СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алтынчы класс учун ачык сабактын иштелмеси

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Алтынчы класс учун ачык сабактын иштелмеси»




Ачык сабактын план иштелмеси.

Кыргыз тили - 6-класс.

Предметтик мугалим: Анарбекова Ж


Сабактын темасы : Лексика,фразеология,лексикография.Кыргыз тилинин сөздүк байлыгы, ар түрдүү катмарлары.

Негизги компетенттүүлүктөр

Предметтик компетенттүүлүктөр

  • Маалыматтык

Алган маалыматтарын кабылдап , негизги ойду аныктоо менен , алынган маалыматтарын так баяндайт ;


ПК- 1 Тилдик компетенттүүлүк – тилдин системасын, тактап айтканда , тилдин түзүлүшү , анын категориялары тууралуу билимге ээ болуу , орфографиялык жана пунктуациялык сабаттуулукка жетишүү ;

Социалдык- коммуникативдик

Оозеки жана жазуу жүзүндө берилген маалыматтарды кабылдоо менен , өз ара аракеттенүүнү калыптандырат ;


ПК- 2 Кептик компетенттүүлүк – кырдаалдарга жана тилдик нормаларга ылайык жазуу жана оозеки формада карым-катнашты ишке ашыруу , өзүнүн кептик мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтөт ; жана сөздүк корун байытуу , байланыштуу кебин , сүйлөө жазуу маданиятын өркүндөтөт .

Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү аныктоо

Маалыматтан карама- каршылыктарды табат , маселени чечүүнүн жолдорун айтуу менен өз пикирин далилдейт .

ПК – 3 Маданий компетенттүүлүк– тилдин улуттук – маданий өзгөчөлүгүн үйрөнөт , тил аркылуу элдин улуттук баалуулуктарын таанып – билет , элдик этномаданий лексиканы өздөштүрөт .


Сабактын максаты:


Көрсөткүчтөр :

Жогорудагы максаттар ишке ашат ,

эгерде окуучу :

1.Билим берүүчүлүк :

Окуучулар кыргыз тилинин сөздүк кору тууралуу түшүнүккө ээ болушат .Лексика илими тууралуу түшүнүктөрү тереңдетилет.

Кыргыз тилинин сөздүк кору тууралуу билишсе ;

Лексика, фразеология илимдери тууралуу

түшүнүккө ээ болушса

2.Өнүктүрүүчүлүк :

Сөз мүчөлөрүнүн жардамы менен жасалган туунду сөздөрдү билүү менен кеп маданияты калыптанат .

Сөз мүчөлөрүнүн жардамы менен жасалган туунду сөздөрдү кебинде пайдалана билсе ;

3. Тарбия берүүчүлүк:

Орфографиялык эрежелерге ылайык сабаттуу жазууга багыт алышат .

Өзүнүн көз карашын коргой билип ,

пикирин далилдесе ;

Сабактын тиби : Жаңы билимди өздөштүрүү сабагы

Сабактын жабдылышы : Таблицалар , видео материалдар , слайд , буклет , сүрөттөр ,проектор.

Окутуу усулу : интерактивдүү усул

Предмет аралык байланыш : кыргыз адабияты , тарых , орус тили.

Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:

  • Тилдик компетенттүүлүк: Лексика илими бул бир тилдеги бардык сөздөрдүн жыйындысы экенин билишет.

  • Кептик компетенттүүлүк: Өз кебинде фразеологизмдерди колдоно алышат.Тексттен таба алышат.

  • Маданий компетенттүүлүк: Оозеки кепте туура сүйлөөгө калыптанат

САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Сабактын

этабы

Мугалимдин иш-аракети

Окуучулардын

иш-аракети

Баалоо

НК



Уюшту-

руу

учуру

(3 мүнөт)

*Окуучулар менен саламдашып , толуктап класстын тазалыгын көзөмөлдөп , сабакка даярдоо .


Сабакка жагымдуу маанай түзүү

Алтын эрежени эске алуу

Сабакка жагымдуу маанай түзүү.

Алтын эрежени эске алуу.

Ураан чакырып кетүү.

Мугалим ыр менен салам айтат.

Окуучулар сабак башында

маанайларын көтөрүп алуу

максатында ураан чакырып

ырдашат.

Кыргыз Республикасынын

Мамлекеттик Гимни

менен сабак башталат.

