СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Орусияга ык алышы

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Орусияга ык алышы»

§11. Кыргыздарынын бир бөлүгүнүн Орусияга ык алышы Кубанычбек уулу Абдулбасыт 8-класс

§11. Кыргыздарынын бир бөлүгүнүн Орусияга ык алышы

Кубанычбек уулу Абдулбасыт

8-класс

Сабакка колдонулган медиа материалдар

Сабакка колдонулган медиа материалдар

Сабактын максаттары Билим берүүчүлүк: Окуучулар бугу уруусунун Батыш Сибирдеги орус бийлиги менен элчилик байланыштары жана ага баш ийгендигинин себептери менен таанышышат. Тема боюнча талкууларга катышышат. Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар тема боюнча түшүнүгүн, өз оюн эркин айтуу менен алардын чыгармачылык ой-жүгүртүүсү, тарыхый окуяларга анализ жүргүзүү көндүмдөрү калыптанат. Тарбиялык: Ынтымактуулукка, көз карандысыздык үчүн күрөшүүгө, патриоттуулукка, бири-биринин оюн уга билүүгө тарбияланышат.

Сабактын максаттары

Билим берүүчүлүк: Окуучулар бугу уруусунун Батыш Сибирдеги орус бийлиги менен элчилик байланыштары жана ага баш ийгендигинин себептери менен таанышышат. Тема боюнча талкууларга катышышат.

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар тема боюнча түшүнүгүн, өз оюн эркин айтуу менен алардын чыгармачылык ой-жүгүртүүсү, тарыхый окуяларга анализ жүргүзүү көндүмдөрү калыптанат.

Тарбиялык: Ынтымактуулукка, көз карандысыздык үчүн күрөшүүгө, патриоттуулукка, бири-биринин оюн уга билүүгө тарбияланышат.

Сабактын планы Бугу уруусунун жашаган аймактары Бугу уруусунун Орусияга ык алышынын себептери Орусия империясынын Верный чебин негиздеши Бугу уруусунун Батыш Сибирдеги орус бийлиги менен элчилик байланыштары Бугу уруусунун Орус бийлигине баш ийүүсү Ала-Тоо округунун түзүлүшү Бугу уруусунун Орусияга өтүшүнүн тарыхый мааниси

Сабактын планы

  • Бугу уруусунун жашаган аймактары
  • Бугу уруусунун Орусияга ык алышынын себептери
  • Орусия империясынын Верный чебин негиздеши
  • Бугу уруусунун Батыш Сибирдеги орус бийлиги менен элчилик байланыштары
  • Бугу уруусунун Орус бийлигине баш ийүүсү
  • Ала-Тоо округунун түзүлүшү
  • Бугу уруусунун Орусияга өтүшүнүн тарыхый мааниси
Бугу уруусунун жайгашкан аймактары Бугу уруусу оң канат уруулук тобуна кирген, ири уруулардын бири. Бугу уруусу жайгашкан аймактарга Ысык-Көл облусунун Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң райондорунун, Нарын облусунун Нарын районунун аймактары жана Ак-Талаа районунун көпчүлүк бөлүктөрү кирет. (Интернет булактарынан алынды) Бугу уруусунун аймагы

Бугу уруусунун жайгашкан аймактары

Бугу уруусу оң канат уруулук тобуна кирген, ири уруулардын бири. Бугу уруусу жайгашкан аймактарга Ысык-Көл облусунун Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң райондорунун, Нарын облусунун Нарын районунун аймактары жана Ак-Талаа районунун көпчүлүк бөлүктөрү кирет. (Интернет булактарынан алынды)

Бугу уруусунун

аймагы

Бугу уруусунун Орусияга ык алышынын себептери: XIX кылымдын экинчи жарымындагы татаал тарыхый абал, орус империясынын казактар жашаган Капал, Иле чөлкөмүн ээлеши, Верный өңдөнгөн калаа чептеринин курушу да түрткү берген. 1 Коңшу уруулар менен айрыкча сарыбагыш, саяк урууларынын ич-ара чыр-чатактары арбыган, бугулардын чарбасын бүлүнтүп, оор жоготууларга дуушар кылган. 2 Ормон ханга бугу манаптары баш ийүүгө каршы болушкан. 3 Кокон хандыгы тарабынан кысымдар, алык-салыктар көбөйгөн. 4 Казак султандарынын кысымы, Кытай богдыханынын амалкөй аракеттери күчөгөн. 5

Бугу уруусунун Орусияга ык алышынын себептери:

XIX кылымдын экинчи жарымындагы татаал тарыхый абал, орус империясынын казактар жашаган Капал, Иле чөлкөмүн ээлеши, Верный өңдөнгөн калаа чептеринин курушу да түрткү берген.

