СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Физикалык жана химиялык катыштар

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын темасы:     Физикалык жана химиялык кубулуштар

                               Конкреттүү максаты:  ( билим  берүүчүлүк)

Окуучулар  “химия” – деген термин менен таанышат.Химия  предмети эмнени окутуп үйрөтөт , кандай мааниси бар экендиги менен таанышат. Заттар жөнүндө маалымат алышат. Заттардын касиети менен таанышат. Затттардын бири-бирине айлануусу боюнча маалымат алышат. Айлануулар учурундагы кубулуштар боюнча маалымат алышат. Физикалык кубулуштарды миалдар менен далилдешет. Химиялык кубулуштарга мисалдар келтиришет

Просмотр содержимого документа
«Физикалык жана химиялык катыштар»


Сабактын темасы: Физикалык жана химиялык кубулуштар

Конкреттүү максаты: ( билим берүүчүлүк)

Окуучулар “химия” – деген термин менен таанышат.Химия предмети эмнени окутуп үйрөтөт , кандай мааниси бар экендиги менен таанышат. Заттар жөнүндө маалымат алышат. Заттардын касиети менен таанышат. Затттардын бири-бирине айлануусу боюнча маалымат алышат. Айлануулар учурундагы кубулуштар боюнча маалымат алышат. Физикалык кубулуштарды миалдар менен далилдешет. Химиялык кубулуштарга мисалдар келтиришет.


Конструктивдүү максаты:(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялык)

-Окуучулар заттардын касиетин ,түзүлүшүн окуп үйрөнүү менен заттарды жана башка класстарына кирген заттардын касиетин айтып бере алат;

-окуучулардын таанып-билүүлөрү өсөт, тексти окуп үйрөнүүнү, талдап окууну үйрөнүшөт.

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү

Сабактын түрү: (формасы) Инновациялык сабак

Сабактын методу: мугалимдин сөзү; аңгемелешүү; сынчыл ойломдун айрым ыкмалары: синквейн, топ менен иштөө ж.б.

Сабактын жабдылышы: 1. Таблицалар, Слайд. анимация, видеолор. Сүрөттөр. ж.б.

С абактын жүрүшү : ( мугалимдин иш аракети)

Жаңы теманы кабыл алууга даярдоо.

Мисалы:














Жана башка тапшырмалар менен окуучулардын билимдери бааланат.

сабактын темасы берилет.


Сабак: Физикалык жана химиялык кубулуштар.


Сабактын темасы доскага жазылат.


Мугалим окуучуларга суроо менен кайрылат:

Суроо: Жаратылышта болуп жаткан кандай кубулуштарды ( өзгөрүүлөрдү ) билесиӊер?

  • Муздун эриши;

  • Сүттүн ириши;

  • Отундун күйушү;

  • Ачуу процесси ;

  • Темир мыктын дат басышы.

М угалим: Бул суроого толук жооп алуу үчүн эксперимент окуучулар менен бирдикте жасалат. ( же окуучуларды топко бөлүп эки топко тапшырма берип иштетсе да болот)

1-эксперимент: Пробиркага сууну куюп ысытабыз: Суунун бууланышы.





Эмне өзгөрүү болду?

  • Суу кайнап бууга айланды, өзгөрүү болгон жок.

2-эксперимент: Темирдин күкүрт менен болгон аралашмасынан темирди магнит аркылуу бөлүп алуу.

Эмне өзгөрүү болду?

  • өзгөрүү болгон жок, темирди аралашмадан бөлүп алдык.Темирдин формасы да агрегаттык абалы да өзгөргөн жок. Ал эми жез зымынын формасы гана өзгөрдү.


Демек: Бир заттан экинчи бир жаӊы зат пайда болбогон кубулушту – физикалык кубулуш деп айтабыз.


Төмөнкү силер көрүп турган кубулуштар жөнүндө эмне айта аласыӊар?










Бул процесстер жаратылышта жүрүп турат, мындай кубулуштар учурунда бир заттан экинчи бир жаӊы зат пайда болот. Мындай кубулушту химиялык кубулуш деп атайбыз.

Демек кубулуштар экиге бөлүнөт. Алар химиялык жана физикалык кубулуштар.

Андан кийин эксперимент менен далилдеп коюуга болот.

Мисалы:

  • Жез зымынын карарышы;

  • Канттын күйүшү, көмүрдүн пайда болушу.


Ошондой эле химиялык реакциялардын жүрүү белгилери боюнча маалымат алып окуучулар слайддар аркылуу тажрыйбаларды көрүүгө да болот .


Сабак жыйынтыкталып, окуучулардын билимдери бааланат.