СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК
СТАТИСТИКА КОМИТЕТИ
Каттоо иш кагаздарын толтуруу боюнча каттоочулар (санакчылар) үчүн
НУСКАМА
1- форма «Каттоо барагы – Каттала турган адамдардын тизмеси»;
2- форма «Каттоо барагы – Калк»;
3- форма «Каттоо барагы – Турак жай фонду»;
4- форма «Каттоо барагы – Азыркы учурда чет өлкөлөрдө жашаган үй чарбанын мурдагы мүчөлөрү»;
5-форма «Каттоо барагы – Кыргыз Республикасынын аймагындагы жамааттык жашоочу мекемелерине убактылуу келгендер (жашагандар) жашап жаткандар ж.б.».
МАЗМУНУ
I. Жалпы баяндама …2
II. Каттоо иш кагаздарын толтурууга карата талаптар ................................……………...............4
III. «Каттоо барагы - Каттала турган адамдардын тизмеси» 1-формасын толтуруу тартиби......4
IV. «Каттоо барагы - Калк» 2-формасын толтуруу тартиби....................…………………………8
V. «Каттоо барагы – Турак жай фонду» 3-формасын толтуруу тартиби ...………………..……27
VI. «Каттоо барагы- Азыркы учурда чет өлкөлөрдө жашаган үй чарбанын мурдагы мүчөлөрү» 4-формасын толтуруу тартиби ......…………………………………………………………….…..35
VII. «Каттоо барагы-Кыргыз Республикасынын аймагындагы жамааттык жашоочу мекемелерине убактылуу келгендер (жашагандар) жашап жаткандар ж.б.» 5-формасын толтуруу тартиби ..............................................................................................................................................................37
VIII. 1-тиркеме « 2020-жылдын 23-мартындагы абалы боюнча белгиленген туулган жылынан, жашынын санын аныктоо таблицасы» ………………………………………………....................40
IX. 2-тиркеме «Жалпы орто билим албаган адамдардын, бүтүргөн классынын санына карап, билим деңгеелин аныктоо боюнча таблица» ...............................………………………………...42
I. Жалпы баяндама
Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоо 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрельге чейин өткөрүлөт. Каттоо иш кагаздарын толтуруу каттоочулар (санакчылар) тарабынан 2020-жылдын 23-мартынан калкты сурамжылоо жолу менен жооп берип жаткан адамдардын өздүгүн күбөлөндүргөн документтерди талап кылбастан жүргүзүлөт жана 10 күн уланат.
Статистикалык маалыматтарды алуу үчүн каттоо документтерине киргизилүүчү калк жөнүндө бардык маалыматтар эл жана турак жай фондун каттоонун бир датасына чогултулат.
Калк жөнүндө маалыматтарды чогултуу калктын эсепке алуу учуруна карата 2020-жылдын 23-мартында 0 саатындагы абал боюнча жүргүзүлөт (б.а. 2020-жылдын 22-мартынан 23-мартына чейин түнкү 12 саат).
Калкты эсепке алуу үчүн ушул учурда калкка суроо берүү керек |
Мисалы, калкты эсепке алуу учурунан кийинки төрөлгөн балдарды (2020-жылдын 23-мартынын 0 сааттан кийин), каттабаш керек, жана катточу келген учурда каза болгон, бирок калктын эсепке алуу учурунда тирүү болгон адамдарга каттоо документтери толтурулат (ушул мезгилде кайгылуу окуялар болгон адамдарды сурамжылоо учурунда каттоочу өтө этият болушу керек).
Турак жай фондун эсепке алуу боюнча бардык турак жай курулуштарын анда калк жашайбы жокпу карабастан, ошондой эле жашоо үчүн ылайыкташтырылган каттоо учурунда эл жашаган турак жай эмес курулуштардын бардыгы катталышы керек.
Калк өзүнүн туруктуу (күндөлүк) жашаган жери боюнча катталат. |
«Күндөлүк жашаган орду» катары жооп берип жаткан адам күнүгө өзүнүн күнүмдүк эс алуу убактысын өткөрө турган, белгиленген мезгилдин аралыгында бааланган географиялык орун, жана бул өзүнө каттоо убагында эсептелүүчү убакытты камтыйт.
«Өлкөнүн күндөлүк жашаган калкы» өлкөдө каттоого эсепке алуу учурунда өзүнүн күндөлүк жашаган орду бар жана жашап жаткан же мындан ары дагы эң эле аз дегенде 12 айдан кем эмес мезгилдин аралыгында жашай турган адамдардан турат. Ошентип, «күндөлүк жашаган калк», «туруктуу жашаган калк» категориясына окшошуп кетет.
Эл жана турак жай фондун каттоодо эсепке алуучу негизги бирдиктер болуп саналуучулар:
Адам – Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкөлүк жаран жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган же Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жүргөндөр, каттоону өткөрүү датасына карата жарандыгы жок адам, чет өлкөлөрдүн аймагына эл каттоону өткөрүү датасында убактылуу барган бирок, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары.
Үй чарбасы – турак жайда чогуу жашашкан жана өз каражаттарын толук же жарым жартылай бириктирүү жана чыгымдоо менен жашоо үчүн керектүү бардык каражаттар менен өздөрүн камсыз кылуучу адам же адамдардын тобу. Бул адамдар никелик-үй бүлөлүк, бир туугандык мамилендеги байланышта же болбосо мындай мамилелерсиз байланышта болушу мүмкүн.
Үй-бүлө – никеге же тууганчылыкка негизделген же чогуу жашагандыгына, турмуш-тиричилигинин жана ич-ара жоопкерчилигинин жалпылыгы менен байланышкан адамдардын бирикмеси.
Турак жай фонду – менчигинин түрүнө карабастан бардык турак жайлардын жыйындысы, анын ичинде турак үйлөр, атайын үйлөр (жатаканалар, жалгыз бой жана улгайган адамдар үчүн атайын үйлөр, балдар үйлөрү, майыптар үчүн үй-интернаттар, мектеп алдындагы интернаттар жана мектеп интернаттар), квартиралар, кызматтык турак-жайлар жана башка имараттардагы жашоого жарактуу башка турак жайлар.
Турак жай – бир же андан ашуун адамдардын өзүнчө бөлүнгөн, обочолонгон демейдеги жашаган орду. Турак жай, турак жай бирдиги же жамаат менен жашоочу турак жай болушу мүмкүн.
Турак жай бирдиги – өзүнчө үй чарбанын жашоо үчүн арналган же арналбаган, бирок үй чарбасы же турак жай фондун каттоо учурунда үй чарбасы тарабынан демейдеги тиричилик үчүн пайдаланылган өзүнчө үй чарбасынын обочолонгон жана көз карандысыз тиричилик өткөрүүчү жашоо орду (турак үй же батир, бөлмө).
Ар бир турак жайдагы бардык адамдар катталышат, аларда туруктуу (күндөлүк) жашагандар, убактылуу жашагандар жана каттоо учурунда убактылуу жок адамдар кошо.
Туруктуу жашоочулар катары кирип, эл каттоодо катталуучу калк:
Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок каттоонун датасында жашаган ордунда болгон (келген орду) Кыргыз Республикасынын аймагындагы адамдар;
туруктуу жашагандар бирок республиканын аймагынан кеткенине байланыштуу убактылуу ордунда жоктор, ошондой эле чек арадан ары, иш сапарына, ишке, окууга ошондой эле эс алууга дарыланууга же башка максат менен 1 жылга чейинки мөөнөткө кеткендер кирет;
Кыргыз Республикасына жумушка, окууга же башка максат менен 1 жылдык мөөнөттөн ашык убакытка келишкен чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле он эки айдын мезгилинде келгендер каттоонун датасында жана 1 жылдан кем эмес жашоону каалагандар, жана ошондой эле баш паанек издеп келгендер, бирок жашоого турак жайы жоктор, эгерде алардын Кыргыз Республикасына келгени 1 жыл же андан көп убакытты түзсө.
Убактылуу жашап жаткандарга каттоо учурунда туруктуу жашаган жери башка айылдын аймагында болуп, жана алардын жок болгон убактысы 1 жылдан ашпаган адамдар кирет.
Эске алуу керек, Кыргыз Республикасынын чегинде убактылуу же сезондук жумушка келгендер жана бул калктуу пунктта 1 жылдан ашык жашагандар убактылуу жашагандарга кирбейт, жана алар туруктуу жашаган калк болуп катталышат.
Убактылуу жокторго өзүнүн туруктуу жашаган орду боюнча каттоо учурунда башка айылдын аймагында болсо, жана туруктуу (күндөлүк) жашаган жеринин чегинен сырткары болгондор кирет:
Кыргыз Республикасынын чегинде убактылуу же сезондук жумушка, иш сапарына, же каникулга, өндүрүштүк тажрыйбага, туугандарына жана тааныштарына конокко келгендер, эгерде алардын жок болгон убактысы 1 жылдан ашпагандар кирет;
алдын ала суракка алынуучу жерде болгондор, ошондой эле алардын туруктуу жашаган жери ошол эле калктуу конушта болгондо да админстративдик тартипте 15 суткага чейинки мөөнөткө камакка алынган адамдар кирет.
Каттоочулар (санакчылар) каттабайт:
Кыргыз Республикасынын жарандары, узакка созулган иш сапарына (1 жыл жана андан көп) дипломаттык, соода жана башка Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктөрүнө иштегени кеткендер чек арадан сырткары, жана алар менен кошо жашаган үй чарбасынын мүчөлөрү кирет. Алар Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Министирлигинин көрсөтмөсү боюнча өкүлчүлүктөр жана консульствалар аркылуу жазылат;
өкүм күчүнө кирген алдын ала камакка алуу орундарында болгондор, ошондой эле эркинен ажыратылган адамдардын ордундагылар, алар тиешелүү министрликтер тарабынан катталышат;
аскер кызматындагылар, аскердик кызматын чакырык боюнча өтөгөндөр, калктын атайын контингенти жана башка адамдар, жабык объектиде жана аймактарда жашагандар, аларга кирүү бекитилген система менен чектелгендер жана кирүүгө атайын кирме билет берилгендер кирет Алар турган орду боюнча (министрликтер жана ведомствалар, бул жабык аймактар (объектилер) баш ийген тиешелүү органдар аркылуу катталышат).
Каттоого кирбейт:
Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн, консулдук мекемелердин жана башка чет өлкөнүн өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери болуп саналгандар жана алар менен кошо жашашкан үй чарба мүчөлөрү;
Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүндө иштешкен чет өлкөлүк жарандар жана алардын үй чарба мүчөлөрү;
Кыргыз Республикасына келишкен чет өлкөлүк мамлекеттердин же эл аралык уюмдардын делегациясынын курамындагы чет өлкөлүк жарандар.
II. Каттоо иш кагаздарын толтурууга карата талаптар
Каттоонун анкеталарын толтуруу мобилдик түзүлүштөрдө жүргүзүлөт. Каттоо документтериндеги жоопторду толтуруу белги жана жазуу түрүндө жүргүзүлөт.
Бардык суроолор алар каттоо барактарында жазылгандай так ушундай суроо керек экендигине сиздердин көңүлүңүздөрдү бурабыз.
1-формасы «Каттоо барагы-Каттала турган адамдардын тизмеси», 2-формасы «Каттоо барагы-Калк», 3-формасы «Каттоо барагы-Турак жай фонду», 4-формасы «Каттоо барагы- Азыркы учурда чет өлкөлөрдө жашаган үй чарбанын мурдагы мүчөлөрү» жана 5-формасын «Каттоо барагы-Кыргыз Республикасынын аймагындагы жамааттык жашоочу мекемелерине убактылуу келгендер (жашагандар) жашап жаткандар ж.б.» толтуруу кыргыз же орус тилдеринде толтурулат.
III. 1-форма «Каттоо барагы – Каттала турган адамдардын тизмеси» толтуруу тартиби
Эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүүдө толук камтыш үчүн мамлекеттик статистика органдары тарабынан үйлөрдүн тизмесин актуалдаштыруу үчүн талаачылык жумуштары өткөрүлдү. Бул максатка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын кыймылсыз мүлк базасындагы маалыматтар пайдаланды (КРӨ нө караштуу МКК). Анткени Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматы иштеп чыккан тартипте Мамлекеттик каттоо кызматынын жергиликтүү органдары кыймылсыз мүлктүн бардык бирдиктерине кайталанбаган идентификациялык коддорду (КМБ коду) бергендиктен, идентификациялык кодду каттоо барагынын даректик бөлүгүнө киргизүү чечими кабыл алынган.
Кыймылсыз мүлктүн бирдигине (кыймылсыз мүлк) жер участогу, имарат, курулуш, батир же башка кыймылсыз мүлк белгиленген чеги бар, менчикте турган же жеке жак, юридикалык жак, мамлекеттик же муниципалдык менчиктердин пайдалануусундагы Кыргыз Республикамсынын Мыйзамына ылайык келген кыймылсыз мүлктөр кирет.
Ошондой эле, кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо өтүнмө мүнөздө болуп талаачылык жумуштарынын убагында КРӨнө караштуу МКК нын каттоосунан өтпөгөн турак жайлар жана турак жай эмес курулуштар (эл жашап турган) табылды.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети кошумча кайталанбаган идентификациялык коддорду КРӨнө караштуу МКК нын каттоосунан өтпөгөн кыймылсыз мүлктөрдүн бирдиги үчүн берди. Ошондуктан 1-формада КМБ коддору боюнча эки графа: код КМБ-МКК КРӨ нө караштуу (18 белги, КРӨнө караштуу МККкаттоосунан өткөн) жана КМБ – КР УСК (12 белги, кошумча коддор, КРнын УСК берген).
Каттоо барагын толтураардын алдында каттоочу ар бир имаратта канча үй чарбасы жашайт тактап, ар бирөөнү аттары менен бул имарат боюнча 1-формага «Каттоо барагы- Каттала турган адамдардын тизмеси» жазып чыгат.
Турак жайда жашагандардын тизмесине жана каттоо барагына жазуу, каттосу барбы жана анын мүнөзүнө (туруктуубу же убактылуубу) карабастан жана бул турак жай аянтына укугу барбы такталып жазылат, же башка жерде болсо (мисалы, эгерде адам бир дарек боюнча катталып, иш жүзүндө башка жакта жашаса, анда аны иш жүзүндө жашаган жери боюнча жазыш керек).
1-форма «Каттоо барагы- Каттала турган адамдардын тизмеси» калк жашаган ар бир имаратка толтурулат. Мында тизме түзүлөт:
ар бир батирге;
ар бир үйгө (эгер ал бир батирден турса), боз үйгө, чатырга, күзөтканага жана башка бир батирлүү курулушка;
ар бир дачалык үйгө, эгерде андагы адам ал жерде туруктуу жашаса, жана башка жашаган жери жок болсо;
жатаканадагы ар бир бөлмөгө (ар бир батирге тизме түзүүлүчү батир тибиндеги жатаканадан башкасына);
наристелер үйүндөгү, балдар үйүндөгү, ата-энеси карабай таштап кеткен жетим балдар жана балдар үчүн мектеп-интернаттарда, кары-картаңдар жана майыптар үчүн үй интернаттарында, ооруканаларда, мейманканаларда жана ушул сыяктуу мекемелердеги палатага, класска, номерге, бөлүмгө ж.д.у.с. (тиешелүү мекемедеги китепке кандай жазылганына карата) жазылат.
Эске алуу керек:
Эгерде каттоо участогунда турак жай (жеке менчик үй же имарат) болуп, бирок анда эч ким жашабаса, каттоочу (санакчы) милдеттүү түрдө бул турак жайга 1-форманын «Каттоо барагы- Каттала турган адамдардын тизмеси» реквизиттик жана даректик бөлүгүн толтурат, ал эми 3-формада «Каттоо барагы – Турак жай фонду» 1-6 га чейинки суроолорду толтуруп, 7-суроодогу «Турак жай ээленгенби» деген суроого 3-код «ээленген эмес» белгилейт, (ошону менен 3-форма боюнча суроо аяктайт).
Эгерде каттоо участогунда кишилер жашай турган, бүтө элек же жарым - жартылай бузулган үй болуп, бирок бул учурда эч ким жашабаса, каттоочу милдеттүү түрдө бул турак жайга 1-форманын «Каттоо барагы- Каттала турган адамдардын тизмеси» реквизиттик жана даректик бөлүгүн толтурат, ал эми 3-формада «Каттоо барагы – Турак жай фонду» 1-суроосу «Турак жай курулушунун тиби» боюнча 6-кодду «бүтө элек турак жай курулушу» же 7-кодду «жарым –жартылай бузулган курулушту» белгилейт, 7-суроодогу «Турак жай ээленгенби» деген суроого 3-код «ээленген эмес» белгилейт, (ошону менен 3-форма боюнча суроо аяктайт).
Эгерде бир жер участогунда жеке үйдөн башка, короодо башка турак жай (убактылуу үй, жайкы ашкана) болуп жана аларда башка үй чарбалары (квартиранттар, туугандар) жашаса, бул турак жайга жеке идентификациялык код ыйгарылууга тийиш жана каттоочу милдеттүү түрдө бул курулушка 1-форма «Каттоо барагы- Каттала турган адамдардын тизмеси» толтуруп, жана 3-формада «Каттоо барагы – Турак жай фонду» 1-суроосу «Турак жай курулушунун тиби» боюнча 8-кодду «башка турак жай курулушу, убактылуу жашай турган жерлер кошо» белгиленет. (Ошону менен 3-форма боюнча суроо аяктайт). Бул турак жайда жашаган бардык адамдарга каттоочу (санакчы) «Каттоо барагы-Калк» 2-формасын толтурат. (балким жана 4-форма «Каттоо барагы- Азыркы учурда чет өлкөлөрдө жашаган үй чарбанын мурдагы мүчөлөрү»).
Эгерде каттоо участогунда жашоо үчүн пайдаланган турак жай эмес курулуш болсо, анда каттоочу (санакчы) милдеттүү түрдө бул имаратка 1-форма «Каттоо барагы- Каттала турган адамдардын тизмеси» толтуруп, жана 3-формада «Каттоо барагы – Турак жай фонду» 1-суроосу «Турак жайдын ээлеген тиби» боюнча 11- код «жашоо үчүн пайдаланган турак жай эмес курулуш» белгиленет. (Ошону менен 3-форма боюнча суроо аяктайт). Бул турак жай эмес курулушта жашаган бардык адамдарга (булар туруктуу жашаган орду жок адамдар да болушу мүмкүн) каттоочу 2-форма «Каттоо барагы-Калк» толтурат.
"Фамилиясы, аты, атасынын аты" деген сап, эгерде даректик бөлүгү толук толтурулбаган учурда гана толтурулат.
Эгерде тизме мекемеде толтурулса, анда даректик бөлүгүнө «мекеме» сабы боюнча анын атын жазуу керек, Мисалы, мектеп–интернат №3, балдар үйү, мейманкана жана д.у.с..
Бирок, эгерде мындай мекеменин бөлмөсүндө туруктуу жашаган адам болсо (мисалы, врач аялы, балдары менен Балдар үйүнүн бөлмөсүндө жашаса), ал иштеген жерде болсо, анда мекеменин аты жазылбайт. Мындай учурда врачтын үй чарбасы, мекемеде туруктуу жашаган балдардан өзүнчө жазылат. Врачтын үй чарбасына өзүнчө 1-форма, 3-форма түзүлүш керек, ал эми врачтын өзүнө жана бардык анын үй чарба мүчөлөрүнө 2-форма толтурулат.
1-форма «Каттоо барагы - Каттала турган адамдардын тизмеси» толтураардын алдында каттоочу (санакчы) такташ керек:
бул жерде канча адам туруктуу жашайт, бул жайда туруктуу жашагандардын башка жактарда дагы жашаган жерлери жокпу;
туруктуу (күндөлүк) жашагандардын кимиси каттоо учурунда жок болуп калды, эмне себеп менен.
