Просмотр содержимого документа
«Ачык сабак -тажрыйба алмашуу,кесиптик өнүгүү.»
ИЙЛЕП- ЧАПТОО САБАГЫ.
. Сабактын темасы : Өрдөктүн балапаны.
. Сабактын максаты:
Балдар пластилинден өрдөктун балапанын өз алдынча жасашат.
Көркөм чыгармачылыгы өнүгөт.Сөздөрдү үйрөнүшөт,(тумшук,куйрук,чумкуйт ж.б.)
Топто ынтымактуу иштөөгө үйрөнүшөт.
. Сабактын жабдылышы:
Пластилин,тактайчасы кескичи менен,өрдөктөрдүн сүрөтү,музыканын коштоосу ж.б.
. Сабактын жүрүшү:
-Саламатсынарбы,балдар! Мен силерге табышмак айтайын.
Таңгаларлык балапан бар,жумурткадан чыгары менен,энесин ээрчип,сууга сүзөт,ал тургай чумкуй алат. (........ .........)
Анда табышмактын жообун (ата- энеңердин жардамы менен же мугалим жардам берет) тесттен белгилеп коргулочу:
1. Тооктун жөжөсү.
2.Өрдөктүн балапаны.
3.Карганын балапаны.
Балдардын жообу:- Өрдөктүн балапаны.
-Азаматсынар,табышмактын жандырмагын туура таптыңар! Бул өрдөктүн балапаны.А булар
өрдөк,балапандары менен. Анда,ишке киришели!
-Карагылачы балдар,өрдөктүн балапаны кандай бөлүктөрдөн турат экен? Башын кичирээк
тоголок,денеси чоңураак тоголок кылабыз жана чоң тоголокту сүйрү формага келтирип,денесин
жасайсынар.
-Силер кандай ойлойсуңар,бул эмнеси?(Тумшугу,куйругу,канаты)(.Балдар өз алдынча иштешет).
-Азаматсыңар,сонун жасадыңар.
. (Музыка коюлуп,эс алуу минутасы болот.Балдар кичинекей өрдөктөрдүн бийин бийлешет).
. Кайтарым байланыш:
-Силер,абдан жакшы иштедиңер.Сабак силерге жактыбы? Өрдөктүн балапаны ,канаттуулар
жөнүндө эмне билдиңер? Жаратылыштагы канаттууларга аяр мамиле жасайлы,аларды коргойлу!
. Жыйынтыктарын талдоо жана баалоо.
. Жыйынтыктоо.