СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Башкаруу байланышы (5-класс)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Башкаруу байланышы (5-класс)

Просмотр содержимого документа
«Башкаруу байланышы (5-класс)»

Сабактын темасы: БАШКАРУУ БАЙЛАНЫШЫ Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: башкаруу байланышы тууралуу маалымат алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: башкаруу байланышындагы сөз айкаштарын түзө алат. Тарбиялоочулук: көнүгүүлөрдөгү тексттер аркылуу эмгекчилдикке, адептүүлүккө тарбияланат.

Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу ... а) башкаруу байланышын сүйлөмдөн таба алса;

б) башкаруу байланышына мисал келтире алат;

в) тексттерди иштөө менен эмгекчилдик, адептүүлүк мыкты сапат экенин билсе.

Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:

Тилдик компетенттүүлүк:

  • башкаруу байланышында багыныңкы сөздүн барыш, табыш, жатыш, чыгыш жөндөмөлөрүндө турушун билет;

  • байланыштын бул түрүнүн багыныңкы сөзгө кызматчы сөздөрдүн (жандоочтор) тизмектеле келүүсү менен жасаларын өздөштүрөт;

Кептик компетенттүүлүктөр:

  • сүйлөө кебинде сөз айкаштарын ыктуу колдоно алат;

  • башкаруу байланышындагы сөз айкаштарына мисалдар келтире алат.

Маданий компетенттүүлүк:

  • улуттук маданиятты түшүнүү менен сөз жана сөз айкаштарын ажырата алат;

  • тил аркылуу улуттук сөз өнөрүн үйрөнүү.

Сабактын тиби: алган билимди чыңдоо сабагы.

Сабактын методу: интерактивдүү методдордун айрым стратегиялары: Венндин диаграммасы, кластер түзүү.

Сабактын жабдылышы: дидактикалык карточкалар, методикалык колдонмолор, ватман, маркер, скотч ж. б.

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу 2. Өтүлгөн теманы кайталоо. Кайталоодо топторго дидактикалык карточкалар таратылат:

  1. топ үчүн: - жаңы китеп, өнөрлүү окуучу, сулуу кыз дегендер кандай байланышта турат? Эмне үчүн ошондой ойлойсуңар?

  2. топ үчүн: - сабакты көздөй, мекен тууралуу, машина менен дегендер сөз айкашы боло алабы?

  3. топ үчүн: сөздөрдүн маанилик жана грамматикалык байланышы дегенди кандай түшүнөсүң?

Ар бир топтон лидерлер чыгып, тапшырмаларын жактап беришет, кемчиликтери толукталат.

Жаңы тема: Байланыштын бул түрүндө негизги (багындыруучу) сөз багыныңкы сөздүн барыш, табыш, жатыш, чыгыш жөндөмөлөрїндө турушун талап кылып башкарат: мектепке баруу, сабакта болуу, тоого чыгуу, сууда сүзүү, китепти алуу, сабакты даярдоо, тоодон кайтуу ж. б.

Байланыштун бул түрү багыныңкы сөзгө жандоочтордун тизмектеле келүүсү менен да жасалат: тартип жөнүндө сүйлөшүү, келечек тууралуу ойлонуу, мектепти көздөй басуу ж. б.

Окуу китебиндеги 101–102–103-көнүгүүлөрдү топтор аткарып, маанисин айтып беришет жана башкаруу байланышында турган сөз айкаш- тарын таап чыгышат. Ошону менен бирге алардын эмне үчүн башкаруу байланышы экендигин түшүндүрүп беришет. 104-көнүгүүдөгү табышмактарды окуп, жандырмактарын табышат. Башкаруу байланышындагы сөз айкаштарын көчүрүп жазып, негизги жана багынычтуу түгөйлөр кайсы сөз түркүмүнөн жасалганын, багыныңкы сөздүн кайсы жөндөмөдө турганын айтып беришет. Ошону менен бирге жооп болгон (саат, доска, эненин сүтү, карта) сөзгө синквейн түзүшөт.

Ар бир топтон окуучулар чыгып түзгөн синквейндерин (беш сап ырды) окуп беришет. Ошондон кийин 1-топ башкаруу байланышына кластер түзөт. 2-топ сөз жана сөз айкашына Венндин диаграммасын жа- зат. 3-топ Адамга туулуп-өскөн мекени кымбат. Ачууну акыл басат деген сүйлөмдөрдү сөз айкаштарына ажыратып, башкаруу байланышында турган сөз айкашын аныкташат жана эмне үчүн башкаруу экенин далилдеп айтып беришет. Топтордон өкүлдөр чыгып, тапшырмаларын жактап беришет, кемчиликтери топтун калган мүчөлөрү тарабынан толукталат.

Окуучулардын билимин баалоо критерийдин негизинде жүргүзүлөт.

Окуучунун билим көрсөткүчтөрү аркылуу баалоо:
  • эрежени билип, аны пайдалана алышы;

  • сөз, сөз айкашы жана сүйлөмдү бири-биринен айырмалашы;

  • сүйлөмдөгү сөздөрдүн байланышуу жолдору боюнча мисалдарды таап, талдашы;

  • жооптордун так жана тууралыгы;

  • өзүнүн оюн далилдеп бере алышы

Үй тапшырма: 5 сүйлөм түзүп, андан башкаруу байланышындагы сөз айкаштарын аныктоо.