СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ким күчтүү , ким билимдүү

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Билимдүүлөр конкурсу 

Просмотр содержимого документа
«Ким күчтүү , ким билимдүү»

Ким билимдүү ким күчтүү?

Сабак КВН

Сабактын максаты: 1.Өтүлгөн темалар боюнча алган билимдерин

текшерүү жана бышыктоо;

2. Кругозорун кеңейтүү, логикалык ой-жүгүртүүсүн

өстүрүү;

3. Табиятты сүйүүгө жана коргоого тарбиялоо.

Жабдылышы: 1. Дүйнөнүн саясий картасы .

2. Евразиянын физикалык картасы.

3. Глобус, Атлас.

4. Буклеттер.

5. Дубал газеталар илинет.

6. Желекчелер кызыл, жашыл түстөгү.

Сабакты мугалим алып барат.

Алып баруучу: Тирүүлүктүн чырагы болуп,

Туш тарабын балбылдап куйуп турсун.

Асманында ай -жылдыздар ээ жаа бербей,

Чагылганын чартылдап өмүр улап

Шааниси коп жаш чагын шаттык курсун.

Бүгүнкүдөй КВНге күбө болуп,

Отургандын көңүлү жана берсин!

Айлана-чөйрө менен таанышкан,

Чыгаандар ортого келеберсин.

КВН десе жан берген,

Жеңилүүнү билбеген.

Шайыр дагы билимдүү,

Билимдүүлөр” командасы бул.

Билим алып талбагын,

Билимдүүлөрдөн калбаган.

Ааламга жарык нур чачкан,

Жеңишке кадам таштаган,

Күн командасы бул.

Ортого “Билимдүүлөр жана “Күн деп аталган командалар келишет. КВНдин шарттарын баалап туруу үчүн «жюрилер » шайланат.

Алып баруучу: Мына бугун КВН болчу күн үчүн,

Классташтар даярданды күнү- түн.

Таразалап жакшы бааны койгула,

Сабагынан алган терең билим үчүн.

Анда эмесе тааныштырып өтөйүн,

Болуп жаткан КВНдин шарттарын.

  1. Саламдашуу жана командалардын таанышуусу.

  2. Суроо,жооп

  3. Мекен жөнүндөгү ырлар.

  4. Тест менен иштөө.

  5. Бий .

  6. Кара боюнча иштөө.

  7. Экологияны коргоо боюнча интермедия.

  8. Табышмактар.

  9. Кроссворд менен иштөө.





1


1.Саламдашуу шарты.

Алып баруучу:

Келипсиңер КВНге баарыңар,

Күч сынашып,билимдүүнү табууга.

Анда эмесе келгиле элдин алдына,

Таанышкыла, бир- бирден саламдашкыла.

Командалар таанышып саламдашкандан кийин 1 –шарт боюнча жюрилер балл беришет.

2-шарт. Алып баруучу: Сыноо үчүн билимдерин,

Бир- бирден суроо берели.

Айтышкан туура жооп үчүн,

«5» деген баллды берели.

Командаларга суроо берилет

  1. Эң алгачкы пайда болгон материк? ( Лавразия жана Гондвана)

  2. Эң чоң океан эмне деп аталат? ( Тынч океаны)

  3. Эң чоң материк эмне деп аталат? (Евразия)

  4. Эң терең көл кайсы? (Байкал кол Евразия материгинде жайгашкан)

  5. Эң бийик тоо кайсы? ( Гималай )

  6. Эң бикик шаркыратма? ( Анхель шаркыратмасы бийиктиги 1054 м)

  7. Эң бийик чоку эмне деп аталат? (Джомалунгма чокусу Гималай тоосунда бийиктиги 8848м)

  8. Эң чоң суусу мол дарыя эмне деп аталат? (Амазонка дарыясы )

  9. Эң зун дарыя эмне деп аталат? ( Нил дарыясы узундугу 6671 км)

  10. Эң чоң көл кайсы? ( Каспий деңизи)

  11. Эң туздуу деңиз кайсы? (Кызыл деңиз)

  12. Эң бийик жерде жайгашкан көл кайсы? ( Титикака көлү Түштүк Америкада)

Суроо жооптордон кийин жюрилер балл беришет.

3-шарт. Мекен жөнүндө ырлар

Алып баруучу: Көбүнчө өткөн жаштык жылдарында,

\Өмүрдүн гүлү тагылган жылдарына.

Кошулуп жаның жыргып кулак тошо,

Жаштыктын жар салуучу ырларына.

Ырлар аткарылган соң жюрилер балл беришет.

4-шарт. Тест

Алып баруучу:Тапкычтыгы канчалык деп,

Берип королу азыр «тест»,

Анда эмесе окуп чыгып,

Белгилегиле аны тез.

1.Картада көк түс менен жаратылыштын кайсы обьектилери белгиленет?

а) Бөксө тоолор в) Суулар

б) Түздүктөр г) Дөңсөлөр

2. Жер кыртышынын материк бөлүгүнүн эң калың жери канча?

