Просмотр содержимого документа
«Ачык билим берүү ресурстарынын мультимедиалык комплексин колдонуу»
Тема:
Ачык билим берүү ресурстарынын мультимедиалык комплексин колдонуу
Максаты:
Окутууда мультимедиалык технологияларды колдонуу менен билим берүүнүн сапатын жогорулатуу
Видео (окутуу процессинде) деген эмне? Инфографика деген эмне? Слайдтар деген эмне? Аудио деген эмне?
Максаты:
- Маалымат - коммуникациялык технологияларды (МКТ) билим берүү процессинде колдонуу жана тажрыйба алмашуу.
- Топто иштөө, тапшырмаларга интерактивдүү доскада презентацияларды жасоо.
- Мастер класстын аягында жүрүшүн мастер классты анализдеп, МКТны колдонуунун артыкчылыктарын аныктоо.
Тапшырмалар: 1) Видео сабак көрүү, суроо-жооп менен иштөө. 2) Мини лекция угуу. 3) Топто слайдтарды жасоо жана интерактивдүү доскада презентациялоо. 4) Усулдук кор(МКТны окуу процессинде колдонуу боюнча тажрыйба бөлүшүү).
Видео – бул жерде: 1. Окуу мазмунун өнүгүү, динамикалык абалда натыйжалуу, көрсөтмөлүү берүүнүн заманбап технологиясы; 2. Окуу видео материалдары; 3. Интерактивдүү формада окутуу үчүн предметтин мазмунуна ылайык көйгөлөр менен байланыштагы видеожазуулар.
Таанып билуучулук
Тренажер
Видеосабак
Видеотест
Таанып билүүчүлүк
Мотивациялык
Көрсөтмө
Саякат
Көрсөтүү
Реклама
ВИДЕОНУН ТЕХНОЛОГИЯСЫ
Видеоматериалдар
Документалдык фильмдерден үзүндү
Көркөм фильмдерден үзүндү
Муну кантип колдонууга болот:
- Сабактын башында- актуалдаштыруу, мотивация берүү, көйгөйлөрдү же көйгөйлүү кырдаалдарды берүү;
- Жаңы материалдарды үйрөнүүнүн жүрүшүндө- зарыл маалыматтарды издөө, көйгөйдү чечүү;
- Сабактын аягында алынган билимдерди бекемдөө.
Кандай компетенттүүлүктөр калыптанат?
- Байкоо жүргүзүү, көргөнүн жалпылоо, өзүнүн сөзү менен айтып берүү билгичтиктерин калыптандыруу;
- Элестетүүлөрүн өнүктүрүү, мурдагы тажрыйбаларын иреттештирүүгө багытталган(себеп-натыйжалык, логикалык);
- Көңүл буруу жана көпкө эске тутуп калуусун калыптандыруу;
- Кубулуш, процесстин негизин түшүнүүнү тереңдетет, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрдү өнүктүрөт.
Инфографика-бул
- Татаал маалыматтарды аудиторияга тез кабыл алынып жеңил түшүнө тургандай визуалдаштырып сунуштоо;
- Бир эле учурда текст, диаграмма, графика, ар кандай сүрөт түрүндө берилген өзгөчө түрдө иллюстрацияланган маалымат;
- Маалыматтык дизайндын формасы;
- Чоң көлөмдөгү маалыматты берүү формасы.
Аналитикалык
Реконструкция
Презентация
Жол көрсөткүч
Плакат
Эске салгыч
Көрсөтмө
Интерактивдүү
Анимация менен
Статикалык
ИНФОГРАФИКАНЫН ТҮРЛӨРҮ
Инфографиканын түрлөрү
Булагы боюнча
Чагылдыруу ыкмасы
Функциясы боюнча
Статистика
Кантип колдонууга болот? Маалыматтарды көрсөтмөлүү (визуалдуу) берүү
Кандай компетенттүүлүктөр калыптанат? Маалыматтарды жыйноо, аларды талдоо жана кенен чечмелөө, кыска формада берүү; Билим жана окуу аракеттерин образдуу берүү мүмкүндүгү; Сынчыл жана визуалдык ой жүгүртүүнүн калыптанышы жана өнүгүшү; Коммуникация анын ичинде санариптик көндүмдөрдүн калыптанышы; Визуалдык сабаттуулук жана визуалдык маданиятты жогорулатуу; Басым жасоо аркылуу башкы жана маанилүү маалыматты бөлүп алуу көндүмүнүн калыптанышы; окутуу процессиндеги маалыматтарды графика аркылуу берүүдөгү маалыматтык сабаттуулуктун калыптанышы.