Андан кийин аныкталат, бул турак жай боюнча кимиси туруктуу жашоочу болуп катталат:
а) бардык туруктуу жашоочулар (чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар кошо), калкты каттоо учурунда бул жерде болгондор:
бул имаратта туруктуу жашагандар;
1 жылдык же андан көп мөөнөткө жумушка, окууга же башка максат менен келгендер;
туруктуу жашоо үчүн келгендер, бирок туруктуу жашоого уруксаат ала электер;
б) ЖОЖдын, техникумдардын, колледждердин окууга келген жана бул жерде жашаган студенттери;
в) туруктуу жашагандар, бирок үй-бүлөлүк шартына байланыштуу жумушка, окууга кеткендер башка дагы себептер менен убактылуу жок белгиси менен жазылат, бирок алардын жок болгон убактысы 1 жылдан ашпасы керек;
г) туруктуу жашагандар, аскердик-окууга жыйынга чакырылгандар, убактылуу жоктугу жөнүндө белгиси менен катталышат, жана алардын жоктугу 1 жылдан кем болгон шартта.
Эскертүү: үй чарбасында жашап, 1 жыл же андан ашык аскер кызматына чакырылгандар жашоочулардын тизмесине кирбейт.
д) туруктуу жашоочулар, бирок алдын ала тергөө алдында административдик тартипте камакка алынгандар жана аларга өкүм күчүнө кире электер (убактылуу жоктугу боюнча белгиленип, катталышат).
Андан кийин бул имаратта канча үй чарбасы жашай тургандыгы такталат. Эгерде имаратта бир канча үй чарбасы жашаса, адегенде бир үй чарбасынын мүчөлөрү толук жазылат, андан кийин башка үй чарбасынын мүчөлөрү катары менен жазылып кете берет.
Үй чарба мүчөлөрүн жазуу чоңураак мүчөлөрүнүн бирөөнөн башталып, андан кийин калган мүчөлөрү жазылат. Бул жерде төмөндөгүдөй тартип сакталышы керек:
күйөөсү менен аялы биринин артынан бири жазылат;
балдары (анын ичинен үйлөнө элек чоңураак балдары кошо) –өздөрүнүн ата-энелеринен кийин;
үй чарбасында бир канча үйлөнгөн жубайлар болсо, анда биринчи жуп жана анын балдары, андан кийин кийинки жуп балдары менен жазылып кете берет;
үй чарбасынын мүчөлөрү бир туугандык (өздүк) байланышы жок, үй чарбасынын башка мүчөлөрү менен. Алар акыркы болуп жазылат.
Маалыматты электрондук форматта чогултууга байланыштуу 1-форманы толтуруу аты боюнча гана жүргүзүлөт. Эгерде үй-бүлө мүчөлөрүндө бирдей аттары болсо, мисалы, атасы жана уулу, анда жооп берип жаткан кишинин аты жана атасынын аты же аты-жөнүн жазуу керек. Жамааттык жашоочу мекемелерде (мейманканалар, эс алуу үйлөрү ж. б.), ошондой эле башка типтеги мекемелерде (ооруканалар, төрөт үйлөрү, аэропорттор, вокзалдары жана ж.б.) каттоо учурунда убактылуу болгон калктын атын жана фамилиясын жазуу керек.
Мисалы:
С.И. Ибраев билдиргендей батирде бир үй чарбасы жашайт, анын курамына төмөнкүлөр кирет: өзү Совет Ибраевич Ибраев, анын энеси Мира Кубанычбековна, аялы Анара Ишеновна, үйлөнгөн баласы Нурлан Советович, күйөөгөгө чыга элек кызы Гулькаир Советовна, келини Анара Стамбековна, небереси Айзада, ажырашып келген карындашы Асель Ибраевна жана небересин багуучу аял Сезим Анисовна. Биринчи болуп жаран С.И. Ибраев өзү жазылгысы келди. Үй чарба мүчөлөрүнүн жазуу тартиби төмөнкүдөй болот:
| Совет Анара Ишеновна (аялы) Гулькаир (кызы) Нурлан (баласы) Анара Стамбековна (С.И. Ибраевдин келини) Айзада (С.И. Ибраевдин небереси) Мира (С.И. Ибраевдин энеси) Асель (С.И. Ибраевдин) карындашы Сезим (бала багуучу) | Биринчи жубайлар жана анын турмушка чыга элек кызы
Экинчи жубай жана анын баласы Баласы менен турмушка чыга элек ата-энесинин бири
Тууган эмес. |
Эгерде айрым учурларда калкты сурамжылоо кагаз түрүндө берилсе, анда 1-формага «Каттоо барагы - Каттала турган адамдардын тизмеси» ким жазылса, бардыгына белгиленет:
1- графада катары менен имараттын чегинде ар бир адамга номери коюлат;
2-графада үй чарба мүчөсүнүн биринчи мүчөсүнө (эсеп бирдиги) бул үй чарба мүчөсүнүн катар номери коюлат;
3-графада үй чарбасынын чегиндеги катар номери коюлат;
4-графада ар бир адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты толук жазылат.
Мисалы, бул имаратта үч үй чарбасы жашайт: Анатолий Иванович Тихоновдун, Нурлан Зарылбекович Камчыбековдун, Умарбек Алиевич Сыдыковдун.
Тихоновдун үй чарбасы эки кишиден турат. Мындан тышкары, студент Александр Анатольевич Тихонов, Анатолий Иванович жана Антонины Николаевнанын уулу окуган жери боюнча туруктуу жашашат, каттоо учурунда ата-энесиникинде болчу. Мындай учурда алар каттоо датасында үй чарбанын курамына убактылуу жашоочу катары киргизилет.
Н. Камчыбеков жалгыз жашайт, Сыдыковдун үй чарбасы үч кишиден турат. Жашоочулардын тизмесине (жашоочулардын саны) имараттка алар мындай тартипте жазылат, тизмедеги 1, 2 жана 3 графадагылар жана 4-графадагы жазуу төмөндөгүдөй болушу керек:
Катар №№ имараттын чегин-деги адамдар | Имараттын чегиндеги үйчарба номерлери | Үй чарбасынын чегиндеги адамдардын катар № | Фамилиясы, аты, атасынын аты (толугу менен ) |
1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
|
|
1 | 1 | 1 | Анатолий |
2 |
| 2 | Антонина |
3 |
| 3 | Александр |
4 | 2 | 1 | Нурлан |
5 | 3 | 1 | Умарбек |
6 |
| 2 | Бермет |
7 |
| 3 | Чолпон |
5-графа каттоо учурунда туруктуу жашаган, бирок убактылуу жок, ошондой эле убактылуу жашаган (болгон) адамдардын эсебин жүргүзүү үчүн арналган. Бул адамдардын баарына «Каттоо барагы-Калк» деген 2-форма толтурулат;
6-графа чет өлкөдө узак жашаган (1 жыл жана андан көп) үй-бүлө мүчөлөрүн эсепке алуу үчүн арналган. Бул адамдардын баарына 4-форма «Каттоо барагы- Азыркы учурда чет өлкөлөрдө жашаган үй чарбанын мурдагы мүчөлөрү» толтурулат. Үй чарбасынын туруктуу мүчөлөрүнүн катарына бул адамдар киргизилбейт жана алардын ар бири өзүнчө үй чарба катары жазылып калат.
7-графа каттоо учурунда жамааттык жашоочу мекемелерде (мейманканаларда, эс алуу үйлөрүндө жана б. у. с.) жана башка мекемелерде (аэропорттордо, ооруканаларда, төрөт үйлөрүндө жана б. у. с.). жашаган респонденттерди эсепке алуу үчүн арналган. Бул адамдардын баарына «Каттоо барагы-Кыргыз Республикасынын аймагындагы жамааттык жашоочу мекемелерине убактылуу келгендер (жашагандар) жашап жаткандар ж.б.» 5-формасы толтурулат.
Жамааттык жашоо мекемесиндеги ар бир келген адам өзүнчө үй чарбасы катары жазылат.
IY. «Каттоо барагы-Калк» 2-формасын толтуруу тартиби
2-Форма «Каттоо барагы – Калк» каттоочу (санакчы) 1-форма «Каттоо барагы – Каттала турган адамдардын тизмеси» барагына жазылган ар бир адамга өзүнчө толтуруп чыгат.
1-суроо. Үй чарбасында биринчи болуп көрсөтүлгөн адамга карата туугандык жагынан же башка жагынан жакындыгы:
Биринчи борлуп жазылган үй чарба мүчөсүнө 1-код «биринчи болуп жазылган адам» коду белгиленет. Калган бардык үй чарба мүчөлөрүнө келтирилген жооптордун тиешелүү коддору белгиленет. Мисалы, эгерде жооп берип жаткан адам, баласы болуп саналса (өзүнүкү, багып алган, же өгөй уулу) биринчи адамга карата, анда 3-код тиешелүү жообуна карата «кыз, уул» белгиленет. Эгерде жооп берип жаткан адам, биринчи болуп жазылган адамга карата башка жагынан тууган болсо, (мисалы, жээн) анда 10-код «тууганчылыгынын башкача даражасы» белгиленет. (никеден келип чыккан мамилелер)
Эгерде үй чарбасы бир эле кишиден турса анда 1-код «биринчи болуп жазылган адам» коду белгиленет.
Бул үй чарбасынын курамына кирген, бирок үй чарба мүчөлөрүнүн бирөөсү менен дагы туугандык катнашы жок, же үйлөнүүдөн келип чыккан (мисалы, балабаккан аялга, кызматчы аялга үй чарбасында жашаган жана ага өзсалымын кошкон) адамдарга 11-код «бир тууган эмес» коду белгиленет.
12-код, күндөлүк институционалдык (жамааттык) мекемелерде (мисалы, балдар үйү, кары-картаңдар үйү, үй-интернат ж.д.у.с. жашаган адамдарга коюлат.
Ар бир үй чарба мүчөсүнө (анын жашына, ошондой эле ал никеде турабы же жокпу карабастан) бир үй чарбасында эки ата-энеси менен же алардын бирөө менен жашагандарга, атайын бөлүнгөн төрт чарчылыкта (ячейкада) катар номери жазылат, анын имараттын чегинде жазылган энесинин астына, б.а. имаратта жашоочулардын Тизмесине 2-графага анын фамилиясынын астына көрсөтүлгөн номер. Эгерде үй чарбасынын курамында энеси жок болуп, атасы гана болсо, анда атасынын номери жазылат. Бул номер үй чарбасынын даана курамын калыптандыруу максатында пайдаланылат. Эгерде үй чарбасынын курамында энеси да, атасы да жок болсо, анда эч кандай номер жазылбайт.
2-суроо. Сиздин жынысыңызКаттоочу (санакчы) келтирилген жооптордун: 1-эркек, 2-аял тиешелүүсүн белгилейт.
3-суроо. Убактылуу жок болгондугу же убактылуу жашап жаткандыгы жөнүндө белги
1-код «күнүгө жашайт» каттоонун эсепке алуу учурунда бул жерде күнүмдүк жашаган орду болуп, мындан ары дагы эң эле аз дегенде 12 айдан кем эмес убакыт аралыгында жашоону каалаган адамдарга белгиленет.
2-код «күнүгө жашайт, бирок убактылуу жок» бул үй чарбасында жок болгон убактысы 12 айдан аз болгон адамдарга белгиленет (1 жылдан ашпаган адамдарга). Алардын убактылуу жашаган жеринин дареги жазылып (райондун, Кыргызстандын шаарынын же башка өлкөнүн аталышы), жок болгон убактысы: бир айдан аз – 1-коду, 1 жылга чейин – 2-коду, жана жок болгон себеби: жумуш – 1-код; окуу – 2-код; үй - бүлөлүк жагдайлар – 3-коду; башка – 4-коду.
3-код «убактылуу жашагандар» бул үй чарбасында болгон (жашаган) убактысы 12 айдан аз болгон адамдарга белгиленет, күнүмдүк жашаган жеринин дареги жазылып (райондун, Кыргызстандын шаарынын же башка өлкөнүн аталышы) жана жок болгон убактысы: бир айдан аз – 1-коду, 1 жылга чейин – 2-коду, жана келген себеби: жумуш – 1-код; окуу – 2-код; үй - бүлөлүк жагдайлар – 3-коду; башка – 4-коду.
4-суроо. Сиздин туулган күнүңүз
Саны, айы жана туулган жылы жөнүндө жооптор араб цифрасы менен атайын бөлүнгөн төрт чарчылыктарга (ячейкага) жазылат. Мисалы, эгерде жооп берип жаткан адам 1976- жылдын 12-майында төрөлсө, анда аны төмөндөгүдөй жазыш керек: «12» «05» «1976».
“Сиз канча жаштасыз” деп суроо бербөө керек.
Жашын аныктоо үчүн каттоочу жардамчы таблицанын негизинде чыккан жашынын саны аныкташ керек. Төрөлгөн датасын жазгандан кийин, кошумча сурабастан туруп, «Белгилүү туулган жылы боюнча 2020-жылдын 23-мартына карата жашын аныктоо үчүн жардамчы таблица» (1-тиркемеде келтирилген,) боюнча чыккан жашынын саны аныкталып, жана атайын бөлүнгөн төрт чарчылыктарга (ячейкага) жазылат. Бир жаштан жаш балдарга «0» жаш деп жазылат.
5-суроо. Сизде туулгандыгы жөнүндө күбөлүк (метрика) барбы? (0- 17 жашка чейинки курактагы балдар үчүн)
Суроо көрсөтүлгөн курактагы балдарга гана берилет. Эгерде чоңураак курактагы кандайдыр –бир үй чарба мүчөлөрүнүн туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү жок болсо, алардын жообу толтурулбайт. Алардан бекмдөөчү документтерди талап кылбаш керек, жөн гана жоопторду тегеректеп коюш керек (1-ооба, 2-жок, 3-жооп жок).
6-суроо. Сиздин үй-бүлөлүк абалыңыз (12 жаш курактагы жана андан улуу адамдар үчүн)
1-код «эч качан никеге турган эмес» - эч качан никеге турган эместерге катталган жана катталган эмес (жарандык нике) адамдарга белгиленет.
2-код «катталган никеде турат» азыркы убакта никеде турган, ЖАЖА (ЗАГС) органдарында катталган адамдарга белгиленет.
3-код «катталбаган никеде турате» - азыркы убакта никеде турган, бирок ЖАЖА (ЗАГС) органдарында катталбаган адамдарга белгиленет.
Никеде тургандар үчүн (2-код же 3-код) каттоочу (санакчы) атайын бөлүнгөн орунга күйөөсүнүн /аялынын номерин (катталбаган никеде турган адамдын) жазып, Жашоочулардын тизмеси формасындагы 2-графага жазылган күйөөсү, аялы (бул номер каттоо барагындагы күйөосү\аялынын фамилиясынын алдында дагы көрсөтүлгөн.
4-код «жесир» - мурун никеде турган (ЖАЖА (ЗАГС) органдарында катталганбы же жокпу карабастан) кийин күйөөсү, аялы өлгөнүнө байланыштуу никеге тура электерге белгиленет.
5-код «ажырашкан» - мурун ЖАЖА (ЗАГС) органдарында никеде тургандыгы катталган, азыркы убакта никеде турбаган, жана ажырашкандыгы ЖАЖА (ЗАГС) органдары аркылуу жүргүзүлгөн адамдарга белгиленет.
6-код «бирге жашабайт» - мурун ЖАЖА (ЗАГС) органдарында никеде туруп, азыркы убакта никеде турбагандар, чогуу үй чарбасын жүргүзбөгөндөр, ажырашканы ЖАЖА (ЗАГС) органдары аркылуу жүргүзүлбөгөндөр, ошондой эле мурун катталбаган никеде туруп, азыркы убакта чогуу үй чарбасын жүргүзбөгөн адамдарга белгиленет.
7-суроо. Сиздин улутуңуз
Жооп берип жаткан адам өзү көрсөткөн улуту белгиленет (же жазылат). Балдардын улутун ата-энеси аныктайт.
8-суроо. Кайсы өлкөдө сиз төрөлгөнсүз?
Туулган өлкө болуп, катталып жаткан адамдын төрөлгөн орду жайгашкан өлкө түшүндүрүлөт.
«Туулганн өлкө» белгиси өлкөдө туулган жана чет өлкөдө туулган туруктуу жашоочулардын айырмасын аныктоо үчүн пайдаланылат. Суроого жооп берип жатканда эске алыш керек, республиканын чегинен сырткары туулгандар, анын ичинде мурдагы СССРдин союздук республикаларынын биринде туулгандар каттоонун датасына географиялык саясий жагынан туура келген өлкөнүн атын – Казакстан, Орусия, Өзбекстан ж.д.у.с. көргөзүш керек. Мисалы, 1980-жылы Кара-Балта ш. туулгандарга (СССРдин курамындагы Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасындагы аймак) туулган өлкөсү Кыргыз Республикасы болуп көрсөтүлөт.
Эгерде жооп берип жаткан адам туулган ордун калктуу пунктту гана көрсөтүп койсо, анда каттоочу бул калктуу пункт кайсы өлкөдө тургандыгын такташ керек. Мисалы, 1990-жылы Караганда шаарында туулган адамга туулган өлкөсү Казахстан болуп көрсөтүлөт.
Белгилеп кетүү керек, адамдын туулган өлкөсү, ал жарандыгы болгон өлкөгө окшош болушуна милдеттүу эмес, жана бул каттоонун өзүнчө белгиси болуп саналат.
Кыргызстандын аймагында туулгандарга, туулган өлкөсү жөнүндө суроого «417-Кыргыз Республикасы» белгиленет. Башка өлкөдө туулган адамдарга, ошол өлкөнүн аты белгиленет (же жазылат).
9-суроо. Сиз кайсы өлкөнүн жаранысыз
Бул суроого жооп берүүдө Кыргызстандын жарандары болуп саналган адамдарга «417-Кыргыз Республикасы» белгиленет.
Кыргыз Республикасынын жарандары болуп, Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган адамдар саналат жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдүүлүктөрүнө ылайык алгандар, жана башка мамлекеттин жарандыгына таандык экендиги жөнүндө арыз жазбагандар кирет.
Чет өлкөлүк жарандар үчүн жооп берип жаткан адам жараны болгон өлкөнүн аталышы белгиленет (же жазылат).
Кыргызстанда жашаган адамдарга жана бир канча чет өлкөлүк жарандыгы барларга (мисалы, Россиянын жараны, анда башка дагы бир өлкөнүн жарандыгы бар болсо), жооп берип жаткан адамдын тандоосу боюнча бир эле өлкөнүн аты жазылат.
Балдардын жарандыгы ата-энесинин аныктоосу боюнча жазылат.
Жарандыгы жок адамдарга 999-код «жарандыгы жок» белгиленет.
10-суроо. Тилди билүүсү
10.1 караштуу суроо. Сиздин эне тилиңиз – эне тили жөнүндө суроого жооп берип жатканда жооп берип жаткан адам өзүнүн эне тили катары эсептеген бир тилдин аталышы белгиленет (же жазылат).
Эгерде жооп берип жаткан адам кайсы бир тилди өзүнүн эне тили деп атоодон кыйналса, анда ал кайсы тилди баарынан жакшы билет же үй чарбасында күндөлүк кайсы тилде сүйлөшөт ошол тилдин аталышы жазылат.
Сүйлөгөндү биле элек балдардын эне тили, жана башка кичине жаштагы балдардын тилин ата-энеси аныктайт. Эгерде ата-энеси кичинекей баланын тилин аныктоодон кыйналса, күндөлүк үй чарбасында кайсы тилде сүйлөшөт ошол тилдин аталышы жазылат.
Дүлөй, кулагы укпаган адамдардын эне тили, алар окуган жана жазган тил, же үй чарба мүчөлөрү сүйлөшүшкөн тил, же алар ким менен көбүрөөк сүйлөшкөн адамдын тили болуп эсептелет.
10.2 караштуу суроо. Кыргыз тилин кандай билесиз? (7 жаш жана андан улуу курактагы адамдар үчүн) - бул суроого жооп берүүдө кыргызча (мамлекеттик) тилди канчалык даражада билээри жөнүндө жооп берип жаткан адам келтирилген жооптордун бирөөнү өзү аныктайт: 1-эркин; 2-жакшы; 3-жетишеерлик; 4-начар; 5-билбейм.
10.3 караштуу суроо. Орус тилин кандай билесиз? (7 жаш жана андан улуу курактагы адамдар үчүн) – бул суроого жооп берүүдө орусча (расмий) тилди канчалык даражада билээри жөнүндө жооп берип жаткан адам келтирилген жооптордун бирөөнү өзү аныктайт: 1-эркин; 2-жакшы; 3-жетишеерлик; 4-начар; 5-билбейм.
