Есенжан Кожомкулов атындагы орто мектеби
Тарбиялык саат 9-класс Мугалим:Үркүнчиева Жумабүбү
Сабактын темасы: «Бактылуу үй-бүлөө Бактылуу коом»
Сабактын максаты: 1. Бакыт деген түшүнүктү ой жүгүртүү менен талдоо 2. Үй-бүлөөнүн коомдук, социалдык,жана адеп ахлактык мааниси жонундо түшүнүк алышат. 3. Үй-бүлөөлүк биримдикке, ата-энесин жана бир туугандарын урматтап сыйлай билууго, үй-бүлөөнүн курууда жоопкерчиликтүү болууга тарбияланышат
Бакыт дегенди ар бир адам ар башкача түшүнот. Бакыт бул – көнүлүндүн токтугу, үй-бүлөөнүн амандыгы, эл жердин тынчтыкы, ден-соолук. Курчап турган айлананын тынчтыгы, мекендин ынтымагы, элдин ыйман достугу. Бакыттын түбү жок десек болот.
Бакыт ааламды камтып, суйдөн турат. Көнулунө жагып турган нерселердин бары бакыт. Үй-бүлөө бактылуулугу ата –энеге сый урмат, балага мээрим төгү десек болот. Балага убакыт бөлүп курчап турган дуйнөнү тааныганга жардам берүү менен, коопсуз шарттарды түзүү керек. Үй-бүлөөдө келишпестиктердин кесепетин балага көрсөтпөгнгө аракет кылуу жана физикалык жазалоо болбошун ар бир ата эне билүүсү кажет. Үй-бүлөөдө балага коопсуз шарт түзүп , үй-бүлөө бир бүтүн, бактылуулуктун биримдиктин туткасы экенин балага туюндуруу керек.
Үй-бүлөө коомдун күзгүсү
Үй-бүлөө коомдун күзгүсү, бул жерде адамдар тарбияланып, мүнөздөрү калыптанып, эмгекке болгон мамиле бекемделип, улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызаттоо, идеялык жана маданият байлыктарыбызды барктоо сезими уялай баштайт. Үй-бүлөөдөгү мамиле, бири-бирин сыйлоо, адамды баалоодогу эн жогорку көрсөткүч болуп эсептелет
Макал-лакап, накыл сөздөр:
Бала бактысы ата-эне мээриминде,
ата-эне бактысы баласынын ийгилигинде.
Эне сыйлаган элге жагат, ата сыйлаган абийир табат.
Эне-үйдүн куту, ата- аскар тоо.
Балалуу үй- базар, баласыз үй- мазар.
Бейиш эненин таманы астында.
Апасы бактылуу болгон үй-бүлөөдө балдар да бактылуу болот!
Үй-бүлөөдөгү тынчтык- бейкуттук, сый- урмат эн кымбат нерсе. Эгерде үйдө тынчтык болсо, байлык да , максат да, бала да, бакыт да болот. Мамлекеттин мыйзамы болгондой эле ар бир үй-бүлөөнүн өзүнүн мыйзамы бар, демек мамлекетти президент башкарган болсо, үй-бүлөөнү ата башкарса, ал үй-бүлөөдө тартип, баланы тарбиялоо жана үй-бүлөөнү каржылоо да жакшы жолго коюлат. Эгерде бардык жагынан төп келген үй-бүлөөлөр көп болсо мамлекет да бекем, күчтүү болоору шексиз. Үй-бүлөө мамлекеттин ячейкасы.
Үй кирпичтен куралган сыяктуу, үй-бүлөөдөн мамлекет куралат . Үй-бүлөөдө мамлекеттин келечек жарандары өсуп тарбияланат. Үй-бүлөө чон же кичине болуусу маанилуу эмес. Маанилуусу - ичиндеги бакыттын чондугу!
Сабакты жыйынтыктоо: Атаныкы үй-бүлөө тактысы, Эне деген үй-бүлөө бактысы . Чогултат ынтымак менен ырыскы, Бирдикте болсо баарысы. Үй-бүлөөдө болсо ынтымак, Ырыскы бүткүл чогултат. Жылмаю кетпей жүзүндөн, Бактылуу өмүр курушат
Үйго тапшырма: Өз үй-бүлөөсү жөнундө ооз эки айтып берүү
Биз таажы вируска каршыбыз! Үйдө болгула!
Майрамыӊыздар менен! Майрамыӊыздар менен! Майрамыӊыздар менен!