СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Китеп окуунун турлору

Нажмите, чтобы узнать подробности

Китеп окуунун турлору

Просмотр содержимого документа
«Китеп окуунун турлору»

2-апрель- буткул дуйнолук китеп окуу куну!

С.Рысбаев
Китеп окуунун жана китептин үч түрү:

1. «Көз менен окуу»- китепти көз жүгүртүп, кандай темада, кандай маанайда, эмне тууралуу жазылганын барактап таанышып чыгуу; китептен керектүү маалыматты издеп окуу; маалыматтын эмне экенин, кандай болгону, кайда болгону, качан болгону тууралуу маалымат алуу; маалыматты иреттеп, жыйнап, топтоп түшүнүк алуу үчүн окуу.
2. «Жүрөк менен окуу»- китептеги окуяга, сюжетке берилип окуу, образга кирип окуу; жактырган каарманынын тагдырына аралашып окуу; каарман кубанса кубанып, кайгырса кайгырып, ыйласа ыйлап, күлсө күлүп, жүрөгү менен окуу; китепке таасирленип, жашоо жолун издеп окуу, каармандарын турмуштан издеп, ага образга кирип окуу.
3. «Мээ менен окуу»- ойчул жазуучунун ойлуу китебин ойлонуп окуу; китепке, жазуучуга баа берип окуу; китептен турмуштук проблеманы көрө билип окуу; каармандын тагдырын замандын өнүгүшү менен, дүйнөнүн түркүн жолу менен бирге талдап окуу; дүйнөнү, ааламды, адам тагдырын изилдеп окуу; адам өмүрү, анын жашоо максаты эмне экенин, дуйно кайда баратканын каармандын тагдыры, анын ой жүгүртүүсү менен бирге окуу; өзүнүн өмүр жолун, жашоосун өзгөртүү үчүн турмуштан жаӊы жол, багыт издөө үчүн жазуучу менен бирге диалог куруп ой жүгүртүп окуу.
Демек, ушундан улам айтсак болот, китептер дагы үч түрдүү болот, алар: көз менен окулуучу, жүрөк менен окулуучу жана мээ менен окулуучу китептер.
«Көз менен окулуучу» китептер кандай болот? Алар: маалыматтык китептер, жай турмушта болуп өткөн, аны баяндаган окуялуу аӊгеме, повесттер; популярдуу адабияттар, дидактикалык материалдар жана окуу мүнөзүндөгү жөнөкөй тексттер.
«Жүрөк менен окулуучу» китептер кандай болот? Алар: сүйүү аӊгемелери жана повесть- романдары, фантастикалык чыгармалар, приключениялуу повесттер, романдар, трагедиялуу драмалар, комедиялар.
«Мээ менен окулуучу» чыгармалар: философиялык эмгектер, философиялуу романдар, адам тагдыры, мезгил менен адам темасындагы публицистикалар…ж.б.