III глава
Сабактын темасы: Газдардын көлөмдүк катышы.
Сабактын конкреттүү максаты: Заттын саны моль.Авогадро саны. Заттын абсолюттук массасы жөнүндө түшүнүк берип, заттарды түзүүчү бөлүкчөлөр жөнүндөгү билимдерге таянып, затты түзүүчү бөлүкчөлөрдүн санын билүү боюнча көнүгүү иштөө менен түшүнүктөрдү калыптандыруу.Заттын саны – моль боюнча маалымат алышып көнүгүү иштешет. Заттардын курамына сандык, сапаттык анализ беришет.Көнүгүү иштешет. Заттардын массасынын сакталуу закону боюнча теӊдеме жазууну үйрөнөт. Газдардын өзгөчөлөнгөн касиеттери менен таанышат.
Көрсөткүчтөр:
Эгерде окуучу затты түзүүчү эӊ майда бөлүкчөнү ченеп алууга мүмкүн экендигин түшүнсө,
Ар түрдүү газдар бирдей көлөмдү ээлей тургандыгын билишсе, ошол билимди пайдаланып маселе, мисал иштей алышса,
Г
аздардын көлөмүн, андагы кармалган бөлүкчөлөрдү эсептеп чыгара алышса.
Заттардын курамына сандык, сапаттык анализ бере алса.
Массанын сакталуу законунун негизинде теӊдеме жаза алышса.
Авогадро законун практикалык маанисин билишсе,
Газдардын касиетин билишсе.
С
абакты уюштуруу: 1.Жаӊы теманы кабыл алууга окуучуларды даярдоо.
(чөйрө түзүү)
2.Өтүлгөн темалар боюнча кайталоо, жаны теманы кабыл үчүн көнүгүүлөр менен
Мугалим окуучу менен бирдикте өтүлгөн темаларды эске түшүрүп жаӊы тема айтылат.
Заттын саны эмне ченелет?
Моль масса деген эмне?
Молекулалык формула деген эмне?
Заттардын массалык үлушү деген эмне?
Заттардын курамына сандык жана сапаттык анализ бергиле?
Төмөнкүдөй тапшырмалар аткарылат?
Б
ул окумуштуу жөнүндө эмне билесиӊер?
( слайддан көрсөтүлөт)
Сабактын жүрүшү:
Сабактын темасы берилет: Газдардын көлөмдүк катышы.
М
угалим:
1-Суроо:Силерге белгилүү болгон газдардын формулаларын жазгыла? ( окуучулар менен бирдикте суроо талкууланат)
Газдардын өзгөчөлүгү айтылат:
Газдар көлөмгө ээ;
Газдардын молекулаларынын ортосундагы аралык чоӊ;
Газдардын көлөмү молекулалар ортосундагы аралыктар менен аныкталат;
Молекулалар ортосундагы аракеттенүү начар начар жана бири-бирине көз карандысыз кыймылда болот.
2- Суроо: газдардын молекулалар ортосундагы аралыктар эмнеге көз каранды?
Текст: ( текст мугалим менен бирдикте талкууланып иштелет).
Тексти окуп чыгышат:
Газ абалындагы заттар реакцияга киргенде теӊдемедеги коэфиценттер газдардын көлөмдүк катышын көрсөтөт. Мисалы: CH4 + 2O2 = CO2 + 2H2O теӊдемеде көрүнүп тургандай коэфиценттер канча көлөм зат реакцияга киргендигин көрсөтөт. 1 моль метан 2моль кычкылтек менен аракеттенишип 1 моль көмүр кычкыл газы пайда болот. ( суу 2 моль). Газдардын көлөмдүк к атыштарын көрсөтүүч бүтүн сандар алынат. Алар: 1:2:1
CH4 + 2O2 = CO2 + 2H2O
1моль 2моль 1моль
22,4л 44,8л 22,4л
1 : 2 : 1
Реакцияга кирген газдардын көлөмү менен коэфиценттердин ортосундагы байланыш менен көптөгөн эсептөөлөрдү жүргүзүугө болот. Практикада газдардын массасын эмес көлөмү боюнча эсептөө жүргүзүлөт.
Маселе : 1л кычкылтекти алуу үчүн канча грамм сууну электр тогунун таасири астында ажыратуу керек?
Реакциянын теӊдемесин жазып, теӊдемени теӊдөө менен маселени чыгарабыз:
2H2O = O2
+ 2H2
2моль 1моль 2моль
36г 22,4л 44,8л
Андан кийин эсептөөнү жүргүзөбүз: ( эсептөөнү жүргүзгүлө)
Сабак жыйынтыкталып, окуучулардын билимдери бааланат.