Кыргызча рефераттар, макалалар, материалдар...
Студенттер тууралуу сүрөттөр, видеолор, тамашалар...
Мунун баардыгы студенттик порталда!
Students.com.kg
Баардыгы студент үчүн!!!
Ч.Айтматовдун «КАССАНДРА ТАМГАСЫ» романы АЙТМАТОВ КОСМОСУ — АДАМ ЖАНА ААЛАМ
Чыңгыз Айтматовдун «Кассандра тамгасы» романындагы көтөрүлгөн глобалдык проблемаларды жан дүйнөм менен кабылдап, ойдон ойго чөмүлүп, Жер менен Космостун чексиз мейкиндигинде жан-алакетке түшүп жатканда негедир элибиздин ой менен сөздүн эң бийик, ыйык синтезин көрсөткөн ташка тамга баскандай элестүү да, көркөмдүү да, маанилүү да терең асыл касиет — кереметтерди камтыган өмүр менен өлүмгө, адам жана коомго байланыштуу нечендеген макал-лакаптарын айласыз эскерип жаттым: «Жакшыдан жаман туулса чыгаша», «Баланын туулганына сүйүнбө, тураарына сүйүн», «Баланын өзүн төрөйт, кыял-жоругун кошо төрөбөйт», «Бири тентек чыкса, бири жөртөк болот», «Бала жакшысы — атанын даңкы, кыз жакшысы — эненин баркы» ж.б.
Анан да кандайдыр бир катуу өкүм менен «Туулбай туураңдан калгыр» деп коюшат. Эмне үчүн?! Кастыктанбы?! Көрө албастыктанбы?! Кара өзгөйлүктөнбү?! Өзүмчүлдүктөнбү?!.
Айтматовдун планетардык ой жүгүртүүсү Адамзат менен Аалам масштабында адам жашоосунун, тагдырынын келечектеги эволюциясы жөнүндө сөз кылууга мүмкүндүк берет. Айтматов дүйнөнүн төрт бурчунда жашаган жүздөгөн элдердин психологиясынын экстремалдык кырдаалга байланыштуу өзгөрүшүнө космостук бийиктиктен байкоо салат. Космос — бул автор үчүн Аалам гана эмес, Адам рухунун байлыгы. А рух — адамзаттын түбөлүк категориясы. Чыңгыз Айтматовдун Ааламы — Мейкиндик жана Мезгил жагынан чектелбеген чексиз бүткүл дүйнө. Айтматовдун Космосу — адам интеллектисинин бийиктиги.
Жазуучу адам баласынын өзүн-өзү таанып-билүү процессинин эң татаал баскычтарына, коомдун жана ойлоонун өнүгүшүнүн ички сырына, маңызына, закондоруна, генетикадагы теориялардын адамзаттын жашоосу үчүн ролуна жана биохимиялык, мутагендик методдордун жеке адамдын психологиялык өнүгүш процессине зор таасирине, менделизм менен дарвинизмдин концепцияларына, адам баласынын эмбриондук өнүгүшүнө бекер кызыгып жатпагандыгын көрөбүз. Эмбриондук өнүгүү — органазмдин жекече өөрчүшү энелик клеткадан — зиготадан башталган менен, анын бүткүл дүйнөлүк жалпы социалдык-психологиялык, философиялык-нравалык, моралдык-эстетикалык мааниге эгедер экендиги «Кассандра тамгасы» романынын эң башкы тематикасы.
Кассандра тамгасы — бул эмбриондун жашоодон, жарык дүйнөгө келүүдөн, келечектеги жоопкерчиликтен, милдеттен баш тартуусу, коомчулукка билдирүүсү. Кассандра тамгасынын сигнал белгиси аркылуу негативдүү түйүлдүктөн адам баласынын «бешенесине жазылган тагдырды» байкап билсе болот экен. Анын өмүр сүрүшү өзүнө эмес, биосфера менен геосферага тыгыз байланыштуу. Кассандро-эмбриондун сигнал-белгисин этибарга албоо — Адамзат менен Ааламдын түбөлүктүүлүгүнө, өсүп-өнүгүшүнө кайдыгер кароо дегендик.
«Трибюн» газетасынын баш редакторуна Космостон келген кабар-факс адамзат баласынын тарыхында дүйнөлүк масштабдагы сенсациялык мааниге ээ эле. Бул кабар-факсты жарыялоо канчалык сыймык болсо, ошончолук деңгээлде жоопкерчилик милдети турган болчу. Ошондуктан редколлегиянын кеңешмеси шашылыш өтүп, алар «ийри отуруп, түз кеңешип», «жети өлчөп, бир кесишип», кантсе да космостук кайрылууну окурмандарга жеткирүүнү туура табышат. Корреспондент-кызматкерлерге кимдир бирөөлөр менен бул окуя тууралуу пикир алышууга, телефондорго, факстарга жооп берүүгө, окурмандарды редакциянын имаратына киргизүүгө катуу буйрук берилип, талап коюлат. Ошону менен бирге «Трибюн» газетасы бир келген сенсациялык «шансты» кое бербегенге, кабылдаган кабар-факсты тезирээк жеткирүүгө ынтызар болчу, анткени анын номери кичине эле кечиксе, бул материалды башка газеталар жарыялап жибериши толук мүмкүн эле.
Космостон Жерге кайра кайтып келүүдөн баш тартып, орбиталык станцияда жападан жалгыз калып калган бир чети орус окумуштуусу, бир чети Филофей деп өзүнө жалган атак берген Андрей Андреевич Крыльцов илимий ачылышынын дүйнөлүк мааниси жөнүндө Рим папасына жазган катынын мазмуну адам баласынын эмбриондук өнүгүшүнө, тукум куучулукка, онтогенез менен филогенезге, генотипке, генофондго, биобашкарууга, биосинтезге, биоматерияга барып такалат. Энеде эмбрион (түйүлдүк) пайда болгондон алгачкы күндөрдө эле интуитивдүү түрдө алдын ала аны турмуштун кандай тагдыры күтүп тургандыгын жана ага өзү эмбрион кандайча мамиледе болорун туят. Эгерде ал мамиле негативдүүлүктөн кабар берсе, анда кассандро-эмбрион жарык дүйиөгө келүүгө каршылык көрсөтүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болот.
