СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

А. Осмонов слайд

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«А. Осмонов слайд»



Алыкул Осмонов - Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында туулган. Ал жаш кезинен эле ата-энесинен ажырап, жетимдиктин азабын да, турмуштун кыйынчылыктарын да башынан өткөрөт. 1925-жылы Фрунзе шаарындагы балдар үйүнө кабыл алынат.1925-1928 жылдары Токмок шаарынын балдар уйундо тарбияланат. Мына уулу жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр да жазып көрөт. Он төрт жашында эле Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анын алдындагы адабий ийримге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. Ушундан баштап анын ырлары газета, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылык иштин артынан түшөт. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет.Алыкулдун "Курдаштар" деген ыры мындайча башталат:

"Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар, Узак, узак, узак болсун бул сапар. Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да, Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар. Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт, Толкун урса тайызына сүрүлбөйт. Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей, Жер түбүндө чирисе да, бир гүлдөйт".

1935 - 1950-жылдардын аралыгында ал ондон ашуун ыр китептин ээси болду. "Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан", "Махабат", "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери" деген жыйнаактары жарык көрдү. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылды. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты. Алыкул Осмонов эң мыкты котормочу да болгон. Ал Пушкиндин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын көркөм дүйнөсү менен кыргыз окурмандарын биринчилерден болуп тааныштырат. Айрыкча улуу акын Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасынын Алыкул таржымалдаган котормосу аңызга айланып, атпай Ата Журтубуздун бүт булуң-бурчуна жетти. Шекспирдин "Отелло", "Он экинчи түн" сыяктуу драмаларын да кыргыз көрүүчүлөрү анын котормосу боюнча сахнадан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. А.Осмоновду оку үйрөнүү кыргыз адабиятында алыкул таануу илиминин пайда болушуна чоң өбөлгө болду.

Алыкул жана Райкан. Чабуул журналында иштеп жүргөн мезгил.

Улуттук сөз өнөрүнүн бүгүнкүсү менен эртеңкиси туурасында ойлонуу, өзүнө талап коюу А. Осмоновду көп нерсеге милдеттендирди. Ошондуктан мурдагы жазгандары такыр жакпай, өз жараткандарын өзү жериди. Нечен толгонуудан кийин басмага даярдаган ырларынын жаңы жыйнагын өрттөп да жиберди. Бул үчүн чоң жүрөк, ашкере баатырдык керек эле. Алыкулда андай касиет, сапаттардын баары бар болчу. Анын чыгармачылыгынын бурулуш учуру да дал ушул жылдарга туура келди. Бирок ажал арбайган ач колун ага сунуп, өлүм жакындап, суусу түгөнө берди. Ашкере айкөл, ташкындаган таланттын туз-насиби 35 жылга гана өлчөнгөн экен, залкар акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнөдөн кайтты. Көзү өткөндөн кийин, 1964 - 1967-жылдары чыгармаларынын үч томдугу жарык көрдү. 1984 - 1986-жылдары ырлары, котормолору, поэмалары менен драмалары кайрадан үч томго топтоштурулду.

Калемдеш жана замандаштарына караганда Алыкул Осмоновдун таланты да, тагдыры да бөлөкчө. "Кудайга миң мертебе калп айтса да, ырына бир жолу да калп айта албаган" бул акын өзүнүн керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө жашоонун не бир ажайып сулуулугун, кымбаттыгын жеткире алган. Акын мөлү Алыкул өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес. Ошондуктан өмүрүнүн акырына чейин поэзияны ыйык туткан. Кудурети күчтүү табияттан анын сураганы да бир гана нерсе эле. Ал ыр болчу:

Мен турмушта сараң, ачкөз эмесмин,
Өктөө кылып: "Ай, аз бердиң, - дебесмин.
Байлык, үй-жай, ден соолуктан ардактуу,
Мага берсе, эки сабак ыр берсин.

А. Осмоновдун акындык жана адамдык сапатын мына ушул төрт сап ыр эле аныктай алат. Ал өмүр бою бул шертинен тайган жок. Улуу адамдар кайталангыс таланты менен өздөрүн өлбөс кылып жаратышат. Алыкул да ошондой таланттардын катарына кирет.

Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар,
Узак, узак, узак болсун бул сапар.
Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.

Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт,
Толкун урса тайызына сүрүлбөйт.
Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей,
Жер түбүндө чирисе да, бир гүлдөйт.

Бул саптарды окуганыңда Алыкул Осмонов сенин жаныңда баягыдай эле тирүү бойдон тургансыйт, чыныгы поэзияга тизе бүгүп, таазим кылууга аргасыз кылат.

