СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Фаст фуддун зыяндуулугу

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Фаст фуддун зыяндуулугу»

ФАСТ-ФУД ЗЫЯН

Баарыбыз даамдуу тамакты сүйөбүз. Бирок даамдуу азыктардын кээ бирлери зыяндуу экендигин билгибиз келбейт. Антсе да доктурлардын кеңешин угуп, зыяндуу тамак-ашка чекит коюуну үйрөнүшүбүз керек. Бул ден соолугубуз үчүн зарыл. Анда эмнелерди билишибиз керек?

КАЙДАН КЕЛИП ЧЫККАН?
Фаст-фуддун (англисчеден “fast” – “тез”, “food” – “тамак”) чоң киреше алып келе турганын биринчилерден болуп америкалык ишкер Билли Инграм түшүнгөн. Ал Канзас штатында “Ак сарай” деп аталган бир нече кафе ачкан. Ал жерде 5 центтик гамбургерден башка нерсе сатылчу эмес. Кийин “Ак сарайга” атаандаш болуп “Макдональдс” чыккан.
Кыргызстанда фаст-фуд азыктары 1990-жылдары пайда болуп, учурда өзүнүн алтын доорун жашап жатат. Пиццерия, бистро сыяктуу тез татым кафелеринин саны көп. Аларда гамбургер, хот-дог, италия пиццасы, түрк шаурмасы, япон сушиси сатылат. Ошолордун катарында фаст-фуд түрлөрү: самса, беляш, пирожки, чебуреки, котлеттер, май токочтор бар.

ЗЫЯНЫ ЭМНЕДЕ?
Булардын даамдуулугу даамдуу деңизчи, бирок алардын коркунучтуу жактары көп.
1-коркунуч – калория
1 гамбургер менен 1 стакан кока-кола сизди жарым күндөн ашыкка жетүүчү калория менен камсыз кылат. Ушундай эле калорияга курамында майлуу эт менен былчылдата куюлган майонез бар 1 шаурма да ээ. Же сыр, колбасалар кошулган 1 пиццаны же болбосо хот-догду жесек да ошондой эле калорияга ээ болобуз. Мындай тез даярдалуучу тамакты жеп туруп, артынан таттуу суусундукту ичүү – адат. Ал эми 1 стакан таттуу суусундуктагы (кола, пепси) канттын өлчөмү 6 чакмак кантты түзөт. А биз буларды жеп-ичкенден кийин көп кыймылдабаганыбыз аз келгенсип, башка тамактарды да жегенге үлгүрөбүз. Демек, фаст-фуд ашыкча салмак топтоого өбөлгө.
2-коркунуч – май
Фаст-фуд азыктарын трансгендик майларды колдонуу менен даярдашат. Трансгендик май тамакты даамдуу кылат. Бирок мындай майдын зыяны абдан көп. Анткени андай майга маргарин, ошондой эле мурун бир нерсе куурулган же бышырылган майлар кирет. Ошондой эле бир нерсени бышырууда майдын үстүнө май кошула берет да, мурунку май күйүп, трансгендик майга айланат. Мисалы, самсаларга маргарин кошулат. Ал эми картошка-фри же хот-догго салынуучу сосиска мурун колдонулган майга бышырылышы мүмкүн. 
Мындай майлар адамга көп калория менен кошо жаман холестериндерди тартуулайт. Демек, семирүүнүн, жүрөк-кан тамыр жана ичеги-карын ооруларынын келип чыгышына жол ачылат. Ал тургай залалдуу рактын жаралышын шартташы мүмкүн. 
3-коркунуч – шашылып тамактануу
Фаст-фудду басып баратып деле жеп кете берүүгө болот. Мындай учурда чоң-чоң сугунуп, жакшы чайнабай жутасың. Тоюу сезими болсо, тамактангандан соң бир топто барып билинет. Андыктан шашып баратып бир нерсе жегенде тойгонуңду билбей ашыкча жеп аласың. Кээде фаст-фудду жол боюнан эле сатып алып, ызы-чуулуу жерде туруп жегенге туура келет. Мындай жерде аң-сезим тамакты сиңирүүгө жакшы көңүл бура албай калат. 
Ошентип, жакшы чайналбай жутулган жана ашыкча желген фаст-фуд ашказанга оордук келтирип, гастритти жаратат. Эгер мурун гастрит бар болсо, аны күчөтөт. Мындан тышкары айрым адамдардын ичи катса, кээ бирлердин ичи өтөт. 
4-коркунуч – туз
Адамдын организмине күнүнө 1 миллиграмм туз (чай кашыктын төрттөн бир бөлүгү) керектелет. Бул нерв жана булчуңдардын калыптагыдай иштеши үчүн керек. Өлчөмдөн ашыгы ден соолукка зыян. Ашыкча туз артериалдык кан басымды жогорулаткандан тышкары адамды шишүүгө жеткирет. Ал эми 2 гамбургер жеген адам 1 күндүк туздун нормасын алган болот.

ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ

  • 1 гамбургер же шаурма менен 1 стакан таттуу суусундуктагы калориядан арылыш үчүн тынымсыз 7 саат басуу керек.

  • Кант менен майды көп кабыл ала берсек, булар организм үчүн “баңгизат” болуп калат. Демек, эңсөө күчөйт.

  • Диетологдордун айтымында, тез татым тамактарын бир аптада бир жолу гана жегенге болот.