Филофейдин эксперименттик методу — илимий ачылышы космостон зондаж-нурду жиберүү менен энелердин курсагындагы түйүлдүктөн коом үчүн жакшы, же жаман адам баласы жашоого келерин билдирет. Эмбриондун негативдүү реакциясы аялдардын маңдайындагы пигменттүү тактан көрүнөт. Эгер ал так, темгил бар болсо ата-эне гана эмес, жалпы континенттеги адамдар тынчсызданышы керек. Филофейдин теориясы боюнча негативдүү кассандро-эмбрионго өз каалоосу менен бул жашоого мүмкүндүк бербөө — бул согуштан, кан төгүүдөн, жакырчылыктан, кайгы-кападан, кыямат-кайымдан алыс болуу гарантиясына кепилдигине ээ кылат.
Балким, Филофейдин теориясынын акыйкаттыгы бардыр: андай болгондо канчалаган аборттор жасалып, канчалаган наристелер таштандыларга ыргьгтылбайт эле! Алардын убал сообу кимде?! Келечекте Гитлер сыяктуу фашист диктаторлор жаралбас эле, Югославиядагы, Карабахтагы, Чеченстандагы кандуу кагылышуулар, мафия, наркомандар, түрмөдөгү бандиттер чыкпас эле, балким, бул болочоктогу кассандро-эмбриондун ата-энеси үчүн да керектир. Жерде жашоо-тиричилик улана берүү үчүн адамдардын сансыз сапатсыз санынын зарылдыгы жоктур! Ядролук, биологиялык, химиялык курал-жарактарды ойлоп чыгаруу токтолор! Ошондо жакшылык жамандыктын үстүнөн биротоло жеңип чыгар! Бул — утопиябы?! Фантазиябы?! Иллюзиябы?! Гипотезабы?!.
Белгилүү америкалык футуролог Роберт Борктун «Трибюн» газетасындагы космостук кайрылууга окумуштуулук көз карашы коомчулук үчүн зарыл керек эле! Ал кандай позицияны ээлейт?! Анын жеке пикири көпчүлүктүкүнө төп келбей калса кандай болот?! Ал окумуштуулук абийирин өмүрүнүн аягына чейин сактап кала алабы?!
Борк «Трибюн» газетасындагы илимий ачылышты аялы Жессиден укканда, ага анча маани берген эмес эле. Бирок Кассандра тамгасы тууралуу ой анын ички дүйнөсүнө тынчтык бербейт, качандыр бир жаштык кездеринде келечектеги адамзаттын жашоосун интеллектуалдуу моделдерден түзүү жөнүндөгү дискуссиянын бирден бир жактоочусу болушу түпкүрүндө түйүлүп жаткан сырдын эртедир-кечтир чечмеленишин күтүп жаткан. Кассандра тамгасынын айланасындагы окуя Боркту идея үчүн башкалар менен ачык кагылышка алып барышы мыйзам-ченемдүү болчу.
Ч. Айтматов Борктун образы аркылуу прогрессивдүү көз караштагы, гуманист, чынчыл, абийирдүү, илимдин өсүп-өнүгүшү үчүн күйүп-бышкан окумуштуунун образын окурмандарга элестүү тарта алган. Автордун позициясы каарман тарапта экендигин айтпасак да түшүнүктүү. Каарман — окуяларды синтездеп турган эң башкы борбор.
Борктун окумуштуулук да, адамкерчилик да принципиалдуулугу президенттикке ат салышып, өзүнүн кандидатурасын көрсөтүп жаткан эски бир таанышы Оливер Ордок менен телефондон алгач сүйлөшүүсүнөн эле билинет. Ал Филофейдин теориясын башкаларга окшоп тайсалдап, кыргызча айтканда «келмеси оозунан түшүп» кабыл албайт, бардыгына акыл-эстүүлүк, сабырдуулук, токтоолук, илимдеги ири ачылыштын бир түрү катары мамиле кылат.
Борктун жердеги Филофей катары чыга келиши да автор тарабынан психологиялык жактан терең ынандырылган. Жазуучу сүрөттөгөндөй, каармандын тажрыйбасы, эрудициясы гана Филофейдин теориясына объективдүү баа берүүгө мүмкүн эле. Окумуштуу коомчулуктун алдында өз пикирин жарыялоону туура табат. Анын макаласында «Адам» деген түшүнүктү комплекстүү — социалдык, философиялык, биологиялык, психологиялык, нравалык ж. б. жактан карап, Филофейдин теориясынын реалдуулугун илимий аргументтүү негизде бекемдеши тагдырындагы эң бир орчундуу проблемалардын бири эле. Ошондуктан жазуучу каарманынын жөн эле космостук идеянын пикирлеши гана эмес, анын ички дүйнөсү ага дапдаяр катары чагылдырат. Каармандын өзүнүн нечен жылдардан берки илимий изилдөөсүнүн жыйынтыгы да эртедир-кечтир Филофейдин теориясына жакын ачылышты берүүгө жакындап калган. Борктун жеке тагдыры да космостогу Филофейдин тагдырына чырмалышып байланган. Жалгыз кызы да, аялы да Боркту идеядан баш тартуудан токтото албайт. Ал башын баталгага коюп койгон болчу. Жашоонун маңызы, адамзат тагдыры, өмүр жана өлүм, диний ишенимдер, жакшылык жана жамандык, жан-жаныбарлардан тартып космостук сигнал-эскерүүлөргө маани берүү — Борктун илимий макаласынын негизин түзүп жаткан.
