Акча-мамлекеттик символдордун бири
Символдор мамлекеттик чындоодо, анын туруктуулугун сактоодо, социялдык – саясий, руханий – идологиялык кризистен чыгууда маанилүү роль ойнойт. Мамлекеттик символдордун бири катары акча байыркы мезгилдерден пайда болгон.Алгачкы адамдар өздөрү жашаган мезгилде акчага мукташ болушкан эмес.Алар жашоо-турмушуна керектүү нерселердин баарын табигаттан алышкан. Биринчи акча пайда болгонун айтуу кыйын.Адамдар товарларды бири-бири менен алмаштырып турушкан.Усталар өз буюмдарын,дыйкандар өз тушумдөрүн,малчылар өз малдарын башка таварлар менен алмаштырып,өз муктаждыктарын чучип турушкан.Дүйнөнүн ар кандай бөлүгүндө акчанын ордуна ар кандай буюмдарды колдонуп келишкен.Акырындык менен акчанын ролу металлдарга өтө баштаган.Алгачкы мезгилдерде ал металл предметтерден (жаанын огу,найзанын металл учтары,мыктар жана башка буюмдар,кийинки мезгилдерде ар кандай формадагы кымбат баалу металл куймалары алтын жана күмүш түрүндөгү)болгон, ар кандай элдерде акчанын ордуна ар башка тавар кызмат кылган мисалы: Окияния жана Түштүк Америкнын индеецтери акчанын ордуна үлүлдөрдү жана баалу таштарды колдонушса,Жаңы Зеландияда ортосу тшик таштар,көпчүлүк өлкөлөрдө акчанын ордуна мал,баалу терилер,мехтер колдонулган.Бул байыртадан бери келе жаткан формалардын бири болгон .Байыркы Орусияда жана эфиопияда жогоруда аталгандардан сырткары туздун касиеттери да колдонулса,Науруда келемиш,ацтектерде какаобоба,Американын биринчи калонистеринде тамеки жалбырактары же жаныбарлардын терилери акчанын ордуна кызмат кылган.Эң кенири таралганы каури үлүлдөрү болгон.Ал Кытайда колдонулуп,кийин биринчи акча каражат катары Индияда,Тайландда,Африкада да кызмат кылган.Кийинчиреек бир нече талаптар акчанын келип чыгышына түрткү берип тездеткен.Андай талаптардын бири-акчаны сыктаган мезгилде жана кимдир бирөөгө берген кезде бузулбашы керекте,алып жүрүүгө жеңил,аз нерсе менен эле көп несени алуу мүмкүнчүлүгү,өтө майда бөлүкчөлөргө бөлгөн мезгилде да баштапкы баалулугун жоготпогондугу маанилүү болгон. Убакыттын өтүшү менен айрым ыңгайсыздыкта жарала баштаган.Себеби тамак-аш,буюумдар менен ар кандай алмашы-луучу акчанын ордуна товарлардын баары ар кандай болгон. Б.з.ч. 7-кылымда Лидияда биринчи куюулган монеталар пайда болгон. Алардын формасы фасолго окшош болуп,стартет же стандарт деп аталган. Монеталар пайдаланганга,сакталганга,майдаланганга,чогултканга,бөлгөнгө ылейыктуу богон.Кийинчирээк монеталар Грецияда,Кичи Азияда,Түштүк Италияда пайда болгон.Өтө баалу манеталар-алтындан жазалган монеталар,андан кийинкилери күмүш,жез манеталар.9-10-кылымдарда монеталарды жазоо Киев орустарында да башталган.Ошол эле мезгилде орус манеталары менен кошо монгол-татарлардын күмүш теңгелери да кеңири тараган.Күмүш бөлүктөргө бөлгөндөн (рубит-бөлүү) рубль деген сөз келип.Кытайдагы биринчи монеталар төрт бурчтуу келип, ортосунда көзөнөгү
болгон. Көзөнөгу аркылуу жипке тизип алып жүргөнгө ынгайлуу болгон. Убакыттын өтүшү менен соодагерлнр үчүн мындай монеталарды алып журуу оор жана ынгайсыз болгондуктан, монеталарды сактоо беришип, анын ордуна жазуу жузундөгү милдеттенмелерди алып жүрушкөн. Адам каалаган учурунда тил кат аркылуу акчасын кайра ала алган. Биринчи кагаз акчалар Кытайда б.з. 910-жылы пайда болгон. Ушинтип , биринчи банктар, кийинчерээк өкмөт мына ушундай милдет кагаздарын же биринчи кагаз акчаларды чыгара баштады. Кыргызстанда биринчи акча мамилелери 7-8-кылымдарда башталып, төргөштөрдүн борбору Суяб шаарында (Ак-Бешим жана Краснореченкс шаарларынын калдыктары, Токмок шаарынын алыс эмес , Талас өрөөнүндө ,байыркы таразада) өз акчаларын чыгарууну баштаган. Төргөш манеталары Торгош кагаздарынын атынан чыгарылып, ортосунда чарчы тешиги болуп, колодон жасалган. Сырткы туру ошол мезгилдеги кытай монеталарына окшош болгон. Мындай окшоштук борбордук