“Акыл ордо” интелектуалдык оюну
Тест
Категориялар
Логикалык суроолор
ТЕСТ
Кыргызстандын президенти ким?
А. А. Мадымаров Б. С. Жээнбеков В. Ө.Бабанов
2. Кыргызстанда канча област бар?
А. 6 Б. 7 В. 5
3. Бишкек шаары кайсы областка карайт?
А. Чүй Б. Нарын В. Талас
4. Тогуз миң тогуз жүз токсон санынын жазылышын тап?
А. 9090 Б. 9999 В. 9990
5. S тамгасы менен эмне белгиленет?
А. Аянт Б. Радиус В. Периметр
6. Токойдун доктору деп кайсы канаттуу аталат?
А. Кукук Б. Тоңкулдак В. Кайчы тумшук
7. Мөмө жемиш берүүчу даракты белгиле?
А. Карагай , арча Б. Терек тал В. Алма өрук
8. Чээнге кирүүчү жаныбарды белгиле?
А. Коён, түлкү Б. Жылан В. Аюу, суур
9. Манас баатырдын канча чоросу болгон?
А. 60 Б. 40 В. 35
10. Манас канча жашында жоого чыккан?
А. 8 Б. 12 В. 10
КАТЕГОРИЯЛАР МАТЕМАТИКА
1.Сандар канчага бөлүнөт? Кандай болуп? ( 2. Жуп жана так)
2.Салмактын чен бирдиктери. ( кг. Грамм, тонна )
3.Квадрат деп эмнени айтабыз? ( төрт жагы барабар болгон төрт бурчтук )
4.Жагы 2см болгон квадраттын аянтты канча? (4см2 )
5.S тамгасы эмнени билдирет? ( аянтты )
6.1 метрде канча дм бар? ( 10 дм )
7.72:8=9 мисалында бөлүнүүчү кайсы? ( 72 )
8.3 төн 9 эсе чоң болгон санды тап? ( 27 )
9.5 саны 45 тен канча эсе кичине? ( 9 )
10.Мен сан ойлондум ага 8 ди кошсо 16 болот. Мен кайсы санды ойлодум. ( 8 )
АДАБИЙ
1.Манас ким болгон? ( баатыр )
2.Манастын чоң атасы ким? ( Орозду )
3.Манастын канча чоросу бар? ( 40 )
4.Капарга жарык жол кантип ачылды? ( окууга киргенден кийин )
5.”Биз силердей кезибизде” чыгармасындагы балдар алгач эменеге жазып үрөнүшкөн? (тактага)
6.Жалкоо адамды эмгекчилдикке тарбиялаган жандык ? ( кумурска )
7.Акылман карыя балага канча суроо берди? ( 3 суроо )
8.Үч бир тууган бакыт-таалайды эмнеден табышты? ( эмгектен )
9. Конокко тамак ашын бербей койгон чыгарманын аты? ( Ырыскы )
10.Аяздын үч түрүн айтып бер? (1.Темир аяз 2.Мүйүз аяз 3. Кийиз аяз )
КЫРГЫЗ ТИЛИ
1.Кыргыз тилинде канча жөндөмө бар? ( 6 жөндөмө )
2.Тыбыштан эмне жаралат? ( муун )
3.Я, Ю, Е, Ё тамгалары кандай тамгалар? ( йоттошкон )
4.Алфавит кайсы тамгадан аяктайт? ( я тамгасынан )
5.Зат атооч кандай суроолорго жооп берет? ( Ким? Эмне? Кимдер? Эмнелер? )
6.Созулма үндүүлор канча? ( 6 )
7.Кандай деген суроо эмнеге берилет? ( сын атоочко )
8.Кимге?эмнеге? деген суроо кайсы жөндөмөгө берилет? ( барыш )
9.Ичкертүү белгиси тыбышты билдиреби? ( жок )
10.Сөз эмнеден жаралат? ( муундан )
МЕКЕН ТААНУУ
1.Кыргызстандын борбор шаары ( Бишкек )
