Просмотр содержимого документа
«Баалоо критерии»
КР БИМдин Педагогикалык кадрлардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуучу жана кайра даярдоочу республикалык институту
«Үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү» электрондук модулу үчүн жумуш дептер
Угармандын аты-жөнү __Абдандил кызы Акылай________________________________________________
@ дареги: _akylajabdandilova@gmail.com__________________________________________________________________
Облусу Жалал-Абад_______________________________ Району:Токтогул ____________________________________
Шаары/айылы_Бел-Алды_____________________ Мектеби _М.Жамгырканов атындагы №22 жалпы билим берүү орто мектеби мекесмеси___________________________________
Киришүү
Урматтуу кесиптеш!
Сиздин колуңузда «Үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү» электрондук модулуна жумуш дептери. Аны компьютериңизге сактап, модулдун материалдарын окуп-үйрөнгөнчө, тапшырмаларын аткарыңыз.
Аталган модуль боюнча окууну бүткөндөн кийин сертификат алуу үчүн бул жумуш дептеринде берилген баардык көнүгүүлөрдү өз алдынча аткарышыңыз керек. Кыйналсаңыз, модулдун теориялык бөлүгүнө кайрылыңыз да, тема боюнча кошумча адабияттарды окуңуз.
Баардык көнүгүүлөр менен тапшырмаларды аткарып бүткөн соң, кол коюп, жумуш дептерди төмөндөгүдөй таризде сактаңыз: сиздин фамилияңыз, сап астындагы сызык МЖД1», мисалы, Абдандил к Акылай
Жумуш дептериңизди текшерүүгө төмөнкү дарек боюнча супервайзериңизге жөнөтүңүз: ec.prof.razvitie@gmail.com
А көнүгүүсү – үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү куралдарын колдонуу тартиби
Төмөндөгү чакмактарда баардык куралдардын аталыштары санап берилди. |
ОМТ: Окуп-үйрөнүүгө болгон муктаждыктарды талдоо |
Предметтер | Сандар | 4.5-курал – УКӨгө байкоо жүргүзүү | 12 | 5.3-курал – Мектептер ортосунда өнөктөш мамилелерди түзүү | 23 | Мектептерге кызмат көрсөтүү стандарттары | 15 | КЖИ/облУБда окуп-үйрөнүү курстарын даярдоо жана өткөрүү процесси | 1 | 4.5-курал – УКӨгө байкоо жүргүзүү | 12 | 4.4-курал – Кесиптик өнүгүү планы | 7 | 2.3-курал – Мектеп деректиринин өзүнө-өзү баа бериши | 2 | Аттестациялоо процесси | | 1.2-курал – Насаатчылык курал | 17 | 3.1-курал – ОМТ боюнча МУБ жетекчиси/завуч, мугалим 3.1-курал | 11 | Рай/шаарББ ырастамасы | | 2.3-курал – Мектеп деректиринин өзүнө-өзү баа бериши | 2 | 4.3-курал – Окутуу боюнча мектептен өтүнмө 4.3-курал | 8 | 2.2-курал – МУБ жетекчисинин, завучтун өзүнө-өзү баа бериши 2.2-курал | 4 | 5.2-курал – Тренингдерди иштеп чыгуу жана өткөрүү боюнча усулдук окуу куралы | 22 | 2.1-курал – Мугалимдин өзүнө-өзү баа бериши | 10 | Кесиптик стандарттар | 3 | 1.1-курал – Сабакка байкоо жүргүзүү | 16 | 3.3-курал – Рай/шаарББнын ОМТ усулчусу | | 5.1-курал – УКӨнү ишке ашыруу боюнча колдонмо | 21 | 4.2-курал – Жалпы мектептик планды түзүү | 3 | 1.3-курал – Мугалимдин портфолиосу | 13 | Мектептин стратегиялык планы | 14 | 4.1-курал – Кесиптик өнүгүүнүн жекече планы | 6 | 3.2-курал – ОМТ боюнча МУБ жетекчиси/завуч | 5 | 5.4-курал – Практиктердин коомдоштугун түзүү боюнча колдонмо | 24 | |