1

Коңшу уруулар менен айрыкча сарыбагыш, саяк урууларынын ич-ара чыр-чатактары арбыган, бугулардын чарбасын бүлүнтүп, оор жоготууларга дуушар кылган.

2

Ормон ханга бугу манаптары баш ийүүгө каршы болушкан.

3

Кокон хандыгы тарабынан кысымдар, алык-салыктар көбөйгөн.

4

Казак султандарынын кысымы, Кытай богдыханынын амалкөй аракеттери күчөгөн.

5

Орусия империясынын аскерлеринин Орто Азияга басып кириши Бугу уруусу

Орусия империясынын аскерлеринин Орто Азияга басып кириши

Бугу уруусу

Орусия империясынын Верный чебин негиздеши Верный чеби Верный (Алматы) калаасы. 1857-ж. 1854-ж. Коңшу жашаган казак калкынын конуштары Капал, Иле аймактарынын орус аскерлеринин ээлеши жана Верный (Алматы) өңдөгөн калаа, чептеринин курулушу , алардагы падыша аскерлеринин жылдан жылга арбышы да түндүк кыргыздарынын бир бөлүгүнүн Оруссияга ык алышына түрткү болгон.

Орусия империясынын Верный чебин негиздеши

Верный чеби

Верный (Алматы) калаасы. 1857-ж.

1854-ж.

Коңшу жашаган казак калкынын конуштары Капал, Иле аймактарынын орус аскерлеринин ээлеши жана Верный (Алматы) өңдөгөн калаа, чептеринин курулушу , алардагы падыша аскерлеринин жылдан жылга арбышы да түндүк кыргыздарынын бир бөлүгүнүн Оруссияга ык алышына түрткү болгон.

XIX к. биринчи жарымында бугу уруусу Орусия империясынын Батыш Сибирдеги төбөлдөрү менен элчилик жана соода-сатык иштерин жүргүзүшкөн. Орусиялык соодагерлер кыргыз жергесинде ээн-эркин соодасын жүргүзүп, андан ары Чыгыш Түркстанга каттап турушкан. Орус көпөстөрү Пётр Дмитриевич Горчаков (1836-1850-жылдары Батыш Сибирдин генерал-губернатору болгон).

XIX к. биринчи жарымында бугу уруусу Орусия империясынын Батыш Сибирдеги төбөлдөрү менен элчилик жана соода-сатык иштерин жүргүзүшкөн. Орусиялык соодагерлер кыргыз жергесинде ээн-эркин соодасын жүргүзүп, андан ары Чыгыш Түркстанга каттап турушкан.

Орус

көпөстөрү

Пётр Дмитриевич Горчаков

(1836-1850-жылдары Батыш Сибирдин генерал-губернатору болгон).

Бугу уруусунун Батыш Сибирдеги орус бийлиги менен элчилик байланыштары Катта Боромбай коңшулардын кол салууларынан бугуларды калкалап калууну, орус падышасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн кыргыз элчилерин ордо шаарга жиберүүнү, Орусия менен ынтымак-ымала кылууну , келечекте анын карамагына өтүүнү өтүнгөн. П. Д. Горчаков Орус төрөлөрү аралыктын алыстыгына байланыштуу кыргыз элчилерин борборго жөнөтүүгө макул болгон эмес. Боромбай Бекмурат уулу 1844-ж. Боромбай Бекмурат уулу Батыш Сибирь генерал-губернаторуна кат жөнөткөн.

Бугу уруусунун Батыш Сибирдеги орус бийлиги менен элчилик байланыштары

Катта Боромбай коңшулардын кол салууларынан бугуларды калкалап калууну, орус падышасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн кыргыз элчилерин ордо шаарга жиберүүнү, Орусия менен ынтымак-ымала кылууну , келечекте анын карамагына өтүүнү өтүнгөн.

П. Д. Горчаков

Орус төрөлөрү аралыктын алыстыгына байланыштуу кыргыз элчилерин борборго жөнөтүүгө макул болгон эмес.

Боромбай Бекмурат уулу

1844-ж. Боромбай Бекмурат уулу Батыш Сибирь генерал-губернаторуна кат жөнөткөн.

