СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чыныгы дос Автор Азиретали Заидов

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Чыныгы дос Автор Азиретали Заидов»

Чыныгы дос.

“Достордун эң эле жакшысы - Жаратканга сыйынууңа жардамы тие турганы, же, эсиңден чыгарган учурларда эстетип коюучулары болуп саналат”. (Накыл кеп).

Албетте, адам баласы эң эле бир татаал түзүлүштө экен. Анын функциясы ушунчалык көп кырлуу, ары түйшүгү түрлүү. Акыйкатта, бул дуйнө жалган дүйнө, убактылуу дүйнө, кудум эле бир алялдамада өз маршутубузду күтүп олтургандай сезилет. Кээ бир инсандарга өз маршуту кечигип келет. Кээ бирлерине аябай тез келет, жада калса кайсы аялдамалда экендигин да билбей кете берет.

Бир акылман айткан: "Бул дүйнөдө үч нерсе тандоодон жаңылбоо керек, алар: кесип, дос, өмурлук жар". Ооба, жогоруда аты аталгандар бул жашоонун маңынызын түзүп тургандай. Анткени өз кесибиңди жаңылбай тандасаң, сен жумуш кылбай эле, өз жумуш убактыңды кудум эс алып жаткандай сезесиң. А эгер өмүрлүк жарды туура таңдасаң, үйүңө багыт алганда тим эле бейишке багыт алгандай барасың, а тескериси болсо анда өз үйүңө баргын келбегенин мына ошондон болот. Ал эми адам баласы бул жалган жашоодо чыныгы досту туура тандап тапкан болсо, бул ийгиликтин ачкычы сымал, анткени, жамандык-жакшылыкта сени жандаган, караңгы тундө шам чырак, татаал учурда туура багыт беруучу инсаның болуп саналат...

Касиеттүү Рамазан айы. Аптаптуу ысык аба-ырайы. Мына ушундай күндөрдүн биринде айтылуу Куршаб айылыма досум Замирбек Суюнбаевич менен бирге сапар тарттык. Айылга баруубуздун себеби, эртеси күнү мал багуу кезеги бизде болчу. Досум экөөбүздүн планыбызда Өзгөн мунарасына барып зыярат кылып андан соң айылга кайтмакбыз. А бирок убакыттын тардыгына байланыштуу сапарыбызга кечигип чыктык, бул себептен улам зыяратыбызды кийинкиге калтырып, Куршабка эле багыт алдык.

Айылдын абасы өзүнчө дем-күч берет эмесби? Айылга барганда тербелди карап ары суктанып, ары ыраахат алып басып бараттык. Мына уйгө да жетип келдик. Ак жоолугун салынып, мээрими жүзүнөн төгүлүп турган апакем бизди тосуп алды. Орозонун бир күндүгүнүн оозун ачып, тамактан бир аз даам сызып, шам намазын окуп, үчөөлөшүп узун кепке түштүк... Куптан жана таравих намаздарын окуп, эс алдык. Жылдыздуу түн. Үйдүн терезесинен жымыңдаган жылдыздар көрүнүп турат. Биз досум экөөбүз көпкө чейин суйлөшүп олтурдук, түндүн бир оокумунда гана таттуу уйкуга кеттик.