Б көнүгүүсү – «Менчи, мен кайдамын?» тапшырмасы
Кесипкөйлүктү жогорулатуудагы муктаждыктарды табуу менен ар бир компетенция үчүн өз деңгээлиңизди аныктаңыз. |
Ар бир компетенция боюнча төмөнкү (1), ортоңку (2) же жогорку (3) деп өзүңүздүн учурдагы деңгээлиңизге баа бериңиз. Компетенцияларыңыздын деңгээлин аныктоо үчүн 2-куралды пайдаланыңыз. Мисалы, мугалим 1-компетенциянын деңгээлин аныктоо үчүн бул таблицаны карап чыгып, ишмердиги дескрипторлор менен көбүрөөк окшош болгондуктан өз деңгээлин орточо деп аныктайт жана мамычага орточо 2 санын жазат. | а) Окутууда окуучуларды ката кетирүүдөн тыйып, даяр билимдерди башына шыкай бербөө керек деп эсептейт. б) Өзүнүн педагогикалык практикасы менен усулдарынын айрым өңүттөрүн гана окутуунун заманбап теориясы менен учкай байланыштырат же аларды такыр эле байланыштырбайт. Көбүнчө бир усулдун башкаларына караганда кыйла майнаптуу экендигин көрсөтүп/түшүндүрүп бере албайт. в) Окутуу кандай жүрөрүн, орчундуу өзгөрүүлөр кандайча болуп өткөнүн билбеши да мүмкүн. г) Компьютер бар болсо да, сабактардын пландарын негизинен колдо жазат. | а) Окутууну жөн эле билимдерди өткөрүп берүү эмес, милдеттүү түрдө эргүү менен коштолуучу татаал иш катары карайт. б) Өзүнүн педагогикалык практикасы менен колдонуп жаткан усулдарынын баардык же көпчүлүк өңүттөрүн окутуунун заманбап теориясын орточо түшүнүү менен байланыштырат. Колдонуп жаткан ыкмасы/усулу башкаларга караганда кыйла майнаптуу экендигин жөн гана көрсөтүп/түшүндүрүп бере алат. в) Окутуу теориясын билет жана аны сабактарда колдонууга кызыгат. г) ) Сабактардын пландарын көбүнесе компьютерде терип даярдайт (эгер бар болсо). | а) Окутууну окуучулардын сынап көрүү жана ката кетирүү жолу менен мурдагы билимдерине таянып жаңы билимдери менен көндүмдөрүн өздөштүрүшүнө мүмкүндүк бергидей көмөк катары карайт. б) Өзүнүн педагогикалык практикасы менен колдонуп жаткан усулдарынын баардык же дээрлик баардык өңүттөрүн окутуунун заманбап теориясын комплекстүү түшүнүү менен байланыштырат. Колдонуп жаткан усулу башкаларга караганда эмне үчүн майнаптуу экендигин көрсөтүп же түшүндүрүп бере алат. в) Окутуу теориясы жөнүндөгү маалыматтарды дилгирлене издейт жана өз тажрыйбасында аны колдонууга умтулат. г) Сабактын пландарын дайыма компьютерде жазат (эгер бар болсо) жана бөлөк мугалимдер менен бөлүшүп, тез-тез жаңылап турат. | Ар бир компетенция боюнча төмөнкү (1), ортоңку (2) же жогорку (3) деп өз утурумдук деңгээлиңизге баа бериңиз. Өз компетенцияларыңыздын деңгээлин аныктоо үчүн 2-куралды пайдаланыңыз. Мисалы, мугалим 1-компетенциянын деңгээлин аныктоо үчүн бул таблица менен таанышып, анын ишмердиги дескрипторлор менен көбүрөөк окшош болгондуктан, өз деңгээлин орточо деп аныктайт жана мамычага орточо 2 санын