10.4 караштуу суроо. Башка кайсы тилдерде эркин сүйлөй аласыз? - жообунда жооп берип жаткан адам окуганды жазганды жана эркин сүйлөй ала турган тил жазылат (же бир нече тилдер). Эгерде респондент бир нече тилди билсе, анда алардын баары көрсөтүлөт, бирок үчтөн көп эмес тил.
Бул суроого жооп катары кыргыз жана орус тилдерин жазбашы керек, анткени алар 10.2 жана 10.3. суроолорунда көрсөтүлгөн.
Башка тилде эркин сүйлөй ала албаган адамдарга жана сүйлөгөндү билбеген балдарга "199 коду" белгиленет.
10.5 караштуу суроо. Сиз жаңсоо тилин билесизби? (18 жаш жана андан улуу курактагы адамдар үчүн)
Жаңсоо тили – бул негизининен даана ачык-айкын жаңсоону пайдалануу, ар кандай кыймыл аракетти баарлашуу каражаты катары, т.а. баарлашуу учурунда кол кыймылдарынын жардамы, кыймыл аракеттер ж.б., колдонулат, негизинен кулагы укпаган, дүлөй жана жакшы уга албаган адамдар колдонушат.
11-суроо. Миграция
Убактылуу келгендерге (жашап жаткандарга) миграция жөнүндөгү суроолор берилбейт.
11.1 караштуу суроо. Бул шаарда, шаарча. же бул райондун айыл жергесинде, Сиз төрөлгөндөн бери туруктуу жашайсызбы?
Бул жерден көңүлгө алыш керек шаарча. – бул шаар тибиндеги поселканын кыскача жазылышы.
1-код «ооба» бул калктуу пунктта туруктуу жашаган адамдарга тегеректелет. Мында . бул калктуу пунктта үзгүлтүксүз жашаган адамга, каттоосу барбы же жокпу карабайт. Бул жерде бул калктуу пунктта узакка жашаганын эсепке алыш керек, бул же башка турак жай бирдигинде узакка жашаганын эмес.
Эгерде "жок" жообу (2-коду) белгиленсе, анда бул калктуу конушка келген жылын көрсөтүү керек, ал эми эгерде респондент 2018-жылдын декабрь айында жана кеч келсе (б. а. 2019-жылдын январында, 2019-жылдын февралында ж.б.), анда келген айы көрсөтүлөт.
Бул калктуу пунктта 2020-жылы каттоодо үзгултүксүз жашаганын баалоо, 2010-жылдагы каттоодон башкача бааланат. Бул жерде КМШ нын Мамлекеттер аралык статистика комитетинин сунушу кабыл алынган, ал эл аралык миграциянын статистикасы боюнча Сунушка негизделген (БУУ, Нью-Йорк, 1998-жыл).
Бул калктуу пунктта үзгүлтүксүз жашаганы төмөндөгү келген / кеткен учурларда бузулбайт:
бир айылдык калктуу пункттан ошол эле райондун, облустун чегиндеги башка айылга барса;
бир шаардын чегиндеги барып-келүүлөр;
бул калктуу пункттагы бардык барып - келүүлөр, туруктуу жашаган жерин алмаштырууга байланышпагандар (кызматтык иш сапары, эс алууга, туугандарына, тааныштарына жана дагы ушу сыяктууларга баруулары) ошондой эле башка себептер менен 1 жылдан кем мөөнөткө;
чет өлкөдө дипломатиялык жана башка өкүлчүлүктөрдө, консулдук мекемелерде иштегендер (анын ичинде мындай өкүлчүлүктөрдө жана мекемелердеги алар менен чогуу жашаган үй бүлөө мүчөлөрү үчүн дагы).
Бул калктуу пунктта үзгүлтүксүз жашагандыгын төмөндөгү келүү/кетүу учурлары бузулат:
бир райондун айылдык калктуу пунктунан, башка райондун айылдык калктуу пунктуна 1 жылдык жана андан ашык мөөнөткө кетүү;
айылдык калктуу пункттан шаарга кетүү же шаарчага кетүү 1 жылдык мөөнөткө же андан ашык;
шаардан же шаарчадан башка шаарга, шаарчага, айылдык калктуу пункттка кетүү;
билим берүү мекемелерине окууга кетүү жана окуган жери боюнча 1 жыл же андан ашык мөөнөткө ал жерде жашоо (кыска мөөнөттү квалификациясын жогорулатуу курсу жана кыска мөонөттүү кошумча окуу жана башка варианттарынан башка);
эркинен ажыратылган жерлерде 1 жылдык мөөнөткө же андан ашык жазасын өтөө;
чукул аскердик кызмат.
Мына ошонтип, эркектер үчүн, өз убагында кыска мөөнөттүү аскердик кыска мөөнөттү кызматын өтөө, аларга булар төрөлгөндөн бери бул жерде жашайт деп эсептелбейт, алар бул калктуу пунктта төрөлсө жана дагы аскердик кызматтан башка эч жакка барбаса дагы.
11.2 караштуу суроо. Сиздин мурдагы жашаган жериңиз – эгерде 10.1 суроосундагы «бул шаарда, шаар тибиндеги поселкада же бул райондун айыл жергесинде, Сиз төрөлгөндөн бери үзгүлтүксүз жашап келе жатасызбы» деген суроого «жок» деген жооп берилсе, анда бул жерге «1-Кыргыз Республикасы» деп, (шаарды же районду көрсөтүү менен) же «2-башка өлкө» деп, өлкөнүн атын көрсөтүп жазылат.
11.3 караштуу суроо. Бул калктуу пунктка келишиңиздин негизги себебин көрсөтүңүз?
1-код – жумуш – кесиптик ишмердигине байланыштуу, мисалы, окуу мекемесин аяктагандан кийин эмгек контракты, жалдап алуу келишими ж.б. бөлүштүрүлүп калса.
2-код – окуу – билим алганына байланыштуу.
3-код – үй - бүлө шарты – никеге турганына, туугандары менен бириккенине, баласы бар ата-энелери же балдары ата-энелери менен ж.д.у.с. Бул калктуу пункттка үй чарба мүчөлөрү менен чогуу келишкен балдарга жана башка үй чарба мүчөлөрүнө «үй бүлөө шарты» деген жооптун варианты көрсөтүлөт.
4-код – медициналык дарылоо, реабилитация – ооруканаларда, реаблитациялык борборлордо, саламаттыкты сактоонун башка мекемелеринде, же кыска мөөнөттүк санаториялык-курорттук дарылоо, жана анда туруктуу жашоо үчүн калгандарга көрсөтүлөт.
5-код – мурдагы жашаган жерине -узакка жок болгондон кийин ( 1жыл жана андан ашык) бул калктуу пунктка кайтып келгендер. Эркектер үчүн, кыска мөонөттүк аскер кызматын өтөп келгендер дагы бул кодду белгилесе болот.
6-код – турак жай шартын өзгөртүү - курулганына же турак үй, батир, мураска турак үй (же анын бөлүктөрү) катары алгандар ж.д.у.с. белгилесе болот.
7-код – баш паанек издегендер- башка республикадан стихиялык же бөөдө кырсыктар (авария, өзүнүн артынан катастрофиялык айлана-чөйрөнү өзгөтүүгө алып келген, белгилүү бир аймакты, мисалы, плотинанын бузулушу же талкаланышы, атомдук электр станциясынын жарылышы ж.д.у.с) мүмкүн болуучу согуштук талаш-тартыштардан, зордуктоонун жалпы абалы, адамдын укугун бузуудан улам качып келген адамдарга белгиленет.
Код 8 – экологиялык жайсыздык жана табигый кырсыктарга- республиканын ичинде экологиялык (климаттык) шарттарга жана ошондой эле табигый (авариялык) кырсыктарга кабылып, жашаган ордун алмаштырган адамдарга белгиленет.
9-код башка себеп – жооптордун вариантында көрсөтүлбөгөн себеп боюнча.
11.4-караштуу суроо. Сиз башка өлкөдө 1 жыл жана андан көп үзгүлтүксүз жашадыңызбы? Бул жерден эске алыш керек, суроо бул калктуу пунктта жашаган жери боюнча туулгандан бери жашабагандарга берилип жатканын.
«Ооба» деген жооптун варианты төмөндөгү адамдарга көрсөтүлөт:
Кыргызстандын аймагында төрөлүп, бирок башка өлкөгө 1 жыл жана андан ашык мөөнөткө кеткендер;
Кыргызстанга башка өлкөдөн туруктуу жашоо үчүн келгендер.
Белгилеп кетүү керек, эгерде жооп берип жаткан адам башка өлкөлөрдө жайгашкан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн болсо (Германия, Россия ж.б.) анда бул суроого «ооба» деген жооп болот. Мына ошонтип, жооп берип жаткан адам 1 жыл жана андан ашык убакытта башка өлкөдө жашаган болуп эсептелет.
«Ооба» деген жооптун вариантын көрсөткөн адамдарга кошумча мурдагы жашаган өлкөсү жөнүндө, Кыргызстанга келген мезгили жана себеби жөнүндо суроолор берилет.
«Жок» деген жооптун варианты Кыргыз Республикасынан 1 жылдык мөөнөттөн ашык кетпегендерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана башка өкүлчүлүктөрүндө, консулдук мекемелеринде иштегендерге, алар менен чогуу чет өлкөдө жашаган үй-бүлөө мүчөлөрүнө көрсөтүлөт.
11.5 караштуу суроо. Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн сиз кайсы өлкөдөн келдиңиз?
Эгерде жооп берип жаткан адам Кыргызстандан бир нече жолу чыгып кайра келген болсо, анда бул жерде акыркы өлкө белгиленет: «398- Казакстан», «643- Орусия”, “762-Тажикстан”, “860- Өзбекстан”, “башка өлкө” кайсы өлкө көрсөтүңүз (өлкөнүн атын көрсөтүү менен) – белгиленет.
11.6-караштуу суроо. Кыргыз Республикасына келген (кайтып келген) жылыңыз?– жыл көрсөтүлөт. Эгерде жооп берип жаткан адам Кыргызстандан бир нече жолу чыгып кайра келген болсо, анда бул жерде акыркы жылы белгиленет:
11.7-караштуу суроо. Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн кайтып келгениңиздин негизги себебин көрсөтүңүз (Жооптун варианттары ошондой эле 11.3-караштуу суроолордогудай «Бул калктуу пунктка келген негизги себебиңизди көрсөтүңүз?» болот.
1-код туруктуу жашаган ордун алмаштыруу себеби жумуш болгон адамдарга тегеректелет.
2-код – окуу.
3-код – үй-бүлөө шарты.
4-код – медициналык дарылоо, реабилитация.
5-код – мурдагы жашаган ордуна кайтып келүү.
6-код – турак жай шартын өзгөртүү.
7-код – баш паанек издөө.
8-код – экологиялык жайсыздык жана табигый кырсык
9-код – башка себеп.
10-код- себеби көрсөтүлгөн жок.
12-суроо. Билим алуу жана окуу (10 жаш жана андан улуу курактагылар үчүн)
Билим деңгээли билим берүү уюмун бүткөндүгү боюнча (документти көрсөтүү талап кылынбайт) мамлекеттик үлгүдөгү документтин (диплом, күбөлүк, маалым кат ж.б.) болушу менен аныкталат. Бардык сурамжылануучулардын алган жогорку билим деңгээли эске алынат. Билим берүү деңгээли окутуунун формасына карабастан көрсөтүлөт (күндүзгү, сырттан, кечки, өз алдынча билим алуу, экстернат ж.б.).
Эгерде жооп берип жаткан адам жообу менен кыйналып жатса, анда каттоочу 2-тиркемедеги Нускамага кайрылуусу керек: "Классынын санына айкалыш жалпы орто билими жок адамдардын алган билим деңгээлин аныктоо үчүн Таблица".
12.1-караштуу суроо. Сиздин билим деңгээлиңиз
Жогорку кесиптик (жогорку) – жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын бүткөн адамдарга: институт, университет, академия ж.д.у.с. белгиленип тиешелүү код тегеректелет.
1-код - бакалавр – белгиленген багыт боюнча даярданууда жогорку билимдин базалык программасын бүтүргөн (төртүнчү курстан кийин) адамга тегеректелет (бүтүрүүчү өзүнүн тандап алган кесиби жана адистиги боюнча жалпы теориялык терең даярдыкка ээ болот).
2-код – адис – белгиленген адистик боюнча жогорку билимдин толук программасын өздөштүргөн адамга белгиленет.
3-код – магистр - белгиленген адистик боюнча жогорку билимдин толук программасын бүтүргөн, жалпы теориялык терең даярдыкка ээ, милдеттүү түрдө илимий изилдөө иштерин жана магистрдик диссертация жактоону камтыган адамга белгиленет.
4-код - толук эмес жогорку кесиптик (бүтпөгөн жогорку) - жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасы боюнча окуу мөөнөтүнүн жарымын же жарымынан ашыгын окуп бүтүргөн адамга белгиленет.
5-код – орто кесиптик (атайын орто) - атайын орто окуу жайын: техникумду, адистешкен окуу жайлары (медициналык, музыкалык, сүрөтчүлүк, соода-кулинардык ж.б.) колледжди жана д.у.с. бүтүрүп, диплом алган адамга белгиленет.
6-код - башталгыч кесиптик (кесиптик-техникалык)- башталгыч кесип берүү мекемелерин бүтүрүп, жалпы орто билим алгандыгы жөнүндө (кесиптик-техникалык окуу жайынын «ПТУ», лицейинин ж.д.у.с окуучусуна) аттестат алган адамга белгиленет.
7-код – жалпы (толук) орто - жалпы билим берүүчү орто мектепти (анын ичинде айрым сабактарды тереңдетип окуткандар кошо), гимназияны, лицейди окуп бүтүргөндөргө, ошондой эле жалпы орто билим алгандыгы жөнүндө аттестат алган адамдарга белгиленет.
8 - код - негизги жалпы (толук эмес орто) орто-жалпы билим берүү мектебинин 9-классын бүткөн адамдарга белгиленет.
9 – код - жалпы башталгыч (башталгыч) -жалпы билим берүү мектебинин 4-классын бүтүргөн адамдарга белгиленет;
8-код – негизги жалпы (толук эмес орто) жана – 9-код башталгыч жалпы (башталгыч) XX кылымдын 1960-1990-жылдары билим алган адамдар үчүн 2-тиркемеде келтирилген атайын түшүндүрүү таблицаларын пайдалануу менен толтурулат.
10-код - жалпы башталгыч (башталгыч) билими жок - билим берүү системасында эч качан окубаган адамга, ошондой эле жалпы билим берүү мектебин (1-4 класс) бүтпөгөн адамдарга белгиленет.
Төмөндө жалпы билим берүү уюмдарында (мектептерде) азыркы учурда окуган балдардын билим берүү деңгээлин аныктоо үчүн таблица келтирилген.
Жашы менен бирге балдардын билим берүү деңгеелин аныктоо боюнча контролдук таблица
Балдардын жашы, жаш | Балдар окуган класстар | Класстарды аяктагандан кийин билим берүү деңгээли |
7 жашка чейин | Мектепке чейинки уюмдарга баруу |
|
7-10 жаш | 1-4 класстар – башталгыч мектеп | 4-классты аяктаган – башталгыч жалпы (башталгыч) |
11-15 жаш | 5-9 класстар – негизги мектеп | 9-классты аяктаган – негизги жалпы (толук эмес орто) |
16-17 жаш | 10-11 класстар – орто мектеп | 11-классты аяктаган – орто (толук) |
Эскертүү: 5 жана 6 жаштагы балдар башталгыч мектептин 1-классында окуусу мүмкүн. Бирок, билим деңгээл 10 жаш жана андан улуу курактагы адамдар үчүн коюлат.
12.2-караштуу суроо. Сиз окуганды жана жазганды билесизби?
«Сиз окуганды жана жазганды билесизби?» суроосу, билим деңгээлине карабастан 10 жаш жана андан улуу курактагы бардык адамдарга берилет.
1-код «ооба» окуганды жана жазганды билген адамдарга тегеректелет, 2-код «жок» окуганды да, жазганды дагы билбеген адамдарга белгиленет. Эгер сурамжылануучу бир гана окуй ала турган болсо, анда "жок"деген белги коюлат.
2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Европалык статистиктердин конференциясынын (БУУ ЕЭК, Нью-Йорк жана Женева, 2015-жыл), сунушуна ылайык, билимдүү адам өз алдынча окуй алат, окуганынын маанисин түшүнөт, жана өзүнүн күндөлүк турмушунун кыскача окуяларын баяндап жаза алат. Билимсиз адам, окуганынын маанисин билген менен окуй албайт, өзүнүн күндөлүк турмушундагы окуяларды жаза албайт. Демек, окуганды билген, санды жана өзүнүн атын гана жаза алган адам билимсиз деп эсептелиши керек, ал окуганды билип, бирок жазганды билбеген, же бир эле үйрөнүп алган жазууну окуп, же жазганды билген адам менен барабар.
12.3-караштуу суроо. Сиздин килимий даражаңыз барбы? - (жогорку окуу жайын бүткөндөн кийинки билими бар адамдар үчүн). Бул суроого жогорку билими бар бардык адамдар жооп берет.
Илимий даража – билимдин белгилүү бир тармагындагы илимий квалификация. Эреже катары ЖОЖда окутуунун аяктагандан кийин ыйгарылат кийин тиешелүү этаптарынын, изилдөө (мисалы, аспиранттык) кичи бөлүмдө билим берүү жана атайын илимий ишин айкын коргоодон кийин ыйгарылат. Азыркы учурда илимдин кандидаты жана доктору даражасы белгиленген.
1-код «илимдин кандидаты» илимдин кандидаты илимий даражасы бар адамдарга белгиленет.
2-код «илимдин доктору» илимдин доктору илимий даражасы бар адамдарга белгиленет.
3-код «болгон эмесмин» бул караштуу суроону текшерип туруу максатында киргизилген.
12.4-суроо. Азыркы убакытта билим алып жатасызбы? - (6 жаш жана андан улуу курактагылар үчүн)
Эгерде 1-код «ооба» белгиленсе, анда билим берүү уюмунун тиби көсөтүлөт.
1-код «жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик (аспирантура же докторантура)» - аспирантура же доктолрантурада окуган адамдарга белгиленет.
2-код «жогорку кесиптик»- жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында (институттарда, университеттерде, академияларда ж.б.) окуган адамдар үчүн белгиленет.
3-код «орточо кесиптик» техникумдарда, училищаларда, колледждерде окуган адамдарга белгиленет (мисалы, медициналык, мугалимдик). (б.а. жалпы билим берүү мектебинин 9- же 11-классын бүтүргөн жана орто кесиптик билим алып жаткан каттоо күнүнө карата).
4-код «башталгыч кесиптик» - кесиптик-техникалык училищаларда, кесиптик лицейлерде ж.б. окуган адамдарга белгиленет (б.а. жалпы билим берүү мектебинин 9- же 11-классын бүтүргөн жана орто кесиптик билим алып жаткан каттоо күнүнө карата).
5-код «жалпы билим берүүнүн бардык типтери» - башталгыч, негизги, орто жалпы билим берүүчү мектептерде (анын ичинде айрым сабактарды тереңдетип окутуу менен) лицейлерде, гимназияларда ж.д.у.с. окуган адамдарга белгиленет.
6-код «башка мектеп» - курстарда окуп жаткандарга, жалпы билим бербеген мектептерде жана курстарда окугандар үчүн (кайрадан даярдоо жана кесибин жогорулатуучу курстар, окуу жайларындагы даярдоо курстары) ошондой эле кесиптик даярдык берүүчү курстар (бухгалтерлердин, котормочулардын, катчылардын ж.д.у.с. курстары) окуган адамдар үчүн белгиленет.
Бир эле убакта эки билим берүүчү уюмда окугандар үчүн кайсынысынын статусу жана тиби жогору болсо, ошол белгиленет.
Эгерде 2-код «жок» белгиленсе анда 12.5 "мектепке чейинки уюмдарга барып жатабы?" суроосуна өтүү керек.
