Просмотр содержимого документа
«§25. Ж.-Б.Ламарктын жана Ч.Дарвиндин эволюциялык теориялары»
Ж.Б.Ламарктын Жана Ч.Дарвиндин эволюциялык теориялары
Ош облусунун №28 У.Салиева атындагы зээндүү балдар жатак-лицейинин 9-В классынын окуучусу Алиева Нуркыз
Жан-Батист Ламарк (1744-1829)
- Ж.-Б.Ламарк – биринчи эволюциялык теориянын автору. Жандуу жаратылыштын салыштырмалуу толук алгачкы эволюциялык теориясынын автору.
- Алгачкы тирүү организмдер жансыз жаратылыштан келип чыккан;
- түрлөр өзгөрүшөт;
- түрлөр максатка ылайык жөнөкөйдөн татаалды көздөй өөрчүшөт.
- 1809-жылы жарык көргөн «Зоологиянын философиясы» деген эмгегинде түрлөрдүн өзгөрүшүнө көп дадилдерди келтирип, өзгөргүчтүн себептерин ачууга аракет кылган
Эволюциялык теориянын негизги жоболору
Ж.-Б.Ламарктын эволюциялык теориясы илимий көз караштарга дал келбейт :
Тирүү организмде кудай берген татаалданууга ички умтулуусу илимий жактан далилденген эмес.
- Айлана-чөйрө дайыма эле жандыктарга туура таасир этип, өзгөрүүгө алып келбеген учурлар аз эмес.
- Органдардын машыгуусу же машыкпоосу жаңы формалардын пайда болушуна алып келе жатат деген жол менен канаттуулардын ыңгайлашкан мүнөздөгү ар кандай түсүнүн, үлүлдөрдүн ракушкасынын келип чыгышын түшүндүрүү мүмкүн эмес.
- Узак убакыт айлана-чөйрөнүн таасиринен пайда болгон өзгөргүчтөр дайыма тукум куубайт.
Ж.-Б.Ламарк биология илиминин өөрчүшүнө чоң салым кошкон:
- Бир түр экинчи түрдөн келип чыгарын так, чоң ишеним менен жана талыкпастан айткан;
- Тирүү организмдер жашоо чөйрөсү тыгыз байланышта экенин далилдеген;
Жандуу жаратылыштын өнүгүүсүндө айлана-чөйрөнүн ролу зор экенин туура тапкан.
Солдо — жираф, оңдо — окапи
Ж.Б.Ламарк :
Борбордук нерв системасы бар жогорку түзүлүштөгү жаныбарларга айлана-чөйрө кыйыр таасир этет. Белгилүү шарттарда жашап, жаныбарлар кандайдыр бир органдарын машыктырып жүргөндүктүн натыйжасында ал органдар өнүгөт жана өзгөрөт, ал эми машыкпаган органдар өзгөрбөйт, кичирейип, аягы жок болуп кетиши мүмкүн.
Чарльз Дарвин:
Ыңгайлашуунун, түрлөрдүн келип чыгышынын же жок болуп кетишинин негизинде табигый тандоо турат.
Чарльз Дарвин – накта илимий эволюциялык теорияны түптөгөн англиялык окумуштуу
(1809-1882)
- 1859-жылы биологиялык эволюциянын негизги мыйзам ченемдүүлүктөрдүн көп түрдүүлүгүн жана организмдердин жашаган чөйрөсүнө ыңгайлануусун чечмелеген;
- Ар бир тирүү жандыкка тукум куучулук, өзгөргүчтүк жана жашоо үчүн күрөш таандык экенин далилдеген;
- Жандуу жаратылыштын тарыхый өөрчүшүнүн себептеринин аныктаган;
- 1831-36- жылдары Ч.Дарвин изилдөөчү катары «Бигль» кемеси менен Жер шарын айланганы саякатка катышкан;
- Эволюциялык теориянын жаралышына негиз салган;
- Мурда жашап кеткен жандыктардын казылып табылган калдыктарын изилдеп чыккан;
- Зоогеографияга да чоң салым кошкон;
- Аралдарлын флорасы жана фаунасына кызыккан;
- Табигый жана жасалма тандоону ачкан.
Альфред Уоллес (1823-1913) – англиялык изилдөөчү. Эволюциянын негизи табигый тандоо деген жыйынтыкка келген
Ч.Дарвиндин эволюциялык теориясы биологияга зор таасир тийгизди. «Түрлөрдүн келип чыгышы» деген эмгек жарык көрүшү менен эволюциялык палеонтология, эволюциялык морфология, эволюциялык эмбриология ж.б. биологиянын тармактары түптөлө баштайт
Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат 😊😊😊🖐️🖐️🖐️