Күн өткөн сайын өзүнө койгон талабы катаалдап, акын улам жаңы бийиктикти самап, поэзиянын улам жаңы аралдары менен жээктерин ача берди. Ошенткен сайын анын адам менен Ата Журтка болгон сагыныч-кусалыгын билдирген, жашоо менен өмүргө кумары канбаган ырларынын ажары ачылып чыга келди. Акындын мындай тематикадагы не бир укмуштуу, не бир азем керемет сулуулугу, кооздугу менен өзүнө куштар кылып, төбөсү асман тиреп, шоодурап менменсинген мырза теректи эске салат. Бирок ал өмүрү өткөнчө өзүнүн чыгармаларына канааттанган жок, улам жаңы, жакшыларды жараткысы келди. Мына ушул умтулуу аны ыр жазууга гана эмес, жашоого да шыктандырды. Ошондуктан акын өзүн аябады, жанын жай таптырбай жабыркаткан ооруга карабай, күрс-күрс кан жөтөлүп отуруп да, кара жанын карч уруп, бир сап ыр үчүн түн күзөп көшөрө эмгектенди. Жогорку талап, тынчтык бербеген тынымсыз изденүү Осмоновдун чыгармаларын кулач жеткис, асман мелжиген алп чынарга айландырды. Дүпүйгөн чынардын сансыз бутактары бар сыңары А. Осмоновдун керемет поэзиясынын мазмуну да ар түрдүү жана өтө бай. Анда бирде Ата Журттун асылдыгы, ага деген сүйүүнүн ыйыктыгы даңкталса, бирде адам баласын дүйнөнүн ээси кылуудагы кудуреттүү эмгек ырдалат. Анын чыгармаларында кээде өмүр менен өлүм бой тирешип тура калат да, анан акын өмүрдүн улуулугун жана түбөлүктүүлүгүн не бир мукам кайрыктарга салат.

Сүрөткердин кимдиги, кандайлыгы анын чыгармаларынын санында, тематикасынын ар түрдүүлүгүндө эмес, анда камтылган ой менен сезимдин күчтүүлүгүндө, жасалмалуу эмес табигыйлыгында, баарынан мурда, ал көркөм дүйнөнүн насили, нарк баасында жатат. Улуу акын үчүн майда, кичине деген нерсе болбойт, демейки окурман үчүн байкалып, кармалбаган нерседен ал ааламды кучагына сыйдырып, адамды түйшөлтүп ойлонууга аргасыз кылган улуулукту көрө алат. А. Осмонов деле башка акындар эмнени ырдаса, ошол нерселер жөнүндө ырдады, бирок башкача ырдады. Ал чыныгы поэзияны жалтыраган кооз сөздөрдөн, болбосо Ата Журт деп өпкө-жүрөгүн чаап, көкүрөк койгулоодон издебеди, анын поэзиясы ар бирибиздин жүрөгүбүздө уялаган, бирок оңой менен бере албаган букту, ойду таап, козгой алды. Ошондуктан Осмоновдун ырларын окуганда, ал ырлар сенин жүрөк сезимиңден жаралгандай болот. Акын адамдардын купуя жүрөк сезимин айттырбай туюп, билип тургандай. Анын ырларынын керемет сыры дал ушунда. Ар бир адамга Ата Журт кымбат. А. Осмоновдун ырларын окуганыңда, Ата Журт менен акын бири-бирине ээрчишип жүргөн ата-баладай көз алдыңа тартыла калат.

…Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп…
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Бул саптар А. Осмоновдун белгилүү "Ата Журт" деген ырынан. Анын алгачкы эки сабын окуганда ырдын Ата Журтка арналып жаткандыгын сезбейсиң, ал саптар кадимки эле камкор эненин жалгыз перзентин алыс сапарга узатып жаткандагы мээримин элестетет. Ырдын акыркы эки сабын окуганыңда гана анын Ата Журтка арналып жаткандыгын билип, айланаңды өзгөчө сүйкүм менен эрксиз бир карап аласың. Анан жүрөгүңдө сөз менен айтып жеткире алгыс Ата Журтка деген сезим пайда болот да, тууган жердин элеси калдайып көз алдыңа тартыла түшөт. Ата Журтту аргасыздан өзүңдүн эң бир жакын, бир ыйык адамыңдай элестетесиң. "Бүт дартыңды өз мойнума алайын, сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт" деп, анын алдында адамдык парзыңды кылчактабай аткаргың келет. Ошентип акын Ата Журттун кооздугун, кымбаттыгын шөкөттөп-мактап да отурбайт, сенсиз жашай албайм деп жалынып-жалбарбайт. Бар болгону мээрман эненин күндө айтыла берип, анчалык элес да алынбай калган демейки сөзүн кайталоо менен гана чектелген. Бирок ушул карапайым сөздө камтылган эл-жерге болгон чыныгы сүйүү бизди аргасыздан өзүнө тартат, Мекен ааламдагы эң ыйык нерсеге айланат. Акындын "Ата Журтун" өзүнүн жалгыз кызына арнаган "Бөбөккө" деген ырынан жана жалгыз уулун күтүүдөн тажабаган Миңбай чал жөнүндөгү "Жеңишбек" аттуу поэмасынан ажыратып кароого болбойт. Булар бири экинчисин толуктап турат.