жазат. Компетенциялар | Төмөнкү 1 | Ортоңку 2 | Жогорку 3 | Күтүлүүчү натыйжаларды пландоо жана баалоо | Мен сабактардын пландарын, календарлык-тематикалык пландарды иштеп чыгып, заманбап окутуу теориясына шайкеш келген майнаптуу сабактарды өтө алам. | | + | | Мен сабактардын планын, календарлык-тематикалык пландарды класстын окуучуларынын баардык шык-жөндөмдөрүн эске алуу менен, компетенттүүлүктөргө негизделген предметтик стандарттардын талаптарына ылайык иштеп чыга алам. | | + | | Мен жетиштүү убакыт бөлүп, баардык окуучулардын негизги (маалыматтык, социалдык-коммуникативдик, өзүн уюштуруу жана маселелерди чечүү) компетенттүүлүктөрүн калыптандыруучу сабакты пландап өтө алам. | | + | | Мен окуу ресурстарын, анын ичинде маалымат-коммуникативдик технологиялар экономикалык жаатта майнаптуу колдонула турган сабактарды иштеп чыгып, өтө алам. | | + | | Мен «СМАРТ» критерийлерине шайкеш окутуу максаттары, баардык башка зарыл компоненттери жана баскычтары да бар сабак пландарын жаза алам. | + | | | Мен окутуунун күтүлүүчү натыйжаларына ылайык окуучулардын өсүшүнө көз салып, окуучулардын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн өз усулдарым менен ыкмаларымды түзөтө алам (негизинен калыптандыруучу баалоо). | | + | | Мен баа берүүчү усулдардын критерийлерине ылайык келген предметтик стандарттардын негизинде компетенттүүлүктөрдү баалоо усулдарын иштеп чыгып, колдоно билем (негизинен жыйынтыктоочу баалоо). | | + | | 8. Мен маалымат технологияларын да колдонуп, окуучулардын окуудагы жетишүү натыйжалары жөнүндө мектеп жетекчилигине жана ата-энелерге кабарлай алам. | | | + | Мазмунду тандап алуу жана түзүү, активдүү окутуп-үйрөтүүнүн усулдарын билүү | 9. Мен өз предметимди жакшы билем, татаал темаларды жеткиликтүү түшүндүрүп, өзүм окуткан класстардагы предметке тиешелүү каалагандай көндүмдү көрсөтүп бере алам. | | | | Мен шык-жөндөм деңгээли ар кандай болгон окуучулардын керектөөлөрүнө жооп берген сабактарды өтө алам. | + | | | Мен окуучулар билимдерди алып, негизги жана предметтик компетенттүүлүктөргө жетишсин үчүн окутуунун түркүн усулдарын кеңири жана айкалыштырып колдоно билем. | | + | | Мен ой жүгүртүүнүн жогорку деңгээлиндеги тапшырмалар менен суроолорду иштеп чыга жана бере алам, окуучуларды ушундай суроолорду түзүп, аларга жооп берүүгө шыктандыра билем. | | + | | Мен окуучуларды жакшыраак окууга дилгирлентип, өзүнүн окуусунун натыйжалуулугун баалоого жардам берүү үчүн алардын иштери боюнча майнаптуу кайтарым байланыш түзө алам. | | + | | Мен айрыкча окуучулардын көндүмдөрүн бышыктоосуна жетишүү үчүн сабактын баардык баскычтарында убакытты майнаптуу тескейм. | | | + | Шыктандыруучу билим берүү чөйрөсүн түзүү | Мен сабак өтүп жатканда, классты жакшы тескей алам. | | | + | Мен кызыктуу жана коопсуз болсун үчүн шыктандыруучу билим берүү чөйрөсүн түзө алам. | | + | | Мен окуучулар өз дараметин алгылыктуу ыкмада турмушка ашырсын үчүн сабакта