Бирок коомчулук Боркту түшүнгөн жок. Анын ысмын, намысын, абийирин булгаган баракчалар таратыла башталат. Анын сөзүн угушпай, сүйрөп, койгулап, башын жарып өлтүрүшөт. Бул трагедия, биринчиден, адам баласынын идея үчүн керт башын сайып койгондугун түшүндүрсө, экинчиден, пенделердин мыкаачылыгын, жоопкерсиздигин, абийирсиздигин билдирет. Жакшылык жок, жамандык бар. Ч. Айтматовдун каарманы кайрадан улуу трагедияга кириптер болот. Трагедия демекчи, ал өлүм менен гана чектелбейт эмеспи! Жазуучу каарманын окуялардын башынан баштап эле трагедиялык чечилишке психологиялык жактан даярдагандыктан, жалпы жыйынтык мыйзам-ченемдүүлүктөн келип чыгат. Борктун окумуштуулук патриоттуулугу, ишмердүүлүгү, активдүүлүгү, чынчылдыгы улуу трагедияны жаратат.
Полицейский аял наркоман мафияга күрөшүп жатып, өзүнүн маңдайында Кассандра белгиси пайда болуп, келечекте көз жара турган баласы жөнүндө трагедиядан сигнал-кабар берип жатканын билбейт. Баласы чоңойгондо мафиячыл, кылмышкер болсо эмне болот?! Ушундай баланын жарык дүйнөгө келиши туурабы?! Эмне үчүн кассандро-эмбриондун пайда болушуна аялдар гана күнөөлүү?!. Эркектерчи?! Эмбрионго катышы жокпу?!.
Оливер Ордоктун ички дүйнөсү Роберт Борк менен Энтони Юнгердин көз карашына карама-каршы. Ал өз кызыкчылыгы үчүн бардыгын сатып жиберүүгө даяр. Анын эки жүздүүлүк интригасы шайлоочулар менен жолугушууда ачык айкын билинет. Борктун пикирин билип алгандан кийин, аны сасык саясатка аралаштырып, ар бир «шансты» жеке өз карьерасы үчүн жумшайт. Ч. Айтматовдун сүрөттөөсүндө каармандын трагедиясы — рухий дүйнөсүнүн жардылыгында, саясий сокурдугунда.
Эмоция, кызыл-кандуулук, бир беткейлик, аша чапкандык, ала бармандык митингичилерди ээлеп алганда, сел сымал каптап кетет. Өрт коюу үчүн ширенкени гана тартып жиберүү керек. Мына ушул ситуацияны сезген Оливер Ордок шайлоочуларды Филофейден, Борктон өч алууга үндөсө, шайлоочулар болсо аны президенттикке бир добуштан шайлоого убадаларын беришет. Жалгандык акыйкаттыкты басмырлайт, абийирсиздик тазалыкты тепсейт. Чындык чыркырайт, бирок аны уккан эч ким жок, эч кимдин уккусу да келбейт, Дүйнөдөгү жашоо дал жамандыктан — зордук-зомбулуктан, алдамчылыктан, көрө албастыктан, эки жүздүүлүктөн, сатып жиберүүчүлүктөн тургандай элес калтырат. Бул өзүнчө трагедия эле.
А бирок жазуучу Энтони Юнгердин жаркын образы аркылуу жакшылыктан үмүт үзбөш керектигин чагылдырат. Энтони Юнгер — Абийир, Ишеним, Келечек. Ал адамдын таза жүрөгүнөн, бийиктигинен Оливер Ордоктон кол үзүп, Борк менен Филофейдин идеяларын жактоочусу жана улантуучусу катары чыга келет. Коомчулукка кассандро-эмбрион теорияны түшүндүрүү зарылдыгын түшүнүп, Борк, Филофей менен түз эфир уюштурууга аракеттенет. Муундардын байланышынан адам баласынын тарыхый барактарында Улуу Идея, Адамдын Улуулугу жашап кала берери көрүнөт. Чыңгыз Айтматовдун каармандары Абийирдүү Жашоону даңазалашат.
Чынгыз Айтматов мурдагы чыгармаларында («Ак кеме», «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт») адам баласынын жаралышын байыркы ата-бабалардын тарыхына кайрылып, философиялык мааниси бар легендаларга, уламыштарга, мифтерге байланыштырып чечмелесе, «Кассандра тамгасында» «Адам баласы кантип жаралып жатат» деген суроого бүгүнкү илимий-техникалык революциянын ири жетишкендигинен жооп издейт. Табияттын гармониясы бузулуп, жасалмалуулук каптап барат, каптап барат...
Фантастика темасы — Ч. Айтматов үчүн өтө тааныш. «Кылым карытар бир күндөгү» Космос проблемасы жаңы романда уланып жатат. Космос — Жер — Космос! Паритет-космонавттардын аң-сезиминдеги революциялык бурулуштар Филофейдин аң-сезиминде жаңыланып жатышы бекеринен эмес. Улуу ачылыштар, байкоолор бийик Орбиталдык станциядан — Космостон гана жарала алмакчы. Ч. Айтматов фантастикалык ой-идеялардын жаратуучусу, а бирок анын негизинде реалдуулуктун «үрөөн-уругу» жаткандыгын айдан-ачык эле байкоого болот.
Ч. Айтматовдун романынын сюжеттик канвасы ар тараптуу өнүгөт. «Кассандра тамгасынын» сюжеттик-композициясы, тематикасы автордун мурдагы чыгармаларынан түп-тамырынан айырмаланып турат. Чыгарма публицистикалык стилде жазылган, автор үчүн окуя куу максат эмес, каармандардын кыймыл-аракетинен диалог, подтекст, ой жүгүртүү басымдуулук кылат, эң башкысы генетика илиминин проблемаларына философиялык, психологиялык, нравалык ракурстан кароого кызыгат. Романдагы проблемалар — бардык улутка, элге таандык, жалпы адамзаттык проблемалар.
