СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Этиштин соз түркүмү катары мүнөздөмөсү планы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Этиштин сөз түркүмү катары мүнөздөмөсү

Просмотр содержимого документа
«Этиштин соз түркүмү катары мүнөздөмөсү планы»

Тема: Этиштин сөз түркүмү катары мүнөздөмөсү: морфологиялык жана синтаксистик кызматы. 5-класс

  1. Сабактын максаты:

А) Билим берүүчүлүк: Окуучулар маани берүүчү сөз түркүмдөрүнүн бири сын атооч боюнча алган билимдерин бышыктоо менен этиш боюнча түшүнүк алышат. Алардын заттын кыймыл-аракетин билдирээрин жана эмне кылды?, эмне кылып жатат?, эмне кылат? деген суроолорго жооп берээрин үйрөнүшөт;

Б) Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар этиштин морфологиялык жана синтаксистик кызматын түшүнүп, морфологиялык жана синтаксистик талдоо жүргүзүүгө машыгышат;

В) Тарбия берүүчүлүк: Топтордо иштөөдө бири-бирин угуп, сыйлап өз ара түшүнүүгө багыт алышат;

Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окучулар…

А) Окуучулар маани берүүчү сөз түркүмдөрүнүн бири этиш сөз түркүмү боюнча түшүнүк алышса, алардын заттын кыймыл-аракетин билдирээрин жана эмне кылды?, эмне кылып жатат?, эмне кылат? деген суроолорго жооп берээрин үйрөнүшсө;

Б) Окуучулар этиштин морфологиялык жана синтаксистик кызматын түшүнүшсө, морфологиялык жана синтаксистик талдоолорду жүргүзө билишсе;

В) Топтордо иштөөдө бири-бирин угуп сыйласа;

  1. Сабактын тиби: жаңы билимдерди берүү

  2. Сабактын методу: Проблемалуу метод жана интерактивдүү методдордун айрым стратегиялары.

  3. Сабактын жабдылышы: окуу китеби, ватман, стикер, сүрөттөр, маркер, проектор, ноутбук ж.б.

  4. Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу: (Саламдашуу, жоктоо, тил гимни)

  2. Окуучуларды топко бөлүү:

Ватмандагы бакта илинген алмаларды алуу аркылуу бөлүнүшөт.1-топ “Этиш”, 2-топ “Жак”, 3-топ “Чак”, 4-топ “Баяндооч”(стикерлерде топтун аты жана ар кандай түстө болот).

  1. Алтын эреже кабыл алуу: Алтын эреже илинет.

  2. Жагымдуу маанай түзүү: Сабакты баштоодон мурда бири-бирибизге жагымдуу маанай тартуулап алалы. Окуучулар бири-бирин карап жылмайышат. Демек, балдар, жылмаю бул - адамдын жүрөгүн тазартып, көңүлүн көтөрөт эмеспи, андыктан дайым жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин.

  3. Баалоонун критерийлери менен түшүндүрүү: Бүгүнкү сабакта топторду, бири-бирибизди, өзүбүздү өзүбүз баалайбыз. Доскада ар бир топтун аты кагазга илинет, кутучадагы тамгаларды упай алган сайын чаптап, “азамат” деген сөз чыгарышат. “5”, “4”, “3”, “2” бааларга окуучулар мүнөздөмө беришет.

  4. Үй тапшырмасын кайталоо:

1-топ Сын атоочтун лексикалык мааниси боюнча жакташат, 2-топ Сын атоочтун морфологиялык жол менен жасалышын жакташат, 3-топ Сын атоочтун синтаксистик жол менен жасалышын жакташат, 4-топ Синтаксистик кызматын жакташып ватмандарды кураштырышат. Ватмандын ортосундагы сүрөткө сүйлөм түзүү аркылуу жаңы тема менен байланыштырат.

  1. Теманы ачуу: Слайддан ырдаган, бийлеген, окуган, чуркаган, иштегендер көрсөтүлөт. Бул слайддан кайсы маани берүүчү сөз түркүмдү байкап турасыңар? Жабылган теманы ачканда “Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат” деген жазуу пайда болот.

  2. Сабактын максаты таанышуу: Окуучулар максаттарын айтышат, мугалим толуктап, жабык илинген максатты ачат.

  3. Теман түшүндүрүү: Слайд аркылуу түшүндүрүлөт.

  4. Билим көөкөрү” кутучасындагы суроолого жооп алуу : Тема боюнча ак (эң жакшы), көк (орто) карточкаларга тапшырмалар берилген. Топтор аткарышат.

  5. Жазылган маалыматтардан стен газета жазап, жакташат.

1-топ: “Этиш” Этиштин лексикалык маанисин түшүндүрүп берет

2-топ: “Жак” Этиштин жак мүчөлөр менен өзгөрүшүн түшүндүрөт

3-топ: “Чак” Чак мүчөлөр менен өзгөрүшүн түшүндүрөт

4-топ: “Баяндооч” Синтаксистик кызматын түшүндүрөт

  1. Китеп менен иштөө: 418-көнүгүү берилген сөздөргө сүйлөм түзүп, сөзгө морфологиялык талдоо, сүйлөмгө синтаксистик талдоо жүргүзүшөт.Ар бир топко экиден сөз берилет. Ал сөздөр экранда берилет. (ырдады, иштеди, сүйлөдү, окуп жатат, батты, кетип бара жатат, отурду)

  2. Туура, туура эмес”: Ар бир топтон бирден окуучу чыгып, мугалимдин айткандары туура болсо туура деген отургучка отурат, туура эмес болсо туура эмес деген отургучка отуруу аркылуу жарышышат.

  3. Рефлекция: Сабактын башында бактагы алмаларды терип алып топко бөлүнгөн, эми ошол бакка сабак түшүнүктүү болду дегендер кызы алма илишет, түшүнүксүз жерлери болду дегендер көк алмаларды илип, сабакты жыйынтыктайбыз.

  4. Баалоо: Топтордун жана жеке окуучулардын балдары саналып, мыкты окуучу жана мыкты топ тандалат.

  5. Үй тапшырма: 419-көнүгүү, окуп жана конспектилеп келүү.































АЛТЫН ЭРЕЖЕ

  1. Сабакты көңүл коюп түшүнүү

  2. Сабакка активдүү катышуу

  3. Убакытты туура пайдалануу

  4. Бири-бирибиздин оюбузду

уга билүү

  1. Кол көтөрүп жооп берүү