12.5-суроо. Балаңыз мектепке чейинки уюмдарга барабы? (1-7 жаш курактагы мектепке барбаган балдар үчүн)
1-код «ооба» мектепке чейинки уюмдарга – балдар яслисине, ясли-бакчага, бала-бакчага барган балдарга тегеректелет алардын менчиктөө формасына карабастан. Эгерде каттоо учурунда бала убактылуу мектепке чейинки билим берүү уюмуна барбаса, мисалы ооругандыгына байланыштуу, ага дагы «ооба» деген белги коюлат.
2-код «жок» спорттук, ден соолук чыңдоочу, өнүктүрүүчү жана билим берүүчү кружоктор, секциялар, клубдар ж.д.у.с. гана барган, балдар кыска мөонөттө гана боло турган балдарга көрсөтүлөт.
12.6-суроо, бала эрте окутуунун башка программаларына катышабы? (мектепке барбаган 1-7 жаштагы балдар үчүн)
1- код "ооба" - спорттук, ден соолукту чыңдоо, өнүктүрүү же билим берүү ийримдер, секциялар, клубдар ж. б. барган балдарга гана белгиленет.
2-код "жок" - спорттук, ден соолукту чыңдоо, өнүктүрүү же билим берүү ийримдер, секциялар, клубдар ж. б. барбаган балдарга гана белгиленет.
13-суроо. Функционалдык мүмкүнчүлүгү чектелгендер - (5 жаштагы жана андан улуу курактагы балдар үчүн).
Бул суроо ТӨМ (туруктуу өнүктүрүү максатынын) бир көрсөткүчү болуп саналып жана биринчи жолу жалпы эл каттоонун жүрүшүндө берилип жатат. Бул бөлүмдүн суроосуна жооптор субьективдүү болуш керек, б.а. жооп берүүчүлөрдүн пикирин чагылдырыш керек (медициналык диагнозго көз каранды болбой ж.д.у.с.). Бул караштуу суроолорго мырза И.Уайт түшүнүк даярдаган1. Мына ошонтип, бу бөлүмдүн суроолоруна бардык 5 жаштагы жана андан улуу жооп берүүчүлөр жооп беришет (майыптык тобу бар адамдар гана эмес).
Дагы бир жолу сиздердин көңүлүңүздөрдү буруп кетебиз, бардык суроолор алар каттоо барактарында кандай жазылса ошондой кылып сурашыбыз керек жана ошол эле ырааттуулукта.
13.1-караштуу суроо. Сизде көз айнек таксаңыз дагы көрүү боюнча кыйынчылыктар барбы?
Бул суроонун максаты, көзү боюнча көйгөйү бар, же кыйынчылык менен көргөн, көз айнеги болсо дагы (эгер алар көз айнек тагынып жүрүшсө) адамдарды аныкташ керек. Көрүү адамдын айланасында болуп жаткандарды байкоо үчүн өзүнүн көзүнүн жөндөмдүүлүгүн пайдаланууну билдирет. Суроонун максаты - көрүүсү канчалык кыйын болуп калганын аныктоо, анын ичинде көз айнек аркылуу дагы эгерде жооп берип жаткан адам тагынып жүрсө же пайдаланса, тескерисинче аны айкындоодо эмес, жооп берип жаткан адамдын көрүүсү канчалык жашы болоор эле эгерде ал жакшы сапаттагы көз айнек тагынса дегинкиси же көз айнеги болсо.
Бул жакка кирүүчү көйгөлөр:
буюмдарды жакындан көрүү же алыстан көрүү;
бир эле көзү менен көрүү же капталынан көрө албаган себебинен алдындагыны гана көрүү.
Көзгө байланышкан ар кандай көйгөйлөр, жооп берип жаткан адам көйгөй катары эсептегендин баары эсепке алынышы керек. Жооптордун мүмкүн болгон варианттары:
1-код - эч кандай кыйынчылыктар жок;
2-код - ооба, кээ бир кыйынчылыктар;
3-код - ооба, көп кыйынчылыктар;
4-код - такыр көрбөйм.
13.2-караштуу суроо. Сизде угуу аппаратын пайдалансаңыз да угуу боюнча кыйынчылыктар барбы?
Бул суроонун максаты - элдердин арасынан угуусу боюнча чектелген, же угуучу аппаратты колдонсо дагы (эгерде алар аны тагып жүрүшсө, көйгөйү бар адамдарды таап чыгыш керек. Угуу бул адамдын кулагынын жардамы менен ага кайрылган сөздү же ишкердининин үнүн, айланасындагы пайда болгон коркунучту дагы угуу жөндөмдүүлүгү. Бул суроо жооп берип жаткан адамдын угуу боюнча көйгөйүн табуу үчүн, ал эмес угуучу аппараттын жардамы менен дагы жакшы укпаса, эгерде анада ал бар болсо, жана аны пайдаланып жүрсө, бул суроо жооп берип жаткан адамда эң жакшы сапаттагы угуучу аппарат болуп, жана ал ушуга муктаждыгында эмес.
Буга кирүүчү көйгөлөр:
ызы-чуулу же тынч абалда угууну кабыл алышы;
ар кандай булактардан уккан үндү айырмалоо жөндөмү;
бир же эки кулагы менен угуу жөндөмдүүлүгү.
Жооп берип жаткан адам үчүн көйгөй болуп саналган угуудагы ар кандай кыйынчылыктардын бардыгы белгилениши керек.
13.3-караштуу суроо. Сизде басканда же тепкич менен көтөрүлүп бара жатканда кыйынчылыктары барбы?
Бул суроонун максаты – жөө баскан убакта кандайдыр бир мүмкүнчүлүгү чектелген, бутуна байланышкан көйгөйлөрү бар адамдарды таап аныктоо болуп саналат. Басуу - ылдыйкы аяк жагын (бутун) пайдалануу менен жердин үстү менен А точкасынан Б точкасына чейин кыймылдап басып жүрүү. Басып жүрүү жөндөмдүүлүгү эч кандай түзүлүштөрдүн (майыптар коляскасы, балдак, бастыргыч ж.б.у.с.) жардамысыз жана адамдардын жардамысыз болушу керек. Эгерде мындай жардам зарыл болсо, анда адам басып жүрүүдө кыйынчылыктарга дуушар болот.
Буга кирүүчү көйгөйлөр:
кыска (100 метрге жакын) же узун (500 метрге жакын) дистанцияга басууда;
эс албастан ар кандай аралыкка чейин басууда, ошондой эле;
тепкич менен өйдө же ылдый басып түшүүдө.
___________________
Мырза И.Уайттын (Ian White – Бириккен Падышачылык) БУУнун калктар тармагындагы Кыргызстандагы консультанты (2018-жылдын апрели), БУУнун ЕЭК эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү жана башк материалдар боюнча Жетектөөчү тобунун мүчөсү (ЕЭК БУУ, Нью-Йорк жана Женева 2015-жыл).
Басып жүрүүдө кыйынчылыктар өзүнө тең салмактуулугу бузулганда, же башка таяныч- кыймылдатуу түзүлүшүнө байланышпаган бузулуулар болсо, мисалы, сокур адамдар тааныш эмес жерлерде басканда кыйынчылыктарды сезишет. Басууга байланышкан кандай гана болбосун кыйынчылыктар (түз жерде же өйдө чыккан жердеги) жооп берип жаткан адамга көйгөйлүү болсо белгилениши керек.
13.4-караштуу суроо. Сизде эске тутуу же көңүл буруу боюнча кыйынчылыктар барбы?
Бул суроонун максаты - күнүмдүк иш-аракеттерди аткарууда эске тутуу жагынан жана маалыматтарды топтоо жагынан көйгөйлөрү бар адамдарды таап чыгуу. Эстеп калуу –бул эске тутууну пайдаланып, болуп өткөн окуяларды, жана учурларды кайрадан калыбына келтирүү. Бул адамдын бир нерсе жөнүндө ойлонуп же мурун болуп өткөн (жакында же андан мурун) окуяларды эстеши. Жаш адамдарда эстеп калуу, көбүнчө мектепте окуп жүргөн кездериндеги үйрөнгөн иш жүзүндөгү окуяларга, учурларга байланыштуу жана керек учурунда бул фактыларга керектөө учурунда кайрылышат. Эске тутууну жаттап алуу жөндөмдүулүгү менен салыштырбаш керек ошондой эле оң жана терс эмоцияларды чакыруучу эскерүүлөр менен дагы.
Маалыматтарды топтоо, ар кандай тапшырмаларды аткарыш үчүн, мисалы китеп окуу, сандарды эсептеп чыгаруу, бир нерсени окуп үйрөнүү үчүн акыл–эсти пайдаланышы. Бул тапшырманы аткарыш максатында көңүлдүн бир жерге бурулушу.
Буга кирет:
азыр эле айтылгандарды эстеп калуу жана көп суроолорду чаташтырып алуу жана коркунучтун пайда болушу көйгөлөрү.
Бир багытты аныктоодогу көйгөйлөр, ишмердүүлүктүн бир түрүнө ыклас коюудагы жөндөмсүздүк же турган жери жана дата жөнүндө унутчаактыгы.
Эске тутууга байланышкан ар кандай кыйынчылыктар, айланасындагы болуп жаткандарга болгон алар өздөрү же үй-бүлө мүчөлөрү (эгерде жооп берип жаткан адам үй бүлө мүчөсү болсо) көйгөй деп эсептегендердин бардыгы каттоочу тарабынан белгилениши керек. Мүмкүн болгон жооптордун варианттары 13.1, 13.2 жана 13.3-караштуу суроолор сыяктуу эле.
Маалыматтарды топтоодогу жана эске тутуудагы кыйынчылыктар күнүмдүк шарттардын натыйжасында пайда болгондор, жогорку жумуштук жүктөө же стресс же өтө эле ашык пайдаланылган психикалык дары дармектерден пайда болгондордун натыйжасын чыгарып салыш керек.
13.5-караштуу суроо. Сизде өзүңүзгө кам көрүүдө кыйынчылыктар барбы (өзүн өзү тейлөөдө, мисалы, жуунуга же кайра кийинүү менен байланыштуу)?
Бул пункттун максаты – өзүн өзү тейлөөдө кыйынчылыктарды көргөн адамдарды таап чыгыш. Жууну (киринтүү) бардык денени тазалоо процессине кирет (демейде самын жана суу менен көнүмүш болгон жол менен). Жууну чачты жана бутту тазалоо, ошондой эле киринүу үчүн ар кандай керектүү буюмдарды чогултуу, самын же шампун, мочалка жана сууну даярдоо болуп саналат. Кийиндирүү дененин жогорку жана төмөнкү бөлүктөрүнө кийим кийгизүүнүн бардык өңүттөрү кирет, таманга кийгизүү дагы, бул дагы маданиятка жатат.
Буга сакталып турган жеринен кийимди алуу (мисалы, шкафтан же саныктан) топчулоо, түйүн кылып байлоо, сыдырмасын сыдыруу ж.д.у.с. кирет. Жууну жана кийинүү күнүмдүк ишмердиктин түрлөрүндө негизги болуп саналаган тапшырмаларды алып келет.
Жууп-тазалоо жана кийинүү-бул негизги, универсалдуу, күнүмдүк иштин түрлөрү болуп саналган маселелерди билдирет. Мүмкүн болгон жооптордун варианттары 13.1, 13.2 13.3 жана 13.4-караштуу суроолор сыяктуу эле.
14-суроо. Жашоо каражаттарынын булактары
Бул суроого жооп берип жатканда «Акыркы 12 ай ичинде Сиздеги болгон жашоо каражаттарынын булагынын бардыгын көрсөтүңүз» жооп берип жаткан адам бир же бир канча жооптун варианттарын көргөзүшү мүмкүн.
Бул суроого жоопту бардык курактагы жооп берип жаткан адамдар (кичинекей балдардан өйдө, жообун ата-энелери, туугандары, үй чарбасынын башка мүчөлөрү) толтурушат.
Бул суроону берээрдин алдында каттоочу (санакчы) жооп берип жаткан адамга мобилдик түзмөктүн экранында жашоо каражаттарынын булактарынын тизмеси жазылган тизмени көргөзөт. Жооп берип жаткан адам тизме менен таанышккандан кийин бир же бир канча тизмедеги атты атайт. Алынган жооптун негизинде каттоо барагында тиешелүү бир же бир канча жооптор, ошондой эле негизги жашоо каражатынын булагы көрсөтүлүп, тегеректелет.
14.1-караштуу суроо. «Акыркы 12 ай ичинде Сизде болгон бардык жашоо каражаттарынын булактарын көрсөтүңүз»
1-код «жалданма жумуш» - (жеке көмөкчү чарбадагы иштерден башка) иштеген адмадарга эмгек акысын акча түрүндө же накталай формада, башка сыйакылар жана кошумча төлөөлөр эмгектик милдетин аткарууга байланыштуу, ошондой эле дин уюмдарында ж.д.ус. иштеген жооп берип жаткан адамдарга көрсөтүлөт. Жооптун бул варианты ишканада, уюмда контракт менен иштеп жаткан жооп берип жаткан адамга көрсөтүлүшү мүмкүн, балким ал акчалай түрүндө же накталай түрдө кошунасына (таанышына) үй курууга, батирди ремонт кылууга, дачада жөөктөрдү казганга ж.б. жардам берсе.
2-код «өзүн өзү жумуштандыруу» - товарларды өндүрүү (тейлөө көрсөтүү) боюнча уюмдардын ишмердүүлүгүнөн киреше алган жооп берип жаткан адамдарга көрсөтүлөт, ишкердүүлүктү, кол өнөрчүлүктү, ишмердүулүктүн башка түрүн уюмдаштыруучу болуп көрсөткөндөр саналат; иштеген (ишке жардам берген) туугандарынан (үй чарба мүчөлөрүнөн) акы албастан иштегендерге көрсөтүлөт.
3-код «өзүнүн керектөөсү үчүн товар өндүрүү (жеке көмөкчү чарба кошо)» - өзүнүн керектөөсү үчүн жана (же) алардын үй чарбасынын керектөөсү үчүн иштеп жаткан жооп берип жаткан адамдарга көрсөтүлөт жана алар иштейт:
айыл чарба, балык улоочулук, аңчылык ж.д.у.с азык түлүуктөрүн өндүрүү (же) сактоо үчүн иштеп чыгууда;
турмуш-тиричилик буюмдарын даярдоо (мебель, кийим, бут кийим жана башка узакка пайдалануучу буюмдар);
өзүнүн турак жай курулуштарын, фермаларын жана д.у.с. куруу же чоң ремонт иштерин аткаруу.
Мында үй чарбасы пайдаланбаган ашыкча бөлүктөр, сатылышы же бартер боюнча алмашышы мүмкүн.
4-код «менчикти жалдоого берүү, патенттердепн, автордук укуктан түшкөн киреше» - турак жайды, кампа жана башка имараттарды, автоунааны, эмгек куралдарын жана жер участкасын ижарага бергенден түшкөн кирешеси бар жооп берип жаткан адамдарга көрсөтүлөт; акча салымдарын пайдалангандыгы үчүн төлөнгөн пайыз түрүндөгү төлөмдөр, кредиттер үчүн, башка баалуу кагаздар жана ар кандай мүлк же мүлктүк укук, интеллектуалдык менчикке автордук укук.
5-код «пенсия (майыптык боюнча пенсиядан башкасы)» - курагы (улгайгандыгы) боюнча пенсия алгандарга , багуучу адамдарын жоготкондугуна байланыштуу пенсия алган адамдарга белгиленет. Мында пенсия, чыккан адамдарга жазылат, иш жүзүндө алып жаткандарга эмес. Демек, багуучусун жоготкондугу үчүн балдарына арналган пенсия, балдарына гана жазылат, алар энесине же атасына эмес, алар пенсияны алуучу болуп саналса дагы аларга жазылбайт.
6-код «майыптыгы боюнча пенсия» - майыптыгы боюнча пенсия алгандарга белгиленет.
7-код «жөлөк пул ( ооругандыгы, боюнда бардыгы жана төрөгөндүгү боюнча)» - бул жөлөк пулдун түрлөрүн алган адамдарга тегеректелет. 2018-жылы республикага кирген жөлөк пулдун жаңы түрү баланын төрөлгөнүнө байланыштуу («балага сүйүнчү») энелерине гана көрсөтүлүш керек (баласына же башка тугандарына эмес).
8-код «жумушсуздук боюнча жөлөк пул» - социалдык коргоо жана эмгеке орноштуруу органдарында жумушсуз катары катталган жана жумушсуздук боюнча жөлөк пул алып жүрүүчүлөргө көрсөтүлөт.
9-код «башка жөлөк пул жана жардам (жогоруда саналбагандар)» - балдар үйүнүн, наристелер үйүнүн, мектеп-интернаттардын тарбиялануучуларына, кары-картаңдар жана майыптар үйүндө жашоочулар ж.д.у.с. көрсөтүлөт.
10-код «стипендия» стипендия алуучу адамдарга көрсөтүлөт.
11-код «ссуды же сакталгандарды пайдалануу, капиталды сатуу» - мүлктөрдү саткандан түшкөн кирешеси бар (батир, гараж, жер участкасы, транспорт каражаты жана д.у.с.) же мурдагы чогулган сактык кассасындагы акча каражаттарынан, ссудадан түшкөн кирешеси бар жооп берүүчү адамдарга көрсөтүлөт.
12-код «туугандарынын акча которуулары» - туугандарынын акча түрүндө которгок каражаттарына жашаган жооп берүүчү адамдарга көрсөтүлөт.
13-код «багуудагы, башка адамдарга жардам, алименттер» - туугандарынын каражаттарына, же башка адамдардын каражаттарына, ошондой эле балдарга төлөнгөң алименттин эсебинен (балдарга көрсөтүлөт) жана эмгекке жөндөмсүз ата-энелерине жардам катары берилген алиментти керектөөчү жооп берүүчү адамдарга көрсөтүлөт
14-код «башка булак» - жогоруда көрсөтүлбөгөн жашоо каражаттарынын булактары бар жооп берүүчү адамдарга көрсөтүлөт.
14.2-караштуу суроо. Саналган булактардын ичинен кайсынысын өзүңүз үчүн негизги деп санайсыз – эгерде жооп берүүчү бир канча жашоо каражаттарынын булактарын атаса, анда аты аталган булактардын ичинен кайсынысын ал негизги- деп эсептейт такташ керек. Эгерде бир эле жашоо каражатынын булагын көрсөтсө, анда бул булактын кодун жазыш керек.
15-суроо. Жумуштуулук жана жумушсуздук (12 жаш жана андан улуу курактагы адамдар үчүн)
Убактылуу келген (жашап жаткан) адамдарга каттоочу (санакчы) жумуштуулук жана жумушсуздук жөнүндө суроо бербейт жана жоопторун толтурбайт.
15.1-караштуу суроо. Сиз 2020-жылдын 16-мартынан 22-мартына чейин кандайдыр бир акы төлөнгөн же кирешелүү жумушуңуз бар беле? – бул жерден эске алыш керек , бул суроо 12 жаш жана андан өйдө жооп берип жаткан адамдарга берилет.
«Ооба» жообу жооп берип жаткан адамдарга 2020-жылдын 16-мартынан 22-мартына чейин жок дегенде бир саат аралыгынын ичинде аткарса көрсөтүлөт:
Жумуштун түрлөрү төмөндөгүдөй (киреше алып келүүчү):
жалданма жумуш (мисалы, ишканада, уюмда, кошунасыныкында, тааныштарыныкында келишим менен же ооз жүзундө сүйлөшүп) акчалай түрүндө же накталай түрүндө туруктуу жумушпу же убактылуубу же башка эле жумушпу карабастан;
жалданма эмес жумуш, өз алдынча же бир же бир канча өнөктөштөр менен жалданма жумушчуларды тартуу менен же тартпастан эле иштеген жумуштар;
өзүнүн жеке көмөкчү чарбасындагы өзү өндүргөн продукцияны андан ары сатуу максатында аткарган жумуштары;
Аткарган жумуштары барга кире турган жооп берип жаткан адамдарга, жумушта убактылуу жок болуп, бирок жалдоочу менен келишими болсо.