Жаштайынан жалгыздыктын жабырын тарткан акын зарыгып жүрүп кыздуу болот. Ал төрөлгөндө күнү-түнү наристенин жанынан чыкпай, бир канча күн ага ысым издеди, акыры Жыпар деген ат көңүлүнө туура келди. Жыпары бар болгону он беш гана күн жашап, чарчап калды. Ал өзүнүн бул күйүтүн поэмага тете "Бөбөккө" деген ырында төктү. Күчтүү күйүттөн жаралган бул ырды акындын керт башынын арманы катары кароого болбойт. Анда жалпы эле адамзаттын балага болгон ыйык сезими, түбөлүктүү сүйүүсү берилген. Өмүр менен турмуш, жашоо менен тиричиликке арналган мындай мазмундагы ырлар акындын чыгармачылыгында өзгөчө бир өзөктү түзүп, орчундуу орунду ээлейт.

Чыныгы талант өмүр бою өзүнө нааразы болуп жүрүп өтөт. Бир чети мүлдө кыргыз көтөрө алгыс ыр килемин кирпик менен согуп, бардыгынан танып, ырдан танбаган Алыкул да өзүнө ыраазы болбой, поэзиянын түпсүз терең көлүндө чабак уруп олтуруп, стол үстүндө ыр жазган калыбында, бар болгону отуз беш жаш курагында кете берди.



Жарык көргөн китептери[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Таңдагы ырлар. - Ф.: Кыргызмамбас, 1935. - 127 б.

  • Жылдыздуу жаштык: Ырлар жыйнагы. - Ф.: Кыргызмамбас, 1937. - 62 б.

  • Чолпонстан: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1937. - 96 б.

  • 8-гвардиялык дивизия (түзүүчү). - Ф.: Кыргызмамбас, 1942. - 35 б.

  • Махабат: Ырлар. - Ф.: Кыргызмамбас, 1945. - 76 б.

  • Балдар үчүн: Ырлар. - Ф.: Кыргызмамбас, 1947. - 28 б.

  • Жаш акындардын ырларынын жыйнагы (түзүүчү). - Ф.: Кыргызмамбас, 1947. - 99 б.

  • Менин жерим - ырдын жери: Ырлар. - Ф.: Кыргызмамбас, 1947. - 80 б.

  • Жаңы ырлар: Ырлар жана поэмалар. - Ф.: Кыргызмамбас, 1947. - 86 б.

  • Жаңы ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1939. - 131 б.

  • Тандалмалуу ырлар жана поэмалар. - Ф.: Кыргызмамбас, 1954. - 264 б.

  • Ата журт: Жарыяланбаган чыгармалар. - Ф.: Кыргызмамбас, 1958. - 200 б.

  • Россия: Ырлар. - Ф.: Кыргызмамбас, 1964. - 16 б.

  • Чыгармалар жыйнагы: 3 томдук:

  • 1-т. - Ф.: Кыргызстан, 1964. - 64 б.

  • 2-т. - Ф.: Кыргызстан, 1965. - 660 б.

  • 3-т. - Ф.: Кыргызстан, 1967. - 670 б.

  • Балдар менен турналар: Ырлар. - Ф.: Мектеп, 1965. - 23 б.

  • Ырлар жыйнагы. - Ф.: Мектеп, 1965. - 82 б.

  • Көл толкуну: Тандалган ырлар жана поэмалар. - Ф.: Кыргызстан, 1972. - 372 б.

  • Пионер ыры: Ырлар, поэмалар, котормо. - Ф.: Мектеп, 1974. - 207 б.

  • Түлкү менен каздар. - Ф.: Мектеп, 1973 - 19 б.

  • Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1974. - 62 б.

  • Толубай сынчы: Ырлар, поэмалар. - Ф.: Мектеп, 1979. - 80 б.

  • Балдар жана турналар: Ырлар. - Ф.: Мектеп, 1980. - 10 б.

  • Балдар ыры: Ырлар. - Ф.: Мектеп, 1988. - 16 б.

