СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Adobe Fotoshop программасы

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Adobe Fotoshop программасына киришүү.

Просмотр содержимого документа
«Adobe Fotoshop программасы»

Информатика 9-класс


Сабактын темасы: Adobe Photoshop графикалык редактору менен таанышуу.

Сабактын максаты: 1. Adobe Photoshop графикалык редактору менен таанышышат.

2. Графикалык редактордун мүмкүнчүлүктөрүн билишет

3. Компьютерде бул программага жете алышат.

Сабактын жабдылышы: видеосабак, проектор, компьютер

Сабактын жүрүшү:

Сабактын этаптары жана методдору


Мугалимдин ишмердиги


Окуучунун ишмердиги


Убактысы

Уюштуруу учуру

Саламдашуу

Уюштуруу, окуучулардын көңүлүн сабакка буруу

Саламдашуу

Берилген суроолорго жооп беришет

5 мин

Жаңы тема

Adobe Photoshop графикалык редактору менен слайддын жардамында тааныштырамын. Графикалык чөйрөсү менен тааныштырылат. Программага жетүү жолдорун көрсөтүлөт. Adobe Photoshop графикалык редакторунун мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырылат

Балдар видеосабактын жардамында жаны теманы өздөштүрүшот.

10 мин

Бышыктоо учуру Практикалык момент

Балдар өтүлгөн тема түшүнүктүү болсо алган билимибизди иш жүзундө аткарып көрөлу. Келгиле анда компьютерге отуруп Adobe Photoshop графикалык редакторун ачабыз

Түшүнбөгөн суроолору болсо беришет.

25 мин

Тапшырма берүү Баалоо

Adobe Photoshop графикалык редакторун ачышат жана ар бир айтылган белгилерин көрүшөт.

Үйгө тапшырма берүү.

Окуучулар Adobe Photoshop графикалык редакторуна кирүүнү билишет. Үйго тапшырма алышат.

5 мин



Adobe Photoshop – бул белгилүү жана эң мыкты түзүлгөн графикалык редактор. Башка графикалык редакторлордон көп функциялуулугу менен, өзүнүн ишинин жогору сапаттуулугу менен айырмаланат. Adobe Photoshop графикалык редактору графика жана дизайн индустриясында лидер болуп эсептелинген көпмаксаттуу программа болуп саналат.

Фотошоп мындан 20 жыл мурда бир туугандар Томас и Джон Молдор тарабынан иштелип чыккан. Азыркы учурда фотошоп программасынын 13төй версиялары бар.

Фотошоп программасы эмне үчүн иштелип чыккан? Башында бул программа сүрөттөлүштөрдү печатка даярдоодо редактирлөө максатында ойлонуп чыгарылган. Бул программа гезиттер жана журналдар редакциясында колдонулган, кийинчерээк түрдүү графикаларды редактирлөөдө кеңири таралган.

Бул программанын жардамында эмнелерди жасоого болот? Фотошоп программасы түрдүү тексттик эффектерди, фотографиялардан коллаж жасоо, фантастикалык түрдүү сүрөттөлүштөрдү алуу, сайттардын графикалары, атайын эффектер, ар түрдүү фондор жана башка жасоого мүмкүнчүлүк берет. Бул мүмкүнчүлүктөр фотошоп программасынын эң аз гана бөлүгү болуп саналат.

Тагаева Аида Страница 1