СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алыкул Осмонов жана "Бүкөн" ыры

Нажмите, чтобы узнать подробности

Алыкул Осмонов

Просмотр содержимого документа
«Алыкул Осмонов жана "Бүкөн" ыры»

Кыргыз тили 5-В класс

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк

Өнүктүрүүчүлүк

Тарбия берүүчүлүк

1.Окуучулар Алыкул Осмоновдун өмүр таржымалы жана анын “Бүкөн” ыры тууралуу маалымат алышат.

2.Окуучулар бул ырды көркөм окуу менен маанисин талдайт, өз оюн эркин, ачык айтат.Суроолорго жооп беришет.

Окуучулар бири-бирин сыйлоого, уга билүүгө, жоопкерсиликтүү болууга тарбияланышат.

Сабактын тиби: жаңы билимге ээ болуу сабагы

Сабактын формасы: жекече жана топтордо иштөө

Сабактын жабдылышы: таблицалар, сүрөттөр, видео суроолор, Кыргызстандын картасы.

Сабак аралык байланыш: кыргыз тили, география жана тарых

Сабактын жүрүшү: 1.Уюштуруу

Саламдашуу, жоктоо, класстын тазалыгына көңүл буруу.

Окуучулага жагымдуу маанай тартуулоо(быйтыкчалар менен).

Окуучуларды топторго бөлүп алуу(3 топко)

Алтын эрежени кабыл алуу:

Тартипти сактайбыз

Туура жоопторду айтабыз

Топтордо иштейбиз

Талдоону үйрөнөбүз

2.Үй тапшырмасын суроо.

Топторго таблицаларды таратылат.Жооптору жазылат.

“Мен жана силер” оюну менен суроолорду берүү.

Жооптор функцияга көрсөтүлөт.

  1. Телегей Сагынбаева кайсы эмгеги үчүн Социалисттик эмгектин баатыры деген наамга ээ болгон?

  2. Анын жолдошунун аты-жөнү ким , ал кандай жумушта иштеген?

  3. “Телегей” романы ким тарабынан баяндалган?

  4. Бул чыгарма кайсы тарыхый мезгилдерди өз ичине ккамтыган?

  5. Кыргыздар Кытайдын кайсы жеринде баш калкалашты?

  6. –Жуткуч өлүгүңдү!-деп Телегей кимге кайрылат?

  7. Карышкырды телегей кандай курал менен өлтүрө алды?

  8. “Ажар” повести менен “Телегей” романынын окшоштук жагы барбы?

3.Жаңы тема : Алыкул Осмонов жана анын “Бүкөн” ыры

1,13,32,12,23,13 17,21,14,17,15,17,3

1.А.Осмонов жөнүндө маалымат берилет.

2. “Бүкөн” ырын слайддан уктуруу.

3.Ал ырды баштан аяк талдоо

4.Окуучулар өздөрү көңүл коюп окуп чыгуусун сунуштоо.

4.Бышыктоо: 1-тапшырма

Видео суроолор берилет, 7-Б кл тарабынан.

А)-Менин колумдагы сүрөт Бүкөнтайдын сүрөтү.Бул кыз ырда сүрөттөлгөн.Эми колумдагы сүрөттөгү кызга дагы эмне жетишпейт?

-Бир жилик эт.

Б) “Баланын тили бал” деген макалдын мааниси бул ырдын кайсы сабында айтылган?

-Кемпирден токсондогу таза сүйлөйт.

В)Бүкөндүн : “Сагындым, атакем ай, келсе экен” деген тилеги орундалабы? Эмне үчүн?

-Орундалбайт.Анткени анын атасы 3 жыл мурда өлгөн эле.

2-тапшырма “Кыргызстандын картасы” менен иштөө

1-топко Сөздөрдүн синониминдерин жана антонимдерин табышат.

Өтө көп- жүз Бүкөн –кемпир

Душман –жоо Күлөт –ыйлайт

Калк- эл Ойгонот –уктап калат

Көз жумган – өлгөн Аз -көп

Унчукпоо – жым болуу Дос- жоо

2-топ Ырдагы фразеологизмдер, төл жана бөтөн сөздөрдү табат.

Жым болушат –унчукпоо

Көзүнөн жаш чууртуу-ыйлоо

Бурчак-бурчак –токтобогон

“Ырдап кой” дейт

“Сагындым, атакем ай, келсе экен”,-дейт,

“Ал жеңип, тилегимди берсе экен”,-дейт.

3 -топ Кемпир жана Бүкөндү Венндин диаграммасына салышат жана эркелетүү маанисиндеги сөздөрдү таап беришет.М: Бүкөнтай жана ат





5.Жыйынтыктоо.Суроолорго жооп табышат.

1)А.Осмонов канча жашында каза тапкан?

2)Ырда кайсы согуш сүрөттөлгөн?

3)Букөндүн атакеси көппү же жокпу?

4)Акын эмне үчүн палан күн, палан жерде өлдү деп айтты?

5)Эмне үчүн Бүкөнтай көзүн жуумп ырдайт?

Баалоо: окуучулар алган 200 сомун эсептөө менен бааланат.

6.Үй тапшырмасын берүү: Ырды жаттоо жана кырааты менен көркөм айтуу.

Синониминдерин тап Антонимдерин тап

Өтө көп - Бүкөн –

Душман - Күлөт –

Калк - Ойгонот –

Көз жумган - Аз –

Унчукпоо - Дос –









Ырдагы фразеологизмдерди жана төл жана бөтөн сөздөрдү тапкыла













Кемпир жана Бүкөндү Венндин диаграммасына салгыла жана бул ырдагы эркелетүү маанисиндеги сөздөрдү жазгыла.