Ормон хандын орус бийлигинен жардам сурашы Кене хан 1847-ж Ормон хан менен Жантай 40 миң түтүн кыргыздын атынан жардам сураган. 1847 1847-ж. казак ханы Кенесары Чүйдөгү сарыбагыш жана солто урууларына кол салган. Батыш-Сибирдеги орус төбөлдөрү

Ормон хандын орус бийлигинен жардам сурашы

Кене

хан

1847-ж Ормон хан менен Жантай 40 миң түтүн кыргыздын атынан жардам сураган.

1847

1847-ж. казак ханы Кенесары Чүйдөгү сарыбагыш жана солто урууларына кол салган.

Батыш-Сибирдеги орус төбөлдөрү

1848-ж. бугунун манабы Боромбай кайрадан Батыш Сибирь генерал-губернаторуна кат менен кайрылат:   1) Көл кылаасына орус чебин куруп, дуван (область) түзүүнү суранган;   2) Уруулук чабыштарды тыйып, элди тынчытууга кийлигишүүнү өтүнгөн.   Генерал-губернатор П. Д. Горчаков Боромбайга жиберген жооп катында анын өтүнүчүн кезеги келгенде аткарышын билдирген.

1848-ж. бугунун манабы Боромбай кайрадан Батыш Сибирь генерал-губернаторуна кат менен кайрылат: 1) Көл кылаасына орус чебин куруп, дуван (область) түзүүнү суранган; 2) Уруулук чабыштарды тыйып, элди тынчытууга кийлигишүүнү өтүнгөн.

Генерал-губернатор П. Д. Горчаков Боромбайга жиберген жооп катында анын өтүнүчүн кезеги келгенде аткарышын билдирген.

Батыш Сибирдеги орус бийлигинин кыргыздарды тартуу үчүн жасаган аракеттери 1 Баалуу белектерди берип турган. Баалуу белектерди берип турган. 2 Ар кандай сыйлыктарды ыйгарган. Ар кандай сыйлыктарды ыйгарган. 3 Кымбат баалуу чапан, кылычтарды беришкен. Кымбат баалуу чапан, кылычтарды беришкен.

Батыш Сибирдеги орус бийлигинин кыргыздарды тартуу үчүн жасаган аракеттери

1

  • Баалуу белектерди берип турган.
  • Баалуу белектерди берип турган.

2

  • Ар кандай сыйлыктарды ыйгарган.
  • Ар кандай сыйлыктарды ыйгарган.

3

  • Кымбат баалуу чапан, кылычтарды беришкен.
  • Кымбат баалуу чапан, кылычтарды беришкен.
Боромбай Бекмурат уулунун Батыш Сибирге жиберген элчилери  1853-ж. күзүндө (сентябрда) Боромбай баш болгон бугунун чоң манаптары Батыш Сибирь генерал-губернаторуна кат жөнөтүшөт. Катта коңшу уруулардын кол салууларынан азап чеккен, кокондуктардын аксымдыгынан тажаган бугулар Орусия букаралыгына өтүүнү каалары жазылган. Падыша өкмөтү кат менен таанышып, Орусия империясына ант берүү үчүн элчи жиберүүнү сунуш кылат. Боромбай Бекмуратт уулунун Орусияга жазган каты

Боромбай Бекмурат уулунун Батыш Сибирге жиберген элчилери

1853-ж. күзүндө (сентябрда) Боромбай баш болгон бугунун чоң манаптары Батыш Сибирь генерал-губернаторуна кат жөнөтүшөт. Катта коңшу уруулардын кол салууларынан азап чеккен, кокондуктардын аксымдыгынан тажаган бугулар Орусия букаралыгына өтүүнү каалары жазылган. Падыша өкмөтү кат менен таанышып, Орусия империясына ант берүү үчүн элчи жиберүүнү сунуш кылат.

Боромбай Бекмуратт уулунун Орусияга жазган каты

 Бугу уруусунун Орусия бийлигине баш ийүүсү (1855-ж. 17-январь) 1854-ж. 26-сентябрда Качыбек Шералы баштаган бугу элчилери 12 манаптын мөөрү басылган ишеним катты алып Омскиге келишет. 1855-ж. 17-январда ант берүү аземи болгон. Аземде Качыбек Шералы уулу бугу уруусу Орусиянын букаралыгына өтөөрү жөнүндө куран кармап ант берген. Орусия бийлиги Боромбайга башкы манабы мансабын жана подполковник чинин берген. Густав Гасфорд Батыш Сибирь генерал-губернатору Омскиге барган кыргыз элчилери

Бугу уруусунун Орусия бийлигине баш ийүүсү (1855-ж. 17-январь)

1854-ж. 26-сентябрда Качыбек Шералы баштаган бугу элчилери 12 манаптын мөөрү басылган ишеним катты алып Омскиге келишет.

