СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Доклад: "Терминдер менен иштөө"

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Доклад: "Терминдер менен иштөө"

Просмотр содержимого документа
«Доклад: "Терминдер менен иштөө"»

№ 35 Ш. Сүйөркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби













Доклад



Тема: Терминдер менен иштөө



Аткарган Сулайманв Марлис

Тарых мугалими











Ноокен району

Терминдер менен иштөө

Ар бир илимдин өзүнчө багыты, изилдөө тармактары, кароочу маселелери бар. Окумуштуулар кандайдыр бир илимий концепцияга негизденип, илимий түшүнүктөрдү, илимий окууларды, илимий аныктамаларды иштеп чыгат. Мына ошол илимий түшүнүктөрдүн, окуулардын жана аныктамалардын өзөгүн түзгөн негизги сөздөр илимий терминдер – деп аталып, ошол илимдин багыты боюнча илимий сөздүктү түзүшөт. Мындай сөздүктөр илимде – терминдердин сөздүгү деп аталат. Илимде мурда адамзат коомчулугуна белгисиз болгон коомдогу, жаратылыштагы, тарыхтагы, космостогу, заттардагы, мейкиндиктеги, энергиядагы, вакуумдагы, ж. б. чөйрөлөрдөгү кубулуштарды, жараяндарды, аракеттешүүлөрдү, өзгөрүүлөрдү, касиеттерди, закон ченемдүүлүктөрдү аныктап, ошол илимий түшүнүктүн маанисин берип туруучу сөз илимий термин катары кабыл алынат.

Илимий термин илимдеги идеяны чагылдырып берүүдө мааниси чоң. Эгер адамзат илимдерди жаратып, аларды системалаштырууда илимий терминдерди колдонбогондо азыркы илимди окуп үйрөнүү мындан да татаалданмак. Анткени илимий терминдерсиз илимпоздун илимий оюн ачып берүүсү өтө мүшкүлдүү ишке айланмак. Илимди өздөштүргөн адам үчүн да бул жараян кызыксыз, зеригээрлик болмок. Өзүңөр элестетип көргүлөчү бир нече сүйлөмдөн турган аныктаманы жазган жеңилби, же ошол эле аныктаманын маанисин туюндурган сөздү, же биз азыр сөз кылып жаткан илимий терминди жазуу жеңилби. Албетте сиздер да менин ордумда болгонуңарда экинчи жолун тандамаксыздар. Анткени илимде бир илимий ойду ачып берүүдө бир эле илимий терминди бир нече ирет кайталап жазууга туура келген учурлар кезигет, же илимпоз жаңы закон ченемдүүлүктү ачуу үчүн мурда ачылган бир нече закон ченемдүүлүктөрдү пайдаланаттыр, же өзүнүн ачылышын жаңы ачылыш экендигин тастыктоо максатында эски закон ченемдүүлүктөрдөн өзгөчөлүү артыкчылыктарын салыштырууга колдоноттур. Ушундай учурларда илимпозго да, же анын илимий ачылышын окуп өздөштүрүп жаткан окурманга да илимий терминдер кол келет. Илимпоз өз оюн илимий терминдердин жардамында ачып берүү менен ал өз оюн туура, так, ишенимдүү ачып берүү менен гана чектелбестен, илимий ойлорун окурманга ыңгайлуу жана түшүнүктүү тилде системалуу чагылдырылышын камсыздай алат.

Илимий терминдерди классификациялоо.

Илимий терминдер колдонуу чөйрөсүнө жараша да бөлүнөт. Айрым терминдер кээ бир гана майда илимдерде колдонулган тар чөйрөлүү терминдер болушса, айрым терминдер бардык илимдердин тармагында кездешкен универсалдуу илимий терминдер болуп саналышат.