Филофейдин кассандро-эмбрион теориясы жалпы адамзат үчүн трагедия. Космостук кайрылуу романдагы окуялардын өнүгүшүнө шарт тузүп, чыгарманын өзөгүн ээлейт. Бекеринен Ч. Айтматов каарманынын кайрылуусунун маанисин майдалап жазбайт. Филофей илимий теориясын жөн гана баяндап койбостон, аны практикада кездешүүчү реалдуулук катары көрсөтөт.
Космостук изилдөөнүн жетишкендиги адамдарды жакшы, ынтымактуу жашоого чакырат, анткени көпчүлүк маселелер өздөрүнүн колдорунда эмеспи! Кайсы системада жашабасын, кайсы расада болбосун — Адам бийик. Филофейдин кайрылуусун социалдык, биологиялык, диндик, философиялык, моралдык позициядан комплекстүү талдоо керек. Адамдын ыйыктыгына шек келтирбөө бүгүнкүнүн жалпы проблемасы. А бирок эки аяктуунун баары эле — Адамбы?! Туула тургандардын баары эле Адам боло алабы?! «Ошол дагы Адамбы?!» деген кыргыздын карапайым сөзү кайдан келип чыккан?!
Филофейдин теориясынын америкалык «Трибюн» газетасына чыгышы жалпы планетадагы адамзаттын «төбө чачын тик тургузду». Ата-эне кантип болочоктогу наристесинен баш тартат?! Баланы тарбиялоого эмне үчүн болбосун?! Ар дайым кассандро-эмбрион негативдүү сигнал-белги бере берсе, адамдын укум-тукуму көбөйбөй калбайбы?! Кассандро-эмбриондор дүйнөнү каптап кетишсе, Адамзаттын тагдыры эмне болот?! Бул «Жакшы атанын кашыктап жыйнаганын, жаман уул чөмүчтөп чачат», «Жакшыга жанаш, жамандан адаш», «Ата намысын арсыз уул кетирет», «Жакшы менен жүрсөн жетерсиң муратка, жаман менен жүрсөң каларсың уятка» дегендик эмеспи?! Филофейдин теориясына ишенүүгө болобу?! Ядролук курал жер шарын жок кылууга даяр фанатик диктаттын колуна түшүп калса эмне болот?! Водород бомбасынын атасы Сахаровдун өз идеясынан баш тартканы ушундан болуп жүрбөсүн?! Цивилизациянын жетишкендиги Адамзаттын келечегин интеллектуалдуу «Рим клубунун» моделиндегидей конструкциялоого мүмкүндүк бере алабы?!
Филофейдин теориясына каршы репортаждар уюштурулуп, митингилер өткөрүлүп жатты: Адамдын укугу кайда?! Коиституцияны бузуу дегендик эмеспи?! Демократиялык өлкө деген ушулбу?! Жеке инсандын тагдырына кийлигишүүгө, теорияга зордуктап жашатууга кимдин акысы бар?! Аны Американын президенттигине талапкерлигин көрсөткөн Оливер Ордок да өз кызыкчылыгына колдон келишинче пайдаланып, кадыр-баркын көтөргөнгө аракеттенди. Америкалыктар Филофейди орустун агенти дешсе, кытайлар социализмдин душманы, башкалары космостук азезил, анархист азезил катары кабыл алышып, аны атып түшүрүүнү талап кылып жатышты. Футуролог Роберт Борк гана Филофейдин теориясында чындыктын данеги бар экендигин тереңден түшүнө алды. Океанда эркин сүзгөн киттер менен космостук илимий ачылыштын ортосунда ички билинбеген табигый сырлуу байланыш жаткандыгын туюп билди. Эмне үчүн киттер үйүрү менен түнүчүндө жээкти көздөй сүзүп келип, өлүмгө өздөрү кириптер болушат?! Киттер... киттер гана эмес, Кремлдин дубалынын мунарасында көп жылдан бери уялаган үкү да дүйнөдө бир балакет болорун сезип жатты...
Социализм. Капитализм. Демократия. Жазуучу Кремлдин айланасындагы демонстранттардын, митингичилердин эмоциялык ал-абалдарын таасирдүү кино экранында түшүрулгөндөй жандуу сүрөттөйт. Демократтар жана консерваторлор. Фиделисттер жана саддамисттер. Ленин-сталинчилер жана гитлерчилер. Интернационалисттер жана националисттер. Пенсионерлер жана жаштар. Согушту каалоочулар жана жек көрүүчүлөр. Эч ким эч кимди укпайт. Кыйкыруулар, ызы-чуулар. Жарыша куралдануунун тарабындагылар согушту каалабаган жаш жигитти токмоктоп жатышат, экинчиси жаш кызды өлтүрүп, өрттөп жатат. Эч ким эч кимге жоопкер эмес! Заман тарыган, пейил бузулган. Толук анархия!!!
Романда фантастикалык идеялар, көркөм образдар жыш болгондугуна карабастан, тарыхый адамдардын Гитлер, Сталин, Горбачев, Сахаровдордун ысымдары аталат. Албетте, жазуучу жөн эскерген жок, аларга байланыштуу замандын «дөңгөлөгу» ар кандай айланды. Ошондуктан, алардын тарыхтан алган ордулары да ар башка.
