Просмотр содержимого документа
«Баардык адам баласы учун керектуу»
АРМЯН ЭЛ ЖОМОГУ: ЭШЕКТИН ДОСТОРУ
Эшекчен Лоти тоодон түшүп келатып булак боюнда шарактай көңүл ачып, шарап ичип отурган жаштарды байкайт. Алардын бири Лотини көрүп кыйкырды:
— Аксакал, кайрылып бир чөйчөк шарап иче кетиңиз!
Лоти эшегинен түшүп, жаштардын жанына жетип отура калды.
— Чөйчөктөрдү толтургула! Биз аны узун кулак эшектин ден соолугу үчүн ичебиз! – деди жигиттердин бири.
— А мен эшектин чоң көздөрү үчүн көтөрөм!
— Мен эшектин чыдамкайлыгы жана күчтүүлүгү үчүн ичем!
— Мен эшектин кыска куйругу үчүн алам! – деп жаштар колуна тийген чөйчөктөрдү өйдө көтөрө мыскылдай күлүп, Лотини шакаба чекмей болушту.
— Эми аксакал, сен да эшегиңе каалоо-тилегиңди билдирип кой, — деди алардын бири.
— Кереги жок ко. Силердики эле жетиштүү болду окшойт, — деп Лоти кетенчиктеди.
— Жок, жок! Сүйлөй бер. Же эмне эшегиңди сыйлабайсыңбы? – жигиттер такмазасын улантты.
— Эмне десем эми… Силер атайын сурап жаткандан кийин мен да эшегиме ден соолук каалайм… Эх эшегим сен жакшы унаасың. Мени эч качан жөө калтырган эмессиң. Бирок сага таарындым. Эмне үчүн дегенде, сен мага ушундай жакшы досторуң бар экенин айтып койбопсуң, — деп Лоти ордунан туруп чөйчөктү шак тартып, эшегин шарт минип бастырып кетет.
Көпкөн жаштар эмне дээрин билбей кала беришет.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