Азиянын жана Түштук Сибирдин түрк тилдүү урууларынын кытай акча системасы менен тааныштыгынан кабар берет. Түштук Сибирь урууларында “акча” термини монета маанисинде колдонула баштагандыгын Тан династиясынын тушундагы(713-748-ж) маалыматтардан билсек болот. Демек, акча сөзүн байыркы Энесай кыргыздары колдонуп келишкен. Кыргызстанда монеталарды кеңири масштабда чыгаруу 10-11- кылымдарда Караханид династиясынын мезгилине туш келип, бул мезгилде беш акча чыгарган жери белгилүү. Анын калдыктары Чүй, Талас өрөөндөрүндө (Тараз, Баласагын, Барсхан) сакталып калган.Караханид каганатында ошону менен катар алтын монеталар-динар, күмүш-дирхем, жез-фельст монеталар да жүгүртүудо болгон. Ал мезгилдин акча аталыштары элдин эсинде Динар, Тынара, Алтынбек, Күмүш ж.б адам аттары аркылуу азыркы күнгө чейин сакталып калган. 15-18-кылымдарда кыргыздар Чыгыш Түркстан жана Орто Азия хандыктарынын ар кандай монеталарын да пайдаланышкан. 19-кылымда кыргыздар Кокон монеталарын андан соң Орусия империясынын акчаларын пайдаланышкан. 15-18-кылымдарда кыргыз тилинде “теңге”, “сом”, “дилде”, “пул” сөздөру аралаш колдонула баштаган. “Кокон тыйын” термини күмүш 20 тыйндык аталып, кийин “тыйын” сөзү майдалоочу бирдик катары кыргыз сөзүнө кеңири кирди да, азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын акчаларында да колдонула баштады. Кыргызстандагы макроэкономикага же өлкөдөгү бюджеттик абалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1993-жылдын 3-майындагы “Улуттук валютаны киргизүү” тууралуу токтомунун негизинде 1993-жылдын 10-майында орус рублдеринин ордуна 1сом-200 рубль катышында айырбаштоо жүргүзүлүп, 1993-жылдын 14-майынан баштап сом республикадагы бирден-бир мыйзамдуу акча катары жүгүртүлө баштады. Кыргызстан мурунку СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп өзүнүн улуттук валютасын киргизген өлкө болду. 1993-жылдын 10-майынын 15-майына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан номиналы 1,5 жана 20сомдук банкноттор ошондой эле алмаштыруу белгилер: 1, 10 жана 50 номиналдык тыйындар чыгарылды.
Бүгүнкү сом 10 номиналдык банкнот түрүндө чыгарылат: 1,5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000. Алмашуучу белги катарында алгачкы тыйындар чарчы формасында 3 номиналда кагаз түрүндө чыгарылды: 1, 10, 50 тыйын. 2008-жылдын январынан баштап жүгүртүүгө 10, 50, тыйын, 1, 3, 5 сом , ал эми 2009-жылдын декабрынан баштап 10 сомдук монета жугүртүүгө чыгарылды. 2009-жылдын мартынан баштап 5000 сомдук банкнот атактуу киноактер Сүймөнкул Чокморовдун элеси тушурулгөн сүрөтттөлүштө чыга баштады. Кыргызстандын тарыхында жана маданий турмушунда бир канча эстелик алтын жана күмүш коллекциялык монеталар чыгарылды. Алсак, “Манас -1000”, “Ош – 3000” мааракелик алтын монеталары, “Манас -1000”, “Хан- Теңири”, “Архар”, “Эдельвейс”, “Шос” жана “Улуу Жибек жолу” күмүш монеталары эл аралык көргөзмөлөрдө ийгилик менен колдонулууда. Өзүнүн өнүгүшүндө акча 2 түрдө, чыныгы акчалар жана нарк белгиси катары (алмаштыруучу) колдонулууда. Чыныгы акчалар байыртан бери колдонулуп ( төрт бурчтуу, үч бурчтуу, ромб жана тегерек түрүндө), металлдын реалдуу баасына туура келет. Металл ( жез, күмүш, алтын) акчалар түрдүү формада болгон. Кийинки мезгилде ылайыктуулугуна карата монеталар тегерек формада көп колдонулууда. Монеталардын берки бети “авес”, наркы бети “реверс”, капталы “гурт” деп аталат. Нарк белгисине (алмаштыруучу) эски алтын монеталар (жезден жана алюминийден жасалган) биллон монеталары, кагаз нарк белгиси кагаздан жасалган акчалар кирет. Кагаздан жасалган акчалар кагаз акчалары жана кредиттик акчалар деп бөлүнөт. Кредиттик акчалар вексель, банкнот, чек, электрондук акча, кредиттик карточкаларга чейинки жолдорду басып өттү. Азыркы мезгилде электрондук акчалар эң популярдуу колдонулган акча деп эсептелинет.