Романда эл аралык «Ысык-Көл форумунун» «элеси» да көрүнүп турат. Форумдун катышуучуларынын Адам баласынын тагдыры жөнүндөгү көз караштары бир жерден чыкты, дүйнөлүк пикирлештикти пайда кылды. Романдын каармандары да форумдун катышуучулары болуп саналат. Жаңыча ой жүгүртүү, маалымдуулук, интеллектуалдык, дүйнөнүн келечеги, согушту жек көрүү сезими, адамдын аң-сезиминин эволюциясы, элдердин мамилелеринин этикасы жана философиясы, жаштар, илим-тарбия, цивилизацияны сактап калуу ж. б. «Ысык-көлчүлүктөрдүн» эл аралык жолугушуусундагы талкуулардын аспектилери мына ушундай болгон. Ч. Айтматовдун форумдун кеңешмелеринде сүйлөгөн сөздөрүнүн мааниси романдын идеясы менен төп келип жаткандыгы төгүн эмес. Публицистикага ширелген көз караштары көркөм чыгармада улуу илимий-фантастикалык идеяларга чейин өсүп чыкты.
Дүйнөнүн төрт бурчун дүрбөлөңгө түшүрүп жаткан Филофей — орус окумуштуусу Крыльцов. Анын өмүрү татаал. Согуш мезгилинде жарык дүйнөгө келген наристе ата-энесинин ким экендигин билбейт, атасы, балким, фашист-немец болушу мүмкүн, ал эми энеси болсо намысына чыдай албай баланы таштап кеткен. Ажалы жок экен, өлбөй-житпей чоңоюп, билим-илим алып, окумуштуулук даражага жетишет.
Филофейдин теориясы жөн жерден чыга калбаптыр. Филофей — Андрей Андреевич Крыльцов мурун өмүрүн искроддорду — жаңы адамдардын түрүн анонимдүү жасалма жол менен жаратуу проблемасын чечүүгө арнаптыр. Искроддордун бүткүл дүйнөлүк-тарыхый мааниси бар экен: туулган балдар ата-энелерин билбеши керек, аларды интернат, детдом тарбиялап, багып өстүрүп, билим берип, дүйнө жүзү боюнча коммунизмге эртерээк жетүү үчүн илимдердин бардык жетишкендиктерин пайдалануу зарыл. Ал үчүн Андрей Крыльцовдун институтуна материалдык-техникалык, финансылык жактан эбегейсиз жардам берилип турган. Түрмөгө кесилип кеткен кыз-келиндерге генетикалык-биологиялык эксперимент өткөрүлгөн. Искрод — бул «манкуртизмдин» жаңы тиби, алар XXI кылымдын идеологиясынын рыцарлары болушмак. Окумуштуу адамдарды инкубатордон чыгаргандай эксперименттөө методуна өтө кызыгып иштеген. Ата-эненин мээримин көрбөй чонойгон, үй-бүлөнүн да ырахатын көрбөгөн окумуштуунун жүрөгүн «муз» каптап калган эле. Крыльцов илимий практикасында эксперименттен экспериментке көчүп, адамдын тагдыры менен ойноп жүргөндө Руна Лопатинага туш болот. Руна ага абийирдин алдында жооп берүүгө милдеткер кылат.
Руна Лопатина демекчи, Крыльцов өзүнүн илимий экспериментин түрмөдөгү аялдарга жасоодон баштайт. Алар экспериментке макул болушса, так айтканда жасалма жол менен наристелерди жарык дүйнөгө алып келип турушса, алардын түрмөдөгү кесилүү мөөнөтү кыскарып турган. Мындайча айтканда, түрмөдө отургандар да, илимий ачылышка камкордук кылып турган Өкмөт менен партиянын жетекчилери да утуш вариантына ээ болчу.
Крыльцовдун лабораториясынан күн сайын нечендеген аялдардын, келечекте жарык дүйнөгө көз жара турган наристелердин тагдырлары чечилген. Робот-маңкурт сыяктуу эки тарап тең жогорудан келген буйруктарды «кыңк» этпей аткарып турушкан. Илимий эксперименттин ийгилигинен башы айланган Крыльцовдун муздак жүрөгүн түрмөгө кандайдыр бир себеп менен түшкөн, бирок, абийирин, адамкерчилигин сактап кала алган Руна Лопатина гана ойготуп, адамча ойлоого, илим менен абийирдин, илим менен кылмыштын ортосундагы чоң ажырымды бетке тайманбай айта алат. Мына ушул эрдиги Крыльцовду түн бою кирпик кактырбай, керек болсо Рунага таазим кылууга, өмүрлүк жолдош болууга, илимди да таштап кетүүгө даярдыгын бекемдеген карама-каршылыктуу пикирлерге такалтат. Толкундануу сезимин өткөрөт. Руна менен лабораторияда экинчи жолу көрүшүү мезгили тезирээк болушун тилейт.
А бирок, Рунанын тагдыры да трагедиялуу. Крыльцовго алып келе жаткан күнү качып кетүүгө аракеттенүүсүнө ал ок менен жооп алат. Трагедия!!! Жасалма адамдарды — искроддорду жаратуу экспериментине каршы «бунт» көтөргөн Рунанын элеси Крыльцовдун жүрөгүндө калат, турмушундагы жаңылыштыктарды мойнуна алып, адамдык-ыймандык нарк-насилине кайтарып келет.
Кайра куруу мезгили Крыльцовдун искродду чыгаруу проблемасын илимдин актуалдуу күн тартибинен алып таштайт да, Крыльцов Космоско сапар тартат. Орбиталдык станциянын мөөнөтү бүткөндө коллегалары — америкалык, жапондук космонавттардан бөлүнүп калып калат. Космос анын басып өткөн тарыхый, татаал карама-каршы жолуна баа берүүгө мүмкүндүк бериптир. Ал адамдын жаңы тибин жасалма методдордун негизинде жаратуу менен улуу трагедияга туш болуп келиптир.
