СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эне-Сай жана Чыгыш Теңир-Тоо кыргыздары X-XII кылымдарда (7 класс), Кыргызстан тарыхы

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Эне-Сай жана Чыгыш Теңир-Тоо кыргыздары X-XII кылымдарда (7 класс), Кыргызстан тарыхы»

Эне-Сай жана Чыгыш Теңир-Тоо кыргыздары X-XII кылымдарда

Эне-Сай жана Чыгыш Теңир-Тоо кыргыздары X-XII кылымдарда

1. Эне-Сай, Монголия жана Алтайда өз алдынча иналдык кыргыз мамлекеттери   Өзүнүн кыска мезгилдүү кубаттуулугун жоготкондон кийин кыргыздар беш кылымдан ашуун убакыт бою өзүнүн алгачкы мекени Эне-Сайда, Саян тоо кыркаларынын түндүк жактарында жашашты.

1. Эне-Сай, Монголия жана Алтайда өз алдынча иналдык кыргыз мамлекеттери

  • Өзүнүн кыска мезгилдүү кубаттуулугун жоготкондон кийин кыргыздар беш кылымдан ашуун убакыт бою өзүнүн алгачкы мекени Эне-Сайда, Саян тоо кыркаларынын түндүк жактарында жашашты.
2. Эне-Сай кыргыздарынын саясий абалы XII кылымдын аягында монгол тилдүү уруулар кыргыздарды Эне-Сайдын түндүгүн кѳздѳй кысышкан. Ушул мезгилде энесай кыргыздары бир нече ѳзүнчѳ ээликтерге бѳлүнүп кетишет. Бул майда ээликтердин башында иналдар турушкан. Окумуштуулардын пикиринде бул термин падыша, хан деген түшүнүктү берген. XVII кылымда эле Абул-Гази мындай деген «Кыргыздар ѳздѳрүнүн башкаруучусун инал дешет, бул монголдордо хан, тажиктерде шах дегендей эле сѳз». Ал эми байыркы түрк маанисинде хан тукумундагы аялдын баласы. Махмуд Кашгари болсо кыпчактарда Инал деген хан болгонун билдирет. Аль-Хорезми болсо түрктѳрдүн падышасынын мураскорун инал деп жазган.

2. Эне-Сай кыргыздарынын саясий абалы

  • XII кылымдын аягында монгол тилдүү уруулар кыргыздарды Эне-Сайдын түндүгүн кѳздѳй кысышкан. Ушул мезгилде энесай кыргыздары бир нече ѳзүнчѳ ээликтерге бѳлүнүп кетишет. Бул майда ээликтердин башында иналдар турушкан.
  • Окумуштуулардын пикиринде бул термин падыша, хан деген түшүнүктү берген.
  • XVII кылымда эле Абул-Гази мындай деген «Кыргыздар ѳздѳрүнүн башкаруучусун инал дешет, бул монголдордо хан, тажиктерде шах дегендей эле сѳз». Ал эми байыркы түрк маанисинде хан тукумундагы аялдын баласы.
  • Махмуд Кашгари болсо кыпчактарда Инал деген хан болгонун билдирет.
  • Аль-Хорезми болсо түрктѳрдүн падышасынын мураскорун инал деп жазган.
Бул титулга энесайлык белгилүү кыргыз башкаруучулары: Ынал-оге, Огдем-инал, Шубуш-инал ээ болушкан. XII кылымда кыргыз ээликтерине Кем-Кемжиут (азыркы Тыва) да кирген.
  • Бул титулга энесайлык белгилүү кыргыз башкаруучулары: Ынал-оге, Огдем-инал, Шубуш-инал ээ болушкан.
  • XII кылымда кыргыз ээликтерине Кем-Кемжиут (азыркы Тыва) да кирген.
1199-жылы найман ханы Буюрук Чынгыз хан тарабынан талкалангандан кийин Кэм-Кэмжиут аймагындагы кыргыздарга качты деген маалымат баардык ошол мезгилдин булактарынан кезигет. Бул окуя монголдордун кыргыздарга басып кирүүсүнө шылтоо болгон.
  • 1199-жылы найман ханы Буюрук Чынгыз хан тарабынан талкалангандан кийин Кэм-Кэмжиут аймагындагы кыргыздарга качты деген маалымат баардык ошол мезгилдин булактарынан кезигет.
  • Бул окуя монголдордун кыргыздарга басып кирүүсүнө шылтоо болгон.
3. Чыгыш Теңир-Тоолук кыргыздар X – XII кылымдарда Кыргыздардын экинчи бир жамааты биздин замандын II миң жылдыгынын башталышында Чыгыш Теңир-Тоо аймагын жердеп турушкан. “ Улуу дөөлөт” доорундагы кызыл кыргын, сары сүргүндүн маалында кыргыздар уйгурлар менен чабышып, Куча, Беш-Балык, Үч-Турпан сыяктуу шаарларды бир нече ирээт өздөрүнө караткан. Мусулман жазмаларында кыргыздардын жери уйгурларга, карлуктарга, чигилдерге, ягмаларга коңшулаш деп көрсөтүлөт.

