СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адабий окуу сабагы учун конспект

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Адабий окуу сабагы учун конспект»

БЕКИТЕМИН

Окуу болумунун башчысы

«_____»___________2019-жыл


3-класс


Тема: «Бала жана ак куулар»


Сабактын максаты:

А) Окуучулар «Бала жана ак куулар» чыгармасынын мазмуну менен таанышышат. Чыгарманын маанисин талдашат,ой болушушот. Тушунгондорун айтып бере алышат. Окушат

Б) Окуучулардын ой жугуртуу мумкунчулугу жогорулайт, окуу кондумдору жакшырат, суйлоо речи осот, топто иштоо кондумдору калыптанат.

В) Табяттыы суйууго, сыйлоого тарбияланышат. Ошондой сабактагы аткарылгын тапшырмалар аркылуу эмгектене билуууго уйронушот. Чыгармадагы каармандардын асыл сапаттарын улгу катары пайдалана алышат.

Усулу: Интерактивдүү.

Топтун түзүлүшү: 18 окуучу

Сабактын формасы: Аралаш сабак

Жабдылышы: Сүрөттөр, буклеттер, стенддер, проектор, ноутбук

Сабактын журушу:

          А) Уюштуруу мезгили.

Жагымдуу маанай тартуулайбыз.

Саламатсызбы эжей!

Саламатсынбы досум!

Сага маанай:Ар дайым ачык асман болсун!

                        Билимин терен болсун!

        Б) Уй ишин кайталоо. «Акыл таймашы» усулун колдонуу.

1. Чымчыктардын алгачкы абалы кандай сүрөттөлүптүр?

2. Балдардын жардам кылалы дегенин чымчыктар билиштиби?

Муну эмнеден улам байкадыңар?

3. Алар балапанды эмне үчүн багып алышпад

В) Жаны тема

Ак куулар боюнча кыскача маалымат беруу

Ак куулар (лат. Cygnus) - каз сымалдар түркүмүнүн өрдөктөр тукумундагы уруу. Өңү демейде ак. Узундугу 150 смге чейин, моюнунун узундугу денесинин узундугуна барабар же андан да ашат. Чумкушпайт, суу түбүндөгү жемине жете турган суусу тайыз жерлерди байырлайт. Ак куулардын 6 түрү, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн аймактарында 3 түрү (ышылдак, куркулдак куу жана кидик куу) кездешет. Ал кооз куш, анын кара түстөгү түрү - каракуу (C. atrata) да бар. Кара куунун мекени - Австралия, Тасмания ж.б. Экиден жупташып, көп жыл бою жашашат. Уясына 3-5 жумуртка тууп, аларды эркеги менен ургаачысы алмак-салмак басып чыгарат. Өсүмдүк менен азыктанат. Аларга аңчылык кылууга тыюу салынган. Кыргызстанда ышылдак жана куркулдак куулар Кызыл китепке катталган.


1-кадам . Чыгарманы корком окуу


«Бала жана ак куулар»


Бала: ‒ Ай, ак куулар, ак куулар,

Асман, көлдө шат курар.

Барбы сүйгөн ишиңер,

Барбы өнөр күчүңөр,

Баркын билип жактырар?


Ак куулар: ‒ Көлдө учуп каркылдап,

Күнгө канат жаркылдап, Ала-Тоодо айланып,

Ага тагдыр байланып,

Ак сүйүүбүз артылмак.


Бала: ‒ Ай, ак куулар, ак куулар,

Айдың-Көлдү карк кылар.

Учар түрүң белендеп, Кээде коркуп элеңдеп,

Кетет неге шаштыңар?


Ак куулар: ‒ Айрым тентек мергендер,

Арбайган ач чеңгелдер,

Аңдып бизди келет ‒ деп,

Ак куу канын төгөт ‒ деп,

Үрөй учуп ошондон,

Үрпөйүңкү жүдөйбүз.

Аяп бизди адамзат,

Атпаса экен деп тилейбиз.


Бала: ‒ Ай, ак куулар, ак куулар,

Адам сыйын жактырар.

Алыс учуп кетпечи,

Айдың-Көлдү беттечи.

Кышта жылуу ойнотуп,

Жайда көлдү бойлотуп

Дос болоюн сен менен,

Дос бол дүйнө эли менен!


2-кадам. Мазмунун талдоо

1. Балдар, силер билесиңерби, ак куулар каякта жашашат?

2. Алар эмне үчүн: «Тагдырыбыз Ала-Тоого байланган» ‒ деп жатышат? Аны кандай түшүндүңөр?

3. Ак куулар кимдерден коркушат экен? Эмне үчүн?

4. Баланын ак куулар менен дос болоюн дегени силерге жактыбы?