Илимий терминдер мааниси жактан да бөлүнөт. Айрым илимий терминдер илимдин башка тармагында бир маанини берсе, экинчи бир башка тармагында ошол эле терминдиндин мааниси илимдин излдөө чөйрөсүнө жарашы кызматы, мааниси түк тамырынан өзгөрөт. Мындай терминдерди көп маанилү терминдер деп атасак да болот. Ошол эле учурда илимдин кайсыл гана тармагы болбосун өз маанисин жоготпостон бардык илимдерге бирдей мааниде кызмат кылган универсалдуу илимий терминдер да кездешет. Мындай терминдерди бир маанилүү терминдер деп атайбыз. Андан сырткары бир эле маанини туюндурган бир нече илимий терминдер да колдонулат. Мындай терминдерди илимде маанилеш илимий терминдер деп атап койсок болот.

Эми ар бир илимий терминдин түрлөрүнө жараша чечмелеп көрөлү.

Көп маанилүү термин:

Сепаратор так илидерде заттын бөлүкчөлөрүн өз алдынча бөлүп алуучу түзүлүш катары каралса, ал эми ушул эле термин коомдук илидерде адамдардын тобун бузган, ажырымдарга ажыратып бөлүп-жарган жикчил адам катары каралат. Эки маанисинде тең эле бөлүүчү, ажыратуучу деген түшүнүктү бергени менен, колдонуу объектиси эки башка – бири түзүлүш, экинчиси адамга карата айтылып жатат.

Бир маанилүү термин:

Анализ, синтез, аргумент, факты, гипотеза, теория, практика, концепция, компенсация, синкреттешүү ж. б. у. с. терминдер илимдин кайсыл тармагы, кайсыл гана чөйрөсү болбосун бирдей маани менен колдонулат.

Маанилеш илимий терминдер:

Абориген же автохтон деген терминдер бир маанилеш термин болуп саналат. Эки термин тең бир аймакты мекендеп жашап келген ошол аймактын жергиликтүү, отурукташкан эли деген маанини береүү менен маанилеш терминдер болуп саналышат.

Окуучуларды илимий терминдер менен иштетип үйрөтүүнүн мааниси.

Учурдагы ар бир педагогдун жүрөк түпкүрүнөн орун алган көйгөйлүү маселеси окуучусунун сабакта берген материалын толук кандуу түшүнбөй, түн уйкусун берип даярдаган сабагынын максатка жетпей калышы. Албетте, бул туура эле коюлган көйгөй. Маселе кайда жатат? Маселе өзүбүздө экен. Биз балага материалды өздөштүрүү үчүн берүүдө темадагы ар бир деталга кылдат көз салбайт окшойбуз менимче. Темада кезиккен ар бир жаңы термин, аталыш жөнүндө балага түшүнүк берип алып, анан берилген материалдын үстүндө иштөөнү сунунштасак, бала үчүн берилген жаңы материал жолу жок туңгуюкка окшобостон, берилген материалды караңгы үңкүргө жасалган саякатка салыштырсак да, окуучуларыбыз андан жол таап кеткен сыңары берилген материалды караңгы үңкүрдөн кенч издегендей кызыгуу менен өздөштүрүшүп алышат. Башкы маселе мына ушунда жатат. Берип жаткан билимибизден, үйрөтүп жаткан илимибизден тажабай, ар бир баланын талуу жерин көрө билип, аларга илимий терминдер деген сыйкырдуу сөздөрүбүздү регулярдуу өздөштүртүп барсак, анда биздин окуучуларыбыз биз берип барган жаңы материалдарды биз ойлогондон да жеңилирээк, тезирээк өздөштүрүшүп барышат. Эгер биз таттууну ача албаган балага дайыма эле таттуу кармата берсек анын ичиндеги нерсе балага жагаарын билсе да, ар дайым ачууда жолсуз болсо, анда ал балага ал нерсе канча таттуу болгонуна карабастан бала үчүн кызыксыз нерсеге айланган сыңары сабагыбызда да өз алдыңча окуп үйрөн деп таттуу бергендей окуучуларыбызга мамиле жасай берсек, анда биздин сабактарыбыздын кунары учуп, ошол таттуу сыңары кызыгы кетет, өзүбүздүн да окуучулар алдында педагогдук баа, кадырыбыз түшөт. Ар бир балага таттууну ачуунун жолдорунда колдонулуучу эрежелерди (сыйкырдуу сөздөрүбүздү) үйрөткөн сыңары сабагыбызда берилүүчү окуу материалыбыздын негизин түзгөн илимий терминдерибиздин маани-маңызын ачып бере алчак, бала таттууну өз алдынча ача алган сыңары, сабагыбыздагы материалды да кызыгуу менен таттуудай өздөштүрө алат.

