СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили.11-класс.Жалпылагыч сөз

Нажмите, чтобы узнать подробности

ЖРТ.11-класс.Кыргыз тили

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили.11-класс.Жалпылагыч сөз»

Күнү: 10.12.2021

Класс: 11-б,в Предмет: кыргыз тили


Сабактын темасы:

Жалпылагыч сөз


Сабактын максаттары:а)билим берүүчү

Сүйлөмдөрду тушунушөт;


Б)өнүктүрүүчү

Эске тутуусу, сүйлөө кеби жогорулайт;


В)тарбиялоочу

Кыргыз тилиндеги создөрдү даана , так айтканга үйрөнүшөт;


Сабакта колдонулуучу усулдар:

Жеке сынак


Сабактын тиби:

Стандарттык сабак


Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар:

Тесттер


Предмет аралык байланыштар:

Тарых,физика,география


Негизги компетенттүүлүктөр

Предметтик компетенттүүлүктөр


1.Маалыматтык

2.Социалдык -коммуникативдик

3.Өзүн –өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү

1.Тилдик

Жалпылагыч создү билип,аналитикалык ой жүгүртөт;


Синтаксис боюнча билимин тереңдетет

Кыргыз тилинин адабий нормасында сүйлөйт, сабаттуу жазат

Логикалык ой жүгуртөт, өз коз карашын айта алат;

2.Кептик

Окшоштуктардын жообун табууда максатка ылайык сүйлөй алат ;


3.Социо -маданий

Кеп маданиятынын эрежелерине ээ болот;


Сабактын жүрүшү:

Сабактын этабы

Убакыт(мин)

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Окуучуларда катыптануучу компетенттүүлүктө

баалоо

НК

ПК

1

Мотивация (шыктандыруу)

2-3

1.Окуучуларды толуктоо

2.Жагымдуу маанай түзүү

3.Өздүк гигиена тууралуу сүйлөшүү

1. Сабакка келбеген окуучуларды тактоого жардам беришет.

2. Жагымдуу маанай тузүугө өз салымдарын кошуп, сунуш киргизишет;




2

Өтүлгөн теманы кайталоо

(үй тапшырмасын бышыктоо)

5-

8

1.Үй тапшырмасын текшерүү

2.Өтүлгөн теманы эске түшүрүү

3.Себеп –натыйжа байланышы


1.Үйтапшырмаларын көрсөтүшөт;

2.Берилген суроолорго жооп беришет;

НК-2

ПК-3

Оозеки баалоо

3

Теманы жана күтүлүүчү окуу натыйжаларын жарыялоо

5

1.Теманы жарыялоо

2. Жалпылагыч соз


1.Мугалимге көңүл бурушат;





4

Жаңы тема боюнча маалыматтарды берүү

5


Бир өңчөй мүчөлүү сүйлөмдөгү жалпылагыч сөз жана

анын тыныш белгиси. Бир өңчөй мүчөлөрдүн маанисин жалпылап

жана аларды бириктирип, чечмелеген сөздөрдү жалпылагыч сөздөр

дейбиз.

Жалпылагыч сөздөр сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөсүнө тиешелүү

болуп айтылат да, аларды топтоштуруп, жалпылап, бириктирип турат.

Сүйлөмдө бирөңчөй мүчөлөр кандай синтаксистик милдет аткарса, ага

тиешелүү болуп келген жалпылагыч сөз да ошондой эле милдет

аткарат. Жалпылагыч сөз бир өңчөй мүчөлөрдөн мурда да, кийин да

келет. Мисалы: Абдыбек менен Узак – экөө Жапардыкынан кайтканда,

саат он бирден өткөн. Кечээ, бүгүн, эртеңдер – бардыгы бири-биринен

айырмалуу.

Жалпылагыч сөздөр чыгыш теги жагынан окшош болгон

түшүнүктөрдү жалпылап көрсөтөт. Ошондуктан алардын милдетин,

негизинен, булар, алар, бүт, бүткүл, баары деген ат атоочтор, жандама

сан атоочтор жана айрым жалпылама маанидеги сөздөр аткарат.

Жалпылагыч сөздөргө тыныш белгиси төмөнкүдөй коюлат:

Жалпылагыч сөз бир өңчөй мүчөлөрдөн мурда келсе, өзүнөн

кийин кош чекит коюлат. Мисалы: Баарын: азапты, кыйноону,

теңсиздикти, кордукту, жокчулукту баыбыздан кечирсек да, пенде

бойдон кала берет экенбиз го!

Жалпылагыч сөз бир өңчөй мүчөлөрдөн кийин келсе, өзүнөн

мурда сызыкча коюлат. Мисалы: Кийимибиз жука болгондуктан,

Беккул, Сапарбек жана мен – үчөөбүз калчылдай баштадык.

  1. Окутуучуга көңүл бурушат;

  2. Өз оюн айта билишет;

НК-1








5

Интерактивдүү көнгүүлөр, сабактын борбордук бөлүгү

15-

20


Сүйлөм түзүү

Жалпылагыч созду табуу

1.Суроолорго жооп беришет


НК-2


НК-3


ПК-2

ПК-1

1.Өзүн-өзү баалоо

2.Топто баалоо

3.Түздөн-туз баалоо

4.Бири-бирин баалоо

6

Сабакты жыйынтыктоо, баалоо

3



Жалпылагыч соз деген эмне?


  1. Өз оюн билдиришет;

  2. Тестти туура иштөөгөаракет кылышат



1.Окуучуну эмгегине жараша журналга баалоо

7

Үй-тапшырмасы

2

Жалпылагыч созгө мисал иштөө


1.Берилген тапшырманы күндөлүккө белгилейт