5. Силер эмне дээр элеңер?

3-кадам Чыгарманын маанисин талдоо, идеясын ачуу.

  1. Балдар, бул чыгармада кандай ой катылган, б.а. автор эмне айтайын деген, силерге?

  2. Озунор учун кандай таасир калтырды , чыгарма?

  3. Демек, биз ак кууларга, дегеле табиятка кандай мамиле кылышыбыз керек?

4-кадам. Окуучуларга ролдоштуруп окутуу.

Тапшырмалар

1. Жети багыттан турган осуяттар боюнча эмнени билесинер? – Манас атабыздын жети осуяты боюнча.

- Биздин темабыз кайсы багытка туура келет? – Табигат менен таттуу мамиледе болуу…

2. Табият жонундо макал-лакаптардын окуучуларга айттыруу.


Сабакты бышыктоо:

  1. Окуучулар, бугунку сабак кандай болду?

  2. Бугунку сабактан озунор учун эмне ала алдынар?

  3. Чыгарма силерге кандай таасаир калтырды?

  4. Силер табиятка кандай мамиле кылышынар керек?

Окуучулардын билимдерин баалоо: Жекече баалоо, сабак учурунда топтогон куштардын суроттору аркылуу.

Уйго тапшырма: «Жаратылышты кантип коргоо керек?» деген темада өз оюңарды айтып берүүгө даярданып келгиле.

Жыйынтыктоо: Демек, биз бугунку сабактан алаган маалыматтарыбызды турмушта пайдаланышыбыз керек.

































БЕКИТЕМИН

Окуу болумунун башчысы

«_____»___________2019-жыл



Адабий окуу 3-класс Адаттан тышкаркы сабак

Тема: Билими менен таймашуу

Максаты:

1.Окуучулар адабий окуу сабагында отулгон бардык темалар боюнча билдимдерин бекемдешет., топтор менен таймашышат.

2. Окуу кондумдору жакшырат, эс тутумдары жакшырат, кызматташуу, атаандашуу кондумдору калыптанат, ой жугуртуу мумкунчулуктору артат, оз ойлорун эркин айтууга уйронушот.

3. Чыгармалар аркылуу оздорундогу жакшы ссапаттарды онуктурууго, калырптандырууга тарбияланышат, сабак аркылуу бири-бирин сыйлоого, ойлорун уга билууго, маалымат алмашып, пикир болушууго тарбияланышат.

Сабактын тиби: кайталоо

Сабактын формасы: топтордо иштоо

Сабактын туру: таймаш

Сабактын журушу. 1. Уюштуруу. Окуучуларга жапайы жана уй жаныбарларынын суроттору таратылып берилет. Окуучулар экиге болунушот жана командалардын ататрын коюшат.

2.Жаны сабак .

Окуучуларды алгач сабакка шыктандырып алуу максатында оюн откорулот.

Мугалим окуучуларга «Чымынды карама» оюнунун эрежесин тушундуруп берет.

Тапшырмалар болугу

  1. Окуучуларга слайддан кандайдыр бир создор корсотуло. Окуучулар ал создор кайсы чыгармада экендигин табьуулары керек.

  2. Болумдордун аталыштары суроттор аркылуу корсотулот. Окуучулар суротторго карап, болумду туура атоолору керек.

  3. Ыр таймаш ,б.а. адабий окуу сабагында жаттаган ырларынан корком айтып беруу

  4. Мугалим чыгармадан узундулорду окуп берет, ал узундунун кайсы чыгармага тиешелуу экендигин табышат.

  5. Эки топтун бири бирине суроо беруу болугу,б.а. топтор кенешип туруп бир чыгармадан бирден суроо беришет.

  6. Чыгармадагы образдарды атоо. Мында мугалим окуучуларга сыпаттамаларды айтып берет, окуучулар кайсы чыгармадагы кайсы каарман экендигин табышат.

  7. «Адашкан ойлор» оюну. Мында мугалим алдын ала даярдап келген ватманды доскага илет. Анда чыгармадагы каармандарды парлап , тууралап табышат.

  8. Корком окуу болугу.

  9. Мугалим окуучуларга таркатма материалдарды берет. Анда окуучуларга Бир чыгарма жазылган, анын маанисин жазып чыгышат.

  10. Ролдоштуруу болугу. Мында окуучулар каалаган чыгармасын ролдоштуруп аткарып беришет.

Сабакты жыйынтыктоо.

























































БЕКИТЕМИН

Окуу болумунун башчысы

«_____»___________2019-жыл



Математика жумалыгынын ачылышы.

Тема: Математика - илимдердин падышасы.

Максаты: Окуучулар математикалык ою