Просмотр содержимого документа
«"Корел Дро программасында бир бурчу кайрылган блокноттун барагын, карандаш жана скрепкалардын сүрөтүн тартуу"»
Практикалык иш №14
Даярдаган: окутуучу Мусакулова Назгуль Куралбековна
Сабактын темасы: Корел Дро программасында Бир бурчу кайрылган блокноттун барагын, карандашты, скрепкалардын сүрөтүн тартуу.
Сабактын максаты: Корел Дро программасынын касиеттер панелиндеги командаларды туура пайдаланууну, ийри сызыкты башкарууну билесиңер. Фонтандуу заливканы колдоносуңар. Сүрөттү анализдейсинер.
Сабактын жабдылышы: Corel Draw Graphic Suite программалык пакети орнотулган компьютердик класс, интерактивдүү доска, проектор, таркатуучу материалдар.
Төмөнкү сүрөттү жасайбыз:
Тема боюнча сүрөтту жасоонун алгоритми:
Документке 180мм*210мм өлчөмүндөгү тик бурчтук тартып аласыңар.
Компоновочная областка айлана жана сынык сызыктардан турган көп бурчтук тартабыз(перо инструментинин жардамында). Бул эки объектти блокноттон барак айрыганда пайда болгон тешикче сыяктуу форма бересиңер. Тандоо инструменти менен экөөнү белгилеп алып касиеттер панелинен объединение кнопкасын басасыңар. (1-сүрөт)
1-сүрөт
Өлчөмүн кичирейтип алып, барактын керектүү жерине коюп, анын дубликатын керек болгон санда жасайсыңар (CTRL+D) (2-сүрөт)
2-сүрөт
Тандоо инструменти менен Объекттердин баарын белгилеп алып (2-сүрөттө көрсөтүлгөндөй кылып) касиеттер панелинен Задние минус передние кнопкасын басасынар.
Эми тик барактын ылдый жагына эни барактыкы менен барабар, бийиктиги 65мм болгон тик бурчтук жасап, аны Кривая линияга өткөрүп (CTRL+Q), жогорку сол бурчун алып салабыз. Үч бурчтук пайда болот. Пайда болгон үч бурчтукка Фонтанная заливка беребиз (3-сүрөт)
3-сүрөт
Үч бурчтукту барактын жогору жагына 20 мм ге жылдырасыңар. Эми үч бурчтукту кайра ийри сызыкка өткөрүп алып, оң бурчтарын кайрылган барактын бурчу сыяктуу форма бересиңер.
Үч бурчтукту керектүү бурчка буруу керек.
Барактын өзүн белгилеп алып, уч бурчтуктун ылдыйкы оң бурчунун жанынан түйүн кошуп алгыла да, барактын ылдыйкы оң бурчун алып салгыла. (4-сүрөт)
4-сүрөт
Баракка боз түс бергиле. (Фонтандуу кылып берүүгө да болот)
Двухточечная линия инструментинин жардамында горизонталдуу сызык чийип, анан керектүү өлчөмдөгү дүбликатын жасоо аркылуу төмөнкү жыйынтыкты аласыңар (5-сүрөт)
5-сүрөт
Тик бурчтук жана үч бурчтук инструменттеринин жардамында карандаш чийгиле. (6-сүрөт)
6-сүрөт
Скрепканын сүрөтүн тартуу үчүн бета-сплайн инструментин колдонууга болот. Инструментти пайдаланып, абристин калыңдыгын 0.05 мм кылып скрепканын сүрөтүн тарткыла. Анын 3 дубликатын жасап, багытын ар кандай кылып өзгөртүп койгула.
Документтин барагына каалаган түстү берип койгула.
Даяр болгон сүрөттү жалпы белгилеп, Сгруппировать командасын тандап койгула же CTRL+G клвишаларын басууга болот.
Сүрөт даяр болду.
Уйгө тапшырма: Ушул сүрөтту жасап, Даяр болгон баракка өзүңордүн аты-жөнүңөрдү, тайпаңарды жазып койгула.