Мугалим сабактын максатын айтат. Жана окуучуларга сабактын аягында саякатка барууну сунуштайт. Ким эгер “ 5” деген баага татыктуу болсо, самолет менен, “4” деген баага татыктуу болушса, автобус менен, “3” алгандар мотоцикл менен бара тургандыгын айтып, доскадан көрсөтөт.




Окуучулар мугалим менен саламдашат , сабакка даярданышат .

*Алтын эрежени доскадагы сүрөттөр аркылуу эске алышат


Жакшы

Окуучулар

да калыпта

нуучу компе

тент

түүлүктөр






НК-2-3





Үй

тапшыр-

масын

текшерүү

(5 мүнөт )

Чачылган тамгалардан сөз кура”.

Мугалим теманы камтыган сөздөрдү кыркып, аралаштырат Сабактын темасын жана максатын жарыялайт.

Куралган сөз аркылуу топко бөлүү.

Аткарабыз, изденебиз, жазабыз , бирок жегенге болбойт?

Бул эмне?

Тесттик суроолор аркылуу сураса да болот.

Сабак-лента” усулун пайдаланса болот.

Кептин стилдери бөлүмүн кайталап келгендигин оозеки суроо аркылуу текшерүү .

Кептин стилдери

боюнча өз түшүнүктөрүн бекемдешет .

-


Оозеки жообу

бааланат



Өтүлгөн темаларды

кайталоо

( 3 мүнөт )

Тексттин мүнөздүү белгилерине эмнелер кирет? Атап бергиле.

2. Кептин кандай түрлөрү бар? Санап бергиле.

3. Сүрөттөөнүн кандай мүнөздүү белгилерин билесиңер?

4. Күндөлүк турмушубузда кайсы стиль көбүрөөк колдонулат? Эмне үчүн?

5. Көркөм стилге таандык тил каражаттарына эмнелер кирет деп ойлойсуңар? Кыргыз акындарынын ырларынан көркөм окуп бергиле.



Суроолорго так , кыска жооп берүү менен өтүлгөн темаларга кайталоо жүргүзүшөт .


Кайтарым байланыш




НК-1-2-3



ПК-1-2-3




Тема боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү

( 10 мүнөт)














Кыргыз тилиндеги сөздөрдүн бардыгы биригип келип, сөз курамын түзөт. Ал бир калыпта турбастан, ар дайым өнүгүү, өзгөрүү абалында болот. Сөз курамына:

1. Жаңы сөздөрдү түзүүгө уютку, негиз болгон уңгу сөздөр: тоо, таш, жер, суу, аба, көз, баш, киши, бала, Ай, Күн, жыл, аш, эт, нан, мал ж. б. 2. Сөз мүчөлөрүнүн жардамы менен жасалган туунду сөздөр:

баш – башчы – башкар – башкарма – баштык – башка – башмак – баштапкы; жаз – жазуу – жазгыч – жазма – жазуучу – жазуучулук.3. Сөздөрдүн айкалышы аркылуу жасалган татаал сөздөр: баш бол, баш кат, баш тарт, баш ал, башма-баш, баш сөз, баш чабан, жол башчы, темир жол, өйдө-төмөн, ата-эне, Ата Мекен, бүгүн- эртең, КСДП ж. б. кирет. Ар бир тилдин лексикасы илимдин, техниканын, маданияттын өнүгүшү менен бирге өнүгөт жана жаңы сөздөр менен толукталып, байып турат. М и с а л ы, космос, космонавт, космонавтика, спутник, , корабль-жандооч, орбита ж. б. сөздөр






Кыргыз тилинин сөздүк кору төмөндөгүдөй жолдор менен байыйт.


1. Кыргыз тилинин ички булактары аркылуу, башкача айтканда, уңгу сөздөргө сөз мүчөлөрүнүн уланышы жана сөз маанилеринин

кеңейиши аркылуу:


2. Башка тилдердеги сөздөрдү кабыл алуу аркылуу:





Үй тапшырмасын эске алуу менен бааланат











Азаматсыңар!













НК-1-2-3










Көнүгүү иштөө

( 15 мүнөт )

Физикалык дене көнүгүүсү.

Топтор менен иштөө:

Топторго быйтыкчалар таркатылат.Ар бир окуучу жооп берген сайын быйтыкча менен бааланып, упай чогултушат.

1-тапшырма: Китеп менен иштөө. Топторго көнүгүүлөр берилет.

2-тапшырма: Сүрөттөр менен иштөө: Доскадагы сүрөттөргө карап, уңгу, мүчөлөрдү улашат.



