Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы
Ленин районуна караштуу
№43МЧББУ
Айлана-чөйрө менен таанышуу сабагынын конспекти
Тема: “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде”
1– сабак ( декабрь айы)
Жогорку топ(5-6 жаш)
Түзгөн тарбиячы:
Бейшенбаева А.Ш.
Бишкек 2020 –ж
Тема: “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде”
Программалык мазмуну: Балдарга Манас менен Алманбеттин достугу жөнүндө айтып берүү. Ата Мекенди сүйүүгө, достукка бекем болууга тарбиялоо, “Манас” эпосуна болгон кызыгуусун ойготуу.
Усулдук ыкмалар:
Уюштуруу учуру, жагымдуу маанай тартуулоо, аңгемелешүү, макал айтуу, тыныгуу көнүгүүсү, баалоо, сабактын жыйынтыгы.
Колдонулуучу каражаттар:сюжеттүү сүрөттөр
Сөздүк иш: улут, калмак, жеңишке жетүү, жортуул.
Сабактын жүрүшү:
Саламатсыңарбы балдар!
Балдар, ким айтат Манас деген ким болгон? Манас кыргыз элинин баатыры болгон.
Манастын атасынын аты ким болгон? Туура атасынын аты Жакып болгон.
Ал эми энесинин аты ким? Ооба, анын энеси Чыйырды.
Ал эми Алманбет ким болгон? Ал калмактан чыккан баатыр болгон.
Бүгүн биз Манас менен Алманбеттин достугу тууралуу аңгемелешебиз. Балдар, карагылачы дүйнөдө канча көп улуттар жашашат. (1-слайд)
Ошолордун бири бизбиз. Ошол улуттар бири-биринин байлыктарына көз артпай достукта, ынтымакта жашашы керек. Мурунку убакка кайрылсак, улуттар жер талашып, бири-бири менен согушуп жашаганын эпостон билебиз. Бирок ошондой учурда да акылман адамдар ынтымакты бекемдеп, достук сезимди ойготуп, бирге ураан чакырып жашап келишкен. Айтып кетсек, Манас менен Алманбет дагы эки элден чыккан баатыр болсо да, түбөлүккө достошуп, көптөгөн жеңишке ээ болушкан.
Алманбет досум, кел мында
Шерттешели түбөлүк.
Бириктирип жортуулду,
Эл башында жүрөлүк. (2,3-слайд)
Манас Алманбет
Бекеринен Манас Алманбетке экөөбүздүн достугубуз үчүн Аккула атымды, Аккелте мылтыгымды белекке берем деген эмес. Көрдүңөрбү балдар, Манас атабыз досунан эч нерсесин аябаган, кең пейил, достукка бекем адам болгон.
Мына балдар, достук, ынтымак деген адамдагы эң бийик, эң ыйык сапат. Эми ойлонуп көрөлүчү, силердин ата-энеңердин, бир тууганыңардын сөзсүз жандай жүргөн досу болот. Аларга жылуу мамиле, сый-урмат көрсөтүшөт. Улуттар ортосунда дал ушундай карым-катнаш болсо, дүйнөдө токчулук, меймандостук, тынччылык сакталат.
Балдар, дос, достук жөнүндөгү макалдарды айтып берем. Силер аны эсиңерге сактап алгыла.
Достук –элдин кебелбес тамыры.
Жакшы менен дос болсоң жетесиң муратка,
Жаман менен дос болсоң каласың уятка.
Дос деген ыйык нерсе, эгер аны баалай билсең.
Балдар силер дагы Манас атабыздай достукка бекем, кең пейил болуп досуңардан эч нерсени аябагыла. Балдар дегеле дос деген кандай болуш керек? Досуңар үчүн эмне кыла аласыңар ? Сабак силерге жактыбы?
Балдар, силер үйдөн өзүңөрдүн досуңардын сүрөтүн тартып келгиле. Дос тууралуу макалдарды жаттай жүргүлө. (3-слайд)