Тема: Ченемдик актылардын системалоо
1.Ченемдик актылардын системалоонун түшүнүгү.
Укуктук актыларды системалоо татаал иштерден болуп эсептелинет. Себеби: - биринчиден, ченемдик актыларды чыгарууга укуктуу субөектилердин көптүгү;
- экинчиден, ченемдик актылардын өзгөрүп туруусу;
Жогорку татаалдыктарга карабастан, ченемдик актылар менен иш алып барган ишкана, мекемелер ар дайым керектүү чечимди кабыл алуу үчүн укуктук актыларды иреттөөсү зарыл.
Систематизациялоону түшүнүү үчүн, ченемдик актыны аныктап чыгуубуз керек. Демек:
- Ченемдик укуктук акт - малекеттик орган же кызмат адамы тарабынан кабыл алынган, укук нормасын орнотуучу, өзгөртүүчү, жокко чыгаруучу документ.
Атайын көрүнүшкө жана документалдык формага ээ болгон, мамлекеттарабынан кабыл алынган жүрүм турум эрежесин орнотуучу акт. Романо-германдык укуктук үй бүлөдө негизги укук булагы болуп эсептелинет.
Ченемдик укуктук актылар жалпысынан экиге бөлүнөт:
Мыйзам
Мыйзам алдындагы акт
- Мыйзам – бул мыйзам чыгаруу органы (парламент) тарабынан кабыл алынган жогорку юридикалык күчкө ээ ченемдик акт.
- Мыйзам алдындагы актылар – мыйзамдын негизинде кабыл алынган актылыр, мыйзамга баш ийип турушат. Буларга указ, буйрук, токтом, чечим, көрсөтмө ж.б. кирет.
- Референдум актылары – жалпы элдик добуш берүүнүн негизинде пайда болгон акт. Демократиялык коомдо укуктун булагы катары кароого болот. Жогорку мамлекеттик маанидеги маселени чечүүдө, праламенттик чечүү мүмкүн болбогон учурда, жалпы элдик добуш берүү аркылуу акт (конституция, мыйзам, макул же каршылыкты талап кылган чечим ж.б. ) кабыл алуу.
- Плебисцит – элдик сурамжылоо өткөрүү. Кээ бир батыш өлкөлөрүндө (Франция) референдум сыяктуу өткөрүлүп, плебисцит актылары укук булагы боло алат.
Ченемдик актыларды системалоо - бул, ченемдик актыларды бир тартипке, бирдей системага келтирүү.
Систематизациялоодо негизинен 3 ыкма колдонулат:
Мамлекеттик органдардын жана юридикалык жактардын, өздөрүнүн ишмердүүлүгүнө керек болгон ченемдик актыларды топтоосу.
Ар кандай мыйзамдардын жана ченемдик актылардын топтомдорун ((сборник)мис: Токтом) чыгаруу.
Бир тектүү мыйзамдарды же майда ченемдик актыларды топтоштуруп, бир ченемдик акт кабыл алуу.
Ченемдик актылар системага түшкөндөн кийин, ар дайым текшерип, өзгөрүү, толуктоо кирген учурларды көзөмөлгө алып туру зарыл.
2.Ченемдик актылардын системалоонун түрлөрү.
Ченемдик актылырды систематизциялоонун түрлөрү:
Учет
Инкорпорация
Консолидация
Кодификация
Учет бул, - Учет (каттоо) – нормативтик актыларды издөөнү оңойлоту максатында, топтоо системага келтирүү ишмердүүлүгү. Ар бир мекеме (мамлекеттик орган, юридикалык жак) өзүнө тиешелүү актыларды учетко алат.
Учет алфавиттик тартипте же укуктун тармактык бөлүнүүсү боюнча ишке ашуусу мүмкүн.
Учет мекемелердин өздөрүнүн жеке коммерциялык же башка кызыкчылыктарын камсыздоо үчүн, ошондой эле башка субөектилердин кызыкчылыгын камсыздоого да болот (ир мекеме учет жүргүзсө башка мекеме андан пайдалануусу мүмкүн).