Слайдтар-бул
Сурөт, фотография же текст түрүндөгү маалыматтарды тез-тез өз алдынча же колдун жардамы менен кыймылдаган түрдө берүү технологиясы;
Бири –бирин алмаштырган слайддардын топтому.
СЛАЙДТАР
Слайдтардын функциясы
Окуу маалыматынын булагы
Көрсөтмө курал
Тренажер
Диагностика жана текшерүү каражаты
Кантип колдонууга болот?
- Слайд түрүндөгү презентацияны колдонуу менен жаңы теманы түшүндүрүү.
- Өтүлгөн теманы кайталоодо презентациянын фрагменттерин колдонуу.
- Презентациянын айрым слайддарына ар түрдүү тапшырмаларды сүрөт түрүндө берүү.
- Даяр презентацияга ылайык тема анан айрым бөлүктөрү боюнча маалымат даярдоо.
- Ордулары туура эмес презентацияны студенттер ирээтке келтирүү тапшырмасын аткарат.
- Презентациядан ашыкеча слайддарды алып салуу, калгандарынын жардакмында сауроолорго жооп берүү.
- Презентацияны ар кандай булактар менен толуктоо жанка кенен маалыматка ылайык суроого жоп берүү.ж.б.
Кандай компетенциялар калыптанат?
- Кеп ишмердигин бардык түрүн жакшыртуу.
- Студенттер жалпы аудиторияга маалым боло бербеген маалыматтарды, мазмунду беришет, ошондуктан айтып берүүгө реалдуу түрткү пайда болот.
- Ар кандай булактардан материалдарды издөө жана иргеп ала билүү.
- Чыгармачылык ой жүгүртүүсү, маалыматты синтездештирүү билгичтигинин өнүгүүсү.
- Өз алдынчалуулук, көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмдүн калыптанышы.
- Көрүү, мейкиндикти көрүп кабыл алуусунун өнүгүүсү.
Аудио-бул
- Жигердүү угуу технологиясы, маалыматты үн түрүндө берүү;
- Аудиоматериалдар: фоножазуулар, фонокомментарийлер(чымчыктардын, табияттын, акындардын, күүлөрдүн үн жазуулары)
Кантип колдонууга болот?
- Үн сүрөт, анимация, видеороликтердин динамикалык көрсөтмөлүү сүрөттөрүн коштоо ролун аткарылышыц мүмкүн.
- Аудиожазууларды көркөм окуунун үлгүсү катары колдонуу.
- Угулган текст б-ча аңгеме жазуу, берилген тема б-ча угулгандарга таянып, андагы лексикалык, грамматикалык бирдиктерди колдонуп өзүнүн текстин түзүү.
- Угулгандарды кошуп жалпылаштыруу.
- Туура/ туура эмес тибиндеги көнүгүүлөр.
- Угулган материалдар боюнча слайдтарды, инфографика түзүү. ж.б.
Кандай компетенциялар калыптанат?
- Көркөм окууга үйрөнүү, баяндап берүү, талдоо үчүн жаңы ыкмаларды издөө, материалдарды түшүндүрүү жана чечмелөө, аңгемелешүү жүргүзүү ж.б. көндүмдөрдү калыптандырат.
- Угулган маалыматтарды кабыл алуу көндүмү калыптанат.
- Предметке кызыгуунун калыптанышы.
- Сөз - көркөм образдар аркылуу ой жүгүртүү жөндөмүнүн калыптанышы.
Тапшырмалар (15 мин):
Топторго бөлүү(конфета) 4 топко болунот
Сары фантик-видео жасайт (каалаган предмет боюнча 5 минуталык жаны теманы түшүндүрүүгө)
Көк фантик топ инфографика (өтүлгөн теманы бышыктоо) жасайт
Кызыл фантик аудио жасайт (мини лекция)
Жашыл фантик слайд (ырааттуулуктун бузулушун аныктоого) жасайт.