СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Дилбаян. "Жамийла - дүйнөдөгү махабат тууралуу эң сонун баян" (Луи Арагон)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Дилбаян.  "Жамийла - дүйнөдөгү махабат тууралуу эң сонун баян"  (Луи Арагон)

Просмотр содержимого документа
«Дилбаян. "Жамийла - дүйнөдөгү махабат тууралуу эң сонун баян" (Луи Арагон)»

Талас облусу Бакай- Ата району Ынтымак айылы Капалов Эшимбек атындагы орто мектеби









Тема: «Жамийла» - дүйнөдөгү махабат тууралуу эң сонун баян» (Луи Арагон)





Автору: 10-классынын окуучусу Иляс кызы Айдана

Мугалими: Кыргыз тили жана адабият мугалими Самакова Наргиза Байышовна





Байланыш телефондор: 0702665052 0778665052

«Жамийла» - дүйнөдөгү махабат тууралуу эң сонун баян. (Луи Арагон) (Чыңгыз Айтматовдун чыгармасын окугандан кийинки ой-толгоо-дилбаян)

«Сүйүү деген, сүйүү эмес эринден, Сүйүү деген от чачышуу жүрөктөн» А. Осмонов «Ээй, буудай баштарын, бак-дарактарды чайпалтакан, көлдөрдү, океандарды бир орунга тургузбай толкуткан шамал, менин сөздөрүмдү Жамийла менен Даниярга жеткирип, айта бар, алар менин айткандарымды угушсун»,-деп кобуранып, баягы Данияр отурчу дөбөдө бир караан отурду. Ал өткөндү эстеп, жеңеси менен Даниярдын тагдырын ойлоп отурган Сейит эле. Сейит ушул дөбөгө күндө келип, ойлонууну адатка айландырган. Ал адатынча капа-луу, ойлуу. Аны ойлондурган Жамийла менен Данияр. Ал экөө кайда болду экен? Жашоо-турмушу кандай болду экен? Аман- эсен жүрүшөбү, алты саны аман-бы? же?... деген жана башка ушул сыяктуу чууруган суроолорду өзүнө-өзү берет, сарысанаа. Бүгүн да ошол калыбынан жазбай, өзү тарткан сүрөттү карап ойлонуп отурду. «Данияр эмне себептен отура берет?» - дечү эле эми минтип өзү отуруп калды. Жеңесинин шыңкыл-даган үнү кулагына угулуп, «кичине бала» деп чакырып, бирге ойноп күлүп жүргон унутулгус күндөрү, Данияр менен Жамийланын качып бараткандагы элеси көз алдына кино тасмадай күндө тартылат. «Жамийла, мен сени сүйөм!» - деп ааламга жаңырта кыйкыргысы келет. Азыр болсо колундагы сурөттөн көзун албай, алар сүрөттөн чыгып келчүдөй болуп, кечке тиктеп отурду да: «мен алардын сүрөтүн дагы тартам» - деп ичинен сүйлөндү. «Сүйүү, махабат» демекчи, бул өзү эмне? Булар бардык эле адамдарга келе береби? Качан келет болду экен? Жогорудагы суроолордун жообун чыгарманы окуган соң таптым. Сүйүү- бул балта менен жара чаап, канжар менен кесип сала алгыс, өзүнө магниттей тартып турган сыйкырдуу күч. Жүрөктун тереңинен чыккан алтын менен жазылган сөздөр, эч бир жан ажыратып же бөлүп жибере албаган адамдагы сезимдердин эң күчтүүсү экен. Ал бардык эле адамдарда болот баштанат. Бирок айрым адамдар Нурак Абдрахманов агабыздын « Аппак сүйүү» ырында айтылгандай: «Майда адам майда сүйгөндөй» майда сүйүшөт тура…