2.Кыргызстандын кызыл китебине кирген жаныбар? (бугу )
3.Багытты өлчөөчү курал. ( компас )
4.Кайсы канаттуу уясын бийик салат? ( бүркүт )
5.Манастын күмбөзү кайсы аймакта? ( Талас )
6.Кыргызстанда канса област бар? ( жети )
7.Мышыкка окшош жырткыч жаныбар. ( илбирс )
8.Туудагы негизги белгилер. ( күн, түндүк )
9.Күн чыккан тарапты эмне дейбиз? ( чыгыш )
10.Арстанбапта кандай токой бар? ( жангак )
КООПСУЗДУК
1.Өрт чыккан учурда канчага чалабыз? ( 101 )
2.Светафордун кайсы көзү жанганда жолдон өтүүгө болот? ( жашыл )
3.Өрт эмнеден чыгат? ( ширенкеден )
4.Суу каптоонун себеби эмнеде? ( жамгыр көп жаагандан, Кар ээригенде )
5.Электр шаймандары кайсылар? ( үтүк, телевизор, плита )
6.Табигай газ кандпй болот? ( Жыты жок, сезилбейт )
7.Күнумдүк жашоодо колдонулуп жаткан химиялык каражаттар кайсылар? ( айна, мила )
8.Газдын жытын сезсең кайсы номерге чаласың? ( 104 )
9.Тез жардам чакырсаң кайсы номерге чаласың? ( 103 )
10.Светафор эмне үчүн коюлат? (машиналар өтүү үчүн )
МАКАЛ-ЛАКАПТАР
1.Жакшы атка бир камчы ( жаман атка миң камчы )
2.Энесин көрүп ( кызын ал )
3.Туулган жердин топурагы ( алтын )
4.Эне сыйлаган элге жагат, ата сыйлаган ( абийир табат)
5.Эси жоктун ( эртеңи бүтпөйт)
6.Ач көздүн өзү тойсо да ( көзү тойбойт )
7.Эр жигит_ эл четинде ( жоо бетинде )
8.Кулдай болуп иштесең ( байдай болуп ичерсиң )
9.Карынын кебин ( капка сал )
10.Жигитке жетимиш өнөр ( аздык кылат )
ООБА-ЖОК
1.Ай жарык чыгарабы? ( жок )
2.Кыргыз элинин улуттук баш кийими калпак. ( ооба )
3.Жылуу деген сөздүн мааниси муздак. ( жок )
4.9 менен 8 дин көбөйтундусү 72 болот. ( ооба )
5.Заттын атын билдирген сөз зат атооч деп аталат. ( ооба )
6.Эгер өрт чыкса 103 кө чаламын. ( жок )
7.Жакын деген сөздүн карама-каршысы алыс болот. ( ооба )
8.42 ни 7 ге бөлсө 7 болот. ( жок )
9.Кыргыз тилинде алты жөндөмө бар. (ооба )
10.Кыргыз тилинде 34 тамга бар. ( жок )
“Ж” ТАМГАСЫ
1.Адамдын матору ( жүрөк )
2.Мээге окшош жемиш ( жаңгак )
3.Жомоктогу терс каарман. ( жезкемпир )
4, Жол жүргөн адамды эмне дейбиз? ( жолоочу )
5.Бир менен нөл кайсы санды билдирет? (жүз )
6.Манастын атсынын аты ким? (Жакып )
7.Канчанын бири кызыр? ( жетинин )
8.Эмне жарыш, күз күрөш. (жаз )
9.Алтыдан кийинки сан. (жети )
10.Жазында айлана-чөйрөнүн көрүнүшү кандай болот? ( жашыл )
ЛОГИКАЛЫК СУРООЛОР
1.Дарактын башында эмне бар? ( д тамгасы )
2.Бир үй-бүлөдө 2 бала 2 ата жашайт. Бул үй-бүлөдө бардыгы канча адам жашайт?
( 3 киши чоң ата, ата, бала )
3.Учпай турган канаттуу кайсы? ( пингвин )