3. Чыгыш Теңир-Тоолук кыргыздар X – XII кылымдарда

  • Кыргыздардын экинчи бир жамааты биздин замандын II миң жылдыгынын башталышында Чыгыш Теңир-Тоо аймагын жердеп турушкан.
  • “ Улуу дөөлөт” доорундагы кызыл кыргын, сары сүргүндүн маалында кыргыздар уйгурлар менен чабышып, Куча, Беш-Балык, Үч-Турпан сыяктуу шаарларды бир нече ирээт өздөрүнө караткан.
  • Мусулман жазмаларында кыргыздардын жери уйгурларга, карлуктарга, чигилдерге, ягмаларга коңшулаш деп көрсөтүлөт.
X кылымдын башталышында кидандардын бийлигинин орношунун натыйжасында кыргыздардын бул жамааты Монголиядан бөлүнүп калат. Ошол эле убакта Иртыштын жака-белине жана Жуңгарияга каи уруусу таралып, Кимак каганаты түзүлөт, натыйжада теңиртоолук кыргыздарга түндүк тараптан каи менен кимактар коңшу болот. Ал эми X кылымдын аягында түркстанды жердеген кыргыздар турпандык уйгурларга көз каранды болуп калышкан.
  • X кылымдын башталышында кидандардын бийлигинин орношунун натыйжасында кыргыздардын бул жамааты Монголиядан бөлүнүп калат.
  • Ошол эле убакта Иртыштын жака-белине жана Жуңгарияга каи уруусу таралып, Кимак каганаты түзүлөт, натыйжада теңиртоолук кыргыздарга түндүк тараптан каи менен кимактар коңшу болот.
  • Ал эми X кылымдын аягында түркстанды жердеген кыргыздар турпандык уйгурларга көз каранды болуп калышкан.
Коңшулаш мусулман уруулардын таасири астында кыргыздардын ырым-жырымдары, салты өзгөрөт. “ Кыргыздардын салтында өлүктү өрттөшкөн: муну менен алар от маркумдарды аруу кылып тазартат деп эсептешкен. Алардын өткөндөгү салты ушундай болгон, бирок мусулмандарга коңшу болгондон тартып өлгөндөрдү өрттөбөй көмө башташты”- деп, жазылат тарыхый булактарда. Демек, XII кылымда Чыгыш Теңир-Тоо кыргыздары өрттөп көмүү салтын таштап, жерге көмүү салтына өтүшүп энесайлык урукташтарынан айырмалана башташкан.
  • Коңшулаш мусулман уруулардын таасири астында кыргыздардын ырым-жырымдары, салты өзгөрөт.
  • “ Кыргыздардын салтында өлүктү өрттөшкөн: муну менен алар от маркумдарды аруу кылып тазартат деп эсептешкен. Алардын өткөндөгү салты ушундай болгон, бирок мусулмандарга коңшу болгондон тартып өлгөндөрдү өрттөбөй көмө башташты”- деп, жазылат тарыхый булактарда.
  • Демек, XII кылымда Чыгыш Теңир-Тоо кыргыздары өрттөп көмүү салтын таштап, жерге көмүү салтына өтүшүп энесайлык урукташтарынан айырмалана башташкан.
Жыйынтык чыгарабыз. Орто кылымдык тарыхый булактарда Түштүк Сибирдеги жана Чыгыш Теңир-Тоодогу кыргыздардын саясий жана маданий тарыхы чагылдырылган. Х кылымда Кыргыз дөөлөтү кулагандан кийин Эне-Сайда иналдар башында турган өз алдынча майда княздыктарга бөлүнгөн. Алар тышкы баскынчыларга каршылык көрсөтүү кубатынан ажырап, натыйжада монгол баскынчыларынын басып алуу коркунучунда калган. Ал эми чыгыш теңир-тоолук кыргыздар кидан башкаруучусу Элүй Дашиге көз карандылыкка өткөн. X-XII кылымдар кыргыздардын саясий алсыздыгынын мезгили болуп калды.

