Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили сабагы»
Ал эми кыргыз тилин экинчи тил катары окутууда байланыштуу кепти өстүрүү маселелерин бир катар окумуштуулар изилдөөгө алышкан. Мисалы, С.Рысбаев кандидаттык диссертациясында окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин башталгыч класстарында кыргыз тилин окутууда окуучулардын маек кебин өстүрүү жолдорун (1995), Ү.Б.Култаева окуу-методикалык куралында кыргыз тилин бөтөн тил катары мектепте окутууну (1995), К.Д.Добаев докторлук диссертациясында окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин башталгыч (I-IV) класстрында кыргыз тилинин лекскикасын окутуунун теориялык негиздерин (1999), А.А.Акматова кандидаттык диссертациясында өзбек мектебинин V классында кыргыз тилин окутууда окуучуларды кеп маданиятына үйрөтүүнүн негиздерин (2004),
Кыргызстан – көп улуттуу, эгемендүү мамлекет. Кыргыз элинин ата-бабаларынан бери келе жаткан каада-салтын, үрп-адатын, маданий мурастарын кылымдар бою чагылдырып келе жаткан өз эне тили бар. Ал, албетте, мамлекеттик укукка ээ болгон — кыргыз тили.
Эне тилисиз улуттук мамлекеттин болушу мүмкүн эместиги бегилүү. Ошону менен бирге, коом өсүп-өнүккөн сайын, аны менен бирге тили да кошо өнүгүп-өсүп отурат. Мамлекетибиз саясий-экономикалык жактан да, рухий жактан да өз алдынчалыктуу жолуна, өз алдынча өнүгүү багытына ээ болду. Муну менен бирге кыргыз тилин да бүгүнкү талапка ылайык мамлекеттик тил катары өркүндөтүү иши ар тараптан колго алынууда.
Учурдун талабы кыргыз тилин өсүп-өнүккөн, толук кандуу мамлекеттик тил деңгээлине көтөрүү жана Кыргызстандын жараны деп эсептелген орус тилдүү калкка (орус, дунган, татар ж.б.) азыркы талапка ылайык кыргыз тилин окуп-үйрөтүү менен аларды кыргызча баарлашууга машыктыруу, ошондой эле туулуп өскөн мекенин жана анын тили болгон кыргыз тилин сыйлап-урматтоо максатын көздөйт.
Бүгүнкү күндө кыргыз тилин орус мектебинде окутуунун эң негизги максаты окуучуларын оозеки кебин калыптандыруу, аларды кыргыз тилинде эркин пикирлешүүгө үйрөтүү. Бирок, окутуу процессинде бул максатты ишке ашырууда проблемалар болбой койгон жок. Алардын айрымдарын атасак: орус мектебинин башталгыч класстарында кыргыз тилин окутууда буга чейин да, азыркы убакта да мугалим берилген грамматикалык теманы гана өздөштүрүүгө, тилдик фактыларды кайталап, сөздөрдү карандай жаттатып, анын негизинде грамматикалык мүнөздөгү тапшырмаларды гана аткарууга айрыкча, көңүл бурулуп жатышы; окуу китептеринде (1990-1994-ж.) теманы өздөштүрүүдө бир, эки гана грамматикалык көнүгүү жана бир гана кыска текст менен чектелип, грамматикалык материалдардын өтө эле супсак берилиши; балдардын кебин өстүрүүгө жана турмуш-тиричиликке байланыштуу кептик көнүгүүлөрдүн аздыгы; мугалимдердин эски окуу китептерин азыркы убакка чейин пайдаланып келе жатышы; ал эми жаңы окуу китептери менен мектептердин толук камсыз болбой жатышы… ж.б.
Жогоруда биз кыргыз тилин орус мектебинде окутуунун эң негизги максаты балдардын оозеки кебин калыптандыруу, аларды кыргыз тилинде баарлашууга үйрөтүү деп айтып өттүк.
Башталгыч орус класстарынын 1-2-класстарында бул максатты этишти салыштырып үйрөтүү аркылуу ишке ашыруудагы иш-аракеттер жөнүндө айта кетүү зарыл. Алгач окутууда балдардын оозеки кебин калыптандыруу өстүрүү эң жөнөкөй сөз айкаштарды, сүйлөмдөрдү туура угуп, туура сүйлөп аны туура жазуудан башталат. Айтылып өткөн эң жөнөкөй сөз айкаштарды, сүйлөмдөрдү түзө билүү да эң маанилүү. Ал эми сүйлөм баяндоочсуз түзүлбөшү да белгилүү экендигин билебиз. Себеби сүйлөмдөгү айтыла турган ой аягына чыкпай жыйынтыкталбай калат. Айтайын деген оюбузду толугураак бериш үчүн дагы бир нече сүйлөм талап кылынат. Ошентип, бир нече сүйлөм байланышып келип текст түзүлөт. Текст сүйлөмдөрдөн түзүлөт. Ал эми сүйлөмдөгү ойду жыйынтыктай турган – баяндооч болуп саналарын унутпашыбыз керек.
Демек, балдар этиш сөздөрдү фонетика, лексика-грамматикалык жактан толук өздөштүрмөйүнчө кыргызча оозеки кепке үйрөтүү, кебин өстүрүү мүмкүн эмес. Этиштин (кыймыл аракетти билдирүүчү сөз катары) кандай гана грамматикалык белгилерин өздөштүрбөйлү жана аны практикада колдонуу үчүн ар кандай темадагы, түрдүү кырдаалдагы тексттер талап кылынат. Себеби балдар үйрөнгөн этиш сөздөрүн сүйлөмдүн, тексттердин негизинде гана машыгып – көнүгүшөт, этиш сөздөргө тилин жатыктырышат. Мисалы, кыймыл-аракеттин кайда багытталгандыгын, кайда болуп өткөндүгүн, качан болгондугун, кыймыл-аркеттин ар кандай сын-сыпаттарын тексттин тегерегинде гана машыга алышат, тактап айтканда, балдар этиш сөздөрдү салыштырып үйрөнүү менен окуп жаткан тексттин мазмунун, андагы окуя иш-аракеттер жөнүндө маалымат алышат.