Сабактын темасы: Кавказ артындагы олколор
Сабактын максаты:
- КМШ олколору жана алардын ичинен Кавказ артындагы олколордун физикалык-географиялык абалын билесинер;
- Кавказ артындагы олколордун бири бири менен окшош жана айырмалуу жактарын, чарбачылыгынын озгочолукторун билесинер;
- Кавказ артындагы олколордун дуйнолук экономикада ээлеген орду тууралуу маалыматтарга анализ жургузосунор;
Эсинерге тушургуло...
- Физикалык-географиялык абалы деген эмне экендигин тушундургуло?
- КМШ олколору качан тузулгон жана негизги функциясы эмне?
- КМШга кирген олколорду санап бергиле?
Физикалык-географиялык абалы
Армения Республикасы — Азиянын түштүк-батышындагы мамлекет. Закавказьенин түштүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн Грузия , чыгышынан Азербайжан , түштүк-батышынан Иран жана Нахичеван Автономия Республикасы , батышынан Түркия менен чектешет.
Азербайжан Республикасы ( азе. Azərbaycan Respublikası ) —Түндүгүнөн Дагестан , түндүк-батышынан Грузия , түштүк-батышынан Армения жана Түркия , түштүгүнөн Иран менен чектешет. Чыгышын Каспий деңизи чулгайт.
Грузия түштүктөн Армения, Түркия, түштүк-чыгышынан Азербайжан, түндүгүнөн Россия Федерациясы менен чектешет .
Сандык корсоткучтору:
Азербайжан
Армения
Грузия
- Аянты 86,6 миң км 2 .
- Калкы 9,6 млн (2013).
- Административдик жактан Нахичеван Автономия Республикасы, Тоолуу Карабах облусу, 66 район, 65 шаарга, 122 шаарчага бөлүнөт.
- Аянты 29,74 миң км 2 .
- Калкы 2,98 млн (2005).
- Административдик-аймактык жактан 11 облуска (марз), 27 шаарга, 31 шаарчага бөлүнөт.
- Административдик жактан 2 автономиялуу республика Аджария, Абхазия жана 1 автономиялуу област Түштүк Асетия кирет.
Атрибуттары
Азербайжан
Армения
Грузия
Мамлекеттик түзүлүшү
Азербайжан
Армения
Грузия
Башкаруу формасы - Президенттик. Мамлекет башчысы - бүткүл эл тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланган Президент. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы - Милли межлис Аткаруу бийлигинин органы — премьер-министр жетектеген өкмөт
Башкаруу формасы – Президенттик. Мамлекет башчысы – Президент. Мыйзам чыгаруу органы Парламент ал 2 палатадан турат. Аткаруу бийлигинин органы —өкмөт
Башкаруу формасы аралаш. Мамлекет башчысы - Президент (5 жылга бир гана жолу шайланат). Мыйзам чыгаруучу бийлигинин жогорку органы - Улуттук жыйналыш. Аткаруу бийлигинин органы - Министрлер Кеңеши.
Калкы
Азербайжан
Армения
Грузия
Негизинен азербайжандар (90%), дагестандыктар, орус, армян, авар, лезгин, курд, татар, грузин ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники - 69,5, аялдарыныкы - 75,1 жаш. Калкынын орточо жыштыгы: 1 км 2 жерге 90,7 киши. Ислам динин тутат (62% мусулман-шеиттер, 26% мусулман-сүнөттөр). Шаар калкы - 53% .
Жергиликтүү калкы грузиндер.Калкынын саны
3 720400 адам.Калктын басымдуу бөлүгү православие динин тутушат.10% жакыны мусулмандар
Негизинен армяндар (93%), азербайжан, орус, курд, украин, грек, ассириялыктар (айсорлор) ж.б.улут өкүлдөрү да жашайт. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектердики - 69,9, аялдардыкы - 75,8 жаш. Орточо жыштыгы: 1 км 2 жерге 98,7 киши (2005). Христиан динин тутат. Шаар калкы 64,2%.
Рельефи
Азербайжан
Армения
Грузия
Азербайжандын аймагы негизинен тоолуу. Түндүгүндө Чоң Кавказ, түштүгүндө Кичи Кавказ тоолору, алардын аралыгында Кура-Аракс ойдуңу, түштүк-чыгышында Талыш тоолору (бийиктиги 2477 м) жана Ленкоран ойдуңу, түштүгүндө Орто Аракс ойдуңу, Айоцдзор (Дарлагез) жана Зангезур тоо кыркалары курчап жатат.
Грузия тоолуу өлкө.Чоң Кавказда өлкөдөгү эн бийик чоку Шхара 5068 м орун алган.
Климаты:Өлкөнүн чыгышында климат мелүүн.Ал эми Кара денизди бойлой жаткан батыш Грузиянын климаты жылуу, нымдуу келгендиктен, цитрус өсүмдуктөрү жакшы өсөт.