Жумушта убактылуу жок болгон себеби болуп саналуучулар:
убактылуу жумушка жөндөмсүздүк;
эмгек жана социалдык өргүү, анын ичинде кош бойлуулугу жана төрөт боюнча, баласын 3 жашка чыкканга чейин кароо боюнча өргүү;
өзүнүн жумушчу орунунан башка кесиптик окуу (кесиптик даярдоо, кесибин жогорулатуу, такшалма, кайрадан даярдоо);
вахталык же өзгөчө мүнөздөгү жана ушул сыяктуу себептери бар жумуштар;
жөнөкөй (убактылуу жабылган) уюмдар.
Иштеп жаткандарга кире тургандар, аскер кызматындагылар, дин кызматкерлери жана башка адамдар, дин чөйрөсүндө иштегендер, ошогндой эле окуучулар, студенттер жана пенсионерлер, анча-мынча жумуштары барлар, айлык алуучу же киреше алуучу же эмгек акы албастан туугандарыныкында ушул мезгилдин ичинде иштегендер кирет.
Жумушу жок адамдарга (жумуш, киреше алып келүүчү жумуштары жокторго) кире тургандар: үй-бүлөө мүчөлөрү, туугандарыныкында эмгек акы албастан иштеп жаткандар (ишке жардам бергендер) бирок карап жаткан мезгилде эч кандай жумуш аткарбагандар; жумуш алган адамдар, (өзүнүн ишин уюштургандар) бирок ага кирише электер; жалдоочу менен эмгектик мамилеси жок адамдар, (бир жолку жумуш атаргандар) жана 2020-жылдын 16-мартынан 22–мартка чейинки мезгилде акы төлөнүүчү жумуш аткарбагандар; студенттер, курсанттар, аспиранттар, докторанттар, магистранттар, угуучулар жана окуучулар, билим алуунун күндүзгү формасында окугандар, эмгек акы же киреше алып келүүчү жумушу жоктор, жана иштебегендер (жумушка жардам бербегендер) туугандарында бул мезгилдин ичинде эмгек акысыз жашагандар; өзүнүн жеке көмөкчү чарбасында өзүнүн керектөөсү үчүн продукция өндүргөн адамдар; өзүндө үй жумушун аткарган (үй кожойкеси) адамдар; өз калоосу менен жумуш аткарган адамдар, бекер негизде жеке жактарга же кайрымдуулук уюмдарына, ардагерлер комитетине, ооруканаларга, балдар үйүнө же кары-картаңдар жана башкаларга жардам көрсөткөн адамдар; акциялардын ээлери, чарбалык коомчулуктун уставдык фондунда үлүштөрү бар, бул коомдун экономикалык ишмердүүлүгүнө түздөн-түз катыштыгы жок адамдар; кайырчылык кылган, бөтөлкө, макулатура жана ушу сыяктууларды чогулткан адамдар.
|
Жумуш жөнүндө суроолор, жооп берип жаткан адам кайсы жумушту негизги деп санаса ошол жөнүндө берилет. Негизги жумуштан сырткары жооп берип жаткан адам башка жумуштан дагы (киреше алып келүүчү) иштеши мүмкүн. Эгерде жооп берип жаткан адам негизги жумушту аныктоодон кыйналса, каттоочу кайсы жумушту негизги деп эсептейт, түшүндүрүп бериши керек. Негизги жумуш болуп, күнүмдүк иштеген ишинин эң көп сааты кеткен жумуш саналат. Эгерде жооп берип жаткан адам бирдей убакыт кеткен бир канча жумушта иштесе, жооп берип жаткан адам маанилүү деп эсептеген жумуш негизги болуп саналат, мисалы, жооп берип жаткан адамдын эмгек китепчеси сакталып жана жүргүзүлө турган же чоң киреше алып келүүчү жумуш саналат.
15.2-караштуу суроо. Негизги жумушуңузда ким болуп эсептелесиз?
1- жалданма жумушчу – эмгек келишими (контракт) менен иштеп жаткан, жумушчу женен жалдоочунун ортосунда түзүлгөн, жана эмгеги үчүн акчалай түрүндө (эмгек акысы, комиссиялык, продукцияны саткандан кийин түшкөн киреше пайыз турундө) алса же накталай түрүндө (мисалы, айыл чарба продукциясы, токардык станокто иштегенди окутканы боюнча тейлөөлөр, башка товарлар жана тейлөөлөр) кирет. Жалданган жумушчуларга ошондой эле жооп берип жаткан адамдар, шайлангандар, кызматка коюлгандар, уюмдардын жетекчилери кошо, дин кызматкерлери жана башка дин чөйрөсүндө иштеген адамдар кирет.
2- жалданма эмес жумушта иштегендер (өз алдынча)
2.1- жумуш берүүчү (жалданма жумушчуларды тартуу менен иштегендер) – жумуш берүүчүлөр, анын ичинде менчик ээлери, уюмдашкан жооп берүүчүлөр, уюмдарда иштегендер, алар өздөрү уюштургуч (катышуучулар) болуп саналуучулар, дыйкан (фермер) чарбасынын уюштургучтары жана туруктуу негизде жумушчу жалдагандар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп, шкердик менен иштегендер, кол өнөрчүлүгү ишмердиги жана туруктуу түрдө жалданма жумушчулардын эмгегин пайдалануучулар. Эгерде жумуш берүүчү каттоого чейин бир жума убакытта жалданма жумушчулары жок болсо, анда аны жеке негизде иштөөүлөргө кошуу керек (бул суроодогу 2.2 п.).
Эгерде 2.1 коду белгиленген болсо, атайын бөлүнгөн жерде 2.1.1-пунктунда жалданма кызматкерлердин санын 2019-жылдын 11-ноябрынан 17-ноябрга чейинки мезгил үчүн көрсөтүү керек.
2.2- жекече негизде иштөөчүлөр – жооп берүүчүлөр, өз алдынча же бирөө менен, же бир канча ишкер өнөктөштөр менен жана туруктуу негизде жумушчуларды жалдабай туруп эле ишкердигин киреше алып келүүчү ишке ашыруучу жооп берүүчүлөр кирет. Бул жакка дагы кире тургандар жалданма жумушчулардын эмгегин пайдаланбагандар, же аны убакыттан убакытка пайдалануучу жеке ишкерлер, кол өнөрчүлөр, жеке көмөкчү чарбада иштеген адамдар, айыл чарбасынын, токой чарбасынын, аңчылык жана балык улоочулуктун сатуу үчүн арналган продукцияларын өндүрүү (кайрадан иштетүү) боюнча иштегендер, өз алдынча киреше алып келүүчү ишкердигин ишке ашыруучулар жана жеке ишкер катары катталбагандар кирет.
2.3- өндүрүштүк кооперативдин мүчөсү – «өзүн өзү жумуштандыруу» шартында иштеген адамдар, кооператив формасында уюшулган жайларда, мында ар бир мүчөнүн өндүрүштүү уюштурууга тиешелүү чечимдерди кабыл алууда бирдей укугу бар, ошондой эле продукцияны сатууда жана башка ишкердикте, инвестицияны жана мүчөлөрдүн ортосундагы пайданы бөлүштүрүүдө. Эске алуу керек, өндүрүш кооперативиндеги жалданма жумушчулар бул категорияга кирбейт жана алар «жалданма жумушчулар» категориясы боюнча классификацияланыш керек.
2.4- үй-бүлөөлүк ишканага жардам берүүчү – жооп берүүчүлөр, (ишке жардам берүүчулөр) эмгек келишимин (контракты) түзбөстөн иштеп жаткандар жана (же) уюмда жарандык-укуктук келишим түзбөстөн, уюштургучу (катышуучусу) уй чарбанын мүчөсү же тууганы болуп саналаган, жеке ишкерде, ал өзү үй чарбанын мүчөсү же тууганы болуп саналган.
3- статусу боюнча классификацияланбаган адам – буга иштеген же иштебеген адамдар, алар жөнүндө толук маалыматтын көлөмү жок болсо жана (же) жогоруда жазылган категориялардын бирине дагы кошууга мүмкүн эместер ( мисалы, акы төлөнбөгөн жумушчулар, акы төлөнүүчү жалданма жумушта иштеген үй бүлө мүчөлөрүнө жардам берүүчүлөр) кирет.
15.3-караштуу суроо. Жумушуңуздун жайгашкан жери
Мурдагы өткөн эл каттоолордо мурдагы иштеген иши жайгашкан жер азыркыдай популярдуу эмес болуучу, а азыркы шартттарда бул маалымат мамлекет үчүн дагы, бизнес үчүн дагы инфраструктуралык жана бизнес чечимдерди кабыл алууда маанилүү.
1- ооба – бир жерде жана бир эле шаарда, шаар тибиндеги поселкада, айылдык калктуу пунктта, облустун бир районунун ар кайсы айылдык пункттунда иштеген жооп берүүчү адамдарга көрсөтүлөт.
2- жок – бир эле калктуу пунктта туруктуу жашаган, ал эми жумушка барганда Кыргызстандын башка калктуу пунктуна же башка өлкөгө барган, жооп берүүчү адамдарга көрсөтүлөт.
2.1- бул облустун башка калктуу пунктунда – жооп берип жаткан адамга, мисалы, Сокулук айлында Сокулук районунда жашап, ал эми иштеген жери Кара-Балта шаары Жайыл районунда болсо.
2.2 Кыргызстандын башка облусунда (шаарында) – Кыргызстанда жашаган жана иштеген адамга мисалы, эгерде жооп берип жаткан адам Чүй облусунун Аламүдүн районундагы, Лебединовка айлында жашаса, а бирок Бишкек шаарында иштесе.
2.3 - башка өлкөдө - башка өлкөнүн аймагында иштеген адамдарга ошол өлкөнүн аталышын жазыш керек. Мисалы, эгерде жооп берип жаткан адам Чүй облусунун Чүй районундагы, Токмок шаарында жашап, иштеген жери Алма-Ата шаары болсо, ага «398 коду «Казахстан» белгиленет.
15.4-караштуу суроо. Сиз иштеген ишкананын, уюмдун экономикалык ишмердигинин түрү (экономикалык ишмердигинин толук аталышы).
Каттоочу жооп берип жаткан адамдын ишке ашыруучу ишмердигинин түрүн эмес, ишкананын (уюм) же анын түзүмдүк бөлүмү аткарып жаткан негизги ишмердиктин түрүн аныктайт жана жазат (жана башка суроолорго жооп катары белгилебейт) жана муну атайын ушул суроо үчүн бөлүнгөн жерге ишкананын, мекеменин, уюмдун толук аталышын жооп берип жаткан адамдын негизги иштеген орду боюнча ишмердүуүктүн түрүн аныктаганга боло турган жерге жазат.
Ишкананын же мекеменин аталышын кыскартып жазууга болбойт (мисалы, «БДЧ» деп жазууга болбойт, «Биргелешкен дыйкан чарба» деп толук жазуу керек, «БФЭТ» деп жазууга болбойт, «Бишкек финансы-экономикалык техникуму» деп жазуу керек).
ОсОО «Фаиза» деп жазууга болбойт, ОсОО кафе «Фаиза» (56.10) деп жазуу керек; «Ынтымак» эмес, тигүүчү өнөркана «Ынтымак» (14.13); ОсОО «Кант-Сүт» эмес, ОсОО сүт продукциясын өндүрүү «Кант-Сут» (10.51), ЧП «Елена» эмес, чач таарач же сулуулук салону «Елена» (96.02); «Жорго» эмес, такси кызматы «Жорго» (49.32).
Жалпы кабыл алынган аттарды гана кыскартып жазса болот (ЖЭБ б.а ТЭЦ) (35.30), (ЖАЖА б.а. ЗАГС) (96.09) ж.б.
Каттоочулар аркылуу маалыматтар коддору коюлбайт. Бул жерде жана мындан ары экономикалык иштин түрлөрүнүн коддору мисал катары келтирилген, алар андан кийин Мамлекеттик экономикалык ишмердиктердин түрү классификаторуна караштуу кодировкага ылайык коюлат, (МЭИТК, 3-версия, 2011-жылдын 11-январындагы №9 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген).
Соода жүргүзүү менен алектенгендер «Дордой» деп көрсөтүлбөш керек, «Дордой» базары, тамак-аш азыктары же буюмдарды контейнерлерде же чатырларда соода жүргүзүү деп көрсөтүү керек (47.82), «Лион» эмес, «Лион» бут кийим дүкөнү (47.29), «соода» эмес, «көчөдөгү соода» деп көрсөтүү керек (47.99).
Билим берүү чөйрөсүндө иштегендерге «ЖОЖ» (85.42); «техникум», «колледж» (85.32); «гимназия», «лицей», «орто мектеп» деп жазуу керек (85.31). Мындан ары «Жылдызча» эмес, «Жылдызча» бала бакчасы (85.10), «Илбирс», агентствосу эмес, «Илбирс» күзөт агенттиги (80.10), «курулуш» эмес, «турак жай жана турак жай эмес имараттардын курулушу» (41.20) же «жол куруу» (42.11).
Кээ бир учурларда тармакты көрсөткөн же өндүрүштүн түрүн көрсөткөн аттарын жазса болот, мисалы: «Айнек заводу» (23.11), «Кирпич заводу» (23.32), «Химия заводу» (23.51). Мастерскойдо, ательеде, техникалык тейлөө станцияларында иштеген адамдарга бул ишкананын аты толук жазылат: «Аялдардын жогорку киймин тигүү боюнча ателье» (14.13), «Бут кийим оңдоо боюнча устакана» (95.23). «Уюлдук телефондорду оңдоо» (95.12), «компьютерлерди оңдоо» (95.11).
Өзүнүн менчик дыйкан, фермердик чарбаларында,иштеген адамдарга «айыл чарбасы» деп жазылып, даана багытын көрсөтүү менен жазылат (өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбасы ж.б.) же аткарган ишинин түрү жазылат, ж.д.у.с.
Бир же эки жерде иштеген адамдарга, жооп берип жаткан адам негизги деп санаган жумуш орду жазылат.
15.5-караштуу суроо. Кызмат ордуңуз же кесибиңиз (кызмат ордунун, кесибинин же аткарган ишинин толук аталышы)
Кызматтары бар бардык адамдарга кызматынын, кесибинин, же аткарган ишинин аталышы толук жазылат (башка бардык суроолорго жооп катары, белгиленбейт).
Эки же андан көп жерде иштеген адамдарга, жооп берип жаткан адам негизги деп эсептеген кызматы жазылат.
Эгерде жооп берип жаткан адам убактылуу өзүнүн негизги жумушунан башка жумушту аткарып жатса, анда анын негизги жумушу жазылат.
Жумушу - кызмат орду, кесиби же аткарган иши толук жазылышы керек. Мисалы, жетекчи эмес, "банктын жетекчиси" деп көрсөтүү керек (1346); "сатуу боюнча кызматтын жетекчиси, маркетинг боюнча менеджер" (1221); "кадрлар боюнча башкаруучу" (1212).
Коддор каттоочулар аркылуу коюлбайт. Бул жерде жана мындан ары мисал катары келтирилген коддору "Жалпы Республикалык классификатору" (ОКЗ 009-2019, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү Министрлиги тарабынан иштелип чыккан, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2019-жылдын 6-майындагы №10 токтому менен колдонууга киргизилген). Бул эл аралык стандарт түшүнүгүнүн чегин жана коддорун бузбаган, Кыргыз Республикасынын экономикалык өзгөчөлүгүн чагылдырган тактоолорду киргизүү жолу менен Жалпы Республикалык классификатору 2008-жылдагы (МСКЗ-08) эл аралык стандарттык классификациясы менен шайкеш келтирилген.
«Көмөкчү жумушчу же ар кандай жумушту аткаруучу» ар кандай квалификациялуу эмес жумуштарда иштегендерге, (айыл чарбасынан сырткары) жазылат, ал эми калган учурларда жумуштун мүнөзүнө карата жазылат, мисалы, «жүктөөчү» (9333).
«Айыл чарбасы» айыл чарба ишканаларындагы (чарбаларындагы) квалификациялуу эмес иштер жана так аныкталбаган жумуштарды аткарган адамдарга жазылат. Мисалы, мөмө-жемиштерди, жашылчаларды чогултуучу (9211), жаныбарларды багуу боюнча жумушчу (9212), чөп жыйноочу (9214).
Жекече негизде иштеген адамдарга, алардын иштеген иши жазылат (мисалы, «фотограф» (3431), «тиш доктур» (2261), «композитор» (2652), «саймачы» (7443), «тигүүчү», «базарда сатуучу» (5211), «көчөдө соода кылуучу» (9520), «репетитор» (2359) ж.д.у.с.
Жеке үй чарбаларын тейлеп, жалданып иштеген адамдарга «жеке катчы» (4120), «ашпозчу» (5120), «бала багуучу» (5311), «тарбиячы» (2342), «кароолчу» (5153) жана д.у.с. болуп жазылат.
Тейлөө чөйрөсүндө иштеген адамдарга кесиби же аткарган жумушу жазылат "чач тарач" (5141), "маникюрша" (5142), "таксист" (8222), "саякаттагы, музейдеги ГИД" (5113) ж. б.
Үй-бүлөөлүк ишканаларда же дыйкан фермер чарбаларында акысыз иштеген адамдарга алардын убактысынын көбүн арнаган иштери жазылат. Мисалы, эгерде үй-бүлөө мүчөсү убактысынын негизги бөлүгүн товарларды жүктөө менен иштесе аны «жүктөөчү» (9333), эгер ал такай нан бышыруу менен алек болсо, -«нан өндүрүү» (7512) жана д.у.с. болуп жазылат.
Эгерде дыйкан же фермер чарбасында алектенсе (мал чарбачылык), аткарылган жумуш, кызмат орду "фермер – мал чарбачылык" (6320) болот; "жылкычы" (6121); "чабан" (6121); "фермер-канаттуулар чарбасы" (6122); "фермер-пасечник" (6123); "аңчы-капканчы" (6224).
Эгерде дыйкан же фермер чарбасында алектенсе (өсүмдүк өстүрүүчүлүк), кызмат орду болот "фермер" (6111); "жүзүмчү", "чаевод" (6112); "гүлчү" (6113).
Жеке көмөкчү чарбаларда гана иштеген адамдарга (айыл чарба жумуштарын же малды тейлегендерге) «жеке көмөкчү чарба» деп жазылат. "айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүчүлөр" же "базар багытындагы малчылар" (жеке керектөө үчүн коду - 6330, сатуу үчүн - 6130)" жазылат.
Аскер кызматындагыларга (кыска мөөнөттүү аскер кызматындагылардан тышкары) жумучулар жана аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин кызматкерлерине, жабык эмес аймакта жашагандарга, кызматын бир типтүү жарандык кызмат менен теңештирүүгө мүмкүн болбогондор «кызматкер» деп жазылат.
Туруктуу жумушу бар адамдарга жана бир эле убакта пенсия, жөлөк пул, стипендия алгандарга же жеке көмөкчү чарбада иштегендерге, бул жумушу же аткарган жумушунун түрү жазылат.
Жумушу жана кирешелүү кызматы жок бардык адамдарга «жок» деп жазылат.
12 жаштан кичүү бардык балдарга иштеген жумушу жана жумушсуздук боюнча суроо толтурулбайт.
15.6-караштуу суроо. Сиз акыркы ай ичинде жумуш издедиңизби?
Бул жерде акыркы айдын ичинде каттоо башталганга чейин жумушу жок адамдын жумуш издеши жөнүндө болуп жатат б.а. 15.1 суроосуна «жок» деп жооп бергендер боюнча «Сизде 2020-жылдын 16-мартынан 22-мартына чейин кандайдыр бир акы төлөнүүчү же пайда түшүүчү жумушуңуз болду беле?».
Эгерде жооп берип жаткан адам "ооба" деп жооп берсе, анда ага кийинки суроо берилет 15.6А "Эгерде сизге жумуш сунушталса, сиз ал жумушка жакынкы 2 жуманын ичинде кирише алат белеңиз?". Эгерде “жок” деп жооп берсе, анда 1 ден 5 ке чейинки коддору менен белгиленген негизги бир себеби белгиленет.