Агарып таңдын атышы кайрадан жашоонун башталышынын белгисидир. Даярдыктар менен мал кайтарууга досум Замирбек менен чогуу чыктык. Мен да, досум да орозо кармаган болчу, ошондуктан, бизге ооз чайкоо жана даарат алуу үчүн гана суу керек болчу. Кудайым колдоп, малдарды жакшы кайтарып жаттык.. Айтат го, эгер адамдын кандай экенин билгиң келсе, анда аны менен бирге сапарга чык. Ары-бери чуркап, бир аз чарчап калсам, досум келип, "оозуңду чайкап ал", "желкеме колуңду артып ал", "бир аз салкында олтура тур" - , деп утуру чын жүрөктөн айткан сөздөрү мени терең ойго салып да, чын жүрөгүмдөн чыккан ыраазычылыгымды билдирүүмө да себепчи болуп жаткан эле... Мына ошентип бир күндүк кыйынчылык күн да артта калды. Кооз бакча өстүрүү үчүн көп убакыт, күч-аракет талап кылынгандай эле, чыныгы достук түптөлүшү үчүн да көп убакыт, күч-аракет талап кылынат. Эң алды, өзүңүздөр жакшы дос болгонго умтулуңуздар. Боорукер болуңуздар жана досуңуздардын жашоосуна чын ыкластан кызыктар болуңуздар. Ошондой эле муктаж болуп турганда, андан убактыныздарды аябаңыздар. Ооба, Замирбек досум ушундай... Мына ошон үчүн мени менен мал кайтарып келишти. Бир гана бул эмес. Биз бири-бирибиз үчүн бүт баарына даярбыз. Чынын айтсам, мындай чыныгы доско жолугам деп ойлогон эмес элем. Мына ушундай досту жолуктурган Жараткага миң мертебе ыраазымын.

Олтуруп алып эң алгач жолуккан кезди эстейм... Анда азыр биз окуп жаткан ордендүү ОшМУ нун башкы имаратынын чоң актылык залында "Чыңгыз Айтматов ааламы" аттуу акыл таймаш өткөрүлүп калды. Бул иш-чарага ОшМУ нун бүт факультеттеринен студеттер жана ОшМУ нун Билим жана Ыйман лицейинен бутуруучу класстын окуучулар келди жана оюн кызуу жүрдү.

Замирбек “Сууну жана абаны тазалоонун жаңы ыкмасын” (Озонатор воды) жана “Электрофорез” аппаратын ойлоп табып, бир нече илимий конференция, олимпиядаларда байгелүү орундарды ээледи. Ал келечекте медицина тармагындагылардын ишин жеңилдетүүнү, мамлекеттин капчыгына үнөмдүү болгудай деңгээлде, бирок, сапаттуу медицина аппараттарды мамлекет үчүн чыгарууну жана экспорттоо максатын көздөп жүрөт.

Ал эми мен болсо, КР Билим беруу жана илим жаатында бир нече реформа жургузгум келет. Себиби, келечекти түптөө үчүн бизге мыкты кадр керек, а мыкты кадр практикада да, теорияда да анан да ааламдашуу процессинде дүйнө менен бирге өнүүгүсү керек. Мына ушул тармакта элим үчүн кызмат кылсам дейм.

Чыныгы достук жоопкерчиликтүү болууну талап кылат. Башкача айтканда, жакшы дос достукка олуттуу карайт жана досуңа чындап кам көрөт. Бирок, достукка эки тарап тең жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек. Экөө тең күч жумшоого, өз кызыкчылыгынан баш тартууга даяр болушу кажет. Мунун акыбети сөзсүз кайтат. Андыктан, досум үчүн баарына даярмынбы? Өзумду, убактымды, каражатымды, аябаймынбы?, – деп ойлонуп көрүнүздөр. Жакшы дос табыш үчүн адегенде өзүңүздөр жакшы дос болуңуздар керек экенин унутбаныздар.

Жыйынтыктап айтканда “Дос” бул ыйык жана максатыңа жетүүңө көмөктөш, жашоодо өбөк-жөлөк болуучу таяныч. “Apple” компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобс айткан: “Жашооңузду кооздоңуз. Мындай мүмкүнчүлүк кайрадан келбейт, ошондуктан же азыр жасап кал же өмүр бою өкүнүп жаша”. Ошондуктан чыныгы дос арттыргыңыз келсе, сиз да аракет кылыныз, мамиле түзүңүз ошондо жыйынтыгын көрөсүз...







Автор: Заидов Азирет Манасович

ОшМУнун студенти.



1