Учет жүрүгүзүүнүн негизиги тапшырмасы керек учурда укуктук маалыматты алууга шарт түзүү болуп эсептелинет.
Ченемдик актылардын мазмуну эле эмес, алардын реквизиттери керек болгон учурлар болот (аталышы, кабыл алган датасы ж.б.). Учурдагы аркеттенген актылардан сырткары, күчүн жоготкон актылардын мазмундары, реквизиттери, илимий эмгектерди жаратууда керек болуусу мүмкүн. Бул учурда учеттун жардамы тиет.
Инкорпорация - нормативтик актыларды сырткы формасын өзгөртүү менен топтоо системага келтирүү ишмердүүлүгү.
Мамлекеттик орган жана уюмдар тарабынан ишке ашырылат.
Укук чыгармачылык болбойт. Сыртын өзгөртөт (качан, ким каб.ал.жок кылат) күчүн жоготкон нормалар алынып, жанылары реквизиттери менен толукталат:
- күчүн жоготкон бөлүктөрү текстен алынып салынат, жаны өзгөрүүлөр текстке кошулат. Өзгөрүү толуктоонун реквизиттери көрсөтүлөт;
- ченемдик (нормтивный) мазмунду камтыбаган бөлүктөрү алынып салынат;
- ченемдик актыны кабыл алган жактар көрсөтүлбөйт (үнөмдөө максатында);
Консолидация – инкорпорациянын өзгөчө түрү.
Консолидация (латын. бекемдөө) - бир нече нормативтик актыларды бириктирүү менен топтоо, системага келтирүү ишмердүүлүгү. Укук чыгармачылыктын бир ыкмасы.
Консолидация учурдагы мыйзамдарга өзгөртүү алып келбейт, болгону чон (крупный) актыга бириктирет. Уюбакыттын өтүшү менен ченемдик актылар бири-бирин кайталап калат же каршы (коллизия) келип калат, ал учурда консолидация аркылуу жөнгө салынат.
Эки же андан ашык актылар, кабыл алынган орган тарабынан өзгөртүлбөстөн бириктирилет.
Инкорпорациядан консолидациянын айырмасы:
Консолидация укук чыгарган орган тарабынан түзүлөт. Ал эми инкорпорацияны ар бир мекеме жасоосу мүмкүн.
Консолидация болгон учурда мурдагы актылар күчүн жоготот.
Ал эми инкорпорацияда сырты өзгөрүп, күчүндө калат.
3.Кодификация жана анын өзгөчөлүгү.
Кодификация- булл укук чыгаруу менен коштолгон мыйзамдарды системалоонун абдан татаал турган формасы.
Кодификация бул – бир укуктун тармагындагы ченемдик актыларды, өзгөртүү, кайра иштеп чыгуу аркылуу топтоп жаныдан бир укуктук актыны кабыл алуу менен коштолгон системалоонун бир түрү.
Кодификациялануучу актынын долбооруна өзүнүн маанисин жогото элек, аракеттеги коомдук мамилелердин белгилүү областын жөнгө салган ченемдер камтылат.
Кодификация төмөнкү белгилерге ээ:
компетенттүү укук чыгаруучу органдар гана кодификациялоо менен алектенишет;
кодификациялоонун натыйжасында, аракеттеги актылардан айырмаланган, жаны ченемдерди камтыган нормативдик- укуктук акт түзүлөт;
кодификацияланган акт - жыйынтыкка келген акт болуп эсептелелинет;
кодификацияланган акт - актылардын арасында өтө манилүү болуп эсептелинет, анткени укуктун бир тармагындагы негизги акт катары чыгат. (Мис: үй-бүлө Кодекси). Анда болсо укуктун бул тармагындагы баардык нормалар үчүн жетекчилик мааниси бар жалпы прпинциптер кармалат;