Жогорудагы сүрөттөр аркылуу сөз жасоочу жана сөз өзгөртүүчү мүчөлөргө мисал келтиришет.

Мисалы: мектеп+лар=мектептер, парталар, бил+ым=билим, улут+чыл=улутчул ж.б.у.с.



3-тапшырма : Венндин диаграммасын түзүү.



4-тапшырма: “Нөөмөтчү тамга” оюну. Мугалим нөөмөтчү тамганы белгилеп,доскага жазат, 5 минутанын ичинде ким ошол тамгадан башталган уңгу сөзгө мүчөлөрдү улап, көп мисал табышса, ошол топ жеңүүчү болот.



5-тапшырма: “Дүкөн” оюну. Буюмдарды,заттарды сүрөттөөнү,белгилерин таба билүүнү үйрөтүү. Столго бир канча оюнчуктар коюлат.Мугалим: Биз дүкөндө турабыз.Түрдүү буюмдар бар, сатып алсаңар болот, бирок кандай буюм алуу үчүн анын атын атабай, белгилерин айтасыңар. Ар топтон бирден өкүл чыгып, оюнчук сатып алышат жана топ менен биргеликте өздөрү сатып алган буюмдун аталышына ар түрдүү мүчөлөрдү улашат.

Мисалы: оюн+чык=оюнчук,баш+лык=баштык ж.б.

Азаматсыңар!!!






122 – көнүгүү

1) Окуп чыгып, сөз мүчөлөрүнүн жардамы менен жасалган туунду сөздөрдү тапкыла. 2) Эмне үчүн аларды туунду сөздөр деп эсептедиңер? Далилдегиле.

123 – көнүгүү

1) Окуп чыгып, көчүрүп жазгыла. 2) Кара тамга менен терилген сөздөрдү уңгу, мүчөчө ажыраткыла .

124 – көнүгүү

1) Текстти окуп чыккыла. 2) Сөздүк кор кандай жолдор менен байый тургандыгын айтып бергиле. 3) Мүчөнүн уланышы менен жаңы мааниге ээ болгон сөздөрдү тапкыла


Окуучулар

берилген тапшырмаларын аткаруу эрежесине ылайык иштешет



122 -123-124-

көнүгүүлөрдү

аткарышат

Калыптандыруу-

чу

баалоо







НК-2-3


Ойлонобуз !

Бири-бирин баалашат



Сабакты бышыктоо :

( 4 мүнөт )

3-тапшырма : Венндин диаграммасын түзүү.

4-тапшырма: “Нөөмөтчү тамга” оюну. Мугалим нөөмөтчү тамганы белгилеп,доскага жазат, 5 минутанын ичинде ким ошол тамгадан башталган уңгу сөзгө мүчөлөрдү улап, көп мисал табышса, ошол топ жеңүүчү болот.

5-тапшырма: “Дүкөн” оюну. Буюмдарды,заттарды сүрөттөөнү,белгилерин таба билүүнү үйрөтүү. Столго бир канча оюнчуктар коюлат.Мугалим: Биз дүкөндө турабыз.Түрдүү буюмдар бар, сатып алсаңар болот, бирок кандай буюм алуу үчүн анын атын атабай, белгилерин айтасыңар. Ар топтон бирден өкүл чыгып, оюнчук сатып алышат жана топ менен биргеликте өздөрү сатып алган буюмдун аталышына ар түрдүү мүчөлөрдү улашат.

Мисалы: оюн+чык=оюнчук,баш+лык=баштык ж.б.

1.“POWER POINT” же .«KAHOOT» жана башка программаларда кыскача акыл ордо викторина ойнотуу.





Оозеки жообу бааланат

Эң жакшы





НК-2-3





Үйгө

тапшырма

берүү :

( 2 мүнөт)



125 – көнүгүү

Уңгу түрүндөгү сөздөрдү таап, көчүрүп жазгыла.


Үйгө берилген

125 – көнүгүүнү шарты менен аткаруу жолдорун түшүнүшөт .

Ойлонобуз





НК-2-3





Баалоо

( 3 мүнөт )


Баалоодо төмөнкү критерийлер эске алынат:

--өтүлгөн тема боюнча тестке туура жооп берүүсү;

--жазуудагы сабаттуулугу;

--жаңы тема боюнча тестке туура жооп берүүсү.

--өзүнүн пикирин далилдей билүүсү

Топтук жана жекече баалоо





Топтук жана жекече баалоо.