Жумуш издөөнүн айкын түрүнө кире тургандар: жумуштуулук кызматына, уюмдардын админстрациясына, жеке ишкерлерге кайрылуу; кулактандырууну жайгаштыруу же кулактандырууга көңүл бөлүү; досторуна,тааныштарына, туугандарына жардам сурап кайрылуу; өзүнүн ишин уюштуруу процесси (өзүнүн ишин (уюмду) каттоо же патент, лицензия, имаратты издөөнү, жер, жабдууларды жана д.у.с.) алуу ж.б.
|
Эгерде 15.6А суроосуна "Эгерде сизге жумуш сунушталса, сиз ал жумушка жакынкы 2 жуманын ичинде кирише алат белеңиз?" жооп берип жаткан адам "жок" деп жооп берсе, анда ал 1-6 га чейинки код менен белгиленген, сунуш кылынган иштен баш тартуунун негизги себептеринин бирин көрсөтүүгө милдеттүү.
16-суроо. Заманбап байланыш каражаттарын пайдалануу: (6 жаш жана андан улуу курактагылар үчүн) Мында бардык 3 суроого жооп берип жаткан адам «ооба», же «жок» деп жооп берет.
Эл аралык сунуштарына ылайык, компьютерди пайдалана билүү жана/же башка цифралык технологияларды (анын ичинде көчмө түзүлүштөр) колдонгонду билүү жөндөмдүүлүгү, баа берүү жана маалымат алмашуу, башка адамдар менен баарлашуу, көйгөйлөрүн чечүү жана практикалык тапшырмаларды ишке ашырууну билүүсү менен компьютердик сабаттуулук аныкталат.
а) Сиз мобилдик байланышты пайдаланасызбы?
Мобилдик телефон же смартфон - SIM-карта орнотулган, жалпы пайдалануучу телефондук байланышты камсыз кылуучу портативдик телефон.
б) Сиз Интернет түйүнүн пайдаланасызбы?
Интернет - глобалдык (бүткүл дүйнөлүк) көптөгөн көз карандысыз, ачык стандарттык протоколдор боюнча, маалыматтарды алмаштыруу үчүн өз ара бириктирилген компьютердик түйүндөр.
Интернет түйүнүнө кирүү (персоналдык кломпьютерден гана эмес) башка дагы түзүлүштөрдүн жардамы аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн. Мындай түзүлүштөргө уюлдук телефон, ойноочу видеоприставка, атайын түзүлүшү бар телевизор (Smart TV) жана башкалар кирет.
в) Компьютерди/ноутбукту/планшетти пайдаланасызбы?
Компьютер – бул программалаштырылган электрондук түзүлүш, маалыматтарды иштетүүгө жана эсептеп чыгарууга жөндөмдүү, ошондой эле башка тапшырмаларды символдордун жардамы менен аткара турган (б.а. компьютер – бул программалык-башкаруучу электрондук түзүлүштүн) комплекси.
Компьютерлердин түрлөрү:
- стол үстүндөгү (стационардык) персоналдык компьютер
- ноутбук
- планшеттик компьютер
- неттоп.
17-суроо. Төрөт боюнча (15 жаш жана андан улуу курактагы аялдар үчүн). Суроо 15 жаш жана андан улуу курактагы, никеге турган жана никеге тура элек аялдарга берилет. (Эркектер үчүн – 2-форма боюнча сурамжылоонун аягы).
15 жаштан жаш аялдар үчүн бул суроого жооп эреже катары толтурулбайт, кокусунан жооп берип жаткан адамдын төрөгөн балдары болсо, анда тиешелүү жооптору толтурулат.
Бул суроону сылык түрдө берүү керек, кечке кайра суроонун кереги жок, эгерде аял жооп берүүдөн баш тартса, анда бул үй чарбасына кайрадан келүү керек.
а) Сиз канча бала төрөгөнсүз? (мунун ичинен балдар жана кыздары). Төрөлгөн балдардын жалпы саны (өлүү төрөлгөңдөрдү эсепке албастан), алардын азыркы убакта тирүүбү же жокпу, бул аялдын үй чарбасынын курамына киреби же өзүнчө жашайбы карабастан жазылат.
Мында багып алган жана анын камкордугундагы балдар (б. а. каралуучу), ошондой эле күйөөсүнүн мурунку никеден калган балдары бул аялдын төрөгөн балдарынын санына кирбейт. Эгерде аял бир дагы бала төрөбөсө анда ага «0» коюлат.
б) Каттоо күнүнө карата алардын канчасы тирүү? (мунун ичинен балдары жана кыздары).
Бул суроого жооп берүүдө каттоо учурундагы бул аялдын өзү төрөгөн тирүү балдарынын саны жазылат.
Эгерде төрөлгөн балдарынын ичинен каттоо учурунда бир дагы баласы тирүү калбаса анда ага «0» коюлат.
Бардык караштуу суроолордо балдардын жынысы боюнча саны жазылат: канча бала жана канча кыз.
V. 3-форманы толтуруу тартиби «Каттоо барагы-Турак жай фонду»
I бөлүктө «Турак жай курулушуна толтурулат» 1ден 5 ке чейинки суроолордо каттоочу (санакчы) тарабынан каттоонун жүрүшүндө турак жай курулушуна толтурулат жана жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын, үй башкармаларынын, кондоминиумдардын, турак жай менчик ээлеринин шериктиктеринин (ТМШ) жооптуу адамдары менен такталат.
3-форма «Каттоо барагы – Турак жай фонду» толтурууда эске алуу керек:
Эгерде бир турак жайда эки же андан көп үй чарбасы жашаса, анда 3-форма «Каттоо барагы – Турак жай фонду» каттоо барагына жооптор 1 ден 10 го чейинки турак жай курулушунун жана имаратынын мүнөздөмөсү бул имараттын чегиндеги биринчи болуп жазылган адамдын сөзү боюнча толтурулат б.а. 1- форма «Каттоо барагы- Каттала турган адамдардын тизмеси» деги 1-графада.
Кары-картаңдар, майыптар жана майып – балдар, наристелер үйүндө, балдар үйүндө, жетим балдар жана балдар үчүн мектеп-интернаттарда ата-энесинен кароосуз калган, ошондой эле ооруканалардагы, төрөт үйүндөгү ж.б. у.с. адамдарга 6 суроодогу 8-код «кары-картаңдар жана майыптар үй-интернаттарындагы, балдар үйүндөгү ж.б.у.с. имараттын бөлүгүндө» белгиленет.
Казармада, түрмөдө, монастырларда ж.д.у.с. 6-суроодогу 9-код «башка институционалдык мекемелердеги имараттын бөлүгү» белгиленет. 1-суроодогу «Турак жай курулушунун тиби» деген жерде 3-код «институционалдык мекеме» белгиленет. Калган суроолорго (2-5, 8-10) жооптор толтурулбайт.
1-суроо. Турак-жай курулушунун типтери
Турак-жай курулушунун тибине ылайык келүүчү келтирилген жооптордун бири белгиленет.
(1-код) Бир турак жай бирдиги бар курулуш - бир турак жайдан (квартирадан) турган үй деп эсептелет.
(2-код) Бирден көп турак-жай бирдиги бар курулуш (көп батирлүү үй) - эгерде үй эки жана андан ашык батирди (жеке менчик формасына карабастан) үйгө таандык жер участогуна же үйдөгү жалпы пайдалануучу бөлмөгө өз алдынча чыгууга мүмкүнчүлүгү болгон үй.
(3-код) Институционалдык мекеме – каттоо учурунда жок дегенде бир адамдын жашаган жери болуп саналган же жалпы режимине, жетекчилигине баш ийген чоң топтогу адамдардын жашаганына багытталган жана толугу менен ээленген капиталдык курулуш же жарым-жартылай жайлардын өзгөчөлөнгөн комплекси. Булар: улгайгандар жана майыптар үчүн үй-интернаттар, балдар үйлөрү, майып балдар үчүн интернат үйлөр, балдар үйлөрү, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернаттар, казармалар, түрмөлөр, монастырдар ж.б. мекемелер.
(4-код) Жатакана - бул окуу же жумуш учурунда студенттер, жумушчулар жана башка адамдар үчүн убактылуу жашоосуна бирдиктүү ордер берилген атайын курулган же кайра жабдылган турак жай имараты же турак жай имараттарындагы турак эмес курулуштардагы турак жайлар.
(5-код) Мейманкана - бул туристердин убактылуу жашоосуна, жеке ишкерлер тарабынан жана уюмдар тарабынан колдонулган жайлар. Бул отелдер, мейманканалар, конок үйлөр, жатаканалар ж.б..
(6-код) Бүтө элек турак жайдын курулушу - кандайдыр бир себептер боюнча курулушу убактылуу токтотулуп жана түзүлүшү-курулушу бүтө элек имарат.
(7-код) Жарым жартылай бузулган турак жай курулушу - жалпылай бузулууга же жарым-жартылай бузулууга дуушар болгон имарат.
(8-код) Башка турак курулушу, убактылуу турак жайды кошкондо - бул боз үй, времянка, вагончик, палатка, баржа, яранга ж. б..
(9-код) Башка курулуш - бул киши жашабаган жайлар: гараж, киоск, мекемедеги бөлмө, мал чарбачылык жайлары (фермалар) ж.б..
(1-код) "бир турак жай бирдиги бар имарат" жана (2-код) "бирден көп турак-жай бирдиги бар (көп батирлүү үй)" үчүн гана 2-суроо "Кабаттуулугу", 3-суроо "Турак жай курулушунун курулган мезгили", 4-суроо "Үйдүн тышкы дубалынын негизги материалы" жана 5-суроо "Жер титирөөгө туруктуулугу" суроолору берилет.
6-суроосуна "турак-жайдын ээлеген тиби" Турак-жай курулушунун калган типтери үчүн өткөрүлөт.
2-суроо. Кабаттуулугу
Курулуштун деңгээлине жараша берилген жооптордун бирөөсү гана белгиленет. Ошондой эле бул жерде бир эле жооп белгиленет.
3-суроо. Турак жай курулушунун курулган мезгили
Турак жай курулушунун курулган мезгилине жараша келтирилген сунуштардан бири белгиленет.
Курулуш мезгилин аныктоо үчүн, бул үй пайдаланууга берилген жылы эске алынат. Мисалы, эгерде турак үйдүн курулушу 1968-жылы башталып, 1972-жылы аяктаган болсо, анда "1971-1980" деген белги коюлат.
Кайра курууларда, курулушта, үйдү кеңейтүүдө пайдаланууга берилген жыл катары баштапкы курулган жыл эсептелет. Мисалы, бул үйдүн 2-кабаты 2000-жылы курулган, бирок белгиси бойдон "1971-1980" калат.
4-суроо.Үйдүн тышкы дубалынын негизги материалы
Үйдү курууда колдонулган негизги материалга жараша келтирилген көрсөтмөлөрдүн бири белгиленет.
Эгерде үй кирпичтен, табигый же жасалма таштан курулган болсо, анда "кирпич, таш" белгиленет.
5-суроо. Жер титирөөгө туруктуулугу
Жооп берип жаткан адамдын сөздөрү менен келтирилген көрсөтмөлөрдүн бири белгиленет. Бул маалымат курулуштун техникалык документинде камтылган.
II бөлүмдө «Турак жайга толтурулат» 6дан 10 го чейинки суроолор турак жайга толтурулат.
6-суроо. Турак жайдын ээлеген тиби
Айрым жарандардын турак жайларын алган (ижарага алган) үй чарбалары үчүн 3-форма «Каттоо барагы – Турак жай фонду» боюнча бардык суроолорго жооптору толтурулат.
Үйү жокторго, туруктуу жашаган орду жок адамдарга, 3-форма «Каттоо барагы – Турак жай фонду» боюнча 10-код же 11-коддогу суроолорго гана жооптору белгиленет.
1-код - «жеке турак үй» эгерде бир үй чарбасы бүтүндөй бир батирлүү үйдү ээлеп турса (менчиктөөнүн формасына карабастан) белгиленет.
2-код «жеке турак үйдүн бөлүгү» эгерде бир бүтүндөй бир батирлүү үйдө (менчиктөөнүн формасына карабастан) эки же андан көп үй чарбасы жашап турса (ал турсун, үй, бир эле үй ээсине караган учурда дагы) белгиленет.
3-код «өзүнчө батир» эгерде үй эки же андан көп батирлерден туруп жана бир үй чарбасы өзүнчө батирди ээлеп турса, белгиленет.
4-код «жалпы (коммуналдык) батир» эгерде үй эки же андан көп батирлерден туруп, жана батирде бирден көп үй чарбалары жашаса, (ал турсун, батирге бир бет эсеби бар болсо) белгиленет. Бул код баракта жана коридор тибиндеги жатакана болуп саналбаган үйлөрдө жашаган үй чарбасына дагы коюлат.
Эгерде үй чарбасы жеке үйдө же батирде жашап, бирок үйдүн же батирдин аянтынын бир бөлүгүн гана ээлеп турса, калган бөлүгүн башкаларга берсе, анда бул үй чарбасы жеке үйдө же өзүнчө батирде жашаган болуп саналат.
Эгерде үй чарбасы эки же андан көп бет эсеби ачылган батирде жашаса, «кооммуналдык батир» туура келчү тиешелүү код белгиленет. Коммуналдык батирлердин приватташтырылган бөлмөсүндө жашаган үй чарбасына «жалпы (коммуналдык) батир» туура келчү тиешелүү код белгиленет. «Жалпы (коммуналдык) батир» коду баракта жана коридор тибиндеги жатакана болуп саналбаган үйлөрдө жашаган үй чарбасына дагы коюлат.
5-код «жатаканадагы бөлмө (батир)» жумушчулардын, кызматкерлердин, студенттердин жана окуучулардын (үй курулушунун тибине карабастан: батир, коридор, секция, барак) жатаканасында жашаган үй чарбасына белгиленет.
6-код «дачадагы үй» дачалык участоктордо жайгашкан, дачалык үйлөрдө туруктуу жашашкан үй чарбаларына белгиленет.
Эгер 4, 5 жана 6-коддору белгиленген болсо, анда 3-формадагы III бөлүктүн 12-суроосуна өтүү жүзөгө ашырылат.
7-код «мейманканадагы жай» мейманканада жашаган адамдарга белгиленет.
8-код «кары-картаңдар жана майыптар үчүн үй-интернаттарындагы, балдар үйүндөгү жана д.у.с. жайдын бөлүгү» кары-картаңдар жана майыптар үчүн үй-интернаттарында, майыптар жана майып балдар үчүн, балдар үйүндө, ата-энесинен кароосуз калган жетим балдар жана балдар мектеп-интернаттарында жашагандар үчүн белгиленет.
9-код «башка институционалдык мекемелердеги жайлардын бөлүгү» казармаларда, түрмөлөрдө, монастырларда жана д.у.с. мекемелерде жашагандар үчүн белгиленет.
10-код «башка турак жайлар (убактылуу турак кошо)» боз үйдө, чатырда, вагондо ж.б. жашаган үй чарбалары үчүн белгиленет.
11-код «жашоо үчүн пайдаланган турак жай эмес жай» турак жай эмес жайларда жашаган үй чарбалары (гаражда, күркөдө (комокто), мекемелердеги бөлмөлөрдө, мал чарба жайларында (фермаларда) жашаган үй чарбалары үчүн белгиленет.
Эгер 7, 8, 9, 10 жана 11 коддору белгиленген болсо, 3-форма боюнча сурамжылоо аяктады деп эсептелет.
7-суроо. Турак жайды ээлөө
1-код «туруктуу жашоого» турак жай каттоо учурунда туруктуу жашоо үчүн ээленип турса, белгиленет.
2-код «убактылуу жашоого» турак жай каттоо учурунда убактылуу жашагандар үчүн ээленип турса, белгиленет. Мисалы, квартирант турак жайды ижарага алып, жума бою жашап, дем алыш күндөрү башка жайда жашаган үй-бүлөсүнө барып келет.
3-код «ээленген эмес» турак жай бош болуп, жана анда эч ким жашабаса белгиленет. (Эгерде 3-код белгиленип турса, анда 3-форма боюнча суроолор аяктайт).
8-суроо. Турак жайдын аянтынын өлчөмү (бүтүн чарчы метр менен)
Суроого жооп берүүдө каттоочу (санакчы) цифра менен атайын бөлүнгөн сызыкчаларга турак жайдын жалпы жана жашоочу аянтынын өлчөмүн, ошондой эле башка максаттарга пайдалануучу аянтын (бүтүн чарчы метр менен, ондук белгиси жок), жазып көрсөтөт.
Бөлчөк сан түрүндөгү аянттын өлчөмүн бүтүн цифрага тегеректегенде төмөндөгүлөрдү жетекчиликке алыш керек: эгерде бүтүн сандын бөлүгүнөн кийин беш ондук жана андан көп турса, анда бүтүн санына бирдик кошулат, эгерде беш ондуктан аз болсо, анда бөлчөк бөлүмү алынып салынат (мисалы, 23,50 жана 23,51 саны 24 кө чейин тегеректелет, ал эмит 23,49 саны 23 кө чейин тегеректелет).
Жалпы аянттка (1-код) төмөндөгү аянттар кирбейт (чарчы метр менен):
тепкичтин клеткалары, лифтинин холлу, тамбурлар, коридорлор (ички батирликтен башкасы) вестибюлдар;
өзүнчө турган жайкы ашкана, мончо, сарай, беседка жана башкалар.
Үй чарбалары ээлеп турган турак аянты цифра менен бүтүн чарчы метр болуп белгиленет, бардык турак бөлмөлөрдүн аянты кошо, курулган шкафтарды эсепке албастан.
Турак аянтка (2-код) аянттар кирбейт: ашкана, (ашкананын бурчтары), холлдор, коридорлор, ванна жана душ бөлмөлөрү, кладовка, балкон, лоджия жана башка көмөкчү жайлар.
3-код - анын ичинде башка максаттарга пайдалангандары : магазин алдында, кафе, чач-тарач, автоунаа оңдоочу жай, ж.б.у.с. аянттары кирет.
9-суроо. Турак жайдын бөлмөлөрүнүн саны
Турак бөлмөлөрдүн саны цифралар менен көрсөтүлөт (1, 2, 3, жана дагы ушундай эле).
Турак бөлмөсү батирде, турак үйдө жашоо үчүн өзүнчө жай болуп аныкталат.
Турак бөлмөгө ашкана, холл, коридор, ванна жана душтун бөлмөлөрү, кладовка, балкон, лоджия жана башка көмөкчү жайлар кирбейт. Мансарда, мезонин, жылууланган террасы, жана верандалар жыл ичинде туруктуу жашаганга жабдылгандар турак бөлмөлөрдүн санына кирет. Жыл бою турак жай үчүн жарактуу мансарддагы бөлмөлөр (үйлөрдүн үстүнө мансард курушат) жана мезонин (мезонин - үйлөрдүн үстүнүн орто бөлүгүндө кошумча курулуш, өзүнүн чатыры жана фронтону болот) турак жайдын бөлмөлөрүнүн санына кошулат.
10-суроо. Жашоо үчүн пайдалануучу турак жайды жакшыртуунун түрлөрү
Турак жайда жылуулуктун бир канча түрлөрү болсо, тамак даярдоо үчүн жабдуулар, башка дагы түрлөрү болсо, жогорку деңгээлдеги ыңгайлуулуктун бир түрүн көргөзүш керек. Мисалы, эгерде туалет үйдө (турак жайда), жана короодо болсо, анда «турак жайдагы жуулуп туруучу туалет» болуп белгиленет.
Электр менен жабдуунун булактары (10.1 караштуу суроо) жана газ менен жабдуу (10.2 караштуу суроолор ) суроолор кирбейт, бул жерде жогорку деңгээлдеги ыңгайлуулуктун бир түрү көргөзүлөт. Бул кирбеген маалыматтар Туруктуу өнүктүрүү максатын (ТӨМ) көрсөткүчтөрүнө көз салуу зарылдыгына байланыштуу кабыл алынган, жана кымбат эмес, ишенчиликтүү, туруктуу жана заманбап энергия булактары менен бардыгын камсыз кылууга жеткирүү үчүн кабыл алынган.
-караштуу суроо. Электр менен жабдуунун булактары
1-код «электр түйүнү» - эгерде электр зымы болсо, белгиленет.
2-код «күн батареяларынын панели» - эгерде күн батареяларынын панелдери болсо белгиленет.
Күн батареясы – фотоэлементтердин жардамы менен күндүн нурун электр жана жылуулук энергиясына айландыруучу түзүлүш.