  • Чыгармалар жыйнагынын 3 томдугу:

  • 1.т.: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1984. - 296 б.

  • 2.т.: Поэмалар, драмалар, легендалар. – Ф.: Кыргызстан, 1985. - 344 б.

  • 3.т.: Котормолор. – Ф.: Кыргызстан, 1986. - 278 б.

  • Махабат: Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1990. - 52 б.

  • Көл толкуну - Wayes of the lake. (кырг. – англ. которгон У.Мэй) - Б.: Сорос-Кыргызстан, 1995. - 148 б.

  • Аккан суу – Live water: Ырлар/кырг. – англ. котор.У.Мэй. - Б.: Арал фонду, 2000. - 72 б

  • Балдарга. Детям. For children - Б.: Алыкул үй борбору, 2000. - 56 б.

Орус тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Мой дом: Стихи. - М.: Сов. писатель, 1950. - 156 с.

  • Мой дом: Стихи. - Ф.: Киргизгосиздат, 1954. - 136 с.

  • Избранное: Стихотворения. - М.: Сов. писатель, 1955. - 184 с.

  • Избранное: Стихи. - М.: Политиздат, 1958. - 304 с.

  • Лиса и гуси. - Ф.: Мектеп, 1974. - 20 с.

  • Избранное: Стихи и поэмы. - М.: Худож. лит., 1975. - 272 с.

  • Дети и журавли. - Ф.: Мектеп, 1981. - 6 с.

  • Отчий край: Стихотворения и поэмы. - Ф.: Кыргызстан, 1987. - 256 с.

  • Стихотворения и поэмы. – Л.: Сов.писатель. - 1990. - 303 с.

Башка элдердин тилдеринде[оңдоо | булагын оңдоо]

Дети и журавли: Стихи. – Таллин: Ээсти раамат, 1984. - 11 с. – эст. Толубай сынчы: Поэма. – Алма-Ата

1963. – казак.

Котормолору[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Крылов И. А. Тамсилдер. - Ф. - Казань: Кыргызмамбас, 1937. - 38 б.

  • Крылов И. А. Тамсилдер. - Ф.: Кыргызмамбас, 1938. - 26 б.

  • Маршак С.Я. Жалкоолор жана мышык. - Ф. - Казань: Кыргызмамбас, 1937. - 8б.

  • Перро Ш. Жомоктор. - Ф.: Кыргызмамбас, 1937. - 30 б.

  • Пушкин А.С. Поп жана анын кызматчысы Балда жөнүндө жомок. - Ф. - Казань: Кыргызмамбас, 1937. - 16 б.

  • Чуковский К. Федоринанын шору: Ырлар. - Ф. - Казань: Кыргызмамбас, 1938. - 17 б.

  • Руставели Шота. Жолборс терисин кийген баатыр. - Ф.: Кыргызмам-бас, 1940. - 376 б.

  • Ошол эле. - 1951. - 332 б.

  • Ошол эле. - 1956. - 332 б.

  • Ошол эле - 1972. - 304 б.

  • Ошол эле. - 1976. - 306 б.

  • Ошол эле. - 1982. - 300 б.

  • Пушкин А.С. Евгений Онегин: Ыр менен жазылган роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1948. - 160 б.

  • Шекспир В. Отелло: Ыр менен жазылган трагедия. – Ф.: Кыргызмам-бас, 1949. - 152 б.