Андрей Крыльцов эмне үчүн Филофей деп өзүн атап жатат?! Таптакыр башка ысым деле коюп албайбы?! Филофейден башка монахтардын ысымдары толуп жатпайбы?! Көрсө, анда маани жаткан экен. Филофей — тарыхый монах, адам, псковдук Елеазаров монастрынын карыясы, 16-кылымдын 1-жарымында жашаган жазуучу Ал «Москва — үчүнчү Рим» саясий теориясынын түзүүчүсү Анын өмүрү жөнүндө кеңири маалыматтар жок. Бирок Филофейдин псковдуктарга, Москвалык князь Василий III падыша Иван IV ж. б. арнап жазган каттары-посланиелери бар. Ал бул каттарында Псковдун күнүмдүк турмуш тиричилигин, Псковду Москвага кошуунун, москвалык князь менен падышанын чексиз бийлигин негиздейт. Ошону менен бирге адамзат баласынын тагдырына таандын жалпы философиялык маселелер тууралуу ой жүгүртүп, адамзаттын тарыхы жылдыздар менен планеталардын кыймылдарына көз каранды деген астрологдордун окууларын сынга алат. Демек, Крыльцовдун тандап алган аты — Филофей өзүнө дал келип жатат.
Кээде адамдар жакшылыкты баалай албайт, баалагысы да келбейт. Футуролог Роберт Борк Филофейдин теориясын жактагандыгы үчүн митингичилер тарабынан өлтүрүлөт, Филофей адамзат баласына келечекке көз чаптырып ойлоп көрүү жөнүндө идеясына түшүнбөгөн, түшүнгүсү да келбегендерге нааразы катары ачык космосто жанын таштайт. Борк да, Филофей да киттер сыяктуу трагедияга кириптер болушат. Коомчулукка нааразылык көрсөтүү, бунт көтөрүү катары акыйкаттыкты, жакшылыкты өмүрдөн жогору коюу менен өлүмгө алар тике, өз каалоолору менен барышат.
Киттер, киттер... Алар да дүйнөдө жер титирөөнүн, суу каптагандын, кыямат-кайымдын болушун алдын ала сезишип, адамдарга кабар берүү ниетинде жээкке сүзүп келишип, өздөрүн өздөрү өлтүрүп жатышпайбы?! Уникалдуу интуицияга ээ киттердин топ-тобу менен мындай укмуштуу трагедияга учурагандыгы жер жүзүндөгү окуяларга дүйнөлүк акыл-эстин реакциясынын актысы менен түшүндүрүлөт. Ошондуктан киттер чыгармада пейзаждык гана сүрөттөө эмес, символикалык мааниде чагылдырылат. Легендалар, уламалар, мифтер боюнча киттерден адам баласы-жаралган, киттер адамдарды катаал стихиялардан сактап келишкен, адамдар үчүн өздөрүн курмандыкка чалышкан. Борк, Филофей үчүн киттер табышмактуу биосфера меиен геосфераны таанып-билүүнүн эң башкы критерийлери. Ошондуктан башкы каармандардын аң-сезиминен, кыялдануусуна», түшүнөн киттер кетпейт. Символикалык маани—Адамзат менен Космосту байланыштырып туруучу сырлуу катализаторлук күчкө эгедер. Чыңгыз Айтматов жаныбарлар дүйнөсүнүн призмасы аркылуу бүткүл планетадагы жандуу жашоонун бири-бири менен тыгыз органикалык байланышын, энергияларынын өз ара карым-катышын баяндап отурат. Автор биологиялыкпы, генетикалыкпы, медициналыкпы илимдердеги жетишкендиктерге философиялык, нравалык, психологиялык подход кылат. Романдын ички структурасынын адамзаттын моралдык идеялары менен нормаларына жалпы коомчулукту ынандыруу, аң-сезимдин ырааттуулук менен өсүшү, адамдын эрки менен рухий байлыгынын шайкеш келиши, абийирдүүлүк менен акыйкаттыкка тарбиялоо, прогрессивдүүлүккө умтулуу ж. б. адеп-ахлак маселелер чыга келет. Айтматовдун руху, философиясы — Адам, Жаратылыш, Коом жөнүндөгү планетардык ой жүгүртүүгө барып такалат.
Үкү — арбактардын саясий ишмерлердин өз ара «талашууларына» күбө. Арбактар бир кездеги социализмдин негиздөөчүлөрү жана куруучулары. Алар сырткы дүйнөдөгү баш аламандыкка нааразы. Тигил дүйнөдөн күңгүрөнүшөт, азыркы учурдагы адамдардын жеңил-желпи көз караштарынын өзгөрүштөрү менен келише алышпайт. Өзүнчө бир трагедиялык көрүнүш.
Романдын подтексти аркылуу берилген жашыруун каармандар өтө көп. Аларды жазуучу экинчи планга коюп сүрөттөгөнү менен, чыгарманын көп пландуу болушуна мүмкүнчүлүк берип жатат. Ч. Айтматов подтексттеги каармандары менен ар бир басып өткөн замандын, мезгилдин, доордун учурун көзгө элестетип жатат. Ал эми үкү болсо Кремлдин мунарасынан байкап отурат. Эмне үчүн жада калса үкү да дүйнөдөгү карама-каршылыкты, татаалдыкты «кабыл алалбай» өлүп калды?! Умне үчүн автор үкүнү чагылдырып жатат?! Бул да трагедия! Деги романдагы трагедиянын чеги болобу?!
Жаратылыш да адам баласынын башына түшкөн оор мүшкүлдү көтөрө албай калат. Жаратылыштын Адамга «боор тартуусу», «ачуусу» менен дүйнөнүн тең салмактуулугу сакталып турган жокпу?!
Ч. Айтматов трагедиянын көп катмарлуу маани-маңызын адамдардын тагдырлары аркылуу гана ачып бербестен, жаратылыштын сырлуу касиети менен айкаштырат. Конкреттүү айтканда, «Кассандра тамгасы» Ч. Айтматовдун мурдагы чыгармаларындагы трагедиялуулук проблемасына кайрадан башкача позициядан кароого түрткү берет.