а) 10 км в) 150 км

б) 70 км г) 200 км

3. Кайсы окендардын жээгинде тез-тез жер титирейт?

а) Инди океаны в) Түндүк муз океаны

б) Тынч океаны г) Атлантика океаны

4. Дүйнөдөгү эң ири сүт эмүүчү жаныбарлардын мекени?

а) Түндүк Америка в) Африка

б) Австралия г) Түштүк Америка

5. Сахара чөлү кайсы материкте жайгашкан?

а) Евразия в)Австралия

б) Африка г) Антарктида

6. Намиб чөлү кайсы материкте?

а) Евразия в)Австралия

б) Африка г) Антарктида

2



7. Бул жаныбарлардын кайсынысы Австралияга гана мүнөздү?

а)Ехидналар в) Окоплер

б)Тапирлер г) Львицалар

8. Дүйнө жүзүнүн жалпы аянты канча млн км2?

а) 670 в)510

б) 490 г) 320

Тест белгиленип буткандон кийин жюрилердин баллы берилет.

5-шарт.

Алып баруучу: Өмүр отун өлкөдөн алалычы,

Өчүрбөстөн шам кылып жагалычы.

Бүгүнкү бул КВНди шылтоо кылып,

Келгилечи бир бийлеп алалычы

Талчыбыктай кымча бел сулууларга,

Кызыгып көз кырын салалычы.

Командалар бийлешет. Бийден кийин журилер баллдарын беришет.

6-шарт. Карта боюнча иштөө

Алып баруучу:

Жакшынакай бийден кийин саякатка чыгалы,

Биз баруучу жайларды, карталардын табалы.

Карта боюнча бир нече мамлекеттер, аралдар, тоолор, жарым аралдыр, кысыктар жана булундарды табышат. Табылган обоектилерге кызыл, жашыл түстөгү желекчелер сыйланат.

  1. Гималай тоосу

  2. Анды тоосу

  3. Волга дарыясы

  4. Конго дарыясы

  5. Мак-Кинли чокусу

  6. Аканкагуа чокусу

  7. Мексика булуңу

  8. Бискай булуңу


6-шарт боюнча жюрилер балл беришет




7-шарт Экологияны коргоо

Алып баруучу: Жаратылыш энедей,

Жамандык кылба кенедей.

Жабыркатсан ал бирок,

Жазалап коёт ченебей

8-шарт. Табышмак

Алып барууу: Кимдин ою күлүк деп,

Табышмак айтып көрөлү.

Тапкан туура жообуна,

Бирден баллды берели.


  1. Жер жарылып дүңгүрөп,

Бешик өңдүү термелет.

Ангыча асман от болуп,

Чагылган өңдүү сезилет.

(Зилзала)

  1. Денесинин бут баарын,

Деңиздер курчап турса да.

Ичейин десе адам зат,

Суу жетишпейт ал жакта

(Сахара)

  1. Жаз айы, күз баары кыш,

Кароого кара жери жок

Денесинин баары муз.

(Антарктида )

  1. Жер ортолук дениздин,

Түндүк жээгин карагын.

Ошол жерден табасын,

Өтүгүңдүн бир пайын.

(Италия )


3



  1. Тай деген сөзгө мүчө улап,

Жарым аралдын атын тап.

(Таймыр)

  1. Азиянын тоолорун аралап,

Бугу эне баратат.

Бугу эне оттогон,

Бийик-бийик тоолорду тап.

(Гималаи)

  1. Шарга окшош, топ тоголок формасы,

Ага баткан жер шаарынын бут баары.

(Глобус )

  1. Геометиралык фигурадай,

Үч бурчтуктан турат ал.

Анын батыш тарабында,

Узун кеткен тоосу бар.

(Түштүк Америка)

Табышмактардын жоопторуна жюрилер балл беришет.

9-шарт.

Алып баруучу:

Оюнубуздун аягында,

Кроссвордду тапкыла.

Тапкычтык менен макталып,

Жеңишти колго алгыла.

  1. Айланасын суу курчаган кургактык

  2. Географиялык жер кабыгы

  3. Түндүктөгү океан

  4. Евразия жана Афирика материгинин бөлүп турган деңиз

  5. Географиялык суу кабыгы

  6. Эң ысык материк

  7. Эң чоң шаркыратма

  8. Эң чоң арал

  9. Түштүк Американын батыш тарабындагы кырка тоо.

Жооп: Туурасынан

  1. Арал А

  2. Литосфера Т

  3. Түндүк Муз океан М

  4. Жер ортолук деңиз О

  5. Гидросфера С

  6. Африка Ф

  7. Анхель Е

  8. Гренландия Р

  9. Анды А

Жюрилер балл беришет .




Мына ошентип КВНдин толук шарттары аткарылып бүткөндөн кийин

жюрилер жалпы жыйынтыгын чыгырышып командага алкыш

баракчалары ж.б сыйлыктар ыйгарылат.

Түзгөн: К.Чодошев атындагы №15 орто

мектеби география мугалими

Тезекбаева Мыскал

4