтабыз.

Жаңы теманы түшүндүрүү. Кандай гана эритме болбосун, эриген заттардан жана эриткичтен турат, б. а. эриткичтин чөйрөсүндө эриген заттар молекулалар же иондор түрүндө бир калыпта таркалган. Эриткич таза түрүндө пайда кылган эритме менен эриткичтин агрегаттык абалдары бирдей болот (мисалы, туздун эритмесинде эриткичи - суу, суунун да, эритменин да агрегаттык абалдары бирдей). Эгерде компоненттердин экөөнүн тең агрегаттык абалдары бирдей болсо (мисалы, спирт жана суу), анда алардын көлөмү көбүрөөгү эриткич болот.







Эки же андан ашык компоненттерден турган, өзгөрүлмө курамдагы гомогендүү системалар эритмелер деп аталат.


Эритмелердин мааниси


Бышыктоо

  • 1) эритме деген эмне?

  • 2)эритмелердин кандай түрлөрү бар?

  • 3)адам организминде эритмелер кездешеби?

  • 4)катуу+суюк эритмеге мисал келтир

  • 5) катуу эритмеге мисал келтир

  • 6)эң жакшы эриткич бул_....?

Үйгө тапшырма . маселе иштөө

Баалоо : Топтор менен баалоо жана активдүү катышкан окуучуларда бааланат.