Алыкул Осмонов

Таланты таш жарган акын Алыкул Осмонов Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында 1915-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал жаш кезинен эле ата-энесинен ажырап, жетимдиктин азабын да, турмуштун кыйынчылыктарын да башынан өткөрөт. 1925-жылы Фрунзе шаарындагы балдар үйүнө кабыл алынат. Бир аздан кийин эле ал балдар үйү Токмок шаарына көчүрүлөт. 1925 - 1928-жылдары ошол балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр да жазып көрөт. Он төрт жашында Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анын алдындагы адабий ийримге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 1930-жылы "Сабаттуу бол" газетасынын сентябрь айындагы санында биринчи жолу анын "Кызыл жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары газета, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылык иштин артынан түшөт. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет. Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар, Узак, узак, узак болсун бул сапар. Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да, Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар. Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт, Толкун урса тайызына сүрүлбөйт. Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей, Жер түбүндө чирисе да, бир гүлдөйт. 1935 - 1950-жылдардын аралыгында ал ондон ашуун ыр китептин ээси болду. "Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан" , "Махабат" , "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери" деген жыйнактары жарык көрдү. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылды. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты. Алыкул Осмонов эң мыкты котормочу да болгон. Ал Пушкиндин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын көркөм дүйнөсү менен кыргыз окурмандарын биринчилерден болуп тааныштырат. Айрыкча улуу акын Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасынын Алыкул таржымалдаган котормосу аңызга айланып, атпай Ата Журтубуздун бүт булуң-бурчуна жетти. Шекспирдин "Отелло" , "Он экинчи түн" сыяктуу драмаларын да кыргыз көрүүчүлөрү анын котормосу боюнча сахнадан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Улуттук сөз өнөрүнүн бүгүнкүсү менен эртеңкиси туурасында ойлонуу, өзүнө талап коюу А. Осмоновду көп нерсеге милдеттендирди. Ошондуктан мурдагы жазгандары такыр жакпай, өз жараткандарын өзү жериди. Нечен толгонуудан кийин басмага даярдаган ырларынын жаңы жыйнагын өрттөп да жиберди. Бул үчүн чоң жүрөк, ашкере баатырдык керек эле. Алыкулда андай касиет, сапаттардын баары бар болчу. Анын чыгармачылыгынын бурулуш учуру да дал ушул жылдарга туура келди. Бирок ажал арбайган ач колун ага сунуп, өлүм жакындап, суусу түгөнө берди. Ашкере айкөл, ташкындаган таланттын туз-насиби 35 жылга гана өлчөнгөн экен, залкар акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнөдөн кайтты. Калемдеш жана замандаштарына караганда Алыкул Осмоновдун таланты да, тагдыры да бөлөкчө. "Кудайга миң мертебе калп айтса да, ырына бир жолу да калп айта албаган" бул акын өзүнүн керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө жашоонун не бир ажайып сулуулугун, кымбаттыгын жеткире алган. Акын мөлү Алыкул өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес. Ошондуктан өмүрүнүн акырына чейин поэзияны ыйык туткан. Кудурети күчтүү табияттан анын сураганы да бир гана нерсе эле. Ал ыр болчу: Мен турмушта сараң, ачкөз эмесмин, Өктөө кылып: "Ай, аз бердиң, - дебесмин. Байлык, үй-жай, ден соолуктан ардактуу, Мага берсе, эки сабак ыр берсин. А. Осмоновдун акындык жана адамдык сапатын мына ушул төрт сап ыр эле аныктай алат. Ал өмүр бою бул шертинен тайган жок. Улуу адамдар кайталангыс таланты менен өздөрүн өлбөс кылып жаратышат. Алыкул да ошондой таланттардын катарына кирет. Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар, Узак, узак, узак болсун бул сапар. Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да, Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар. Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт, Толкун урса тайызына сүрүлбөйт. Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей, Жер түбүндө чирисе да, бир гүлдөйт. Бул саптарды окуганыңда Алыкул Осмонов сенин жаныңда баягыдай эле тирүү бойдон тургансыйт, чыныгы поэзияга тизе бүгүп, таазим кылууга аргасыз кылат. Таланты таш жарган акын Алыкул Осмонов Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында 1915-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал жаш кезинен эле ата-энесинен ажырап, жетимдиктин азабын да, турмуштун кыйынчылыктарын да башынан өткөрөт. 1925-жылы Фрунзе шаарындагы балдар үйүнө кабыл алынат. Бир аздан кийин эле ал балдар үйү Токмок шаарына көчүрүлөт. 1925 - 1928-жылдары ошол балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр да жазып көрөт. Он төрт жашында Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анын алдындагы адабий ийримге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 1930-жылы "Сабаттуу бол" газетасынын сентябрь айындагы санында биринчи жолу анын "Кызыл жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары газета, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылык иштин артынан түшөт. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет. 1935 - 1950-жылдардын аралыгында ал ондон ашуун ыр китептин ээси болду. "Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан" , "Махабат" , "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери" деген жыйнактары жарык көрдү. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылды. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты. Алыкул Осмонов эң мыкты котормочу да болгон. Ал Пушкиндин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын көркөм дүйнөсү менен кыргыз окурмандарын биринчилерден болуп тааныштырат. Айрыкча улуу акын Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасынын Алыкул таржымалдаган котормосу аңызга айланып, атпай Ата Журтубуздун бүт булуң-бурчуна жетти. Шекспирдин "Отелло" , "Он экинчи түн" сыяктуу драмаларын да кыргыз көрүүчүлөрү анын котормосу боюнча сахнадан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Улуттук сөз өнөрүнүн бүгүнкүсү менен эртеңкиси туурасында ойлонуу, өзүнө талап коюу А. Осмоновду көп нерсеге милдеттендирди. Ошондуктан мурдагы жазгандары такыр жакпай, өз жараткандарын өзү жериди. Нечен толгонуудан кийин басмага даярдаган ырларынын жаңы жыйнагын өрттөп да жиберди. Бул үчүн чоң жүрөк, ашкере баатырдык керек эле. Алыкулда андай касиет, сапаттардын баары бар болчу. Анын чыгармачылыгынын бурулуш учуру да дал ушул жылдарга туура келди. Бирок ажал арбайган ач колун ага сунуп, өлүм жакындап, суусу түгөнө берди. Ашкере айкөл, ташкындаган таланттын туз-насиби 35 жылга гана өлчөнгөн экен, залкар акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнөдөн кайтты. Көзү өткөндөн кийин, 1964 - 1967-жылдары чыгармаларынын үч томдугу жарык көрдү. 1984 - 1986-жылдары ырлары, котормолору, поэмалары менен драмалары кайрадан үч томго топтоштурулду. Күн өткөн сайын өзүнө койгон талабы катаалдап, акын улам жаңы бийиктикти самап, поэзиянын улам жаңы аралдары менен жээктерин ача берди. Ошенткен сайын анын адам менен Ата Журтка болгон сагыныч-кусалыгын билдирген, жашоо менен өмүргө кумары канбаган ырларынын ажары ачылып чыга келди. Акындын мындай тематикадагы не бир укмуштуу, не бир азем керемет сулуулугу, кооздугу менен өзүнө куштар кылып, төбөсү асман тиреп, шоодурап менменсинген мырза теректи эске салат. Бирок ал өмүрү өткөнчө өзүнүн чыгармаларына канааттанган жок, улам жаңы, жакшыларды жараткысы келди. Мына ушул умтулуу аны ыр жазууга гана эмес, жашоого да шыктандырды. Ошондуктан акын өзүн аябады, жанын жай таптырбай жабыркаткан ооруга карабай, күрс-күрс кан жөтөлүп отуруп да, кара жанын карч уруп, бир сап ыр үчүн түн күзөп көшөрө эмгектенди. Жогорку талап, тынчтык бербеген тынымсыз изденүү Осмоновдун чыгармаларын кулач жеткис, асман мелжиген алп чынарга айландырды. Дүпүйгөн чынардын сансыз бутактары бар сыңары А. Осмоновдун керемет поэзиясынын мазмуну да ар түрдүү жана өтө бай. Анда бирде Ата Журттун асылдыгы, ага деген сүйүүнүн ыйыктыгы даңкталса, бирде адам баласын дүйнөнүн ээси кылуудагы кудуреттүү эмгек ырдалат. Анын чыгармаларында кээде өмүр менен өлүм бой тирешип тура калат да, анан акын өмүрдүн улуулугун жана түбөлүктүүлүгүн не бир мукам кайрыктарга салат. Сүрөткердин кимдиги, кандайлыгы анын чыгармаларынын санында, тематикасынын ар түрдүүлүгүндө эмес, анда камтылган ой менен сезимдин күчтүүлүгүндө, жасалмалуу эмес табигыйлыгында, баарынан мурда, ал көркөм дүйнөнүн насили, нарк баасында жатат. Улуу акын үчүн майда, кичине деген нерсе болбойт, демейки окурман үчүн байкалып, кармалбаган нерседен ал ааламды кучагына сыйдырып, адамды түйшөлтүп ойлонууга аргасыз кылган улуулукту көрө алат. А. Осмонов деле башка акындар эмнени ырдаса, ошол нерселер жөнүндө ырдады, бирок башкача ырдады. Ал чыныгы поэзияны жалтыраган кооз сөздөрдөн, болбосо Ата Журт деп өпкө-жүрөгүн чаап, көкүрөк койгулоодон издебеди, анын поэзиясы ар бирибиздин жүрөгүбүздө уялаган, бирок оңой менен бере албаган букту, ойду таап, козгой алды. Ошондуктан Осмоновдун ырларын окуганда, ал ырлар сенин жүрөк сезимиңден жаралгандай болот. Акын адамдардын купуя жүрөк сезимин айттырбай туюп, билип тургандай. Анын ырларынын керемет сыры дал ушунда. Ар бир адамга Ата Журт кымбат. А. Осмоновдун ырларын окуганыңда, Ата Журт менен акын бири-бирине ээрчишип жүргөн ата-баладай көз алдыңа тартыла калат. …Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң, Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп… Суугуңду өз мойнума алайын, Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт! Бул саптар А. Осмоновдун белгилүү "Ата Журт" деген ырынан. Анын алгачкы эки сабын окуганда ырдын Ата Журтка арналып жаткандыгын сезбейсиң, ал саптар кадимки эле камкор эненин жалгыз перзентин алыс сапарга узатып жаткандагы мээримин элестетет. Ырдын акыркы эки сабын окуганыңда гана анын Ата Журтка арналып жаткандыгын билип, айланаңды өзгөчө сүйкүм менен эрксиз бир карап аласың. Анан жүрөгүңдө сөз менен айтып жеткире алгыс Ата Журтка деген сезим пайда болот да, тууган жердин элеси калдайып көз алдыңа тартыла түшөт. Ата Журтту аргасыздан өзүңдүн эң бир жакын, бир ыйык адамыңдай элестетесиң. "Бүт дартыңды өз мойнума алайын, сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт" деп, анын алдында адамдык парзыңды кылчактабай аткаргың келет. Ошентип акын Ата Журттун кооздугун, кымбаттыгын шөкөттөп-мактап да отурбайт, сенсиз жашай албайм деп жалынып-жалбарбайт. Бар болгону мээрман эненин күндө айтыла берип, анчалык элес да алынбай калган демейки сөзүн кайталоо менен гана чектелген. Бирок ушул карапайым сөздө камтылган эл-жерге болгон чыныгы сүйүү бизди аргасыздан өзүнө тартат, Мекен ааламдагы эң ыйык нерсеге айланат. Акындын "Ата Журтун" өзүнүн жалгыз кызына арнаган "Бөбөккө" деген ырынан жана жалгыз уулун күтүүдөн тажабаган Миңбай чал жөнүндөгү "Жеңишбек" аттуу поэмасынан ажыратып кароого болбойт. Булар бири экинчисин толуктап турат. Жаштайынан жалгыздыктын жабырын тарткан акын зарыгып жүрүп кыздуу болот. Ал төрөлгөндө күнү-түнү наристенин жанынан чыкпай, бир канча күн ага ысым издеди, акыры Жыпар деген ат көңүлүнө туура келди. Жыпары бар болгону он беш гана күн жашап, чарчап калды. Ал өзүнүн бул күйүтүн поэмага тете "Бөбөккө" деген ырында төктү. Күчтүү күйүттөн жаралган бул ырды акындын керт башынын арманы катары кароого болбойт. Анда жалпы эле адамзаттын балага болгон ыйык сезими, түбөлүктүү сүйүүсү берилген. Өмүр менен турмуш, жашоо менен тиричиликке арналган мындай мазмундагы ырлар акындын чыгармачылыгында өзгөчө бир өзөктү түзүп, орчундуу орунду ээлейт. Чыныгы талант өмүр бою өзүнө нааразы болуп жүрүп өтөт. Бир чети мүлдө кыргыз көтөрө алгыс ыр килемин кирпик менен согуп, бардыгынан танып, ырдан танбаган Алыкул да өзүнө ыраазы болбой, поэзиянын түпсүз терең көлүндө чабак уруп олтуруп, стол үстүндө ыр жазган калыбында, бар болгону отуз беш жаш курагында кете берди.