1-абзацтагы сүйлөмдөрдө айтылгандар мамлекеттин
а) символдору жөнүндө б) акчанын байыркылыгы жөнүндө в) акчанын символ катары колдонулушу жөнундө г) символдорунун бири акча жөнүндө
2. “ Биринчи акчанын качан пайда болгонун айтуу кыйын” деген 2- абзацтагы сүйлөмдө туюнтулган ой...
а) акчанын качан пайда болгону белгисиз экендиги б) акчанын качан пайда болгону белгилүу экендиги в) акчанын байыркы мезгилде колдонулгандыгы г) акчанын качан пайда болгонун изилдөөнү
3. Символдордун негизги максаты
а) мамлекетти чыңдоо б) акча бирдигин чындоо в) алгачкы адамдардын жашоосун бекемдөө г) товарларды алмаштыруу
4. Эң байыркы символ
а) Гимн б) акча в) Герб г) баары
5. Дүйнөнүн ар кандай бөлүгүндө акчанын ордуна ------------- колдонулган.
а) жапайы жемиштер б) ар кандай буюмдар в) малчылар, усталар г) тушүмдөр, дыйкандар
6. Буюмдар өз ордун эмнеге алмаштырган?
а) металлдарга б) түшүмдөргө в) малдарга г) товарларга
7. Баалуу таштарды, үлүлдөрду колдонгон эл.
а) Океания жана Американын индеецтери б) Океания жана Түштүк Американын индеецтери в) Океания жана Жаңы Зеландиянын индеецтери г) Океания жана Науруданын элдери
8. Текст боюнча акчанын ролун эң көп аткарган - .....
а) товарлар б) металлдар в) продуктулар г) адамдар
9. Эң алгачкы колдонулган акчанын байыркы формалары ....
а) мал, баалуу терилер, үлүлдөр б) мал, баалуу терилер, мехтер в) тушүмдөр, усталар, буюмдар г) дыйкандар,товарлар, мехтер
10. Байыркы Орусиядагы “акча”
а) келемиш б) какао- боба в) туздун кесектери г) терилер
11. Акчанын келип чыгышын тездеткен талап-
1- акчанын бузулбай сакталышы 2- баштапкы баалуулугун жоготпогондугу 3- баш алмаштырууга ыңгайлуулугу 4- өтө майда бөлуктөргө бөлүнбөгөндүгү
а) 1 -2-гана б) 2-4- гана в) 2-3 гана г) 3-4 гана
12. 3-абзацтагы негизги ой
а) жасалгандыгы жөнүндө б) окшоштугу жөнүндө в) алгачкы акчалардын пайда болушу жөнүндө г) металлдардын ыңгайлуулугу жөнүндө
13. Рубль деген сөздүн келип чыгуу тарыхы. 1-күмүш теңгелерден 2- рубить – бөлүү дегенден 3- алтын теңгелерди бөлүүдөн 4- күмүш кесиндилерди бөлгөндөн
а) 1-2- гана б) 2-3- гана в) 2-4 –гана г) 1-4- гана
14. Кытай монетасынын артыкчылыгы.
а) төрт бурчтуу болгондугу б) ортосунда көзөнөгү болгондугу в) жипке тизип алып жүрүүгө ыңгайлуулугу г) биринчи монета болгондугу
15. Биринчи банктар менен соодагарлердин