«Жамийла» - дүйнөдөгу махабат тууралуу эң сонун баян» - деп, Франциянын атактуу жазуучусу Луи Арагон эң таамай, таап айтып, биздин жөнөкөй, карапайым, кыргыз элинин жаңыдан адабият майданына кадам шилтеген, отуз жашар жаш уланына ак батасын ыроолоп, Жамийла кайсыл улуттун кызы экенин, кайдан чыкканын , дүйнөнун кайсы бурчунан орун алганын, анын сүйүүсүнүн кереметин кандай бааларын баяндап, дүйнө элине таратат. Алгач «Жамийланы» «Бүткүл Орто Азия адабиятындагы алгачкы психологиялык чыгарма» - деп эсептеген казак элинин чыгаан жазуучусу Мухтар Ауэзовдун берген жогорку баасы Луи Арагонду кызыктырып. Ал повестти берилип окуп, француз тилине которуп, «Франснувель» газетасынын толук бир санына жарыялайт. Макаласын мындайча: «Кудай сага ишенбесем да, так ушул августтун түнү үчүн өзүңө рахмат айтам, ал эми бул түнгө мен өзүмдүн сүйүүгө ишенүү күчүмдун бардыгынча ишенем» - деп бүтүрөт. Мен да бул чыгарманын адаттагы окуган чыгармаларымдан кыйла өзгөчө экендигин байкадым. Эмне үчүн? Жамийла кыргыз адабиятындагы аялдардын образын түзүүдөгү көнүмүш болгон жолду талкалады. Адатта оң образдар сулуу, акылман, жароокер, кичипейил, жароокер, уз, уяң, кыялкеч сапаттарга ээ. Ал эми Жамийла такыр андай эмес. Анын мүнөзү башкача: «Ар бир ишке шамдагай киришип, бирөөгө жемин жегизбеген өжөр, айтышкан менен айтышып, тилдешкен менен тилдешип, ал тургай бир- эки жолу келин-дер менен тытышканы да бар, айтам дегенин тартынбай айтып, өтө эле шайыр сымак, бала кыял» . Биринчиден, анын ушундай мүнөзү теги- түбүнөн бар, Экинчиден, жылкычынын кызы болуп, тоодо жылкы менен шамал сымал өсуп калган. Демек, ушундай келин гана төңкөрүш жасап, чыгарманын аягында үй-бүлөсүн таштаган кадамга бармагын көрсөтөт. Чыгармада мени ойлонткон дагы бир нерсе – Жамийланын таштап кеткен күйөөсүнүн Ата-Журтту, эл- жерди коргоп жарадар болгон жоокер экендиги, ал эле эмес «Бир-эки айда үйгө кайтып барып калармын» - деп кабар айттырганычы? Мына Жамийла дал ушундай эки оттун ортосунда турат, бир жагында Даниярдын жүрөк оту, экинчи жагында согуштан кайтып келаткан жоокер жары. Эгер Садык согуш учурунда эмес тынч күндөрдун бир кишиси болсо, же ошол жакта апаат болгондордун бири болсо, же алты-жети айдан бери дайынсыз жоголуп жатса, анда бир жөн эле, Жамийланын кетиши эч кимге эрөөн болмок эмес, а бирок андай болбой жатпайбы, анын күйөөсү ана-мына келетат. Бул кабар башка аялды кандай сүйүнтөр эле! Дагы бир нерсе- Жамийла таштаган Садык жаман адам эмес, кайын энеси да, кайниси да жакшы кишилер. Же Садыктын бир жолу мас болуп, Осмондор менен отурганда Жамийла тууралуу сөз болгондо: « Атасынын көру, кетсе кеткени! Жол-жолдо самсып жүрүп акыры бир күнү тороёт да! Катын деген азыр толуп жатат, четинен чертмей…» дегенинен улам эле аны начар, Жамийланын теңи эмес дейбизби? Же кат жазганда эң акырында гана аялын сурап койгону анын начар адам экенининин далилиби? Жоок, кыргызда адептүү жигиттер ата-энесинин көзүнчө аялы менен учурашкан эмес, бул – салт, ыйман. Жамийла дал ушул кырдаалдан, ушундай үй-бүлөдөн кетип жатат.