Прикрепленные изображения
  • Ысык- Көл

  • Ысык-Көл,сени сүйдүм,сени ырдадым,
    Ырыма өзүң болдуң бел кылганым.
    Күнүмдүн ичкен суудай берекеси,
    Өзүңдүн бир көйкөлүп ыргалганың.

    Ысык-Көл,сен ырыскым,сен жыргалым,
    Ырыма өзүң болдуң бел кылганым.
    Өзүнчө урматтуу бир салт экен го,
    Күрпүлдөп көбүк чачып турган маалың.

    Ысык-Көл,өзүң барда,мен да бармын,
    Сен жарым,кереги не башка жардын.
    Тагдырдын марттыгына мен ыраазы,
    Бар тура,кубанаарым, мактанаарым. ..


Оорулуу акын

  • Оорулуу акын.
    Ойго жакын.
    Ооруп алсыз олтурат,
    Акын,акын,
    Акын баркын-
    Өлүм билбей кол сунат.

    Оорулуу акын,
    Сөздөрү алтын,
    Алсыз жалгыз олтурат.
    Кантсин акын,
    Ак кагаздын
    Бетин ырга толтурат...

Музыка

  • ...Эмнелер жок,бул дүйнөдө-жарыкта,
    Не бир сонун...не бир кымбат асыл баа...
    Мен кетээрде ошончонун ичинен
    Сагынаарым, Эң аярым Эң кымбатым-музыка!

    Мен суу ичпейм,таңдай катып турганда,
    Мен нан жебейм алдан тайып курганда.
    Музыкадай мага таттуу суусун жок,
    Берчи мага,Берчи мага.
    Жарым кашык музыка!...

Кыргыз көлү

  • Ысык-Көл-кыргыз көлү калкылдаган,
    Кыз-келин кылаасында шыңкылдаган.