жагымдуу чөйрө түзө жана колдой алам. | | + | | Мен окуучулардын жүрүм-турумундагы көйгөйлөрдү жайгарып, алардын ортосундагы, окуучулар менен менин ортомдогу чыр-чатактарды болтурбай коё алам. | | + | | Кесипкөй деңгээлди жогорулатуу жана кызматташууну жакшыртуу | Мен өзүмдүн окуучуларымдын социалдык жактан өсүшүн багыттап жана колдоп, коомдоштук менен майнаптуу иштеше алам. | | + | | Мен билим берүү тутумунун жана мектептин алкагында ар түрдүү милдеттерди аткара алам (мисалы, класстык журналды толтурам, класс жетекчинин иш-милдетин аткара алам ж.б.у.с.). | | | + | Мен өзүмдүн кесиптик өнүгүү планымды иштеп чыгып, кесибим тууралуу жаңы маалыматты издей алам, кесиптештер менен кызматташып, аларга колдоо көрсөтө билем. | | | + | Мен жумушта жүрүм-турумдун баардык адептик ченемдерин эске алам жана коомдоштукта мугалимдин кадыр-баркын сактайм. | | | + | |
В көнүгүүсү – кесиптик өнүгүүнүн жекече 1-планы
Кесиптик өнүгүүнүн жекече планы |
Сиз «Өзүнө-өзү баа берүү» формасын толтурган соң, супервайзериңиз (МУБ жетекчиси же завуч) менен талкуулап, өз натыйжаларыңызды анын натыйжалары менен шайкештириңиз. Супервайзердин ой-пикири үчүн алкыш айтыңыз. Кээде ал өзүңүздү өзүңүз баа берген деңгээлге караганда төмөн же жогору деңгээлге өзгөртүүгө сунуш кылышы мүмкүн. Супервайзердин сунуштарын угуңуз. Айрым учурларда сиз супервайзердин пикирине макул болбошуңуз ыктымал. Мындайда өз пикириңизди бекемдеңиз. Андан ары бир окуу жылына кесиптик өнүгүүнүн жекече планын иштеп чыгуу зарыл. Мындай планды түзүү үчүн 4.1-куралды – «Кесиптик өнүгүүнүн жекече планын» пайдаланыңыз. «Өзүнө-өзү баа берүү» формасынан сиз төмөнкү же жогорку деңгээлге ээ болгон төрт компетенцияны көчүрүп жазыңыз. Айрым учурларда булар 2-3 компетенция (сиз белгилеген «1» - төмөнкү деңгээл жана бирөө «2» - ортоңку деңгээл) болушу мүмкүн. Эгер сизде «1» белгиңиз жок болсо, анда ортоңку деңгээлдеги компетенциялардын бирин тандоого туура келет. Эгер тандоодон кыйналсаңыз, супервайзерден жардам сураңыз. План түзүүдө төмөндөгүдөй конкреттүү аракеттерди аныктаңыз: тематикалык адабияттарды ылгап алуу жана окуп-үйрөнүү; супервайзер сунуш кылышы мүмкүн болгон таалимчи же насаатчы менен көйгөйдү талкуулоо; таалимчи менен кеңешүү; бул компетенцияны жакшы билген кесиптештердин сабактарына байкоо жүргүзүү жана талдоо; райондогу мугалимдердин сабактарына интернет аркылуу байкоо жүргүзүү жана талдоо; облустук усулдук борбордун курстарына же кесипкөйлүктү жогорулатуучу институтка катталуу, РКЖИ жүгүртмөсүнө ылайык кесипкөйлүктү жогорулатуучу курстардан өтүү жана дагы башка өзүңүзгө зарыл болгон иш-чараларга катышуу. Супервайзериңиз менен түзүлгөн кесиптик өнүгүүнүн жекече планын талкуулаңыз. Талкуулап бекиткенден кийин аны ишке ашыруу үчүн иштеңиз. Супервайзериңиз менен бир нече жолу жолугуңуз, ал эми январь айында сиздин супервайзер жарым жылдыктын натыйжаларын талкуулап, кол коюшу керек. Окуу жылынын аягында планды жүзөгө ашыруу жыйынтыгы мектептин деректири менен талкууланат. |
