СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Класстык саат "Өрт кырсыгынын алдын алуу"

Нажмите, чтобы узнать подробности

класс жетекчилер үчүн 

Просмотр содержимого документа
«Класстык саат "Өрт кырсыгынын алдын алуу"»

ӨРТ КЫРСЫГЫ


Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

 

Жерден чыккан өрт – бул, токойлуу жерлерден чыккан өрт, мында токой ичинде өскөн баардык чөптөр, бадалдар, дарактардын тамырлары өрт кучагында калат.

Жогоруда чыккан өрт – бул, токой массивдеринде чыккан өрт. Мында өрт жалыны дарактардын бутактарына жайылат, өзгөчө мында жалбырактуу бак-дарактар жабыр тартат.


Жер астындагы өрт – мында, токойдогу өсүмдүктөрдүн тамырларынын күйүшү жүрөт.

Өрттүн чыгышы адам баласынын өмүрүнө коркунуч келтирип, олуттуу чыгымдарга алып келет. Өрттүн чыгышына жана анын алоолонуп тутанып кетишине түрткү берген шарттардан болуп, төмөнкүлөр болуп саналат:

-  күйүүчү материалдардын болушу;

-  күйүп жаткан оттун жалбыртташына шарт түзгөн зарыл сандагы кислороддун болушу;

-  учкундан жалындын тутанышы.


КӨПЧҮЛҮК УЧУРДА ӨРТ КЫРСЫГЫ ТУРАК-ЖАЙ ШАРТЫНА ЧЫГАТ.

Мында, анын келип чыгуу себептеринен болуп төмөнкүлөр саналат:

-  коммуникациянын талаптагыдай жөнгө салынбашы;

-  электр өткөргүчтөрүнүн бузук абалда болушу;

-  атайы каралган жайлардан тышкары жерлерде тамеки чегүү;

-  электр өткөргүчтөрүн кароосуз калтыруу же тиричилик техникаларын туура эмес пайдалануу;

-  отту жана химиялык заттарды этиятсыз пайдалануу.

Өрт кандайдыр бир имараттын ичинде гана эмес, токойлордо жана тоо беттеринде чыгышы мүмкүн. Аларды адырларда жана токойлордо чыккан өрт кырсыгы деп аташат. Токойлордо массалык өрт аптаптуу ысыктын натыйжасында кургакчылыктан улам, чагылгандын түшүүсүнөн жана эң эле жөнөкөй алганда, куурап калган чөптөрдөн арылуу максатында аларды өрттөө кесепетинен келип чыгышы ыктымал. Өрттүн чыгышы калктуу пунктардагы бүтүндөй имараттардын күйүп кетишине, анда жашаган калктын жана мал жандыктын зыянга учурашына алып келет. Токойлуу жерлерге өрт көп учурда эс алгандардын чеккен тамекини акырына чейин өчүрбөй таштап коюусунан улам, жерде өскөн чөптөрдүн, бадалдардын түтөп олтуруп, өрткө айланышынан пайда болот. Ушундай себептен келип чыккан өрт, минутасына бир метрден үч метрге чейинки жерге тарайт. Ал эми жогорудан чыккан өрт шамалдын огу боюнча минутасына 100 метрге чейинки аралыкка тарайт. Өсүмдүк тамырларынын жана чымдардын күйүүсүнөн, ар тарапка баш аламан тараган өрттүн чыгышы ыктымал. Чым эч кандай шамалдын же уюлгуган желдин жардамысыз эле, нымдуулугуна карабастан акырындап күйүп олтурат. Мындан пайда болгон ысык күл шамал агымы менен учуп, өрттүн түтөп жайылышына шарт түзүп, адамдардын жана жан-жаныбардын тумчугуп калуусуна алып келет.

Өрт чыгаар токойдо болгон болсоңуз, төмөнкүлөрдү унутпаңыз:

-  ширенке талын күйгөн бойдон калтырбоонуу;

-  от жагып, таштандыларды өрттөбөөнү;

-  кетип бара жатып, жаккан отту суу сээп же топурак менен бастырып толук өчүрүп кетүүнү;

-  талаада айнек идиштерди же алардын сыныктарын калтырбоону. Анткени ал күн нуруна чагылышып, өрттү тутандырышы мүмкүн;

-  алоолонуп келе жаткан өрткө суу чачып, дарак бутактары менен өчүрүп, топурак сээп өчүрүү зарыл

.

Кыргызстандагы өрт кырсыгынан болгон окуялар:


Январдан октябрь айына чейин өрттөн 50 киши каза болгонун ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Каза болгондордун экөө жаш балдар. Аталган мөөнөт ичинде 4 миң өрт кырсыгы катталган.

Кырсыктын жарымы отко этият мамиле кылбагандыктан келип чыккан. Эгер электр жабдууларды туура пайдаланганда ар бир төртүнчү өрт кырсыгы чыкмак эмес. Ал эми балдар ойноп жатып чыгарган өрт 9 пайызды түзөт.

Чыккан өрттүн 46,6 пайызы жеке турак жайда болгон. Куткаруучулар 63 кишинин өмүрүн сактап калган.



Бүгүнкү күндө республика аймагында жайгашкан базарлардын өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана талаптарынын жыл сайын аткарылбай келгендигинин натыйжасында чоң өрттөр, ошондой эле чоң суммадагы материалдык чыгымдар катталып турат. 

  Мисалы  2015 жылы соода жана өндүрүш түйүндөрүндө 179 өрт кырсыгы катталып, эки адам каза болгон, жана 70 милион 497миң сом материалдык чыгым катталган. Бүгүнкү күнгө чейин өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана талаптарынын аткарылбай келгендигинин себебинен, ошондой эле одоно бузулушунуна байланыштуу Баткен обласынын Исфана шаарында жайгашкан “Лейлек керек-жарак кооперативи” “Береке” жана “Лейлек базарлары” жеке ишкер К.Орозбаевке тиешелүү болуп саналат. “Лейлек базарларында” 2016 жылдын 20-май күнү өрт кырсыгы катталды.  Аталган базарда катталган өрттүн аянтты 4960 чарчы метр. Өрттүн кесепетинен жеке ишкерлердин: 53 соода түйүнү жана 2 павилион 15 ашкана өрттөнүп кеткен.

 Ошондой эле 22-майдан 23-майга караган түнү 23 саат 49 мүнөттө Базар-Коргон районнундагы Базар-Коргон айылында жайгашкан «Жаркынай» борбордук соода базарында өрт кырсыгы катталган.

Өрт кырсыгынын кесепетинен болжол менен базардын 2000 (эки миң) чарчы метр жери күйгөн.





















































87 орто мектеби





Класстык саат





Тема:Ɵрт кырсыгынан сактаналы.















Бишкек 2017