СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Куттуу билим"поэмасы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Куттуу билим"поэмасы»

Сабактын темасы – Жусуп баласагын “Куттуу билим” поэмасы(8-класс)

Сабактын максаттары:

а) билим берүүчулүк максаты: “Куттуу билим” поэмасынын кыскача мазмуну менен таанышат.

б) өнүктүрүүчүлүк максаты: дуйного болгон көз караштарын калыптандырышат, сөз байлыгын кеп ишмердүүлугун өнүктурүшөт.

в) тарбия берүүчүлүк максаты: Өз оюн эркин, жеткиликтүү айтып берүүгө, бири-биринин оюн угуп, аларды сыйлоого тарбиялоо.

Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу:

А) “Куттуу билим” поэмасынын кыскача мазмуну менен таанышса;

Б) дуйного болгон көз караштарын калыптандырышат, сөз байлыгын кеп ишмердүүлугун өнүктүрүшсө;

в) Өз оюн эркин, жеткиликтүү айтып берүүгө, бири-биринин оюн угуп, аларды сыйлоого тарбияланышса.

Сабактын тиби: жаңы билимди берүү

Сабактын методу: интерактив метод

Сабактын жабдылышы: интернет,телевизор,ноутбук, дидактикалык карточкалар.

Сабактын жүрүшү:

1.Уюштуруу

2.Ѳткөн теманы кайталоо.

Жусуп Баласагын ким болгон экен?

Андан бизге кандай адабий мурас калыптыр?

Дастандын канча нускасы бар, жана кайсы тилде жазылган?

-Азаматсыңар балдар. Эми бугун анын Кутту билим поэмасын мазмуну менен таанышабыз.

Жаңы тема:

Дастан 85 бөлүмдөн турат. Жусуп Баласагын дастанынын мазмуну 85 баптан, 6645 бейттен (эки саптан турган ыр саптары), 13290 саптан, булардан тышкары 250 рубаилерден турат. Дастан арзуу ыр өлчөмүндө, экилик (маснавий) ыр формасында төрт каармандын аңгемеси аркылуу түзүлгөн.

Китептеги төрт өзөк, төрт чындык, төрт акыйкат. Дастандын сюжети төмөнкү төрт символдук образдар аркылуу берилет.

  • Күнтууду – шах, адилет жана чындыктын символу.

  • Айтолду – вазир, дүйнө, бакыт, байлыктын символу.

  • Ɵгдүлмүш – вазирдин уулу, акыл жана даанышмандуулуктун символу.

  • Одгурмуш – вазирдин тууганы, кичи пейилдиктин, тазалык, сабырдуулук менен каниет кылуулуктун символу. Үчүнчү каармандын аты Ɵгдүлмүш, аттын уңгусу "өг" болуп, байыркы түрк тилинде "акыл, үгүт, насаат" деген маанини берет. Кыргыз тилиндеги Төлөгөн Козубековдун котормосунда Ɵгдүлмүш "Акдилмиш" деп, Одгурмуш "Ɵткүрмүш" деп алмаштырылып которулган. Дастандагы каармандарынын аттары өзгөртүлүп которулушу туура эмес. 

18 айда жазылган чыгарма. Он сегиз ай ичинде жазып бүттүм, Терип сөздүн асылын келсе жөнү! — деп акын өзү айткандай 18 ай ичинде "Кут алчу билим" дастанын жазып бүткөн.

54 жашта жаралган чыгарма. Жусуп Баласагын дастанын эр ортону элүүдөн өтүп жазганын дастанында мындай деп жазат.

365. Карып калдым элүүдө менин жашым,
Кап-кара куугун эле, ак куу башым…
366. Алтымыш "кел бери" деп үндөп турат,
Барармын жыгылбасам жолдо сулап! 

"Манас" менен үндөшкөн жери көп. Залкар "Манас" эпосундагы негизги идея элди коргоо, мамлекет чыңдоо, белгилүү мыйзамдарды кабыл алуу, ага баш ийүү деген идеологиялык багыттар Жусуп Баласагындын "Кут алчу билим" дастанында сүрөттөлөт

Окуп үйрөнүүгө татыган адабий мурас. Кыргыз окумуштууларынын айтымында, "Кут алчу билим"адам турмушунун, жашоосунун ар кыл жагдайларын көркөм чагылдырган терең философиялуу адабий чыгарма. "Адеп-ахлактык, саясий-мыйзамдык ж.б. маселелерди андагы төрт каармандын иш аракети, жашоо нормалары аркылуу сүрөттөөгө жетишкен. Ошондуктан "Кут алчу билим" адабий мурас катары окуп-үйрөнүү туура болот деген пикирдебиз",— дешет.

Кыргызстанда мектеп программасында окутулуп келет. 1989-жылдан бери Кыргызстандагы орто мектептердин кыргыз адабияты окуу программасында 7-8-класстарда Жусуп Баласагындын "Кут алчу билим" дастанынын айрым главалары окутулууда. Ал эми Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын филология факультетинде "Байыркы мезгилден 19-кылымга чейинки кыргыз адабиятынын тарыхы" аттуу сабак 1991-жылдан бери окутулуп, аталган сабактын мазмунунда Жусуп Баласагын окутулууда. Анын окуу типтүү программасын профессорлор Качкынбай Артыкбаев менен Абдыкерим Абдыразаковдор 2003-жылы жарыялашкан. Аталган окуу программанын негизинде башка окуу жайлар окутууда.

Текст менен иштөө (Башкарып окутуу усулу аркылуу чыгарманы окуп чыгышат)

Бышыктоо

Үй тапшырмасы “Куттуу билим” поэмасын окуп келүү.