Үй чарбасында адатта ысык суу менен жабдыганга жана турак жайды жылытканга колдонулат.
3-код «генератор» - эгерде турмуш тиричилигине керектүү электр энергиясын иштеп чыгуучу генератор болсо, белгиленет.
4-код «электрлештирүүгө кирүүнүн жоктугу» - эгерде электрлештирүү жок болсо белгиленет.
10.2-караштуу суроо. Газды берүүнүн булактары
1-код «түйүндүк газ (жаратылыш газы)» - эгерде турак жайга газ кирген болсо, жана газ жылуулук үчүн жана же тамак-аш даярдоо үчүн пайдаланса белгиленет.
2-код «суюлтулган газ ( баллондогу)» - эгерде пол үстүндөгү суюлтулган баллондогу газ менен жабдылган газ плитасы болсо, белгиленет.
3-код «биогаз» - эгерде үй чарбасында биогазды пайдаланса белгиленет.
Биогаз – бул биогаздык жабдууларда ар кандай курамдагы биологиялык массаларды ачып, чирүүсүнөн пайда болгон жана алынган газ. Булардын сырьесу болуп, айыл чарбасынын калдыктары, мал чарбасынын, канаттуулардын жана турмуш тиричилик калдыктары жана башкалар саналат.
4-код «газ берүү жок» - эгерде , такыр эле газ берүү жок болсо, белгиленет.
10.3-караштуу суроо. Жылытуунун типтери
1-код «борбордук ЖЭБ аркылуу жылытуу» - эгерде жылытуу борбордук ЖЭБ аркылуу болсо, белгиленет.
2-код «от казан аркылуу жылыйт» - эгерде жылытуу топтук (кварталдык) райондук от казандар же үй от казанынан жылытылса белгиленет.
3-код «жекече орнотмодон, от казандан жылытылса» - эгерде локалдык, аз метраждуу орнотмолор болуп, жылыткычтар (ысыткычтар) же электр, газ, катуу же суюк отун менен иштөөчү от казандар менен ошондой эле заманбап жылытуучу түзүлүштөр менен иштесе белгиленет.
4-код «меш аркылуу жылыйт» - эгерде жылуулуктун булагы болуп, меш кызмат кылса же бир канча меш аркылуу жылытылса белгиленет.
5-код «жылытуунун айкалыштырылган түрлөрү» - эгерде жылытуунун түрү айкалышлтырылган (аралаш) болсо, тегеректелет. Мисалы, газ менен жылытылган үй болуп, керек учурунда отундун катуу түрлөрүнө алмаштырылса (көмүр, жыгач отун жана башкаларга) белгиленет.
6-код «жылытылбайт» - эгерде турак жай жылытылбаса, жана жылытуу системасынын
бардык түрү жок болсо, белгиленет.
10.4-караштуу суроо. Суу менен жабдуу тутуму
1-код «турак жайдагы суу түтүгү» - эгерде турак жайдын ичинде бөлүштүрүүчү түйүн болуп, ага суу, ичүүчү суу менен камсыз болгон борборлоштурулган тутумдан келсе, белгиленет.
2-код «курулуштагы суу түтүгү гана» - эгерде үйдүн ичинде бөлүштүрүүчү түйүн болуп, ага суу, суу түтүгүнөн же скважинадан жылы бою борборлоштурулуп келсе, белгиленет.
3-код «суу менен камсыздоонун башка түрлөрү (скважина, кудук, же суу менен камсыз кылуунун башка түрлөрү болсо)» белгиленет, эгерде короодо суу бөлүштүрүүчү колонка болуп, бирок, үйдүн ичине суу киргизилбесе жана суу түтүгүнөн же артезиан скважинасынан борборлоштурулуп жылы бою суу келбесе.
4-код «суу түтүгү жок» - эгерде сууга жетпесе, жана суу берүүнун бардык түрлөрү жок болсо белгиленет.
10.5-караштуу суроо. Канализациялык тутум
1-код «борбордук канализация» - эгерде үйдүн ичинде чарбалык –пайдаланылган сууларды агызыш үчүн канализациялык тутум болуп, жана ал көчөдөгү канализациялык түйүндөргө же сиңирүүчү кудуктарга куюлуп турса белгиленет. Турак жай канализация менен жабдылган деп, эсептелбейт эгерде анда суу түтүгү жок болсо.
2-код «жекече канализация (септик кошо)» - эгерде үйдүн ичинде жекече канализация болсо, белгиленет.
3-код «канализация жок» - эгерде үйдүн ичинде канализация жок болсо, белгиленет.
10.6-караштуу суроо. Ажаткана
1-код «сантүйүн жууп туруучу ажатканасы бар турак жай» - эгерде, үйдүн ичинде ажаткана болсо (сантүйүн жууп туруучу) жана агып жаткан суу трубалар аркылуу казылган аңга кетип турса белгиленет.
2-код «башка типтеги ажаткана» - эгерде короодо жууп туруучусу жок салынган ажаткана болсо, белгиленет.
3-код «ажаткана жок» - эгерде ажаткана үйдүн ичинде жана короодо дагы жок болсо, белгиленет.
10.7-караштуу суроо. Ысык суу менен камсыздоо
1-код «борборлоштурулган ысык суу менен камсыздоо» - эгерде, үйдүн ичинде жашап жаткандардын турмуш тиричилигине керектүү атайын ысык суу берүүчү борборлоштурулган суу түтүгү болсо, белгиленет.
2-код «жеке суу жылыткычтардан алынган ысык суу менен камсыздоо» - эгерде атайын суу түтүгү болуп, аларга газдык колонкадан, же от менен жылытылуучу колонкадан ысык суу берилип турса, батирлер боюнча суу жылыткычтар, аз метраждуу ысыткыч от казандар жашоочулардын күндөлүк тиричилигине пайдалануучу кошо кирсе, белгиленет.
3-код «ысык суу менен камсыздоо жок» - эгерде үйдө ысык суу менен камсыздоо жок болсо, белгиленет.
10.8-караштуу суроо. Ванна жана (же) душ,
1-код «ванна жана (же) душ турак жайда» - эгерде турак жайдын өзүнчө ванналык бөлмөсүндө ванна же душ орнотулса, белгиленет.
2-код «ванна жана (же) душ турак жайдан сырткары» - эгерде ушул максат үчүн ылыайыкташтырылып салынган башка жайда, ысык суунун келишине карабастан салынган ванна же душ болсо белгиленет.
3-код «ванна жана (же) душ жок» - эгерде үйдүн ичинде же короодо ванна же душ жок болсо, белгиленет.
10.9-караштуу суроо. Мончо жана (же) сауна
1-код «мончо, сауна» - эгерде турак жай бирдигинин ичинде же тышында мончо же сауна болсо, белгиленет.
2-код «мончо, сауна жок» - эгерде турак жай бирдигинин ичинде же тышында мончо же сауна жок болсо, белгиленет.
10.10-караштуу суроо. Ашкана
Ашкана бөлмө сыяктуу аныкталат (же бөлмонүн бөлүгү) аянты 4 чарчы метрден кем эмес же туурасы 2метрден кем эмес, болуп, ысык тамак даярдоо үчүн жабдылып, ушул максатка арналып анын бир эле убакта ашкана, уктоочу бөлмө же конок үйү болгонуна карабастан бөлүнгөн бөлмө аныкталат.
Ашкана бурчу – өзүнчө жай, полунун аянты 4 чарчы метрден кем эмес же туурасы 2 метрден кем эмес болот.
1-код «ашкана же ашкана бурчу үйдөгү же батирдеги» - эгерде түздөн түз үй ичинде же батирде ашкана же ашкана бурчу болсо белгиленет.
2-код «ашкана же өзүнчө курулуштагы ашкана бурчу» эгерде өзүнчө курулушта ашкана же ашкана бурчу бар болсо белгиленет. Эгерде үй чарбасында ашкана (ашкана бурчу) үйдө жана өзүнчө курулушта дагы ( тиричиликте муну «жайкы ашкана» деп аташат) болсо, коддордун бирөө (1 же 2) кайсынысынын ыңайлуулугу жогору жана көп пайдаланылса ошонусу белгиленет.
3-код «ашкана же өзүнчө курулуштагы ашкана бурчу жок» - эгерде үйдө же батирде, же өзүнчө курулушта ашкана, ашкана бурчу жок болсо белгиленет.
10.11-караштуу суроо.Тамак даярдоо үчүн жабдуу
1-код «стационардык электроплита» - эгерде пол үстүндөгү стационардык электр плитасы болсо, белгиленет.
2-код «газ плитасы же бышыруучу панель» - эгерде стационардык газ плитасы же бышыруучу панель болсо түйүндүк газга (турак жайдын ичиндеги же өзүнчө турган ашканадагы кошулган) же суюлтулган (баллондогу газга) кошулган болсо, белгиленет.
3-код «стол үстүндөгү плита» - эгерде тамак даярдоо үчүн стол үстүнө орнотулган плита пайдаланса, белгиленет.
4-код «плита жок» - эгерде үйдө плитанын бир дагы түрү жок болсо, белгиленет.
10.12-караштуу суроо. Калдыктарды жоготуу тутуму
1-код «таштандыны өткөрүүчү түтүк гана» - эгерде көп кабаттуу үйлөрдө калдыктар таштанды түтүгү аркылуу кетсе белгиленет.
2-код «таштандыны үйдөн сырткары жерде чогултуучу жабдуулар гана» - эгерде таштанды чогулткучтар үйдө эмес, көчөдө атайын бөлүнгөн орунга оронотулса, белгиленет.
3-код «таштандыны атайын машина менен гана жыйнап кетүү» - эгерде жеке үйлөрдөн таштандылар атайын машиналар менен графикте белгиленген күндөрү ташылып кетип турса, белгиленет.
4-код «таштандыны аңга, үймөккө ж.б. ыргытуу» - эгерде жогорудагы саналган таштандыларды чогултуунун жана ташып кетүүнүн түрлөрү жок болуп, таштандыларды аңга, үймөккө жана д.у.с. ыргытса, белгиленет.
III бөлүктөгү «Үй чарбага толтурулат» 11, 12-суроолору үй чарбаларына толтурулат.
11-суроо. Турак жайга болгон менчиктөө формасы
11 – суроо турак жайда туруктуу жашаган үй чарбаларына карата толтурулат 6-суроо: жеке турак үйдө (1-код), жеке турак үйдүн бир бөлүгүндө (2-код) жана өзүнчө батирде (3-код). Эгерде жайда бир нече үй чарбасы жашаса, 11-суроого жооп бирден үй чарбасы аркылуу киргизилет.
1-код «Сиздин үй чарбаңыз жеке менчик укугуна таандык» - эгерде үй чарбасы жарандардын жеке менчик укугуна таандык турак жайларда (приватташтырылган, курулган жана сатып алынган батирлер жана үйлөрдө, турак-жай курулуш кооперативдеринин үйлөрүндөгү батирлерде, толук төлөнгөн пайдык төгүмү менен, жеке батир ээлеринин кооперативдериндеги үйлөрдө, жарандардын башкача негиздеги менчикке алган батирлеринде жана үйлөрдө) жашагандарга белгиленет.
2-код «мамлекеттик менчикте турат» - эгерде үй чарбасы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчик укугуна таандык турак жайларда жашаса, ошондой эле мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин ыкчам башкаруу жана чарбалык багытындагы турак жайларда жашаса, белгиленет.
3-код «муниципалдык менчикте турат» - эгерде үй чарбасы, муниципалдык (коммуналдык) менчикке (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык) турак жайларда жашаса, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин ыкчам башкаруу жана чарбалык багытындагы турак жайларда жашаса, белгиленет.
4-код «жеке менчиктен ижарага алынган» - эгерде үй чарбасы, жеке үйлөрдө, батирлерде, бөлмөлөрдө жашагандардын турак аянтын (ижарага) алса, белгиленет.
5-код «менчиктин башка формасына таандык» - эгерде үй чарбасы, юридикалык жактардын (жеке менчиктөөчү катары түзүлгөн) курулган же алардын каражаттарына алынган анын ичинде турак жай –курулуш кооперативдеринин эсебинен толук төлөнбөгөн пайдык төгүмдөрү бар турак жайларында жашаса, белгиленет.
12-суроо. Үй чарба мүчөлөрүнүн байланыш каражаттарынын болушу (2-форма "Каттоо барагы-Калк" толтурулган), убактылуу жашагандардан сырткары.
12-суроо турак жайда туруктуу жашаган калкы бар баардык үй чарбаларына толтурулат (6-суроонун 1-коду), - жекече турак үйдүн бөлүгүнө (6-суроонун 2-коду) жана өзүнчө квартира (6-суроонун 3-коду), жалпы (комуналдык) квартира (6-суроонун 4-коду), жатаканадагы бөлмө (6-суроонун 5-коду), дачадагы үй (6-суроонун 6 коду).
1-Турак жайда компьютер/ноутбук/планшет барбы
1-код «ооба» -эгерде турак жайда компьютерде иштегенге мүмкүндүк болсо белгиленет. Бул жерден атайын бөлүнгөн ячейкаларга турак жайда болгон стол үстүндөгү (стационардык) персоналдык компьютерлердин, ноутбуктун, планшеттик компьютердин, ошондой эле неттоптун сандарынын суммасы жазылат.
2-код «жок» - эгерде турак жайда компьютерлердин бардык түрү жок болсо же болгондору жараксыз болсо белгиленет.
2-Турак жайда интернет барбы
1-код «ооба» - эгерде жекче үй, озүнчө батир Интернет түйүнүнө кошулса, белгиленет. Интернетке кошулуу (персоналдык компьютерден гана болбостон) башка түзүлүштөрдүн жардамы аркылуу дагы болушу мүмкүн. Мындай түзүлүштөргө уюлдук телефон, оюн, видео көрсөтүүчү приставка, атайын түзүлүшү бар телевизор (Smart TV) жана башкалар кирет.
2-код «жок» - эгерде Интернет менен байланыш жок болсо, белгиленет.
3-Турак жайда телекөрсөтүү барбы
1-код «ооба » - эгерде жеке үйдүн ичинде, өзүнчө батирде телеберүүлөрдүн сигналын кабыл алуучу телевизор болсо, белгиленет.
2-код «жок» - эгерде турак жайда телевизор жок болсо же иштебеген бузук телевизор турса белгиленет.
4-Телефон
1-код «стационардык гана телефон» - эгерде телефондук станция линиясынан жекече же жалпы пайдалануу үчүн телефон аппараты орнотулса ( параллелдик телефон же радио телефон болсо) белгиленет. Эске алуу керек, бул жерде уюлдук телефондор эсепке алынбайт.
2-код «уюлдук гана телефон» - эгерде үй чарба мүчөлөрүндө уюлдук гана телефондор болсо, тегеректелет. Буга уюлдук байланыш түйүндөрү аркылуу сүйлөшкөн, уюлдук түйүндордө иштөө үчүн арналган телефондор гана кирет.
3-код «телефондун эки түрү менен сүйлөшүү » - эгерде үйдө телефондун эки түрү менен сүйлөшсө, белгиленет.
4-код «такыр телефону жок» - эгерде үйдө телефондун бир дагы түрү жок болсо, белгиленет.
YI. 4- форма «Каттоо барагы – Азыркы учурда чет өлкөлөрдө жашаган үй чарбанын мурдагы мүчөлөрү»
4- форма «Каттоо барагы – Азыркы учурда чет өлкөлөрдө жашаган үй чарбанын мурдагы мүчөлөрү» эл каттоодо биринчи жолу пайдаланып жатат.
Эгерде каттоочу (санакчы) тарабынан, үй чарба мүчөлөрүнөн кимдир бирөө 1 жыл жана андан көп убакытка чейин жок болгондугу белгиленсе, анда ага өзүнчө 1-форма «Каттоо барагы- Каттоого турган адамдардын тизмеси» толтурулат. Алар бул үй чарбанын курамына кирбейт, өзүнчө үй чарба катары жазылып (жазуулар бир гана аты менен жүргүзүлөт).
Кыргыз Республикасынын чек арасынан сырткары дипломатиялык, соода жана башка өкүлчүлүктөрүндө иштеген, узакка иш сапарына кеткен (1 жыл жана андан көп) Кыргыз Республикасынын жарандары жана алар менен чогуу жашаган үй чарба мүчөлөрү катталбайт. Аларды Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Министирлигинин көрсөтмөсү боюнча өкүлчүлүктөр жана консульствалар катташат.
«Каттоо барагы – Азыркы учурда чет өлкөлөрдө жашаган үй чарбанын мурдагы мүчөлөрү» формасындагы маалыматтарды статистикалык иштеп чыгуу өзүнчө негизги калктын саны боюнча маалыматтардан сырткары иштелип чыгат, жана мындагы маалыматтар өлкөнүн калкынын саны боюнча маалыматтарга кошулбайт. Натыйжада узакка жок болгон эмигранттар жөнүндө маалыматтардын базасы алынат.
1-суроо. ЖынысыКаттоочу (санакчы) келтирилген жооптордун ылайыктуу бирөөсүн белгилейт: 1-эркек, 2-аял.
2-суроо. Туулган күнү
Саны, айы жана жылы жөнүндө жооптор араб цифрасы менен атайын бөлүнгөн төрт чарчылыктарга (ячейкага) жазылат. Мисалы, эгерде жооп берип жаткан адам 1976-жылдын 12- майында төрөлсө анда алар «12», «05», «1976» болуп жазылат.
Төрөлгөн датасын жазгандан кийин кошумча сурабастан, «2020-жылдын 23 мартына карата белгилүү туулган жылы боюнча жашын аныктоо үчүн көмөкчү таблица» нын жардамы менен толук жашынын санын аныктап, цифралар менен атайын бөлүнгөн төрт чарчылыкка (ячейкага) жазат. Бир жаштан кичине балдарга «0» (жаш) жазылат.
3-суроо. Үй бүлөөлүк абалы (12 жаш жана андан улуу курактагы адамдар үчүн)
1-код «эч качан никеге турган эмес» - эч качан никеге турбаган адамдарга, катталган же катталбаган (жарандык никеге) турбаган адамдарга белгиленет.
2-код «катталган никеде турат» азыркы убакта ЖАЖА (ЗАГС) органдарында катталып, никеде турган адамдарга белгиленет.
3-код «катталбаган никеде турат» - азыркы убакта никеде турган бирок ЖАЖА (ЗАГС) органдарында катталбаган адамдарга белгиленет. .
Никеде тургандар үчүн (2-код же 3-код) каттоочу (санакчы) атайын бөлүнгөн орунга жубайынын номерин (катталбаган никеде турган адамынын) жубайы жазылгын 2-графанын алдындагы Жашоочулардын тизмесиндеги (бул номер каттоо барагындагы күйөөсүнүн же аялынын алдында көрсөтүлгөн) жазат.
4-код «жесир» - мурун никеде турган адамдарга (ЖАЖА (ЗАГС) органдарында катталган , катталбагангына карабастан) кийин аялынын(күйөөсүнүн) өлгөнүнө байланыштуу токтоп калган жана жаңы никеге тура элек адамдарга белгиленет.
5-код «ажырашкан» - мурун никеде турган адамдарга ЖАЖА (ЗАГС) органдарында катталган, азыркы убакта никеде турбаган жана ажырашкандыгы тууралуу ЖАЖА (ЗАГС) органдарында катталган адамидарга белгиленет.
6-код «бирге жашабайт» - мурун никеде турган адамдарга ЖАЖА (ЗАГС) органдарында катталган, азыркы убакта никеде турбаган, жана бирге үй чарбасын жүргүзбөгөн, жана ажырашкандыгы тууралуу ЖАЖА (ЗАГС) органдарында жазылбаган, ошондой эле катталбаган никеде туруп, азыркы убакта бирге үй чарбасын жүргүзбөгөн адамдарга белгиленет.
4-суроо. Улуту
Жооп берип жаткан адам көрсөткөн улуту белгиленет (же жазылат). Балдардын улутун ата-энеси аныктайт.
5-суроо. Туулган өлкөсү
Туулган өлкөсү катары катталып жаткан адамдын туулган орду жайгашкан өлкө түшүндүрүлөт.