    Ысык-Көл-кыргыз көлү шарпылдаган,
    Көркүнө көктөн башка тартынбаган. ..
    Көзү курч,көкүрөгү бек уландары,
    Пейли кең,берешен кол адамдары.
    Ысык-Көл касиетиңен айланайын:
    Сыйла,сүй бакыт берген замананы

Ысык- Көл

  • ...Шок белем...Ойнок белем...Ысык- Көлүм,
    Кубанган,кубалатып өзүнө өзүн.
    Кечинде жалгыз келип карап турсаң,
    Жуткандай жайлоо желин,сергийт көңүлүң.

    ...Көл тынчыйт...Толкундары тарап-тарап,
    Бизге окшоп,согушу жок күндү самап.
    Эртеңки ырахаттуу келечекке,
    Турмуштун дал өзүндөй тунук карап...


Бөбөккө

Эң жаш калып, эсте калбай ата-эне,
Кайнап, бышып, далай кыйын кездерге.
Балбан турмуш түбү калың болсо да,
Керек жерин жара тээп кирерде.

Тооруй басып, тосуп чыгып жолумдан,
Бурай кармап, майыштырып оңумдан.
Жаш өмүрдө жаңы бөбөк көрөрдө,
Таш боор өлүм тартып кетти колумдан.


Күндөр болду ырас, аздым, жүдөдүм,
Эртесинде кайра унутуп күлгөмүн.
Бирок чиркин, бөбөк деми күч экен,
Эч мынчалык ууланбаган жүрөгүм.

Эң таза эле сүт үстүндө каймактай,
Сайрайт эле булбул кушту сайратпай.
Бирок тагдыр жеткирген жок ал күнгө,
Ай, чиркин ай, өмүрүнүн кыскасы ай.

Алтын да бар, асыл да бар элдерде,
Не бир түркүн сонундар бар дүйнөдө.
Ошончолук кымбаттардын ичинен,
Атасы үчүн бөбөккө тең жок эле.

Сулуу тоолор, көркөм көлдөр четинде,
Көп гүлдөр бар, кызыл-жашыл түрлөрдө.
Жер аңкыган ошончо жыт ичинен,
Атасы үчүн Жыпардай жыт жок эле.

Жаштык ширин, сүйүү ширин билгенге,
Андан ширин бир боор тууган ата-эне.
Ошончолук көп шириндин ичинен,
Атасы үчүн андан ширин жок эле.

Түпсүз кубат, чексиз элес болучу,
Сырга чоң сыр, ойго кеңеш болучу.
Энесиндей эссиз эмес болучу,
Атасындай кекчил эмес болучу.

Өлдү бөбөк, жүргөн каны токтогон,
Бир жылт этип өчкөн чырак окшогон.
Учсуз жердин бир ууч куну кеткен жок,
Бети жок ай, жер уялбайт ошондон.

Кетти бөбөк, жана гана бар болгон,
Жарык таанып жаңы гана ойногон.
Түпсүз көрдүн карыш жери кеткен жок,
Ары жок ай, көр уялбайт ошондон.


Бар болсо экен картайганда көргөнү,
Соо болсо экен жаштын жаңы жөлөгү.
Өмүр алда, эртеңкиге тобокел,
Өлбөсө экен башкалардын бөбөгү.



Адамзат

Мүрөктүн суусу жөн суулардай шылдырап,
Агып жатса мал кечпес жашыл аралда.
Көк арчадай өңдөн азбас болсун деп,
Өзүм ичпей, ичирер элем адамга.
Мүрөктүн суусун ичирейин дегеним:
Адам деген картайгыч тура бечара.

Замзамдын суусу кайнар суудай шарактап,
Ташып жатса куш жете албас ыраакта.
Эти калың пилдей күчтүү болсун деп,
Бүт агымын бурар элем адамга.
Замзамдын суусун агызайын дегеним:
Адам деген чарчагыч тура бечара.

Олуя табып Улукман аке дарысы,
Жазгы гүлдөй тепселип жатса талаада.
Жүрөк оору, өпкө оорунун сообу үчүн,
Өзүм ичпей ичирер элем адамга.
Дары чөптү ичирейин дегеним:
Адам деген оорукчан тура бечара.

Ак шайы көйнөк, күмүш кемер сыяктуу,
Адамдын жаны сатылып турса базарда.
Дагы жыргап, дагы жашап көрсүн деп,
Өзүм албай берер элем адамга.
Жандарына жан кошоюн дегеним:
Адам деген көп өлгүч тура бечара.


Ата журт

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Кыш да катуу... бороон улуп, кар уруп...
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Түндөр жаман... кырсык салып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп...
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка... Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!