Жасалма жол менен адамды жаратууга медицина илими жетишкендигин көптөгөн турмуштук фактылар күбөлөп жатпайбы?! Массалык-маалымат каражаттардын билдирүүсү боюнча Гитлердин уругунан төрөлгөн балдар бар.
Ушундай окуялар дүйнөдө арбын кездешип жаткандыгын кантип тана алабыз! Романдагы каармандын эксперименттик илимий изилдөөлөрү жөн жерден чыга калбаптыр го?!
Азыркы илимдин өсүп-өнүгүшү адамдын өзүн кайра таң калтырат. Эненин курсагындагы түйүлдүк жети жума болгондо эле келечектеги наристенин ден соолугунун ал-абалын билсе болот. Медициналык аппараттар менен «дефектиси» бар болочок наристелерди оңдоп, түзөөгө кудурет жетип калганын реалдуу эксперименттердин оң жыйынтыгы көрсөтүп жаткандыгын да танууга болбойт эмеспи! Ч. Айтматовдун романынын призмасы аркылуу да медициналык, биологиялык, парапсихологиялык, техникалык илимдердеги ийгиликтерди карап чыгуу натыйжалуу болоруна кепил болсо болот.
Чыгарманын эпиграфы менен темасы грек мифологиясы менен байланышып, романдагы окуялардын мазмунун аныктап турат. Кассандра — Троя падышасы Приаманын көзү ачык кызы. Легендага байланыштуу Аполлон Кассандрага көз ачыктык касиетти тартуулаган. Качан Кассандра Аполлондун махабатын кабыл албаганда, ал анын алдын ала көз ачыктык менен айткандары орундалганына карабастан, аны эч кимдин ишенбөөсүнө жазалаган. Гректер Трояны басып алгандан кийин, Кассандра Агамемнонго туш болуп, Микенага алынып келинген. Агамемнон менен бирге анын аялы Клитемнестра тарабынан өлтүрүлгөн.
Мына ушул уламыштагы Кассандранын көзү ачыктыгы менен Ч. Айтматовдун баш каарманы Филофейдин илимий эксперименталдык ачылышынын ички байланышы, кездешүү точкасы алдыда боло турган көрүнүштөрдү алдын ала айтуу болуп саналат. Аполлон Кассандраны жазалаган сыяктуу эле, коом Филофейди, Боркту да жазалайт.
Дүйнөлүк адабиятта трояндык көзү ачык Кассандранын образы көпчүлүк жазуучулар менен акындардын көңүлүн буруп келген. Бул жерде бир аз ошол адабияттар жөнүндө экскурс жасасак ашыкча болбос. Бир чети Айтматовдун романын терең түшүнүүгө жардам гана бермекчи.
Гомердин «Илиадасында», Эсхилдин «Агамемнон», Еврипиддин «Гекуба» трагедиясында Кассандранын тагдыры кыскача сүрөттөлөт. Эсхилдин трагедиясындагы окуя төмөнкү сюжеттик өнүгүштөн келип чыгат: Агамемнон Троя согушунан он жылдан кийин жеңиш менен кайтат. Бул жеңиш оңой-олтоң турбайт, нечендеген адамдардын каны төгүлүп, эл кыйналып, шаарлар кыйрап, жада калса Агамемнон өзүнүн жакшы көргөн кызы Ифигениянын өмүрүн кыюуга туура келет. Агамемнондун аялы Клитемнестра «ала жипти аттап алып», «абийирин» жабыш үчүн, күйөөсүнүн алдына кызыл килем салдырып жылуу-жумшак күтүп алат. Бирок, оюнда арам ой — өлтүрүү тынчын бербей турган. Агамемнон менен кошо бир чети туткун, бир чети ойнош Кассандранын да келиши Клитемнестранын кызганчаактык сезимин арттырат.
Кассандра Троянын кайгы-капасын, кыйрашын, Агамемнондун жериндеги — Аргостогу бакытсыздыкты алдын ала көрө билсе да, эч ким ага ишенбейт, анткени Аполлон махабатын тепсеп кеткен Кассандранын айткандарын эл тарабынан кабыл алынбашы тууралуу жазалаган болчу. Кассандра өзүнүн көзү ачыктыгынын алдында алсыздык кылат. Ага ким ишенет?! Ким боор тартат?!.
Ал Агамемнондун ак сарайы кан жыттанып турарын, чоң бир кокусунан катастрофа болорун туят. Агамемнонду, өзүн ак сарайдагы той, салтанат-тамашага чакыруу менен аларды өлүм күтүп жаткандыгын билет, туталанып, кайгырып Агамемнондун жана өзүнүн өлүмү жакындап келе жаткандыгын кабарлайт. Эч ким ишенбейт, ишенгиси да келбейт...
Кассандра өзүнүн өлүмүн психологиялык жактан кабыл алалбай элирип, өзүн унуткан абалга жетет. Экстаз өткөндөн кийин гана ал сарайга чакырылып, тойго —өлүмгө барат.
Эсхилдин Кассандрасындагыдай трагедиялуу, драмалуу, психологиялуу образды грек трагедиясынан кездештирүү кыйын. Биздин эрага чейинки грек акыны Ивик «Кассандра, Приама дочь...» деген ыр жазган болчу:
Француз жазуучусу Ла Кольпренеддин «Кассандра» (1642—1645), Шиллердин «Кассандра» (1802), Ликофрондун «Кассандриада» деген чыгармаларын да эстен чыгарбашыбыз керек.
Фридрих Шиллердин «Кассандра» лирикасынын керемет күчү окурмандардын дүйнөсүнө бүлүк салары бышык. Лирикалык каармандын ички кайгыруусу, пессимизми поэзиянын эң бийик үлгүсүндө берилген.
