Просмотр содержимого документа
«Биоценоздун структурасы анын бутундуулугун кармап туруунун негизи катары»
Биоценоздун структурасы анын б ү т ү нд үү л ү г ү н кармап туруунун негизи катары
Сабактын максаты
- Биоценоздун структурасы: түрдүк, мейкиндиктик жана азыктык (трофикалык), биоценоздун ярустук курулушу жɵнүндɵ билимдерге ээ болушат;
- Азыктануунун чынжырларын : жайлоолук,детриттик, сапрофиттик жана алардын айырмачылыктарын ɵздɵштүрɵт;
- Биоценоздогу организмдердин вертикаль таралышы эмнеге байланыштуу экенин талдап билишет;
Биоценоздун структурасы анын ичинде жашагандардын түрдүк курамы жана организмдердин түрлɵрү боюнча сандык катышы менен ошондой эле ээлеп турган мейкиндикте ар кандай түргɵ кирген организмдердин закон ченемдүүлүктɵ таралышы жана организмдердин ортосундагы азыктык байланыштар менен кɵрүнɵт
Биоценоздун структурасы
Биоценоздун түрдүк структурсы
Ар бир биоценоз ага мүнɵздүү болгон организмдердин түрлɵрүнүн ар биринин белгилүү сандары менен калыптанган. Бир биоценоздогу түрлɵрдүн жалпы саны ондогон миңге жетиши мүмкүн.М; түрлɵргɵ бай болгон жана түрлɵргɵ жарды болгон биоценоздорду алсак болот.
Биоценоздун мейкиндиктик структурасы
ϴсүмдүктɵрдɵгү кабаттуулук
Кабаттуулук (ярус) - жаратылыштагы биргелештиктерде кɵп жылдар бою бири-бирине ыңгайлануунун натыйжасында ɵсүмдүктɵрдүн күндүн энергиясын талап кылуусуна, узун-кыскалыгына карай белгилүү ирет менен жайгашуусу аталат.М; биоценоздордун ярустук таралышы токойлордо ɵтɵ ачык кɵрүнɵт.
Жогорку ярусту жарыктыкты сүйүүчү өсүмдүктөр түзөт. Төмөнкү яруста көлөкөгө чыдамдуулар, эң төмөндө болсо көлөкөнү сүйүүчү түрлөр өсөт. Өсүмдүктөрдүн мындай жайгашуусу күн энергиясын толук өздөштүрүүнү камсыздайт. Биринчи ярусту бийик дарактар (эмен, терек, ясень, жөкө),экинчи ярустуу анчалык бийик болбогон дарактар (жапайы алма, алмурут, четин) түзөт. Үчүнчү ярус бадалдар (токой жаңгагы, калина), төртүнчү бийик чөптөр жана чала бадалдардан, бешинчи ярус бийик болбогон чөптөр (жер тыт, ясендер) ден турат. Биоценоздогу жаныбарлардын түрлөрү фитоценоздун кандайдыр ярустарына байланыштуу болот. Биринчи яруста дарактардын жалбырактары менен азыктануучу курт-кумурскалар кездешет, экинчи ярусту куштар жана дарактардын бутактарындагы зыянкечтер-кабыккор жана муруттуу коңуздар ээлейт. Кийинки ярустарда жырткыч жана туяктуу жаныбарлар, куштар, кемирүүчүлөр жашайт. Бешинчи ярус кенелер көп буттуулар жана башка майда жаныбарларга бай болот.
Биоценоздун азыктык (трофикалык) структурасы
Азыктануу чынжыры – бул бири-бири менен азыктанган организмдердин ырааттуулук катары. Азыктануу чынжырынын эки негизги тиби бар:
- жайлоо тиби (жегичтер чынжыры)
- детриттик (ажыроо чынжыры)
Жайлоо тиби (жегичтер чынжыры)
Бул типтеги азыктык чынжырдын негизин ɵ с ү мд ү кт ɵ р (автотрофтук организмдер) жана жаныбарлар (гетеротрофтук организмдер) т ү з ɵ т.
1. ϴсүмдүктɵрдү жеген жаныбарлар (чегиртке, коңуздар) – биринчи катардагы пайдалануучулар
2. Жандууларды жеген жаныбарлар (бака, жылан, кескелдирик) – экинчи катардагы пайдалануучулар
3. Жырткыч жаныбарлар, экинчи катардагы пайдалануучулар менен азыктангандар – үчүнчү катардагы пайдалануучулар
Детриттик азык чынжыры ( латынча детритус – талкаланган, майда органикалык б ɵ л ү кч ɵ л ɵ р)
Детриттик азык чынжыры к ɵ б ү нч ɵ токойлордо кездешет. М; ɵ с ү мд ү кт ɵ рд ү н т ү шк ɵ н жалбырактарын сапрофиттер чирит үү ч ү бактериялар ажыратып минералдаштырат. Чириген ɵсүмдүктɵрдүн калдыктарын сɵɵлжандар, курт-кумурскалардын личинкалары, кырк аяктар келерки звенодогу пайдалануучулардын азыгы катары кызмат кылат
ЖЫЙЫНТЫКТОО
Биоценоздун структуралары анын бүтүндүүлүгүн кармап туруунун негизин түзɵт. Организмдердин түрдүк курамы чɵйрɵнүн шарттарына ылайык калыптанат, ал жерлерде табигый биргелештиктер жашайт. Биоценозду куруучу түрлɵр, ярустар боюнча таралып, бири-бири менен азык чынжыры аркылуу байланышып, биздин планетадагы ар кандай жаратылыш коомдорунун узак убакыт бою жашоосун камсыздайт.
ΥЙ ТАПШЫРМА
§ 37 202-209 бет окуу, 209-беттеги суроолорго жооп жазуу