Биз өтө турган сабактар ушул эрежелерди пайдаланганыбызда гана биз ойлогондой татаал, биз ойлогондой кыйын жана кызыксыз болбой калат. Тескерисинче ар өткөн сабагыбызды балдарыбыз чыдамсыздык менен күткөн, дасыккан педагогго айланабыз. Балдарга коюу туманда жол көрсөтө билдген педагог гана мыкты педагог. Санды билбеген балага саатты карматып убакытты сураган апендидей болбошубуз керек. Алгач балага саандарды жана сааттын иштөө алгоритмдерин түшүндүрө алсак гана бала бизге убакытты айтып бере алат. Биз эрежелерди үйрөтүүдөн талбашыбыз керек. Анткени жашоо да сабактагыдай эрежелерден турат. Ошон үчүн улуу педагогдор айтышат. “Мектепти аяктаганыңа кубанба, анткени мектепти аяктагандан кийин турмуш деген чоң мектептин эшиги ачылат” – деп. Биз балдарыбызга өз мектептерибизде өзүбүз билим берип, өзүбүз баа беребиз, ал эми балдар мектепти аяктаган соң аларга коомчулук баа берет. Ошондо биздин кандай педагог болгондугубуздун айкын жүзү байкалат. Биздин продукциябызды коомчулук баалайт, коомчулук баа берет. Ошондуктан жүзүбүзгө көө жаппастан, коомго мыкты педагог катары таанылышыбыз үчүн мыкты продукцияларды даярдап чыгаралы урматтуу кесиптешим!

Андыктан балдарыбызга терминдерди, эрежелерди үйрөтүүдөн талбайлы. Алар жашоодо өкүнбөгүдөй болушсун. Себеби…

Себеби илимий терминдер илимий макалалардабы, адабий чыгармалардабы, көркөм публицистикадабы, же журналистикалык иликтөөдөбү илимий макалалардан тарда, көркөм адабий китептерибиздин, газета-журналдарыбыздын, радио-телевидениебиздин, интернет ресуртарыбыздын өзөгүн түзөт. Биз муну менен илимий терминдерди тар чөйрөдөгү илим адамдарына гана керектүү нерсе экен деп түшүүнбөстөн, тескерисинче кеңири чөйрөдөгү коомчулугубуз да өздөштүрүүсү зарыл болгон нерсе катары баа берип, биз тарбиялап, өстүрүп жаткан окуучуларыбызга да өздөштүртсөк, окуучулар илимий терминдерди илимдин сыйкырдуу сөздөрү катары гана баа бербестен өздөштүрүп алышса келерки жашоосунда кыйналышпай жашап кете алышат, бири-бири менен мамилелеше алышат. Айланасындагыларды ойлорун толук кандуу түшүнүүү менен чечкиндүү чечим чыгарууга зор жол ачылат.

Урматтуу кесиптешим!

Мен да сизди мыкты дасыккан педагог катары кесипкөйлүгүңүздүн мөмөлөрүн аянбастан кеңири чачып, коркпостон алга кадам таштап заманыбыздын залкар уул-кыздарын билим берип, тарбиялап өстүрүп чыгара беришиңизге тилектештигимди билдирүү менен сөзүмдү жыйынтыктасам.