Ошондой эле Еврипиддин «Гекуба» трагедиясында Приамдын үй-бүлөсүнүн тагдыры чагылдырылып, Кассандранын элеси үстүртөн сүрөттөлгөнүн көрөбүз. Кассандрага арналган чыгармалардын ичинен немец жазуучусу Криста Вольфтун «Кассандра» повести айырмаланып турат. Гомердин «Илиадасынан» баштап Эсхилдин трагедиясына чейин Кассандранын образы бир жактуу, схема түрүндө, мифологиялык рамкада сүрөттөлсө, бул прозада прозаик кыздын образы аркылуу адамзат проблемасы менен байланыштырат.
Криста Вольф грек мифологиясынын легендарлуу сюжетин оригиналдуу көркөм чеберчилик менен иштеп чыккан, жазуучунун фантазиясынан жаңы окуялар, каармандар жаралган. Автор өлүм алдындагы Кассандранын ички монологу аркылуу бүткүл окуяны берет. Каармандын көз алдынан Троя согушунун он жылдык кайгы-капасы, Гектордун, Ахилдин, Поликсенанын өлүмү, ата-энеси Приам менен Гекубанын татаал тагдыры тартылып өтөт. Кассандранын көзү ачыктыгы — согуш алар үчүн жеңилиш менен аяктаарынан белги берип турса да, эч ким аны этибарга албайт. Ал гана эмес Кассандраны элдин патриот кызы катары кабылдашпай, душмандын жактоочусу катары көрүшөт. Легендарлуу образды психологиялык жактан тереңдетүү максатында Кассандра менен Энейдин махабат мотивин киргизет.
Демек, Кассандранын образын түздөн-түз да, кыйыр да сүрөттөө менен ар бир сөз чеберинин алдында көркөм максаттарга жетишишкен. Гомер менен Эсхилдин чыгармаларынан каармандын трагедиялуу тагдырын, нравалык касиеттерин билсек, ал эми Криста Вольфдун повести, Чыңгыз Айтматовдун романы грек мифологиясы менен адамзаттын бүгүнкүсү, эртеңкиси улуу сабак алуу үчүн байланышат. Бирок жазуучуларда айырма «асман менен жердей». «Кассандра» повестинде кантсе да сюжет белгилүү мифологиянын схемасында өнүгүп, адамзаттын бүгүнкүсүнө, эртеңкисине тынчсыздануу подтекст аркылуу берилет. «Кассандра тамгасы» романында мифологиялык сюжет таптакыр жок, бирок көз ачыктыкка ишенбөө негизги идеясы роман менен грек мифологиясынын ортосундагы жалпылыкты билдирип, Адамзатка тынчсыздануу ачык-айкын да, подтекстте да катмар-катмар чагылдырылат.
Кассандра эң башкысы Айтматовдо мифологиядагы кыз да эмес, адам да эмес, автор аны көзү ачыктыктын символу катары гана кабылдайт. Ооба, романдын атын коердо, анын эпиграфын жазарда, акырында чыгармага чекит коердо, Филофейдин космостогу илимий теориясынын ачылышынын маанисине токтолууда жазуучунун аң-сезиминде мифологиялык Кассандранын образы жашагандыгы айтпаса да белгилүү.
Айтматовдун Кассандрасы — бул жеке адамдын, ошону менен адамзаттын тагдыры. Автордун Кассандрасы адамдын өзүндө, анын ички жана сырткы көрүнүшүндө. Ичкиси — али жарык дүйнөгө келе элек энелердин курсагындагы эмбриондор. Алардан адамзат эптеп кутулса болор, ал эми сырткы — жашоодо өмүр сүрүп жаткан эки буттуу адам-айбандардан кантип кутулар экен?! Айтматовдун Кассандрасынын оң да, терс да мааниси бар. Оң дегенибиз — көзү ачыктык кылуу, алдын ала айтуу менен Адамга, Адамзатка эскертүү. Жашоого Жакшылык каалоо, Адилет "болуу, Өмүрдүн кадырын билүү, бак-дөөлөт конуу. Терс дегенибиз — түшүнүктүү, мунун карама-каршысы. Бирок адам баласына таандык бир мүнөз-касиет жакшылыктан жамандыкты бат кабыл алат эмеспи! Ошондуктан элибиз «Адам болуу аста-аста, айбан болуу бир паста» деп коюшат окшойт.
Трагедия! Трагедия! Космостогу Филофей менен жердеги адам баласынын карама-каршылыгы, Борк менен Ордок сыяктуу замандаштарынын элдешкис конфликтиси, акыйкат менен акыйкатсыздыктын, абийир менен абийирсиздиктин, жакшылык менен жамандыктын кагылышы — оң мүнөздөгү коомдук маанинин жеңилиши, утулушу.
«Кассандра тамгасы» — каармандардын кайгылуу коллизиясына негизделген фантазия менен реалдуу турмуш чырмалышкан чыгарма, ал эми анын мазмундук мааниси келечектеги урпактардын «башын катыра» турган кызыктуу илимий проблема. Медицинадагы практикалык жетишкендиктерге жана акыл-эстин логикасына таянсак, эртеби-кечпи табышмактуу кассандро-эмбрион табылып калышы да мүмкүн. Ошондо Айтматовдун романы кур кыялдан жаралган абстракттуу ойлор жөнүндө эмес, а адамзат келечекте кездеше турган көрүнүштү көрө билгендик менен алдын ала айткандыгына таң калбасак болду. Азыр « Кассандра тамгасы» чыгармасын көркөм чыгарма катары кабыл алып, андагы каармандардын, коомчулуктун татаал психологиялык ал-абалына окурмандык сезим, түйшөлүү менен мамиле жасап жатабыз, таптакыр кайдыгер карашыбыз да мүмкүн. А эртең кассандро-эмбрион жашоо турмушубузда реалдуулукка айланып калса коомчулукта, өзүңдө не деген психологиялык жарылуу болорун элестетип көрүнүзчү?!..
Абдылдажан Акматалиев,
филология илимдеринин доктору,
профессор.