Apмения - тоолуу өлкө. Армян тайпак тоосунун Кичи Кавказдын кырка тоолору менен чектешкен түндүк-чыгыш бөлүгүн ээлейт. Аймагынын 90%дан ашыгы деңиз деңгээлинен 1000 м бийиктикте жайгашкан, орточо бийиктиги 1800 м, эң бийик жери Арагац чокусу 4090 м. Түштүк-батышында Арарат түздүгү жайгашкан.
Климаты
Азербайжан
Армения
Грузия
Өлкө субтропиктик алкакта жайгашып, мелүүндөн субтропикке өтмө климат өкүм сүрөт. Жылдык орточо температурасы 14,5°С. Январдын орточо темпрасы түздүктөрүндө 0°...-3°С; тоолуу аймактарында -3...-6°Сге, бийик тоолорунда -10°Сге чейин. Июлдун орточо температурасы ойдуңдарда 25-27°С, бийик тоолордо 5°Сден төмөн. Жылдык жаан-чачыны ойдуңдарда 200-300 мм, Ленкоран ойдуңунда 1200-1400 ммге
Климаты:Өлкөнүн чыгышында климат мелүүн.Ал эми Кара денизди бойлой жаткан батыш Грузиянын климаты жылуу, нымдуу келгендиктен, цитрус өсүмдуктөрү жакшы өсөт.
Субтропиктик клпматтык алкакта жайгашкан. Климаты негизинен континенттик, кургакчыл, бирок өлкө тоолуу болгонуна байланыштуу климаттын ар түрдүү тиби кездешет. Түздүктөрдө январдын орточо температурасы -5°С, июлдуку 24-26°С, жылдык жаан-чачыны 200-400 мм; тоолуу аймагында январдыкы -4°Сден -6°Сге чейин, июлдуку 18-20°С, жылдык жаан-чачыны 500 ммге чейин.
Ички суулары
Азербайжан
Армения
Грузия
Эң ири дарыялары - Кура (мында Мингечаур ГЭСи жана суусактагычы бар) жана Аракс. Ири көлдөрү: Гажикабул (аянты 15,5 км2), Беюкшор (10,3 км2). Кавказдагы эң кооз көл Гөйкөл.
Дарыялары Каспий деңизинин алабына кирет. Ири дарыялары: Аракс (чегара аркылуу агат), Кура. Дарыялары шар агып, босоголуу болгондуктан, кеме жүрүүгө ыңгайсыз, бирок гидроэнергия ресурсуна бай. Жермук, Арзни, Дилижан, Бжни, Анкаван минералдык суулары бар. Apменияда 100дөн ашык көл бар, алардын эң ириси – Севан көлү.
Ландшафты
Азербайжан
Армения
Грузия
Азербайжандын аймагында 14 корук бар. Гөйкөл (1925-жылдан иштейт), Кызылагач (Кура дарыясынын чатында), Закатал (дагстан туру мекендейт), Ширван, Гиркан (Талыш тоолорунун реликт токою) ж.б. Айлана-чөйрөнү булгоочу негизги булак - нефть казып алуу, металлургия, химиялык ө.ж., тоокен комбинаты, кургакчылык (талаада), токой кыюу, Каспий деңиз суусунун деңгээлинин көтөрүлүшү жана нефть, нефть продуктулары менен булганышы.
Тоо капталдарында 2000 м бийиктикке чейин талаа өсүмдүктөрү үстөмдүк кылат. Аймагынын 1 / 5 бөлүгүнө жакынын жазы жалбырактуу токой (бук, эмен, граб) жана бадалдар ээлейт; ксерофиттик сейрек токой да кеңири таралган. Андан жогору субальп жана альп өсүмдүктөрү мүнөздүү. Арменияда Дилижан, Хосров жана башка коруктары, Севан улуттук паркы бар. Тоолуу талаа, шалбаалуу субальп жана альп алкактары жайкы жайыт катары пайдаланылат.
Экономикасы
Азербайжан
Армения
Грузия
Ички дүң продукциясында өнөр жайынын үлүшү 38% , айыл жана балык чарбаларыныкы 13%, тейлөө чөйрөсүнүкү 49% (2003). 2003-ж. ички дүң продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 879,7 доллардан (АКШ) туура келген. Өнөр жайынын негизги тармагы нефть казып алуу жана иштетүү (25%тен ашыгын берет).. Нефть жана газдын базасында химиялык өнөр жайы өнүккөн (полиэтилен, пропилен, спирт, каустикалык сода, полиэфир ж. б. чыгарат).
Ички дүң продукциясында айыл чарбанын үлүшү 22,7%, өнөр жайы 20,5%, курулуш 15,7% , соода 9,8% , транспорт 5,3% ды түзөт. Өнөр жайынын негизин тамак-аш (36,6%; 2003), түстүү металлургия (21,7%), электр энергия (19,5%), машина куруу жана металл иштетүү (4,8%), химия (2,0%) тармактары түзөт.
Уйго тапшырма
Кавказ артындагы олколордун приоритеттуу багыттарын, анын ичинен туристтик жайларын билип келгиле.
КОНУЛ БУРГАНЫНЫЗДАРГА ЧОН ЫРАХМАТ!