1855-ж. 17-январда ант берүү аземи болгон. Аземде Качыбек Шералы уулу бугу уруусу Орусиянын букаралыгына өтөөрү жөнүндө куран кармап ант берген. Орусия бийлиги Боромбайга башкы манабы мансабын жана подполковник чинин берген.

Густав Гасфорд

Батыш Сибирь генерал-губернатору

Омскиге барган кыргыз элчилери

Ала-Тоо округунун түзүлүшү 1856-ж. борбору Верный шаары болгон Ала-Тоо округу түзүлүп, Көл кылаасындагы бугулардын ата конушу (Жыргалаңдан Кызыылсуу, Жуукуга чейинки) ага карады. 1854-ж. Верный чеби негизделген.

Ала-Тоо округунун түзүлүшү

1856-ж. борбору Верный шаары болгон Ала-Тоо округу түзүлүп, Көл кылаасындагы бугулардын ата конушу (Жыргалаңдан Кызыылсуу, Жуукуга чейинки) ага карады.

1854-ж. Верный чеби негизделген.

Сарыбагыш- бугу чатагы Кокондук бектер Ормон хан менен Боромбайды кайраштырып, сарыбагыш-бугу чатагын ырбатышкан. Ормон хан Боромбай орус төрөлөрүн демөөр тутуп, Ормон ханды тоготпой калган. Боромбай орус аскерлерине таянып, Көл кылаасына жеке өз бийлигин орнотууну көздөгөн. Боромбай Бекмурат уулу

Сарыбагыш- бугу чатагы

Кокондук бектер Ормон хан менен Боромбайды кайраштырып, сарыбагыш-бугу чатагын ырбатышкан.

Ормон хан

Боромбай орус төрөлөрүн демөөр тутуп, Ормон ханды тоготпой калган. Боромбай орус аскерлерине таянып, Көл кылаасына жеке өз бийлигин орнотууну көздөгөн.

Боромбай

Бекмурат уулу

Бугу уруусунун Орусия империясына өтүшүнүн тарыхый мааниси Бугу уруусунун орусия империясына өтүшүнө ошол доордогу татаал тарыхый абал түрткү берип, боромбай бекмурат уулу өз уруусун коңшу уруулардын чыр-чатагынан, эң ири дөөлөттөр болгон кокон, кытай жана казак султандарынан коргоого жасаган аракети болгон.

Бугу уруусунун Орусия империясына өтүшүнүн тарыхый мааниси

Бугу уруусунун орусия империясына өтүшүнө ошол доордогу татаал тарыхый абал түрткү берип, боромбай бекмурат уулу өз уруусун коңшу уруулардын чыр-чатагынан, эң ири дөөлөттөр болгон кокон, кытай жана казак султандарынан коргоого жасаган аракети болгон.

Тема боюнча суроолор: Бугу уруусу эмне үчүн Орусия менен мамиле курууга умтулган? Бугу уруусунун коңшу өлкөлөр жана уруулар менен өз ара мамилелери жөнүндө айтып бергиле. Бугулардын Батыш Сибирдеги орус бийлиги менен элчилик байланыштары жөнүндө эмнелерди айта аласыңар? Орус бийлигинин кыргыздарды Орусияга ык алдыруу аракеттери кандай эле? Бугу уруусу Орусияга кандайча баш ийген? Боромбай бийдин ишмердиги, Качыбек Шералы уулунун элчилиги жөнүндө эмнелерди айта аласыңыр?

Тема боюнча суроолор:

  • Бугу уруусу эмне үчүн Орусия менен мамиле курууга умтулган?
  • Бугу уруусунун коңшу өлкөлөр жана уруулар менен өз ара мамилелери жөнүндө айтып бергиле.
  • Бугулардын Батыш Сибирдеги орус бийлиги менен элчилик байланыштары жөнүндө эмнелерди айта аласыңар?
  • Орус бийлигинин кыргыздарды Орусияга ык алдыруу аракеттери кандай эле?
  • Бугу уруусу Орусияга кандайча баш ийген?
  • Боромбай бийдин ишмердиги, Качыбек Шералы уулунун элчилиги жөнүндө эмнелерди айта аласыңыр?
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат?

Көңүл бурганыңыздар

үчүн рахмат?