«Туулган өлкө» белгиси өлкөдө төрөлгөн жана чет өлкөдө төрөлгөн туруктуу жашлоочулардын ортосундагы айырмачылыкты айкындоо үчүн пайдаланылат. Суроого жооп берип жатканда эске алыш керек, республиканын чегинен сырткары туулгандар, анын ичинде мурдагы СССРдин союздук республикаларынын биринде туулгандарга каттоонун датасына карата - Казахстан, Орусия, Өзбекстан жана д.у.с. болуп жазылат. Мисалы, 1980-жылы Кара-Балта шаарында туулса (СССР дин курамындагы Кыргыз Советтик Социалистик Республикасынын аймагында) болсо, туулганн өлкөсү Кыргыз Республикасы болуп көрсөтүлөт.
Эгерде жооп берип жаткан адам туулган жери калктуу пункт деп, көрсөтсө, анда каттоочу бул калктуу пункт кайсы өлкөдө экендигин такташ керек. Мисалы, 1990-жылы туулганн адамдын туулган жери Караганды шаары -деп көрсөтсө, анда туулган өлкөсү Казахстан болуп, эсептелет.
Белгилеп кетүүчү нерсе, адамдын туулганн өлкөсү анын жарандыгы бар өлкөгө окшош болушу милдеттүү эмес, ал каттоодо өзүнчө белги болуп саналат.
6-суроо. Кайсы өлкөнүн жараны
Бул суроого жооп берүүдө Кыргызстандын жараны болгон адамга «417» Кыргыз Республикасы» деп белгиленет.
Кыргыз Республикасынын жараны болуп Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган, жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдүүлүктөрүнө ылайык алган жана башка мамлекеттин жарандыгы жөнүндө арыз жазбаган адамдар саналат.
Чет өлкөлүк жарандар үчүн алар, жооп берип жаткан адам жараны болгон өлкөнүн аты белгиленет (же жазылат).
Бир канча чет өлкөлүк жарандыгы бар адамдарга, жооп берип жаткан адамдын тандоосу боюнча бир мамлекеттин аты жазылат.
Жарандыгы жок адамдарга, 999 коду «жарандыгы жок» белгиленет.
7-суроо. Кыргыз Республикасынан кеткен жылы
Жооп берип жаткан адам акыркы жолу Кыргызстандан 1 жыл жана андан көп мөөнөткө кеткен жылы көрсөтүлөт.
8-суроо. Жашаган чет өлкөсү
Келтирилген өлкөлөрдүн бири тегеректелет же өлкөнүн аты жазылып, «8- башка өлкө» коду белгиленет.
9-суроо. Кыргыз Республикасынан кеткен негизги себеби
Жооптордун бир варианты көрсөтүлөт:
1-код – жумуш – кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу, мисалы, окуу мекемесин бүткөндүгү боюнча бөлүштүрүү, эмгек контракты боюнча, жалдануу келишими жана д.у. с.
2-код – окуу – билим алуу.
3-код – үй-бүлөөлүк шарты – турмуш кургандыгына байланыштуу, туугандары, ата-энеси балдары менен же балдары ата-энелери менен бириккендигине байланыштуу ж.д.у.с. Балдарына жана башка үй чарба мүчөлөрүнө, бул калктуу пунктка чогуу келген үй чарба мүчөлөрүнө “үй бүлөөлүк шарты” деген жооптун варианты көрсөтүлөт.
4-код – башка
YII. 5-форма «Каттоо барагы- Кыргыз Республикасынын аймагындагы жамааттык жашоочу мекемелерине убактылуу келгендер (жашагандар) жашап жаткандар ж.б» толтуруу тартиби
5-форма «Каттоо барагы-Кыргыз Республикасынын аймагындагы жамааттык жашоочу мекемелерине убактылуу келгендер (жашагандар) жашап жаткандар ж.б.» эл каттоодо биринчи жолу пайдаланып жатат.
5-форма «Каттоо барагы-Кыргыз Республикасынын аймагындагы жамааттык жашоочу мекемелерине убактылуу келгендер (жашагандар) жашап жаткандар» каттоонун датасында жамааттык жашоочу мекемелерде (мейманканаларда, конок үйлөрүндө, ооруканаларда, санаторияларда, эс алуу үйлөрүндө жана д.у.с.) болгондор жана бул жерде 1 жылдан аз жашагандарга толтурулат. Жазуулар сурамжылануучу адамдын Аты-жөнү боюнча жүргүзүлөт.
Мекемеде ар бири убактылуу жашоочуга өзүнчө формасы 5 "Каттоо барагы–Убактылуу жүрүшкөн (жашаган) Кыргыз Республикасынын аймагында турган уюштуруу, жамааттык жашоо ж. б." толтурулат. Бири-бирине карата туугандык даражасын аныктабастан. Мисалы, Каракол шаарындагы конок үйүндө каттоо күнүнө карата Россиядан эс алууга келген эки баласы бар үй-бүлөлүк түгөй жашашкан. Бул учурда төрт 5-форма толтурулат: атасы, апасы жана эки баланын ар бирине.
5-форма «Каттоо барагы-Кыргыз Республикасынын аймагындагы жамааттык мекемелерге убактылуу келгендер (жашагандар)» формасындагы маалыматтарды статистикалык жактан иштеп чыккандан кийинки натыйжалары, болгон калктын саны жөнүндөгү маалыматтарды алууда пайдаланылат.
1-суроо. Сиздин жынысыңызКаттоочу (санакчы) келтирилген тиешелүү коддордун бирин белгиленет: 1-эркек, 2-аял.
2-суроо. Сиздин туулган күнүңүз
Саны, айы жана жылы жөнүндө жооптор араб цифрасы менен атайын бөлүнгөн төрт чарчылыктарга (ячейкага) белгиленет. Мисалы, эгерде жооп берип жаткан адам 1976-жылдын 12- майында туулса анда алар «12», «05», «1976» болуп белгиленет.
Тууклган датасын жазгандан кийин кошумча сурабастан, «2020-жылдын 23-мартына карата белгилүү туулган жылы боюнча жашын аныктоо үчүн көмөкчү таблица» нын жардамы менен толук жашынын санын аныктап, цифралар менен атайын бөлүнгөн төрт чарчылыкка (ячейкага) белгиленет. Бир жаштан кичине балдарга «0» (жаш) белгиленет.
3-суроо. Туруктуу жашаган орду
Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган, бирок каттоонун датасында жамааттык жашоочулардын мекемелеринде болуп калган жооп берип жаткан адамдар үчүн Кыргызстандагы толуку дареги көрсөтүлөт. Бул жерден каттоочу такташ керек, ушул дарек боюнча туугандары же башка адамдар жооп берип жаткан адам боюнча толук маалымат бере тургандар барбы, демейдеги жашаган жеринен убактылуу жок болуп жаткан адам жөнүндө.Эгерде мындай адамдар жок болсо, анда каттоочу жооп берип жаткан адамга 1-форма «Каттоо-барагы- Каттала турган адамдардын тизмеси», 2-форма «Каттоо барагы–Калк» жана 3-форма «Каттоо барагы-Турак жай фонду» жана «Эскертмелер» толтурат.
Эгерде жооп берип жаткан адам демейде башка өлкөдө жашап, бирок каттоонун датасында Кыргызстанда жамааттык жашоочу мекемеде болуп калса, ал жашаган өлкөнүн аты көрсөтүлөт.
4-суроо. Кыргыз Республикасына келүүнүн негизги себеби
Эгер 3-суроодо туруктуу жашаган орду болуп өлкө көрсөтүлсө, анда 4-суроодогу жооптордун бири белгиленет, б. а. Кыргызстандын чегинен тышкары туруктуу жашаган жарандарга гана толтурулат:
1-код - иш – кесиптик ишке байланыштуу, мисалы, окуу мекемесин аяктаганда эмгек контракты, жалдоо келишими боюнча бөлүштүргөндө, кызматтык командировка ж. б.
2-код – окуу - билим алууга байланыштуу.
3-код – туризм, эс алуу – Кыргызстан боюнча туристтик саякатта, эс алууда жүргөн респонденттер үчүн белгиленет.
4-код - дарылоо, реабилитациялоо-дарылоо курсун ооруканаларда, реабилитациялык борборлордо, саламаттык сактоонун башка мекемелеринде же санаториялык-курорттук дарылоону кыска мөөнөттүү мезгилге өткөрүүгө байланыштуу.
5-код – үй-бүлөлүк жагдайлар – никеге киргендигине байланыштуу, туугандарына баруу ж.б. үй чарбанын мүчөсү менен бирге келишкен балдарга жана башка үй чарбанын мүчөлөрүнө "үй-бүлөлүк жагдайлар" жообу белгиленет.
6-код - башка- суроого жооп көрсөтүлгөн эмес себеби боюнча.
5-суроо. Сиздин туулган өлкөңүз
Туулган өлкөсү катары катталып жаткан адамдын төрөлгөн орду жайгашкан өлкө түшүндүрүлөт.
«Туулган өлкө» белгиси өлкөдө төрөлгөн жана чет өлкөдө туулган туруктуу жашлоочулардын ортосундагы айырмачылыкты айкындоо үчүн пайдаланылат.
Суроого жооп берип жатканда эске алыш керек, республиканын чегинен сырткары туулгандар, анын ичинде мурдагы СССРдин союздук республикаларынын биринде туулгандарга каттоонун датасына карата - Казахстан, Россия, Өзбекстан жана д.у.с. болуп жазылат. Мисалы, 1980-жылы Кара-Балта шаарында төрөлсө (СССР дин курамындагы Кыргыз Советтик Социалистик Республикасынын аймагында) болсо, туулган өлкөсү Кыргыз Республикасы болуп көрсөтүлөт (код 417). Эгерде жооп берип жаткан адам туулган жери калктуу пункт деп, көрсөтсө, анда каттоочу бул калктуу пункт кайсы өлкөдө экендигин такташ керек. Мисалы, 1990-жылы туулган адамдын туулган жери Караганды шаары -деп көрсөтсө, анда туулган өлкөсү Казахстан болуп, эсептелет (код 398).
Белгилеп кетүүчү нерсе, адамдын туулган өлкөсү анын жарандыгы бар өлкөгө окшош болушу милдеттүү эмес, ал каттоодо өзүнчө белги болуп саналат.
Кыргызстандын аймагында туулган адамдарга, туулган өлкөсү жөнүндө жоопто «417- Кыргыз Республикасы» деп белгиленет. Башка өлкөдө туулган адамдарга ошол өлкөнүн аты белгиленет (же жазылат).
6-суроо. Сиз кайсы өлкөнүн жаранысыз
Бул суроого жооп берүүдө Кыргызстандын жараны болгон адамга «417- Кыргыз Республикасы» деп белгиленет.
Кыргыз Республикасынын жараны болуп Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган, жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдүүлүктөрүнө ылайык алган жана башка мамлекеттин жарандыгы жөнүндө арыз жазбаган адамдар саналат.
Чет өлкөлүк жарандар үчүн алар, жооп берип жаткан адам жараны болгон өлкөнүн аты белгиленет (же жазылат).
Бир канча чет өлкөлүк жарандыгы бар адамдарга, жооп берип жаткан адамдын тандоосу боюнча бир мамлекеттин аты белгиленет.
Балдарга жарандыгы, ата-энесинин аныктоосу боюнча белгиленет.
Жарандыгы жок адамдарга, 999-код «жарандыгы жок» белгиленет.
7-суроо. Мекемеде болгон убактысы
Каттоочу жооп берип жаткан адамга бул мекемеде канча убактан бери болуп жатканы жөнүндө суроо берет жана келтирилген жооптордун бирин тегеректейт: «1- 1 айдан аз» же«2- 1 ай жана андан көп, бирок бир жылдан аз».
Эгерде жооп берип жаткан адамдын бул жерде жашап жатканына 1 жыл жана андан көп болсо, аны туруктуу жашайт деп эсептеп, туруктуу жашоочу катары каттоо документтерин толтурат. (5-форма «Каттоо барагы-Кыргыз Республикасынын аймагындагы жамааттык мекемелерге убактылуу келгендер (жашагандар) ж.б.» толтурулбайт).
1-тиркеме
Белгилүү туулган жылы боюнча 2020-жылдын 23-мартындагы абалы боюнча жашын аныктоо үчүн жардамчы таблица
Туулган жылы | Толук жашынын саны, туулгандар | Туулган жылы | Толук жашынын саны, туулгандар | Туулган жылы | Толук жашынын саны, туулгандар | |||||||
1-январдан 22-мартка чейин | 23-марттан 31-декабрга чейин | 1-январдан 22-мартка чейин | 23-марттан 31-декабрга чейин |
| 1-январдан 22-мартка чейин | 23-марттан 31-декабрга чейин | ||||||
А | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | ||||
2019 | 0 | - | 1995 | 24 | 23 | 1971 | 48 | 47 | ||||
2018 | 1 | 0 | 1994 | 25 | 24 | 1970 | 49 | 48 | ||||
2017 | 2 | 1 | 1993 | 26 | 25 | 1969 | 50 | 49 | ||||
2016 | 3 | 2 | 1992 | 27 | 26 | 1968 | 51 | 50 | ||||
2015 | 4 | 3 | 1991 | 28 | 27 | 1967 | 52 | 51 | ||||
2014 | 5 | 4 | 1990 | 29 | 28 | 1966 | 53 | 52 | ||||
2013 | 6 | 5 | 1989 | 30 | 29 | 1965 | 54 | 53 | ||||
2012 | 7 | 6 | 1988 | 31 | 30 | 1964 | 55 | 54 | ||||
2011 | 8 | 7 | 1987 | 32 | 31 | 1963 | 56 | 55 | ||||
2010 | 9 | 8 | 1986 | 33 | 32 | 1962 | 57 | 56 | ||||
2009 | 10 | 9 | 1985 | 34 | 33 | 1961 | 58 | 57 | ||||
2008 | 11 | 10 | 1984 | 35 | 34 | 1960 | 59 | 58 | ||||
2007 | 12 | 11 | 1983 | 36 | 35 | 1959 | 60 | 59 | ||||
2006 | 13 | 12 | 1982 | 37 | 36 | 1958 | 61 | 60 | ||||
2005 | 14 | 13 | 1981 | 38 | 37 | 1957 | 62 | 61 | ||||
2004 | 15 | 14 | 1980 | 39 | 38 | 1956 | 63 | 62 | ||||
2003 | 16 | 15 | 1979 | 40 | 39 | 1955 | 64 | 63 | ||||
2002 | 17 | 16 | 1978 | 41 | 40 | 1954 | 65 | 64 | ||||
2001 | 18 | 17 | 1977 | 42 | 41 | 1953 | 66 | 65 | ||||
2000 | 19 | 18 | 1976 | 43 | 42 | 1952 | 67 | 66 | ||||
1999 | 20 | 19 | 1975 | 44 | 43 | 1951 | 68 | 67 | ||||
1998 | 21 | 20 | 1974 | 45 | 44 | 1950 | 69 | 68 | ||||
1997 | 22 | 21 | 1973 | 46 | 45 | 1949 | 70 | 69 | ||||
1996 | 23 | 22 | 1972 | 47 | 46 | 1948 | 71 | 70 |
1-тиркеменин уландысы
Туулган жылы | Толук жашынын саны, туулгандар | Туулган жылы
| Толук жашынын саны, туулгандар | Туулган жылы | Толук жашынын саны, туулгандар | |||||||
1-январдан 22-мартка чейин | 23-марттан 31-декабрга чейин | 1-январдан 22-мартка чейин | 23-марттан 31-декабрга чейин |
| 1-январдан 22-мартка чейин | 23-марттан 31-декабрга чейин | ||||||
А | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | ||||
1947 | 72 | 71 | 1923 | 96 | 95 | 1899 | 120 | 119 | ||||
1946 | 73 | 72 | 1922 | 97 | 96 | 1898 | 121 | 120 | ||||
1945 | 74 | 73 | 1921 | 98 | 97 | 1897 | 122 | 121 | ||||
1944 | 75 | 74 | 1920 | 99 | 98 | 1896 | 123 | 122 | ||||
1943 | 76 | 75 | 1919 | 100 | 99 | 1895 | 124 | 123 | ||||
1942 | 77 | 76 | 1918 | 101 | 100 | 1894 | 125 | 124 | ||||
1941 | 78 | 77 | 1917 | 102 | 101 | 1893 | 126 | 125 | ||||
1940 | 79 | 78 | 1916 | 103 | 102 | 1892 | 127 | 126 | ||||
1939 | 80 | 79 | 1915 | 104 | 103 | 1891 | 128 | 127 | ||||
1938 | 81 | 80 | 1914 | 105 | 104 | 1890 | 129 | 128 | ||||
1937 | 82 | 81 | 1913 | 106 | 105 |
|
|
| ||||
1936 | 83 | 82 | 1912 | 107 | 106 |
|
|
| ||||
1935 | 84 | 83 | 1911 | 108 | 107 |
|
|
| ||||
1934 | 85 | 84 | 1910 | 109 | 108 |
|
|
| ||||
1933 | 86 | 85 | 1909 | 110 | 109 |
|
|
| ||||
1932 | 87 | 86 | 1908 | 111 | 110 |
|
|
| ||||
1931 | 88 | 87 | 1907 | 112 | 111 |
|
|
| ||||
1930 | 89 | 88 | 1906 | 113 | 112 |
|
|
| ||||
1929 | 90 | 89 | 1905 | 114 | 113 |
|
|
| ||||
1928 | 91 | 90 | 1904 | 115 | 114 |
|
|
| ||||
1927 | 92 | 91 | 1903 | 116 | 115 |
|
|
| ||||
1926 | 93 | 92 | 1902 | 117 | 116 |
|
|
| ||||
1925 | 94 | 93 | 1901 | 118 | 117 |
|
|
| ||||
1924 | 95 | 94 | 1900 | 119 | 118 |
|
|
|
2-тиркеме
Жалпы орто билим албаган адамдардын, бүткөн классына жараша билим деңгээлин аныктоо үчүн таблица
| Классынын санына тиешелүү билим деңгээли |
Толук эмеск орто мектепти бүткөн (жети жылдыкты 1961-жылы жана мурун, сегиз жылдыкты 1963-1989 жылдары, тогуз жылдыкты 1990-1992 жылдары), негизги жалпы билим берүү мектебин 1993 году жылы жана кийин |
негизги жалпы (толук эмес орто) – 8-код |
7 классты 1961 жылы жана мурда бүткөн | |
8 классты 1989 жылы жана мурда (б.а. 1963-1989жж.) | |
9 классты 1992 жылы жана мурда (б.а 1990-1992жж.) | |
Он бир жылдык же он эки жылдык орто мектептин 10 –классын бүткөн | |
Он эки жылдык орто мектептин 11 классын бүткөн | |
10-11 класстарда окуйт | |
Башталгыч кесиптик билим билим берүү уюмунда окуйт*, жалпы орто билими бар адамдардан башка | |
Башталгыч кесиптик билим билим берүү уюмунан кеткен*, жалпы орто билими бар адамдардан башка (аяктабай калган) | |
8-класстан кеткен 1961/1962 окуу жылында жана мурда (аяктабай калган) | |
9-класстан кеткен 1988/1989 окуу жылында жана мурда (аяктабай калган) | |
10-11 (12) класстардан кеткен (аяктабай калган)
| |
Башталгыч жалпы билим берүү мектебин бүткөн |
башталгыч жалпы (башталгыч) – 9-код
|
Үч жылдык башталгыч жалпы билим берүү мектебинин 3 классын 1972-жылы жана кийин бүткөн | |
4-6 классовтарды бүткөн | |
7 классты 1962 – жылы жана кийин бүткөн | |
8 классовты 1990 –жылы жана кийин бүткөн | |
5-9 класстарда окуйт | |
4-класстан кеткен 1972/1973-1988/1989 окуу жылдарында (1972-1989 жылдары) (аяктабай калган) | |
5-7 класстардан кеткен (аяктабай калган) | |
8-класстан кеткен 1961/1962 окуу жылында жана кийин (аяктабай калган) | |
9 –класстан кеткен 1989/1990 окуу жылында жана кийин (аяктабай калган) |
* Башталгыч кесиптик билим берүү тутумуна кесиптик лицейлер, кесиптик окуу жайлары, мурун кесиптик –техникалык окуу жайлары (КТО) кирчүү жана кирет.
1