Текшерилди
ТИ боюнча директордун
орун басары
Н.Т.Табалдиева ________
Сабакка чейин
Сабактын темасы: Атага мамиле
Сабактын методу: Эвристикалык
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: Жаӊы маалымат алуу
Максаты:
А)Конкреттүү максаты(билим берүүчүлүк): Атаны баалоону түшүнүшөт.
Б)Конструктивдүү(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялоочулук):
Атага мээримдүү болгонго,адептүүлүккө үйрөнүшөт.
Сабактын мотивациясы: Аталарга болгон мээрими күчөйт.
Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр,слайддар
Убакыт: 45 мүнөт
Убакыттын бөлүштүрүү:
Чакыруу этабы: 3-5мүн
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бөлүгү): 20-25мүн
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо): 10-12мүн
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү:
Саламдашуу, досканын тазалыгына көз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай тартулоо:
Бири-бирине комплимент айтуу
Түшүнүү этабы (сабактын негизги бөлүгү):
Ата деген – башталыш. Деңиз суусу дарыядан, дарыя булактан башталгандай сен атадан башталгансың. Сен – атаңдын уландысысың. Сени жаратуучу – атаң. Атаң болбосо сен болмок эмессиң, демек, сенин мал-мүлкүң, үй-бүлөң, тапкан-тышыганың да атаңдан башталат.
Азыр кээ бир адамдарды көрүп калабыз, алар атасын тоготпой, теңтуш кылып алат же стакандашып дос катары көрөт, айрымдар атасы менен мушташкан учурлар болот. Дагы бирөөлөр атасын «Паланча Түкүнчеевич», «старик», «колхоз» деп шылдыңдап чакырат, ылакап ат коюп алат. Атасын жакшы жерге жайгаштырып койдум, менин ишиме тоскоолдук кылбай калды, карылар үйүндө тели-теңтуштары менен жыргап жүрөт деген балдар чыкты. Карасаң, алардын баары жайында: акчасы да, адеби дале бардай, бирок атасына, энесине мээрими жок. Адамзат үчүн мындан өткөн жаман нерсе, мындан өткөн кордук жок. Тилекке каршы, мындайларды улам жыл өткөн сайын көбүрөөк кездештирчү болдук. Он-он беш жыл илгери Шайлообек Дүйшеевдин «Кайдыгерлик» деген ырында бир адамды билсек, азыр жүздөп кетти, мындайлар ар бир эле айылдан чыкты.
«Ата-энеге кызмат кылуу – бейишке кирүү» делинет. Ата-энеси менен ал-акыбал сурашпаган балага бейиштин эшиктери жабык болот экен.
Кыргыздар «Ата журтум» дейт, «Ата мекеним» дейт. «Журт» жана «Мекен» деген сөздөрдүн «Ата» деген сөз менен катар келишинде аябай чоң маани, эсепсиз байлык жатат.
«Бир ата жүз тарбиячыдан өйдө» дейт Ж.Герберт. Ошол атага, энеге биз бир өмүр карызбыз.
Мугалим: Мен силерге бир окуя айтып берейин
Илгери бир замандарда Асан деген бир киши отунчулук менен шугурланчу экен. Ар күнү талаадан терген отунун сатып, анын акчасына тогуз даана нан сатып алчу. Буга навайлар кызыгып калат. Аны билмек болуп бир күн себебин сураса, Асан унчукпай кутулат. Окуянын аягына чыккысы келип, кийинки келиште Асанга беш эле нан берип койсо, бешөө жетпешин айтып кетип калат, кийинки күнү ушул акыркысы, баарын алаңыз деп он бирди берсе, мага ушул гана жетет деп экөөнү кайтарып берет.
Акыры дагы бир күнү навайлар бул сырды такып сураса, Асан:
— Алган нандарымдын экөөсүн карызыма берем, бешөөнү болсо карызга берем, калганын өзүбүз – аялым экөөбүз жейбиз, — дептир.
Тургандар мунун маанисин аңдай албай калса, аларга мындайча түшүндүрүптүр:
— Экөөнү карызыма беришимдин мааниси ушунда – мени ата-энем балалыгымда нан-туз берип чоңойткон, аларга карыздармын. Ар күнү мен аларга бирден нан берип, ошол карызымды үзүп келем. Өзүмдүн болсо беш балам бар, аларга беш нан берем, убакыт келип мен карыганда алар иштеп, менин бул карызымды үзө баштайт!
Ошентип Асан кайрадан тогуздан нан алуусун уланта бериптир.
Бул баян адамдардын биринен бирине, муундардан муундарга, аталардан балдарга карыз катары, парыз катары токтолбой өтө берет, жашоонун жакшы жолу, турмуштун тынч агымы ушундай болот дегендик. Эгер ким ошол агымды бузса, анда ал тукумдун келечеги кайгылуу аяктайт же андан ары уланбайт калат.
Ошон үчүн дүйнөдө эң карыз бере тургандарыбыз ата-энелерибиз, карыз төлөй тургандар алардын перзенттери деп айтылат.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Бышыктоо:
1. «Ата көӊүлүн ооруткан эл ичинде кор болот» деген макалды кандай түшүнөсүӊөр
2. Атага кандай мамиле кылуу керек?
Υйгө тапшырма: «Менин атам эӊ жакшы адам» деген темага эссе жазып келгиле
Баалоо:
"5"- өтүлгөн теманы кайталоодо активдүү катышкан , жаӊы теманы өздөштүрүүдө өз алдынча экиден, топто иштеше алса,алган билимин системалаштырып жыйынтык чыгара алса.
"4"- Жогорудагылардын бирөөнө катыша албаса .
"3"- Жогорудагылырдын экөөнө катыша албаса.
"2"- Таптакыр аракети жок болсо.