Жыйынтык чыгарабыз.

  • Орто кылымдык тарыхый булактарда Түштүк Сибирдеги жана Чыгыш Теңир-Тоодогу кыргыздардын саясий жана маданий тарыхы чагылдырылган.
  • Х кылымда Кыргыз дөөлөтү кулагандан кийин Эне-Сайда иналдар башында турган өз алдынча майда княздыктарга бөлүнгөн.
  • Алар тышкы баскынчыларга каршылык көрсөтүү кубатынан ажырап, натыйжада монгол баскынчыларынын басып алуу коркунучунда калган.
  • Ал эми чыгыш теңир-тоолук кыргыздар кидан башкаруучусу Элүй Дашиге көз карандылыкка өткөн.
  • X-XII кылымдар кыргыздардын саясий алсыздыгынын мезгили болуп калды.
Суроолор жана тапшырмалар   1. X-XII кк. кыргыз уруулары кайсы аймактарда жашаганын айтып бергиле.  2. Улуу Кыргыз д өө л ө т ү н ү н  кулашынын  себептерин  аныктагыла . 3. Иналдар ө лк ө с ү  дегенди  кандай  т ү ш ү н ө с үңө р ? Бул  терминдин  дагы  кандай  маанилери  бар  экендиги  силерге  белгил үү ? 4. Ко ң шулаш  мусулман  уруулардын  та асири астында кыргыздардын баштагы ырым-жырымдары, салты ө зг ө р ө т . Буга  кандай  далилдерди  келтиреси ң ер .

Суроолор жана тапшырмалар

1. X-XII кк. кыргыз уруулары кайсы аймактарда жашаганын айтып бергиле.

2. Улуу Кыргыз д өө л ө т ү н ү н кулашынын себептерин аныктагыла .

3. Иналдар ө лк ө с ү дегенди кандай т ү ш ү н ө с үңө р ? Бул терминдин дагы кандай маанилери бар экендиги силерге белгил үү ?

4. Ко ң шулаш мусулман уруулардын та асири астында кыргыздардын баштагы ырым-жырымдары, салты ө зг ө р ө т . Буга кандай далилдерди келтиреси ң ер .

Үй тапшырмасы Параграф 3 --- 15-21 беттер («Кыргызстан тарыхы», 7 класс) – “X-XII кк. кыргыздардын тагдыры” - деген темада эссе жазгыла.

Үй тапшырмасы

  • Параграф 3 --- 15-21 беттер («Кыргызстан тарыхы», 7 класс) – “X-XII кк. кыргыздардын тагдыры” - деген темада эссе жазгыла.