КАЛП АЙТУУ, ЖАЛАА ЖАБУУ, АЛДАМЧЫЛЫК
Сабактын максаты:
Окуучулар калп айтуу, жалаа жабуу, алдамчылык адепсиздик сапаттар экендигин түшүнөт.
Сабактын жабдылышы:
Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.
Сабактын жүрүшү:
1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.
“Калптын казаны кайнабайт”, “Калп айткан адам жарыбайт” деген макалдар калк арасында эбактан бери эле жашап келет. Бул макалдарда камтылган ой, калпычылыктын жаман сапат экендигин айгинелейт. Бала калпычылыкты кичинекей кезинен эле үйрѳнѳ баштайт. Себеби, кандайдыр бир туура эмес иш жасап, ата-энесинин урушунан коркуп калп сүйлѳйт. Ошентип бул сапат билинбей калыптана берет. Тѳмѳндѳгү окуя да ушуга байланыштуу.
Бир күнү Болот менен Эрбол үйдѳ жалгыз калышты. Алардын апасы тойго кетти. Болот Эрболдон эки жаш улуу. Ал жети жашта. Эрбол экѳѳ таекеси сатып келип берген оюнчук “КАМАЗ” менен ойноп жатышкан. Болот аны сындырып алды. Апасы тойдон келип, сынган оюнчукту кѳрүп, Болоттон:
-Балам, оюнчукту ким сындырды? –деп сурады. Коркуп кеткен болот:
-Эрбол сындырды –деп калп айтты. Апасы күлүмсүрѳп Эрболду кучагына алды да:
-Эрболума тойдон момпосуй алып келдим, - деди. Ызасына чыдабаган Болот: -Эмне үчүн? Ал машинаны сындырып салбадыбы? Мен сындырбасам деле мага момпосуй бербейсизби? –деди.
-Жок. Эрбол машинаны сындырганы үчүн момпосуй берем! –деди апасы. Апасынын бул сѳзүнѳ таң калган Болот:
-Апаке, машинаны мен сындыргам. Мага момпосуй бериңизчи –деди. Апасы күлүп:
-Мына, уулум! Калп баары бир билинип калат! Андыктан, калп айтпай жүргүн –деди.
Кѳрдүңѳрбү балдар калп канчалык жашырба, баары бир билинип калат. Калп айтканга кѳнүкпѳ, чынчыл болууга аракет кыл.
Алдамчылык менен жалаа жабуу да терс сапаттардан. Алдамчылык –жалган менен эриш аркак. Адамдардын бири-бирине болгон ишеничин кетирет. Адамдык сапаттын жоголушуна алып келет. Ал эми жалаа жабуу эң жийиркеничтүү сапат. Жабыркатат, жүрѳктү сыздатып адам турумушун жагымсыз нукка бурат. Алдамчы, жалаакор адамдарды жек кѳрѳлү, ѳзүбүдѳн бул сапаттарды алыс айдайлы. Ак, ар нерсеге так жүрѳлү.
2-кадам: Окуучулар текстти окуп, класста талкуулашат.
Калп айтуунун кесепети
Досторум, силерге мектеп турмушунан кызыктуу бир окуяны айтып берүүнү чечтим. Мектепте окуп жүргѳнүбүздѳ мугалимдерибиздин үй тапшырмасын аткара албай калганда, ар кандайшылтоолорду айтып, аларды алдаганга аракет кылган окуучулар кѳп кездешет. Бир жолу мен да ошондой акыбалда калып, экинчи калп сүйлѳбѳс болдум.
Мен анда 6-класста окуур элем. Биздин мектепте тартип катуу болчу. Бир күнү биология сабагынан Акылай эже биздин класска жан-жаныбарлар жѳнүндѳ кызыктуу сабак ѳтүп, андан соң бардыгыбызга кийинки аптада курт-кумурска, ѳсүмдүктѳрдѳн гербарий жасап келүүбүздү үй тапшырма катары берди. Эгер аны аткарбасак аябастан туруп, дароо “2” кое турганын да алдын ала эскертип койду.
“Макул” деп сѳз бергенибиз менен кийинки аптага чейин кѳпчүлүгүбүз эжейдин тапшырмасын унутуп коюптурбуз. Бир эле Айсулуу деген эң жакшы бааларга окуган кыз эже айткан күнү эле кооз гүлдѳрдү, кѳпѳлѳктѳрдү кармап, аларды бир жумадан бери кургатып келиптир. Акылай эже Айсулууга ыраазы болуп, дароо “5” койду, а калгандарына жини келип “2” коюп салды. Эң коркунучтуусу ал күнү мектеп боюнча линейка бар болучу. Андыктан, мага кезек келгенде эжеге даярлап койгон гербарийимди үйгѳ унутуп койдум деген шылтоонуайта салбасмынбы. Эже мага жинденген жок, жай гана “Андай болсо, үйүң жакын эле, 15 минуттун ичинде барып алып кел,” - деп сабактан бошотуп койду.
Кызыктын баары ошондо башталды. Мектептен чыгаарым менен үйгѳ чуркап барып, бир кичинекей кагаз куту таап, анын ичине пахта салдым. Огороддон талаа чѳптѳрүн жана он чакты чегирткелерди кармап, кутунун ичиндеги пахтага жайгаштырып, шашылган бойдон мектепке кайттым. Акылай эже кутуну ачканда баягы менин чегирткелеримдин бардыгы секирип кетишти, а огороддон алынган чѳптѳр талаа чѳбүндѳй болбой эле бүрүшүп, соолуп калыптыр. Класстагы “2” алгандар да, “5” алгандар да, эжейим да менин жоругума боору катканча күлүштү. Ошондо биринчи жолу, жана башкалардан ѳзгѳчѳ айырмаланган “2” менен курдаштарымдын арасында уят болгом. Ушундай окуядан кийин үй
тапшырмаларымды берилген күнү эле аткарууга, эч кимге калп сүйлѳбѳгѳнгѳ ѳзүмѳѳзүм сѳз бердим.
Суроолор:
Эмне үчүн адамдар калп сүйлѳшѳт?
Сындырып койгон машинаны Болот эмне үчүн инисине тѳңкѳдү?
Калп айткан окуучунун классташтарынын астындагы абалын кандай элестеттиң?
3-кадам: Залкар ойлорду талкуулашат.
Залкар ойлор
Калпты чындай айтса, чындык чычая качат.
Калпычы “ойноп айттым” дейт,Ууру “таап алдым” дейт.
Калп ырыс кесет.
Калпычы киши элге ишенбейт.
Жалган сѳз сени жарытпайт,Чындык сѳз сени карытпайт.
Жалганчынын чын сѳзү жалганга тете.
Элден
Үйгө тапшырмалар:
Алдамчылык, жалаа жабуу жѳнүндѳгү жомокторду таап окугула, маанисин сүйлѳп бергиле.
Залкар ойлорду талкуулагыла.