Просмотр содержимого документа
«ЭЭМди муундарга бөлүү»
Электрондук эсептөөчү машиналарды муундарга бөлүү.
Биринчи муундагы ЭЭМ
Лампалык 50-жылдардын машинасы. Биринчи муундагы эң ылдам машиналардын ылдамдыгы секундасына 20миң операцияга жеткен. Маалыматты жана программаны киргизүү үчүн перфолента жана перфокарталар колдонулган. Машиналардын ички эсинин көлөмү анча чоң болбогондуктан (бир нече миң сан жана программа командасы), алар негизинен анча чоң эмес көлөмдөгү маалыматты кайра иштетүү үчүн инженердик жана илимий эсептерде эмгек кылган. Булар өзүнө миңдеген лампаларды камтыган, жүздөгөн чарчы метрди ээлеген, жүздөгөн килловат электр энергиясын керектеген аябай зор түзүлүш эле. Мындай машиналардын программалары машина тилинде түзүлүп, жетишээрлик эмгекти талап кылуучу. Ошондуктан ал кезде программалоо бир нерче адамдарга гана жеткиликтүү болчу. 1949-жылы АКШда электрондук лампаны алмаштыруучу биринчи жарым өткөргүч түзүлүшү жасалган. Анын аты транзистор аталып калды. Транзисторлор радиотехникага тез кире баштаган.
Экинчи муундагы ЭЭМ
60-жылдары транзисторлор экинчи муундагы ЭЭМдин элемент базасы болуп калды. Жарым өткөргүчтүү элементтерге өтүү ЭЭМдин сапатын бардык жааттан жакшыртты: алардын кичине болсо да, көлөмү азайды, туруктуу жана бекемирээк, электр энергиясын азыраак талап кылат. Көпчүлүк машиналардын ылдамдыгы секундасына 10-100 миң операцияга жетти. Ички эстин көлөмү биринчи муундагы ЭЭМ менен салыштырмалуу 100 эсеге өстү. Магниттик тышкы эс түзүлүштөрү дүркүрөп өнүгө баштады: магниттик барабандар, магниттик лента сактагычтары. Буга байланыштуу ЭЭМде маалыматтык, издөө системаларын түзүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Мындай системалар узак убакытка магниттик сактагычтарда чоң көлөмдөгү маалыматтарды сактоо зарылдыгы менен байланыштуу. Экинчи муун мезгилинде жогорку денгээлдеги программалоо тилдери активдүү өнүгө баштады. Алардын биринчилери Фортран, Алгол, Кобол болгон. Программаны түзүү машинанын моделинен көз каранды болбой калды. Программалоо сабаттуулук элементи катары кеңири жайыла баштаган, негизинен жогорку билимдүү адамдар арасында.
Үчүнчү муундагы ЭЭМ
Бул ЭЭМдер жаңы элемент базасында жасала баштаган алар - интегралдык схемалар. Татаал технологиянын жардамы менен адистер кичинекей, аянты 1см кичине болгон жарым өткөргүчтүү пластинада, татаал электрондук схемаларды орноштурууну үйрөндү. Аларды интергалдык схемалар (ИС) деп атачу. Биринчи интегралдык схемалар ондогон, анан жүздөгөн элементтерди (транзисторлор, каршылыктар ж.б.) камтыган. Качан интеграция денгээли (элементтердин саны) миңге жакындаганда, аларды чоң интегралдык схемалар (ЧИС) деп айтай баштаган. Андан соң зор интегралдык схемалар (ЗИС) чыккан. Үчүнчү муундагы ЭЭМди 60-жылдардын экинчи жарымында чыгара баштаган, IBM фирмасы IBM-360 машиналарын чыгара баштаганда, бул машиналар интегралдык схемалардын жасалган эле. Бир компьютерде бир убакта бирнече программаны аткаруу мүмкүндүгү пайда болду. Мындай иштөө режими мультипрограммдык режим деп аталган. Көпчүлүк ЭЭМдердин иштөө ылдамдыгы секундасына бир нече миллион операцияга жетти. Үчүнчү муундагы компьютерлерде тышкы эс түзүлүшүнүн жаңы түрү пайда болду - магниттик дисктер. Магниттик лента сыяктуу эле, магниттик дисктерде чексиз маалыматтарды көчүрүү мүмкүн эле. Магниттик лентага карганда магнит дисктери бир топ ылдам иштечү. киргизүү, чыгаруу түзүлүштөрү кенири колдонула баштайт: дисплейлер, графокуруучулар. Бул мезгилде ЭЭМди колдонуу аймагы кенейип, маалымат базалары, биринчи жасалма интеллект системалары, автоматтык проектилөө жана башкаруу системалары түзүлө баштайт.
Төртүнчү муундагы ЭЭМ
Электроникадагы кийинки революциялык ачылыш 1971-жылы Intel компаниясы тарабынан микропроцессорду чыгаруусун жарыяланда болгон. Микропроцессор бул - компьютердин негизги бөлүгүнүн функцияларын аткаруучу (процессор) зор интегралдык схема. Башкача айтканда - микропроцессор бул - анын эсине киргизилген программа аркылуу иштөөчү кичинекей мээ. Биринчи мезгилде микропроцессорду ар кандай техникалык түзүлүштөргө орното баштаган: станоктор, автомобилдер, самолеттор. Мындай микропроцессорлор орнотулган техника ишине автоматтык башкарууну жүргүзгөн. Микропроцессорду киргизүү-чыгаруу түзүлүшү, тышкы эс менен кошкондо компьютердин жаңы түрү келип чыккан: Микро ЭЭМ. Микро ЭЭМ машиналары төртүнчү муундагы ЭЭМге кирет. Микро ЭЭМдин мурунку муундагы компьютерлерден өзгөчө айырмачылыгы алардын көлөмүнүн кичинеси (илгерки сыналгынын көлөмүндөй) жана арзандыгы болгон. Бул чекене (розничная) соодада пайда болгон биринчи компьютерлер. Бүгүнкү күндөгү ЭЭМдин белгилүү түрү персоналдык компьютерлер. Персоналдык компьютерлердин пайда болуусунун феномени эки америкалык адистердин аты менен байланыштуу: Стив Джобс жана Стив Возняк. 1976-жылы Apple-1 аттуу алардын биринчи сериялык ПКсы жарык көргөн, ал эми 1977-жылы болсо - Apple-2. Персональный компьютер дегендин негизин кыскача мындай деп айтса болот: ПК (Персоналдык компьютер) бул аппараттык жана программдык жабдуусу колдонуучуга оңой, жеткиликтүү болгон микро ЭЭМ.
Бешинчи муундагы ЭЭМ
Бул машиналар жакынкы келечек компьютерлери. Алардын негизги сапаты жогорку интеллектуалдык денгээл болушу зарыл деп илимпоздор айтышат. Бешинчи муундагы компьютерлер - ишке ашырылган жасалма интеллекттүү (акыл-эстүү) компьютер. Алардын негизинде кванттык эсептөөлөр болот деп көптөгөн окумуштуулар имиш кылууда. IBM компаниясы бул компьютер үстүндө учурда катуу иш жүргүзүүдө. Мындай компьютерлерде үн менен башкаруу, үн менен баарлашуу, машиналык көрүү, машиналык сезүү болот деген имиштер бар. Көптөгөн нерселер бул багытта жасалганы анык.