СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыймылга карата маселелер

Категория: Алгебра

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыймылга карата маселелер

Просмотр содержимого документа
«Кыймылга карата маселелер»

Кыймылга карата маселелер


а тилкеси Б тилкеси

Оштон Карасууга эки автомобиль бир убакытта чыгышты. Биринчи автомобиль.0,5 саатта, ал эми экинчи автомобиль 0,6 саатта жетти. Биринчи автомобилдин ылдамдыгы х, экинчисиники у.


у



х





  1. Эки велосипедчен туристтин арасындагы аралык 100 км. Биринин ылдамдыгы 10 км/саат, экинчисинин ылдамдыгы андан 5км/саатка чоң. Эгерде алар бири-бирин көздөй бирдей убакытта жолго чыгышкан болсо, анда канча сааттан кийин жолугушат?

А) 5

Б) 3

В) 2,5

Г) 4

Д) 3,5


  1. Моторлуу кайык 12 км/саат ылдамдык менен агым боюнча сүзүп жөнөдү. Эгерде агымдын ылдамдыгы 6 км/саат болсо, анда 4,5 саатта ал канча аралыкты басып өтөт?

А) 64 км

Б) 81 км

В) 78 км

Г) 56 км

Д) 96 км




  1. А жана В шаарынын арасындагы аралык 435 км. А дан В ны көздөй 60 км/саат ылдамдык менен биринчи автомобиль жолго чыкты. Туура бир саат өткөндөн кийин В дан А ны көздөй 65 км/саат ылдамдыкта экинчи автомобиль жөнөдү. Алар А шаарынан канча км аралыкта жолугушат?

А) 135 км

Б) 120 км

В) 240 км

Г) 180 км

Д) 195 км


  1. 800 км аралыкта эки автомобиль бир убакытта бир багытты көздөй жарышып жөнөштү. Биринчи автомобилдин ылдамдыгы экинчисиникинен 36 км/саатка жогору. Эгерде ал белгиленген маарага экинчисинен 5 саат мурун келгени белгилүү болсо анын ылдамдыгы саатына канча км экендигин тапкыла

А) 96

Б) 84

В) 80

Г) 58

Д) 66




  1. Жакшылыктын үйүнөн мектепке чейинки аралык 800 м. Сабактын башталышына 25 минут калганда ал үйүнөн чыгып, сабакка 15 минут кечигип келди. Жакшылыктын ылдамдыгын эсептегиле

А) 20м/с

Б) 42 м/с

В) 0,8 км/саат

Г) 2 км/ саат

Д) 1,2 км/саат



  1. Суунун агымынын ылдамдыгы 5 км/саат. Эгерде моторлуу кайык аралыгы 96 км болгон А шаарынан В шаарына агымга каршы сүзүп 12 саатта жеткен болсо, кайыктын ылдамдыгын тапкыла

А) 8 км/саат

Б) 13 км/саат

В) 12 км/саат

Г) 15 км/саат

Д) 40 км/саат



  1. Эки велосипедчен узундугу 15 км болгон тегерек трасса боюнча жарышууга чыкты. Биринчи велосипеддин ылдамдыгы экинчисине караганда 8 км/саатка чоң. Эгерде экинчи велосипедчен эки жолу толук айлануу жасаганча биринчиси үч жолу толук айланса, бул эки велосипеддин ылдамдыктарынын суммасын тапкыла

А) 24 км/саат

Б) 40 км/саат

В) 16 км/саат

Г) 36 км/саат

Д) 54 км/саат


  1. Эки автомобиль А пунктунан бир убакытта чыгып, экөө карама-каршы багытта эки жакка кетишти. Эгерде биринин ылдамдыгы 72 км/саат, ал эми экинчисинин ылдамдыгы андан 6 км/саатка жогору болсо, канча убакыттан кийин алардын арасындагы аралык 240 км болот?

А) 96 мин

Б) 120 мин

В) 90 мин

Г) 180 мин

Д) 30 мин


  1. Эки жүргүнчү бир убакытта, бир жерден карама-каршы багытты көздөй жүгүрүп жөнөштү. Эгерде биринин ылдамдыгы 6 км/саат, ал эми экинчисиники андан 2 км/саатка чоң болсо, 4,5 сааттан кийин алардын арасындагы аралыкты тапкыла.

А) 63 км

Б) 60 км

В) 54 км

Г) 72 км

Д) 48 км


  1. Моторлуу кайык А пунктунан В пунктуна агым боюнча 7 саат, кайра артка В дан А га 14 саат жүрүп жетти. Эгерде бул эки пункттун арасындагы аралык 252 км болсо, суунун агымынын ылдамдыгын тапкыла

А) 6 км/саат

Б) 18 км/саат

В) 12 км/саат

Г) 8 км/саат

Д) 9 км/саат


  1. Велосипедчен адам жолго чыккандан туура 45 минут өткөндөн кийин анын артынан мотоциклчен адам кууп жөнөдү. Эгерде велосипедчендин ылдамдыгы 12 км/саат, ал эми мотоциклдин ылдамдыгы 18 км/саат болсо, канча убакыттан кийин мотоцикл аны кууп жетет?

А) 60 мин

Б) 75 мин

В) 135 мин

Г) 180 мин

Д) 120 мин




















Жооптору:


1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

А

Г

Б

В

А

Д

Б

Б

А

А

Д

В