Кесиптик өнүгүүңүз өзүңүздүн аракетиӊизге жараша болорун унутпаңыз. 4.1-таяныч. 2020__ - 2021___-жылдарга карата кесиптик өнүгүүнүн жекече планы |
Мугалимдин аты-жөнү: Абдандил к АКылай | Мектептин аталышы:М.Жамгырканов атындагы №22 жалпы билим берүүмектеби мекемеси | Район/шаар: Токтогул району | Билими, адистиги: Бакалавр:Биолог Магистр:Химии | Ээлеген кызматы (предмет): Биолог,химик | Категориясы: | Педагогикалык жумуш стажы: 5 | Сабак өтүлгөн класс(тар): | Кесиптик өнүгүүнүн максаты: төмөндө өзүнө-өзү баа берүү барагыңызда белгиленген компетенцияларды жазыңыз: төмөнкү (1) же ортоңку (2) | 1. Мен сабактардын пландарын, календарлык-тематикалык пландарды иштеп чыгып, заманбап окутуу теориясына шайкеш келген майнаптуу сабактарды өтө алам. (2) | 2. Мен «СМАРТ» критерийлерине шайкеш окутуу максаттары, баардык башка зарыл компоненттери жана баскычтары да бар сабак пландарын жаза алам. (1) | 3. Мен шык-жөндөм деңгээли ар кандай болгон окуучулардын керектөөлөрүнө жооп берген сабактарды өтө алам. (1) | 4. Мен окуучулар билимдерди алып, негизги жана предметтик компетенттүүлүктөргө жетишсин үчүн окутуунун түркүн усулдарын кеңири жана айкалыштырып колдоно билем(2) | Максаттар No. | Стратегиялар/аракеттер | Ресурстар | Ийгилик көрсөткүчтөрү | Натыйжалар | Мезгил | 1. | Дайыма курстарга катышканга аракет кылам | курстара | | жакшы | 01.09.2020 01,09.2021 | 2. | Изилдоо жургузөм | Интернетт булактары | | жакшы | 01,08.2019 01,10,2019 | 3. | Китептерди көп пайдаланам | адабияттар | | жакшы | | 4. | Сурагандан тартынбайм | Уулуу муундагылардан Кенеш алуу | | жакшы | | |
Эскертүү: Стратегиялар: Булар максатка жетүү үчүн сиз көрө турган аракеттер. Ресурстар: Булар сиз максатка жетүү үчүн керектеле турган нерселер… курстар, интернеттин жеткиликтүүлүгү ж.б.у.с. Ийгилик көрсөткүчтөрү: Булар сиздин максатка жете турганыңызды күбөлөгөн (айрыкча өз окуучуларыңыздын жетишүүсүндөгү) нерселер. Натыйжалар: Сиздин максаттарыңыздын түпкү натыйжасы. Мезгил: Качан баштап, максаттарыңызга качан жетүүнү болжолдогонуңуз. |
Г көнүгүүсү – кесиптик өнүгүүнүн жекече 2-планы
Июнь айына чейин мектептин кесиптик өнүгүү планын түзүп, аны мектеп жамааты менен талкуулаңыз. Аны август айындагы биринчи педкеңеште бекитип, окуу жылы бою аны ишке ашыруу менен алек болуңуз. Окуу жылынын аягында окуучулардын окуудагы жетишкендиктеринин жакшыруусуна баа берүүгө басым жасоо аркылуу ар кандай куралдардын жардамында өзгөрүүлөргө баа бериңиз. Өзгөрүүлөргө баа берүүнүн натыйжаларын жамаатта талкуулагыла. |
___Июн айында кесиптик өнүүгү планын тузүп мектеп жааматы менен талкуу кылыш керек .Себеби изденүүдөн дайыма ийгилик жаралат_____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ Түшүндүрмөлөр |
1 МЖД2 – бул Модулдун жумуш дептери
Модуль: Үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү Жумуш дептери | 9