Эгер өз теңине жетпей муңканган Ак Мөөр, Күлүсүн, Ажар качып кетсе мен сүйүнмөкмүн. Алар деле качкан, сүйгөнүн, теңин издеген, бирок алар кимден качып жатат, кандай абалда, кайсы мезгилде? Эми анын барар жери бир жыргал болсо экен. Данияр оор, басмырт,түнт,жол-дош күтө албаган, теги-жайы белгиси, жарым жан, өң-түстөн да кудай айтпа-ган жигит. Жамийла ошого кетип жатат. Таң каласын?... «Ушул бойдон колдо жүрсө не деген гана киши болор эле…» - деп кайын энеси айткандай, ал бир үйдүн мыкты адамы болмок, бирок ал ошонун баарын чанды, жай жүрө бергенге көнбөдү, чыдабады. Жаман шинели менен тамтыгы чыккан өтүгүнөн башка эчтекеси жок Даниярды ээрчип кетти, элге-журтка сөз болду, «тим кой өкүнүп бармагын тиштер», « өз шоруна өзү түкүргөн арам» деген сөздөргө калды, бирок ошонун баарын чыныгы таза сүйүү үчүн иштеди. Кеп тышкы көрүнүштун сулуулугунда эмес, кеп Даниярдын ички дүйнөсүнүн тазалыгында. Данияр так эле ошондой адам болчу. Ичи таза, арам ою жок, кайраттуу, туруктуу. Жамийла болсо анын ошол ыйык сапаттарын баалай билип, аны чын жүрөгу менен сүйдү. Мына, сүйүүнүн күчтүүлүгү. Ал жүздөгөн, миңдеген кыргыз кыздарына окшоп: «Таш түшкөн жеринде оор» - деп жүрө албады, издеген бактысын тапты. Кайын энеси үчүн Жамийланын бактысы «келечекте аны эки үйдүн башын коштуруп, очоктун ырыс берекесин сактаган өзүндөй мыкты орун басар катарында калтырып кетүү» эле, а Жамийла ал жол менен кеткиси келбеди, андай «бакыттан» баш тартты. Арийне, ал Данияр менен кол кармашып дароо эле кетип калбады, абдан ойлонду, толгонду, кыйналды, бушайман болду, а түгүл жинди болуп кете жаздады. Мына ошол ары эмес, же бери эмес абалдан тазалык, адамдык абийир менен аппак сүйүү менен чыкты деген жыйынтыкка келдим. Акыры бир келген сүйүусүн жоготуп албоо үчун күрөшкөн, өз бактысын өйдөдөн, турмуштун чыныгы бийик жагынан издеген, аялдык назик сүйүү жеңди.

Жамийла, сенин жолуң таалай жолу, андан күмөн санаба! Данияр экөөң сөзсүз бактылуу болосуңар!

Даниярдын алп денеси, жаштык күч-кубаты аны казак жериндеги шахтёрлордун арасында бат эле кадыр-баркка ээ кылды. Убакыт көзгө илинбей өтөт эмеспи. Арадан үч жылдын кандай өткөнү да билинген жок. Данияр менен Жамийла Казакбек деген уулдуу, Гүлнүр деген кыздуу болушту. Ак сүйүу менен ак эмгек адамды жерге калтырбайт экен. Данияр адегенде шаардык кеңешке депутат болду. Кийинки жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наамга татыды. Сейит бекеринен: « Силердин бактыңар алдыда» - деп айткан эмес тура.





« Улуттук салттын эң алыскы тереңинде жаткан, али эч ким сезе элек, сезсе да жакшы козгой элек, эң бир кымбат, эң бир асыл уюткуну алып чыкты, ага жан берди, аны биздин мезгил менен үндөштүрүп жалпы адамзаттык деңгээлге чейин көтөрдү»

С. Эралиев.